Вирус Кыргызстандын миңдеген өмүрүн кыйды

Альберт Исмаилов, 59 жашта Кара-Кулжа райондук ооруканасынын жалгыз фтизиатр-дарыгери

14-4-e1614880456259-300x227

(Альберт Исмаилов, сүрөт маркумдун кесиптештеринин жеке архивинен алынды)

  • Альберт Исмаилов, 59 жашта
  • Кара-Кулжа райондук ооруканасынын жалгыз фтизиатр-дарыгери

59 жаштагы Альберт Исмаиловдо COVID-19 оорусу 28-майда табылган. Бир нече күндүн ичинде эле абалы начарлап, 2-июнда көз жумду. Ал 1994-жылдан 2013-жылга чейин Кара-Кулжа райондук кургак учук менен күрөшүү диспансерин түптөп, аны жетектеп, райондогу бейтаптарды өзү жалгыз тейлеген фтизиатр- дарыгер болгон.

2013-жылы бул диспансер жоюлгандан кийин Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда фтизиатр болуп иштеп жаткан.

Кесиптеши Чынара Карымшакованын эскерүүсү 

Чынара Карымшакова: Альберт Исмаилович өз кесибин сүйгөн, чыгармачыл, кесипкөй, уюштургуч, жоопкерчиликти сезе билген дарыгер катары биздин райондо аябай таанымал эле. Агай менен 1994-жылдан бери чогуу иштедик. Бир да жолу жамандыгын көргөн жокмун. 1994-жылы ал кезде районубуз Совет деп аталчу, Кара-Кулжа райондук кургак учукка каршы диспансерди түптөп, ал жоюлгуча, 2013-жылга чейин жетектеп турду.

Андан кийин биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда фтизиатрия кабинетинде дарыгер эле. Биздин райондо 19-майга чейин коронавирус табылган эмес. Биринчи бейтап 19-майда катталды, ал Орусиядан келген жаран эле. Ошонун анализинен вирус чыгары менен Альберт Исмаилович дарылай баштаган.

Бир да жолу кыйналганын айтып, даттанган жок. 28-майда оорунун белгилери алгач байкалып, рентгенден өтсө өпкөсүндө пневмония бар экен. Анан 31-майда анализинен коронавирус чыкты. Бир күндөн кийин эле ажырап калдык.

Азыр анын үй-бүлөсү бүт карантинде. Кесиптешибиз менен байланышта болгон бардык адамдарды текшерип, ПЧР анализдери таза чыкты. Маркумду акыркы сапарга узатууда Саламаттык сактоо министрлиги берген нормалардын баарын аткардык.

Үй-бүлөсүнө жана бизге моралдык жактан өтө кыйын болуп турат. Кесиптешибизден айрылып калабыз деп ойлогон эмеспиз”, – деди кесиптеши Кармышакова. 

Дарыгер Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. 1984-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун «Дарылоо иши» факультетин аяктап, эмгек жолун Ош шаардык инфекциялык ооруканасында инфекционист болуп иштей баштаган. Үч балалуу, саламаттык сактоо тармагынын мыкты кызматкери болгон.

Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын директору Закир Шалтаковдун эскерүүсү: 

«Өз кесибин сүйгөн, абдан дилгир, бейтаптарга өзгөчө мамиле кылган, адамгерчиликтүү жигит эле. Көп жылдар бою биздин райондогу кургак учук менен ооругандардын жүгүн жалгыз тартып жүрдү. Ага катталган бейтаптар айыгып чыккыча көзөмөлдү катуу кармаган, мыкты инфекционист болчу.

Альберт боюнча мен жалаң гана жакшы сөздөрдү айта алам. Азыр ишене албай кыйналып турабыз. Көп жыл чогуу иштеп, бардык кулк-мүнөзүн билип, бир туугандай болуп калдык эле. Үй-бүлөсүнө абдан күйүмдүү адам эле. Алар да оор абалда. Чоң жоготуу болду».