
- Өлүм менен алышкан студент кыз - Албина Салбаева
— Кызыл зонада иштейин деген ниетим мага жаңылыктардан башка өлкөлөрдө коронавирус оорусу күчөп, адамдар кыйналып жатат деген жаңылыктарды көргөндө эле келген. Өнүккөн өлкөлөрдө деле дарыгерлер жетишпей, вируска каршы күрөштө студент-медиктерди чакырган учурлар деле болбодубу. Мен ошондо эле ойлогом, кокус Кыргызстанда да абал курчуп, кызыл зонада кол жетишпей, жогорку курстун студенттерин ыктыярчылыкка чакырса токтоосуз барам деп пландаганмын.
Мен март айынан бери эле вирус күчөгөн жактарга баштайм, барамын деп өзүмдү моралдык жактан даярдап келгенмин. Ата-энемди да көндүрүп койгонмун. Июндун аягында ыктыярчыларды алып жатышканын, абал абдан курчуп, медициналык кызматкерлер, дарыгерлер жетишпей, көптөр ооруп калганын, көптөр кызыл зонада иштебегенин, студент медиктерди да ишке алып жатышканын уктум.
Мен бул кабарды түн ортосунда окуп эле дароо ыктыярчы болом, тизмеге кошкула деп кат жаздым. Алар мага күтө туруумду, бир аздан кийин онлайн топко кошобуз деп жооп беришти. Бирок, көпкө күтсөм да мени топко кошпой беришкенинен кайра чалдым. Мен алардан жоопту бир жумадай күттүм. Бир аптадан кийин мен окуган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын расмий сайтына биздин окуу жай ыктыярчыларды алып жатат деген кулактандырууну окуп калдым.
Ал кезде мен айылда элем, баарын таштап, дароо шаарга, КММАга жетип келдим. Кызыл зонага кирип иштөө үчүн дароо окуу жайга кайрылдым. Бизди бригадаларга бөлүштү. Биринчи 5-6 бригада өтө тез эле топтолуп калды. Биздин көзүбүзчө саламаттык сактоо министри ректорубузга чалып, өтө тез ыктыярчылар керек болуп жатканын айтып калганын уктук. Ошондо чогулган 6 бригада дароо эле ар кайсы жактагы обсервация жана ооруканаларга жөнөп кетишти. Алардын арасында “Дискавери” мейманканасына менин маркум курсташым Адинай да кеткен болчу. Адинай менен чогуу биз ошол алгачкы бригадаларга жазылганы барган элек да. Мен тизме боюнча КММАнын өзүнүн госпиталында калып калдым.
Мен ошентип иштеп баштадым, биринчи эле күнү кызыл зонага киргенде Адинайдын өлүмү тууралуу бизге кабар келди. Мен жумуш баштаган күнү Адинай каза болуп калды. Алардын тобун бизден биринчи эле кызыл зонага алып кетишкен, эч кандай окуткан деле эмес. Биз КММАда калган топту биринчи апта окутабыз деп, Адинайлардан кийинирээк кызыл зонага кирип калдым. Эки жума биз коргонуучу каражаттарды кийүү жолдору, бейтаптарды дарылоо, туура дем алуу сыяктуу, дем алуу гимнастикалары сыяктуу нерселерди окудук. Бизди аябай жакшы карашты, баарын үйрөтүштү. Биздин проректорубуз Гүлмира Артыкбаевна ар бирибизди көзөмөлдөп, күнүгө сабактарга чогуу барып турду. Ректорубуз Индира Кудайбергенова бизге тренерлерди таап, керектүү билим алуубузду камсыздады. Бир жарым жума курстан өткөндөн кийин биз кызыл зонага кирдик. Ошонун алдында эле жанагы суук кабарды уктум.
