(Гүлүмжан Жумамүдүнөва, медайым-ыктыярчы, сүрөт Жумамүдүнөванын жеке архивинен алынды)
- Үйлөрдү кыдырып, ийне сайган Гүлүмжан
“Менин аты жөнүм – Гүлүмжан Жумамүдүнова, 24 жаштамын. Менин 2017-жылы Нарын медицина-колледжин бүткөмүн. Медайымдык иш бөлүмүн аяктап анан эки жыл Балыкчыда “Тез жардам” бөлүмүндө 2019-жылга чейин иштегем. 2019-жылдан бери Бишкекке келип менчик клиникада медсестрамын.
— Анан пандемия күчөп жаткан учурда ыктыярчыларга эмне себеп менен кантип кошулуп калдыңар?
— Ыктыярчылыкка биз жумушубуздан 10 күнгө тарадык. Оору күчөп баштаганда биз биринчи июлда эле тарадык, ошол күнү эле түштөн кийин өзүм эле чыга баштадым. Өзүм Киркомстромдо жашайм, анан жакын болгон жерлерге барып, бейтаптарга ийне, асма ийне сайдым. Бир күндө 7-8 үйгө бардым такси менен эле. Анан тааныштар көп чалышты да тиякка-биякка барып койчу деп суранышып. Ошондо ойлодум, бизде медицина кызматкери жетишсиз болуп жатыптыр да анан мен өз ыктыярым менен чыгам деп чечтим. Анан 2-июлда эле Тынчтык Алтымышев менен тааныштым. Алар “Элден элге” деген кыймыл ачышыптыр. Анан мага Тынчтык Алтымышев форма таштап, “сага окшогон ыктыярчылар көп”, – деп айтты. Ошолор эле Вотсаптан топ ачышып, диспетчир шайланып анан бизге дароо ыктыярчы айдоочулар чыгып ошолор менен ишке чыгып кеттик. Ишенесизби, ошол чыккан күндөн 2-7-июлга чейин эртенки тан менен кечки 4-5 саатка чейин иштечү элек, ошол эле 1-2 сааттан эс алып жактанбыз ашып кетсе 4 саат.
— Анан үйдөгүлөр эмне дешти ошентип чыгып кетип атсаңар?
— Эчтеке дешкен жок, себеби мен окуп жүргөндө эле ыктыярчылык менен алек болуп жүрчү элем. Студенттик күндө Нарындагы “Кызыл ай” коомуна кирип, ошол жакта калкка жардам берип, гуманитардык жардам таратып колумдан келген жардамдарды берип жүрчүмүн. Ушундан улам менин ыктыярчы болушума үйдөгүлөр каршы болгон жок. Алар мени колдошуп “коргонуучу форма кий, тамак ич жана өзүңдү кара”, – деп айтышчу. Бирок сага бирөө акча төлөп бербесе, сен эмнеге чыгасың деген сыяктуу сөздөрдү уккан жокмун. Анткен менен чогуу окуган курбуларым, досторум ушинтип айтышып, оорудан коркуп жатышты. Мен оорудан такыр корккон жокмун азыр ойлосом.
— Сиз ооруп жаткан адамдарды көрдүңүз, ошондо коркподуңузбу? Ошондой эле өлүп жаткан адамдарды деле көрдүңүз да.
— Азыр ойлоп көрсөм коркуу сезими такыр болбоптур, ишенесизби, неге ушунчалык ошондо өзүмө ишенгениме таң калам. Бирок кыйналган элдин абалын көрүп, үйдө отура алган жокмун. Ийне сайып жана колумдан бир нерсе келип жаткан болсо үйдө отура албадым, өзүмдүн коопсуздугумду ойлоп отура бергенде өзүмдү жаман сезмекмин. Азыр ошол күндөрдү ойлосом коркуп кетемин ал убакытта коркпоптурмун.
— Анан сизди таң калтырган эмне болду?
