
(Сүрөттө Айнура Аманбаев, жеке архивинен)
- Айнура Аманбаева
- Дарыгер-педиатр
— Сиз март айынан бери, пандемия башталган учурдан эле иштеп аттыңыз да, ээ? Кандай болду башында? Эмне кылдыңыздар?
— Март айында телевизордон көрдүк да ноябрь-декабрь эле, Кытайда ушундай вирус чыккан экен, оору күчөп жатыптыр дегенди уктук. Бирок телевизордон толук кандуу маалымат ала албай, анча деле маани берген эмесмин. Жөн гана күн суукта күчөгөн сасык тумоо го деп жүргөм. Анан январь болду, анда деле анча маани бербедик. “Вотсаптан” вирус жайылып, коңшу өлкөлөргө чейин жеткени тууралуу билдирүүлөр келип жатты. Орусияга, Европага жайылганы айтылды. Биздикилер сактануу жолдору деп бир, эки сабак өткөнү менен эч нерсе деле үйрөнбөдүк. Семинарлар болуп, бизге бул оору тууралуу маалыматты байма-бай беришти. Анан март айында бизде да вирус катталып, карантин башталып, укмуш эле кырдаал түзүлбөдүбү. Дарыгерлердин аянычтуу абалы интернетке чыкса, кайра куугунтуктап, аларды кечирим суратышты. Мисалы, жанагы Ысык-Ата райондук ооруканада иштеген жаш дарыгер беткаптардын жаман сапатын айтам деп куугунтукка кабылды го.
— Сиздин кесиптештер арасында ооругандар болдубу?
— Ооба, кесиптештер арасында ооругандар бизде болду, бирок көбүнчө жеңилирээк формада оорушту. Угушума караганда, биздин бейтапкананын башкы дарыгери аябай кыйналып, реанимацияда 2 күн жатыптыр. Жолдошу да реанимацияга жатыптыр. Вотсаптагы топтон сүйлөшүп, алардын ден соолугун тилеп, айыгып, жакшы болуп кетсе экен деп жаттык. Үйүндө да 10 күндөй жатып, анан жумушка чыкты. Азыр жакшы. Ооруканага да канчасы жатты билбейм.
Менин жеке анализим боюнча оору бизде июндун онунан кийин күчөдү. Ага чейин көпчүлүк бул вирустун бар экенине ишенбей эле жүрдү. Балким бизге келбей калат деген ой менен жүрдүк окшойт. Март, апрель айларында мен деле вирустун бар экенине ишенгеним менен бизде ушунчалык катуу болуп кетерин элестете алган эмесмин. Кесиптештерим деле мындайды күткөн эмес. Ошентсе да бардык эрежени сактап, коргоочу формаларды кийип жүрдүк. Андан эки-үч саатта эле денең бышып, тердеп, дем ала албай калат экенсиң. Форманы кийүүнүн өзү эле бизге кыйын болду.
Негизи башында коргоочу каражаттарды чече салып, көп маани бербей, эрежени сактабай эле жүргөнбүз. Бирок, июндун ортосунан кийин оору күчөгөндө коркконубуздан эле өзүбүз кие баштадык.
Ал деле бир ирет кийип ыргытчу болсо да биз үч-төрт күн улам кийип, жууп, кургатып, жуулбаганын күнгө кактап эле жүрдүк. Себеби, коргоочу каражаттар жетишсиз болду. Беткап бизге тийсе тиет, тийбесе жок. Ошентип 30-июнда ооруп калдым. Ага чейин бейтапканада тынбай эле иштеп, оору өтө көп болгондуктан, баарын кабыл алып жаткам. Дене табым 37,5дан өйдөлөп отуруп, 11 күн бою 38ден түшпөй койду.