Ушундан улам менин кызыл зонадагы биринчи күнүм өтө оор өттү, абдан корктум, себеби, бул жакка киргенден кийин мен деле өлүп каларымды билип туруп кирип жаттым да. Негизи өз жашоомо эмес, ата-энеме аябай сарсанаа болуп, корктум. Себеби, мен өлүп калсам, ата-энем абдан кыйналат деп ойлодум. Ошол коркунуч сезимдер менен кызыл зонага кирип, 2 сааттан кийин түнкү нөөмөткө кетмей болдум. Биринчи киргенде эле жеке коргонуучу кийимдерди кийип жатканда эле топчуланбай турса да тердеп баштадым. Биздин респираторлордон аба кирбей, тумчуктуруп турду.
Мени экинчи бөлүмгө жиберишти, ал экинчи кабатта жайгашкан болчу. Экинчи кабатка чыга албай каламбы дегендей оор сезим болду. Ал тургай кийинип жаткан бөлмөдөн басып чыгуу да кыйынчылыкка турду. Коргонуучу кийимдерге организм өтө кыйынчылык менен гана көндү. Кийинип жатканда дем жетпей, тер шорголоп акты, бул биринчи эле мүнөттөрдө. Анан жерге отура калып, 10-15 мүнөт ошол абалга көнүүгө аракет кылдым. Башым тегеренип, көңүлүм айныды, эсим ооп бара жатабы деп ойлодум. Бир нече мүнөттөн кийин мен бул абалыма көнүп, ордуман турдум да оорулар жаткан бөлүмгө бет алдым. Мен иштеген биринчи күнү өтө деле оор болбоду. Себеби, биз ошол күнү ачылгандыктан, бейтаптар азыраак келишти.
Алты сааттын ичинде биздин бөлүмдө ондой гана адамды карадык. Биз жаңы баштаганда бир бөлүмдө экиден бригада иштегендиктен, кызматкерлер жетиштүү эле. Ошондуктан жеңил болду окшойт, өтө деле кыйналган жокпуз. Ар бир бейтапты текшерип, сатурациясын карап, аларды дем алуу гимнастикасын жасатып, жакшы карадык. Андан кийин оорунун агымы күчөдү. Абдан оор абалдагылар да келип жатты. Негизи бизде реанимация болбосо да, калган ооруканалар толуп калгандыктан, айла жок оор абалдагы бейтаптарды алууга туура келди. Бизге абдан эле оор, анан кошумча дагы оор дарттары бар бейтаптар көп келе баштады. 3-4-кабатка көтөрүлө албаган, төшөктөн тура албай калгандарды эптеп экинчи кабатка чыгарып жаттык. Ушундан улам ишибиз өтө көп жана татаал эле.
Эки медайымга 38 бейтап туура келгени аз болгонсуп, буга биз жасай турган медициналык көп сандагы манипуляциялар кошулуп, биз араңдан зорго баарына жетишип жаттык. Биз чуркап, секирип, кандай болсо да бейтапты сактап калууга аракет кылып жаттык. Буга кошумча төшөктө жаткан бейтаптарды тамактандырып, суу берип, дарысын берип, жанында отурушубуз керек эле.
Себеби алар өздөрү кыймылдай алчу эмес. Бизде чындыгында бир да бош убакыт болгон жок. Кызыл зонада абал өтө оор жана өтө көп иш бар эле. Коргоочу кийимдерди кийип, бөлүмгө кирип кеткенден кийин ойлонууга чоло тийбей калат. Чарчоону, респиратор менен тумчугуп жатканыңды, тер куюлуп, чыдабай дааратканага баргың келип жатса да, суусап каның катса да мунун баарын унутуп, адамдардын өмүрүн сактап калууну гана ойлонуп калат экенсиң.
