Коронавирусту жуктуруп ооругандар, Эксперттердин пикирлери

Айбек Мукамбетов, “Сорос Кыргызстан” фондунун саламаттык боюнча программалык координатору

Айбек Мукамбетов

(Айбек Мукамбетов, Сүрөт “Спутник” агенттигинен алынды)

  • Айбек Мукамбетов
  • Координатор программы здравоохранения Фонда Сорос-Кыргызстан

Бактыгүл, сиздин кейс тууралуу маалымат алгым келип жатат, сиз мобилдик топту качан чакырдыңыз эле? 

— Биз аларды дүйшөмбүдөн бери чакырып жатабыз (сүйлөшүү бир жумадан кийин болууда). Алгач 118 кызматына жолдошумда коронавирустун белгилери бар экенин айтсак, “жумушка чыга бергиле” деп койгон. Бирок, мен шектенип, аны эч жакка жибербей, үйдө карантинде кармап, өзүбүз каттоодо турган бейтапканадан ПЧР анализ тапшыртсак коронавирус аныкталды. Ошол эле күнү кайра мобилдик топту чакырдык. Мына азыркыга чейин аларды күтүп олтурабыз. Беш күн болуп калды. Болгону бүгүн гана социалдык медиага пост жазганда алар келерин билдирип кайра телефон чалышты.

Мен сизге бир сырды айткым келип жатат. Дал ошол 118 кызматынын ичинде мен да иштеп жатам. Чынын айтсам, эч кандай социалдык тармактардагы посттор бул абалдан чыгууга жардам бербейт. Менин досторум, кесиптештерим, туугандарымдын көпчүлүгү так эле сиздей болуп, бул кызматка катуу ачууланып жатышат. Ушундай айыптоолорду мен 4 күндөн бери угуп олтурам. Айтылган сындын баары менин туугандарым, кыйышпас досторумдан чыккандыктан мен үчүн аларга мобилдик топ менен 118 кызматынын иштөө принцибин түшүндүрүү чынында кыйын болууда. Азыр кезек күткөндөр ушунчалык көп болгондуктан алар таптакыр жетишпей жатышат. Биз бул маселени кечээ эле кантип чечебиз деп Саламаттык сактоо министрлигинде, өкмөттө, президенттин аппараты, Бишкек мэриясы, шаардык саламаттык департаменти менен да сүйлөштүк. Абал чындыгында абдан оор. Элден анализ алган мобилдик бригадаларды түзүү абдан кыйын экен. Аларга маселен “эртең мобилдик топтордо 20 эмес 40 адис болушу керек” деп тапшырманы берип коюшат. Анча кишини кайдан табышат? Биринчиден, иштегиси келген дарыгерлер жок. Экинчиден, аларга иш акысын төлөп бергенге акча жок. Бул менин жеке пикирим. Мен мисалы Фейсбукка мобилдик топтор кыйналып жатканын жазганымда ыктыярчылар чыгып, коргонуучу каражат, машине берели деген сыяктуу жөрөлгөлөрдү башташты. Чындыгында бул абдан жакшы. Бирок, акча, шарт болсо да эл менен иштөөгө макул дарыгер, медициналык кызматкерди табуу кыйын болуп жатпайбы. Кээ бир дарыгерлер мындай оор шарттарга чыдабай “бизге акчаңардын да кереги жок, жолдошумдун гипертониялык оорусу бар, ал 65те, балдарымдын, жакындарымдын өмүрүн тобокелге салбайм, мен кызыл зонада 3 ай иштеп, жакшы сөз укпадым, эмне кылсаңар ошо кылгыла” деп иштебей коюп жатышпайбы. Элдин социалдык медиадагы алардын үстүнөн арыздануусунан кийин алар иштегиси келбей калды. Мисалы 118 чакыруу борборундагылардын баары ыктыярчылар да. Алар бир тыйын албай иштеп жатышат. Кээде айлам жок 118де элге өзүм жооп берип жатам. 

— Андай адам чыдагыс шарттар болуп жатса, эмнеге дарыгерлер абалды ачык айтпай, жашырып, биз микрофон сунсак качып жатышат? Ачык эле чыкса эл да түшүнүп, балким өкмөттөн талап кылат беле? Репрессиядагыдай коркуп калышыптыр го? 

Сиздин ар бир сөзүңүзгө кошулам. Дарыгерлер, медициналык кызматкерлер кол жоолук болгонун айтышканы менен “жүргүлө ачык айткыла ушунун баарын” десем эч ким мага кошулбайт. Баары бир алар ушул системага кайтып келип, эртеби кечпи иштешет. Ошондо бийликтин колуна түшөрүн ойлошот да. Бул эми ар биринин пикири. Маселен мага “мына сиз азыр барсыз, же кайсы бир журналист жаныбызда турса бийлик силердин көзүңөрчө бизге эч нерсе дебегени менен, силер баары бир кетесиңер да, анан биз кантебиз?” дешет. Алар ушул иш менен үй-бүлөсүн багышат, айласы жок унчукпай отурушат да. 

Коронавирустун белгилери байкалган жарандар менен иштеген 118 түз байланыш кызматынын ишине нааразылык көп экенин өкмөт башчы Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын 20-июндагы жыйынында белгилеген болчу. «Коомчулук бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразы. Эгерде жаран call-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Call-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет», – деди ал.

Кубатбек Боронов 118 кызматынын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл дегени менен бул кызмат августтун этегинде эле жоюлуп кетти. Анда иштегендердин бардыгы ыктыярчылар экени кийин маалым болду.