Башында шашып кеттиби, айтор билбейм. Негизи акча болгон жерге баары үйүлөт турбайбы. Бизде кызыл зонада иштеген мыкты медиктер болду, бирок аларга кенемте тийбеди. Азыр кимде бийлик болсо ошолор эле чечип калган турбайбы. Ооруса 200 миң сом берет дегенди шашып эле айта салышкандай. Мейли эми деп жатсак, кайра ооруганын далилдесин, ПЧР-анализи коронавирусту көрсөтсө гана берилет экен деп коюшту. Бирок, ПЧРди мобилдик топторго мен кайрылып, 5-6 күндөн кийин гана келип алышты. Вирус ал маалда ички дем алуу органдарга түшүп, мурун көңдөйүндө калбай калган да.
Мобилдик топ мен айыгып калганда анан чалышып, ПЧР-анализ алалы дешкенинен «кереги жок» дегенге чейин бардым. Бул вируста оору жугуп үч күндүн ичинде анализ албаса, кечиксе баары бир ПЧР-тест аны көрсөтпөйт тура. Ошентип дарыгерлердин ичинен ПЧР-анализинен гана вирус чыккандарга 200 миң сом берилет дешти. Аны үлгүргөндөр тапшырды, калганыбыз анализибиз жок эле унчукпай отуруп калдык.
Дарыгерлер көп оорудук, аябай катуу болду. Алардын көбү эле үйүндө дарыланып, кенемтени деле ойлогон жок. Менин өпкөмдүн 25%ы жабыр тартты. Бирок кесиптештерим арасында 50%, 80% пневмония болгондор өтө кыйналды. Нечендеген жакшы дарыгерлерибизди жоготуп алдык. Аларды эстесем ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт…
“Көп түкүрсө көл болот” деген сөз бар го, эл медиктерди аябай колдоду. Карапайым эл, анын арасында ишкерлерибиз да күндүзгү стацинарларды өтө тез ачып салды. Мамлекет деле бул багытта жакшы аракет кылды деп ойлойм. Канчалаган убактылуу дарылоочу жайлар ачылып, ага ыктыярдуу иштеген жаштар келишти. Дарыгер, медайымдарыбыз бир тыным албай тикесинен тик турушту. Бардык профилдеги шыгы бар дарыгерлер элден жардамын аяган жок. Ошого аябай сүйүндүм.
Эл медиктерди болушунча сыйлап, тамак-ашын камсыз кылып турду. Кимде эмне бар болсо, ошонун баарын аябай берип жаткандай сезилди. Ал тургай биздин кесиптештерге 5 литрлеп суюк май сыяктуу бир топ жардамдар келген экен.
Бир эле таарынычым – ошол келген жардам туура эмес бөлүштүрүлүп калды окшойт. Медайымдарыбыз ал жардамды көрбөгөнүн айтышууда. Ошолорго боорум ооруду. Жок дегенде бир литрден алып, тамак жасап ичишсе сүйүнүп калат элек. Баары бир чоңдор чоңдугун кылып, келген жардамды туура эмес бөлүштүрдүбү деген ой кетти. Менин өзүмдүн жеке таарынычым жок. Ошол медайымдар кызыл зонада жанын үрөп, күнү-түнү жүргөндөн кийин кичинекей май болсо деле үйүнө кубанып алып барат беле дейт экен киши.
Негизи баарын эсептесем 30 миң сомдой кетти окшойт. Айрым дарыларды өтө эле кымбат сатып алып жаттым. Алар кийин кайра жарабай калды. Азыр деле калган-катканы үйдө турат. Дене табым көп күн бою түшпөй туруп алганда эле улам дары которууга аргасыз болбодумбу. Көп дары ичтим окшойт. Бул бөйрөккө, жүрөккө абдан зыян да. Ашказаным бузулуп, айла жок ашказан, бөйрөк ооруларынын дарысын кайра алдым. Антибиотиктерден кишиде грибок оорулары көп келип чыгат. Алардын терс таасиринен коргонуу үчүн кайра башка дарыларды алыш керек эмеспи.
Чыгымды эсептеген деле жокмун. Мейли, кетсе кетсин. Жаным аман калса болду да. Жаны кетип калган кесиптештеримди эстеп кайра ыйлагым келет. Айла жок, жанагы жапжаш Адинайды угуп алып аябай капа болдум. Мыкты адистерибиз ушул оору менен күрөшүп жатып кетип калышпадыбы…