Чындыгында бизде абалы өтө оор бейтаптар көп болчу. Ишибиз өтө көп болгондуктан, кирип эле көз ачып жумгуча 6 сааттык мөөнөтүбүз бүтүп калчу. Биздин ордубузга келген бригаданы көргөндө гана нөөмөт бүткөнүн түшүнчүбүз. Ар бир топ кирип чыккандан кийин сүйлөшүп калсак, ооруларды караганга, толук кандуу жардам бергенге тек гана колубуз тийбей, жетишпей жатканыбызды айтчубуз. Медициналык манипуляцияларды эптеп жетишип жасасак да, дем алуу гимнастикасы сыяктуу кошумча кароо иштерине жетише албай, демигип калчубуз. Мунун баары мен үчүн өтө жагымсыз сезим болду. Бул проблеманы моюнга алуу мен үчүн кыйынга турду.
Себеби, канчалык жандалбастап жардам берейин десем да, жетишпей жатсам кыйналам да. Кызыл зонадан мен өзүмдүн абалымды унутуп койдум, өзүм тууралуу ойлонбой да калдым. Бейтаптарды гана ойлоп калат экенсиң. Тилекке каршы, адамдар каза болгон учурлар да болду. Башында биз реанимациялык жардам берүүгө даярдык көрбөй эле ишке киришкен элек. Чынын айтсам мен өмүрүмдө биринчи жолу өлүмдү, өлүп бара жаткан адамды көрдүм. Бул мен үчүн моралдык жактан өтө оор болду. Бейтаптарды жоготкондо мен үчүн абдан чоң сокку болуп, аябай кыйналдым. Жүрөгүм ооруп, ичим тызылдап кыйналып жүрдүм. Кызыл зонадан чыккандан кийин бир айдай тынч уктай албай, уйкум качып кыйналдым. Сентябрдын ортосунан тарта гана кичине уйкум тынчып калды. Ага чейин бөлүмдө кыйналган бейтаптар түшүмөн кетпей коюшту. Алардан айрылуу абдан жаман экен. Өзүң караган адамдарга көнүп калат турбайсыңбы, күнүгө алар менен сүйлөшүп, дем алдырып, тамактантып, суу берип, моралдык жактан жардам берип, күчтүү болуңуз деп колуман келген жардамымды аябай, баары жакшы болот дей берип, өзүм да ошол сөздөргө ишенип алыпмын. Анан эле ошол бейтап каза болуп калса ичиңде бир чоң боштук пайда болот экен. Бул боштук мен үчүн өтө коркунучтуу болду. Мен өзүм өтө эле сезимтал адаммын. Ошондуктан, жеке мен үчүн бейтаптын өлүмү абдан чоң трагедия болду. Анткен менен убакыт өткөн сайын мындай нерселерге кичине сабырдуулук пайда болот экен. Өзүмдү алаксытып, чын-чынына келгенде “кудай эмеспиз го” деп ойлоп баштадым. Бардык нерсе колубуздан келбейт экен. Маңдайы жазганы ушул болсо керек деп өзүңдү актай баштайт экенсиң. Ошентсе да кызыл зонада иштөөдөн абдан чоң тажрыйба топтодум. Мен мурда китептен эле окуган, эч качан көрбөгөн, теориясын эле билген абдан көп ооруларды карап, дарылай алдым. Абдан көп медициналык манипуляцияларды жасаганды үйрөндүм, аларды да мурда теориясын эле билип, иш жүзүндө эч нерсе кыла элек элем. Дарыгер үчүн бул учур абдан чоң, бай тажрыйбаны топтоо мезгили болду. Мен үчүн эми бул өмүр бою эстен кеткис сабак болду. Бул вирус менин кесипкөйлүгүмдү эле арттырбай, адамкерчилик сапатымды бекемдеди. Башка адамдар менен байланышып, алардын проблемасын уккандан кийин сен дүйнөнү башкача, жакшыраак кабылдай баштайт экенсиң. Кызыл зонада бизди аябай жакшы карашты. Индира Орозбаевна (ректор) ар дайым бизди калкалап, коргоп турду. Бизге дарыларды, витаминдерди беришти, оорунун алдын алуу үчүн кардиомагнил да беришти. Ушундай камкордук көргөн биз эле болсок керек. Менимче башка ооруканалар да мындан үлгү алса жакшы болот эле.