— Мен өзү уйкучу кызмын, бирок ошол маалда уйку келчү эмес. Акыркы 4-5- суткада бир даректен экинчи дарекке кетип жатканда машинада уктап калып жатыптырмын. Ошондо билдим чарчаганымды.
— Элдин арасында таң калтырган эмне болду эле анан эмне эсиңизде калды?
— Менин эсимде калганы биздин өлкөдө бекер иштесең да жакпайт экенсиң. Бизди кээ бири атайын оору жуктуруп жатасыңар деп айтып урушкандар да болду. Кантип эле ушундай вирус болуп жатса “өзүңдүн элиңе вирус жуктуруп жатасың” деген сөдөр албетте бизге оор тийди.
— Ким айтты ошол сөздөрдү?
— Бейтаптар айтты, анан эмнеге бекер иштеп жатасыңар силердин үстүңөрдө бирөөлөр бар да. Бир депутаттын атынан жана же саясий элитанын жалдоосу менен чыктыңар да деп шылдыңдашты. Ошентип бизди саясаттыштырып да жиберишти. “Жок, биз өз ыктыярыбыз менен чыгып жатабыз андай эч нерсе жок” деп түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок биз үйлөрүнө барып жатканда атайын бизди оорутуп жана жуктуруп жатасынар деп айтышканда мага катуу сокку болуп тийди да.
— Анан сүйүнткөн учурлар эмне болду?
— Көбү аябай ыраазы болду, үйүнө барсаң бергенге ашын таба албай, акча беришет. Анан жок биз акча албайбыз деп айттык. Анткени ишенесизби, ошол убакытта акчасы жок адамдар болгон. Анан кээ бирөөлөр май куюп алгыла деп, артыбыздан кууп келип биздин машинабызга май куюп берип, формаларды беришип жана тамак-аш менен бизди камсыз кылышкандар болду. Ошол нерселер аябай жүрөктү жылытты. Азыр болсо адамдарга аябай пайдам тийгенине кубанычтамын.
— Бийликтин камкордугун сезе алдыңарбы ошол маалда?
— Жок, ошол ыктыярчылар сыяктуу эле биз өзүбүз аракет кылып жүрдүк. Кайра эле Тынчтык Алтымышев сыяктуу кишилердин эле колдоосу менен биз бул нерседен чыктык деп эсептейм. Алтымышевдин демилгеси менен “Ынтымак” обсервациясы ачылбады беле, ошондо Аида Исмаилова барды өкмөттөн. Бирок ошол кишиден эле аябай суранып жатышып барды. Негизи биз өкмөттөн жардам көрө алган жокпуз. Эмне иш кылсак да баарын транспорт, тамак-аш жана башка майда-чүйдө нерселерди Тынчтык Алтымышев эле чуркап жүрүп камсыз кылды да.
— Мисалы сиз мурда пандемияда кандай элеңиз? Пандемия эмнени өзгөрттү?
— Мен башында марттагы карантинде жардам берип чыгайын деген элем. Үйдө байкем каршы болуп чыгарбай койгон да. Анда мен байкемдин сөзүнөн чыкпай үйдө калгам. Жакындарым нааразы болуп жатышты. “Эл оорудан качып жатса сен ооруга чуркайсың” дешти. Мен өзүмө аябай ишенип туруп чыктым. Негизи бизге эч ким жардам бербейт экен, биздин эл бири-бирине эле жардам бербесе жалгыз калат экен. Кандай учур болбосун эл өз кыйынчылыгын өзү гана көтөрөт экен. Мен июлдагы оор учурда ушуну байкадым. Анан бул оору эч кимдин статусуна карабай жукту, өзүңүз көрдүңүз го. Сен бийликте иштейсиңби, же жөнөкөй адамсыңбы, айтор акча дагы жардам бере албайт экен. Мен барган үйлөрдө мамлекеттик чоң иштерде иштегендер да бар экен, бир үйдөн үчтөн киши ооруп жаткан учурлар да болду. Ички иштер министрлигинде иштеген бирөөнү айыктырдым. Ошол эже кийин айтыптыр “Гүлжамал бизди аман алып калды” деп. Ошондо түшүндүм, эч кандай акча, бийлик жана башкалар оорудан сактай албайт экен адамды.
