
Сүрөт Sputnik Кыргызстан сайтынан алынды (ru.sputnik.kg)
- Айгуль Жакубекова
- Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин дары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адиси
Июль, 2020-жыл
Дарылоо, протоколдор боюнча айткан пикирлери, июль айында антикоагулянттык дарылар өтө тартыш жана кымбат болгон. Дарылоо туура эмес уюштурулду деген дооматтар көп айтылган. Өкмөт дарыны запастап албаганы да эксперттер тарабынан катуу сындалган. Дары издеген эл социалдык тармактарда “Фармпоиск” тобун ачышып, дарыканалардын сыртында 24 саат кезекке тургандар да катталган.
— Азыркы тапта коронавирусту дарылоо протоколдору улам өзгөрүп жатабы же кандай болуп жатат? Ошол боюнча кыскача айтып бересизби.
— Бактыгүл, азыркы учурда үчүнчү, төртүнчү версиясы чыгып калды. Төртүнчү версияга жумушчу топ түзүлүп жатат. Бирок бул протоколдор убактылуу болуп эсептелет. Анткени азыркы учурда COVID-19 боюнча далилдүү маалымат жок да. Ушундан улам дарылоо протоколдору да убактылуу болуп, улам эле өзгөрүүдө. Азыр бүт эле өлкөлөрдө абал ушундай болуп жатпайбы. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдонмолору да улам эскирип калгандыктан, убактылуу эле колдонмо чыгарышууда.
— Бул протоколдорду айрым адистер сындап жатпайбы, дароо эле антибиотиктерди колдонуу менен биздин элди кыйнап жатышат деп. Катачылыктар эске алынуудабы? Мурдагы протоколдо кетирген кемчиликтерди кайра карап чыгып жатасыңарбы?
— Протоколду улам эле жаңыртуу бул ката түзүү дегендик эмес да, дүйнө жүзү, маселен Кытай, Италия, Орусиянын тажрыйбасы бар ошонун баарын карап чыкканда, баягы улам чындыкты айтканда башында баягы антибиотиктер чектелип эле берилген. Анан улам кийинкилерде барган сайын вирус тууралуу билим өөрчүп, так маалымат пайда болгондо ошолор кайрадан оңдолуп киргизилип жатат да. Анткени бул жаңы инфекция, жаңы оору, анан биз алдын ала эч нерсени билбейбиз да. Мунун баарын клиникалык тажрыйба деп коёт. Ушундан улам протокол кайра-кайра каралып жатпайбы.
— Канды суюлтуучу каражаттар (антикоагулянттар) аябай тартыш болуп коом дүрбөлөңгө түшүп жатпайбы. Клексан, гепарин, фраксепарин сыяктуу каражаттарды айрым окумуштуулар плазма менен аралаштырып бериш керек болчу деп да айтып жатышат. Плазма куюу же антикоагулянтный плазманы параллельно алып кетүү боюнча пикириңиз кандай?
— Акыркы клиникалык колдонмодо берилген антикоагулянттык терапиясы ал бизден далилдүү медицинанын адистери берген маалымат да. Анан алардын баары баягы айрым мынтип же антип бериш керек дешип эле көп пикирлер айтылууда. Биздин адистер ошо бүт баягы Британиянын, NICE деп коёт анан UptoDate ошол жакшы далилдүү медицинанын булактарынан алышкан. Анан ошол акыркы үчүнчү версиясында баары далилденген, жазылган да. Плазма менен берилиш керек же плазма менен эмес берилиш керек дегенди мен чынында өзүм окуп чыктым, ошо андай деле нюанстарын байкабаптырмын анткени бизде ошол клиникалык колдонууда схема менен эле берилген. Протоколдо 3 дары берилген: гепарин анан низкомолекулярный гепариндин дарылары бул надрепарин жана эноксапарин. Ушул эки дары берилген, булардын баягы айырмачылыгы гепаринден фармикокинетикасынан эле айырмаланат. Бирок таасири бирдей эле. Тигиниси же мунусу жакшы жаман дегенге болбойт да. Баары эле эффективдүү анан ошол антикоагулянттык терапияны дагы баарына эле жаза бербейбиз. Анын дагы өзүнүн терс эффектери бар, атайын көрсөтмөлөр менен бериш керек. Үй шартында аны саюу опурталдуу, анткени кан тамырлар үзүлүп кетип, кансыроо деген терс эффектиси бар да. Ошого оорукана шартында эле колдонгонго чакырам да мен. Үйдө жатып алып эле колдонгон аябай опурталдуу деп эсептейм да.
— Жасалма дем алдыруучу вентилятор жана кычкылтек концентратору азыр абдан тартыш болууда. Бул эки жабдууну адистин көзөмөлү менен гана колдонуш керекпи? Протоколдо эмне деп жазылган?
— Анын баары протоколдо жазылган, бүт көрсөтмөлөр берилген, клиникалык колдонмодо да, протоколдун үчүнчү версиясында баары бар. Эки жабдуу тең биздин адистердин көзөмөлү менен эле колдонулуш керек да. Анан баары эле кокуй ИВЛ, кокуй концентратор деген дагы болбойт. Анткени кадимки кычкылтек жаздыкчасын туташтырып деле койсо болот.
Анан биздин өзүбүздүн элибиз ошо бири биринен угуп, анан ии тиги мынтип атыптыр, мен дагы ошентейин деп чуркап жөнөйт экен. Дүрбөлөң ого бетер күчөп, дарыларды соо кишилер деле көп сатып алышып, анан ооругандарга калбай калып жатат. Паникага алдырбай, адистердин айтканын эле аткарышса жетиштүү болмок деп ойлойм.