- Абдухалим Раимжанов
- Профессор-гематолог
Автор: Мен сизге протокол боюнча чалдым эле. Азыр эми аябай чоң талаштар болуп жатат да. Белгилүү эле академиктер чыгып, антибиотикти ж.б. нерселерди колдонгула деп жатышпайбы. Дегеле коронавирусту дарылоо боюнча протоколго карата сиздин көз карашыңыз кандай? Ошондой эле сиз сунуштап жаткан методдор тууралуу да айтып бере аласызбы?
—Макул! Протокол тууралуу мен атайын кайрылуу жазып, Фейсбуктагы баракча аркылуу элге жарыяладым. Аны иштеп чыккан топто чынында эле абдан жакшы адистер чогулган, кардиолог, невролог, онколог баштаган бир топ дарыгерлер болгону менен гематолог жок экен. Буга 2016-жылы Саламаттык сактоо министрлиги гематология бөлүмүн жоюп, аны онкология менен кошуп салганында.
Мыкты гематологдордун баары жумуштан кетип калышкан. Ошондуктан протоколду иштеп чыккан илимий топко гематологдор кошулбай калып, бир топ калпыс иштер болууда. Менимче, азыр оорулуу түшкөндө эле дароо аспирин жазып жатышат, эмне үчүн? Бул оору коронавирус инфекциясы болуп жатпайбы, вирус адамдын организмине түшкөндө көбүнчө өпкөсүнө терс таасир этет. Өпкөгө адамдын ооз, мурун көңдөйү аркылуу барат. Ошондуктан элге азыр бети-колду, оозу-мурунду самындап бат-баттан жууп тургула деп көрсөтмө берип жатабыз да. Сууну өтө көп ичиш керек, суу аркылуу вирус ашказанга түшүп, андан ары ашказандын эриткич заттары менен эрип жок болушу ыктымал. Өпкөгө вирус жабышканда анын кан тамырларында майда тромбдор пайда болот. Негизи адамдын бир жери канап кетсе тромбоцит деген клетка ишке киришип, жанагы кишинин колу канап кетсе деле тромбдун оозун жаап карт пайда кылат эмеспи, өпкөдөгү тромбдор токтобогон жарадай болуп көбөйө берет. Ошондо дем алуу жетишсиздиги келип чыгат. Адамдар азыр көбүнчө пневмониядан эмес, ушул тромбдордон кыйналууда. Муну илимде ДВС синдром деп коёт. Аны плазма куюп айыктырса болот. Ошентсе да азыр дарыгерлердин баары бул ыкмадан коркуп жатышат. Эмнеге коркуп жатышат мен билбейм. Кимдин кан тобу туура келсе, бейтапка дароо куюш керек. Маселен гепарин дарысын жазгандан кийин ал 5-6 күндүн ичинде адамга оң таасир этпесе, 500-600 миллиграмм плазма куюш керек. Бирок бул ыкма протоколго кирген эмес, себеби аны иштеп чыккандардын курамында гематологдор жок болууда.
— Эмнеге бул ыкманы колдоно албай жатышат? Буга чейин угушума караганда плазма куюу ыкмасын Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасында эле кылчу да?
—Ооба, бул клиникада плазма куюшат. Ал эми плазмоферез деген башка. Плазмоферез деген 2 түрдө болот. Биринчиси организмдеги плазманы алып салуу, ошону менен кошо тромбоциттер да чыгып кетет. Азыркы тапта коронавирус болгондордун өпкөсү эле эмес, бардык органдарында тромб пайда болууда. Жүрөк, бөйрөк, боор, айтор баарын тромб каптап калган. Ушул жагдайды эске алуу менен протоколду туура жазыш керек эле. Азыр баары эле гепарин сайдырып жатпайбы, анын ордуна кристал деген арзан антикоагулянтты деле сайса болот. Азыркы тапта гепаринди кымбат саткандарды кылмыш ишин козгоп, камаш керек. Кленокс деген жаңы дары чыккан, дарыканада азыр 2500 сом турат. Мен мына кечээ күнү бир жерден уктум. Ал атайын шприцтерде болот. Даяр шприц 0.3, 0.6 ошол 0.3 2 жолу жасаш керек бир күндө. А плазмоферезди бардык эле ооруканада бир аппараттан алып коюш керек, ошол оор оорулардан барып туруп канын алып 500мл анан ошол аппарат тазалап, плазмасын алып, канын кайра кайтарып берет, анан ошол плазманын ордуна таза плазма куюш керек. Ташып жүргөнгө ыңгайлуу аппараттар болсо андан жакшы. 50 жыл тажрыйбам бар, жашоомдун көп бөлүгүн гематологияга бердим. Мен мындай синдромдун далайын көрүп, жүздөгөн адамдарды плазма куюп тирүү алып кала алдым. Азыр өзүм да ооруп жатам, бирок тажрыйбамды колдонушса, кеңешти угушса жакшы болот эле.