— Силер барган үйлөрдүн социалдык абалы кандай экен? Байкоолорду жүргүзө алдыңарбы?
— Мен ар кандай үй-бүлөлөргө бардым. Ошол эле жогорку жакта иштегендерге, орточо жашагандарга жана жөнөкөй, карапайым элиме бардым. Мен баарына бардым. Кандай болбосун бардым, эч нерсесине карабай себеби баары эле ооруду.
— Ал маалда баарыбыз эле депрессияда жана стрессте болдук? Эмне биринчи ойго келет экен жакындарыңбы же эмнени ойлодуң?
— Эң биринчи эле ошол ооруп жаткан адамдын саламаттыгын ойлоп жаттым жана башка бөлөк жакындарына жуктуруп албасын деп. Анан мен биякта жалгыз болуп аларга да сарсанаа болуп улам сайын чала бердим. Негизи эле элдин ар бир ооруп жаткан инсандын саламаттыгы ойлондуруп жатты.
— Ошол ооругандардын арасынан өтүп кеткендер болдубу?
— Менде андай болгон жок. Мен бир апаны жаткыргам аябай оор болупчу, биз чуркап жаныбызда айдоочу байке кычкылтек аппаратты таап берип ошого кошуп эки күндөй жатып, кайра больницага алып барышты анан бир жумадан кийин каза болду. Ошол апанын кызы чалып аябай ыйлады да.
— Мамлекет тараптан, ошол эле Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дарылоо боюнча көрсөтмөлөр берилдиби, же ошол эле бейтаптар айтып жактан нерселерди сайып жаттыңарбы?
— Жок, биз строго дарыгердин көрсөтмөсү менен сайып жаттык. Бизге чалган бейтаптардан: “Назначенияңар барбы?” деп сурап анан барчубуз. Биз диспетчерлерден ошондой так маалыматтарды алып бергиле деген талап койдук. Көрсөтмөсү жок бейтаптарга барган жокпуз.
— Азыр эми ушул бейтаптар айыкты, ошолор менен жолуккан күндөр болдубу же сүйлөштүңөрбү?
— Телефон аркылуу жазып турушат. Көбү ооруп айыккандан кийин эс алууга чет жакка жана айылга чыгып кетишти. Сурап турушат жана ыраазычылыктарын билдирип турушат.
— Гүлүмжан, эми эмнени кыялданып жатасыңар?
— Ошол баары өз нугуна түшүп жатканына сүйүнүп жатам.
— Бирок дагы бир толкундар болот деп айтып жатышпайбы? Ошолорго даярдык жөнүндө сүйлөшөсүңөрбү?
— Биз мобилдик топтор сүйлөшүп, кандай күн болсо дагы даяр болуп турабыз.
— Жеке жашоодо кандайдыр бир бурулуштар болдубу? Ооруп калдыңарбы, же балким сүйүүңөргө жолугуп калдыңарбы?
— 18-июлда кичине температура болдум жана табитимди жоготуп, дене табым бир-эки саатта 38 болуп, бирок бир аздан кийин кайра түштү. Алым кетип, жөтөлө баштадым. 22-июлда биздин координатор байке менин абалымды билип, ЮРФАга томографияга кезек алып коюптур. Барып өпкөмдү тарттырсам таза чыкты. Ошентсе да жөтөлүм такыр токтобой койду. “Ынтымак” обсервациясына жаттым, бирок ата-энем, жакындарым ооруп калганымды билген жок. Жети күн кыйналып жаттым, калыбына келүү кыйын экен. Айыгарым менен кайра бейтаптарга, чакырууларга кеттим. Азыр да бирин-экин чакыруулар болот.