
Сүрөттө Алмаз Тажыбай, билим берүү боюнча эксперт, сүрөт “Азаттык” радиосунун веб сайтынан алынды
- Алмаз Тажыбай
- Билим берүү боюнча эксперт
— 2020-жылдын март айында карантин башталып бир аптанын ичинде онлайн окууга өтүштү. Ошондогу абалды кандай баалайсыз?
— Бул айла жоктон алынган чечим болду, март айынан баштап мектептерди, бала бакча жана окуу жайларды карантинге чыгарганы жакшы болду, аны менен катар эпидемиологиялык туруктуулук сакталды десек болот. Анткен менен май айында кайра баарын койо берип жиберишпедиби. Оору күчөп кетти да. Анткени, балдар мектепке же бакчага барбаганы менен базарларда коомдук транспорттор кадимкидей эле жүрушпөйбү. Студенттер айласы жок жумуштарга кирип иштей баштады. Жаштардын иммунитети жогору болуп, көп нерсени сезбейт экен. Бирок жашы өтүп калгандарга кыйын эле болду. 2020-жылдын июль айында вирус күчөп, туу чокуга жеткени да ушул себептен болду.
Демек, балдарды университеттерге барбагыла деп тыюу салганы менен эч кандай натыйжасын берген жок. Балким, ошол учурда дагы бир аз убакыт кармай турганда, мындай абалга келмек эмес. Анткени, жаштар чыгып кетишти да. Студенттер базарларда, тойканаларда иштеп жүрүштү. Керек болсо студенттер ушул убакка чейин иштеп жүрүшөт. Азыр мына кээ бир университеттер окууларын баштады, алар демек жумуштарын таштап койду. Менин айтайын дегеним, бюджетте иштеп жаткандар өзгөчө дарыгерлер, мугалимдердин балдарына бала бакчаларда балдарын окутууга уруксат бериш керек болчу. Мейли жанагы базарларда иштегендерге тыюу салыш керек. Бирок, бизди сактап аткан, бизге кызмат кылып аткандарга уруксаат бериш керек. Бул учурда балабакчанын иштебегени менен жеке менчик ишканалар же жеке менчик бала бакчалар, мектептер иштеп эле жатпайбы. Мамлекеттик муниципалдык мекемелерге тыюу салынат да жеке менчиктерди жаба албайт. Мектептер жабылганы менен ата-энелер окутуучуларга балдарын берип окутуп атышты. Алар 10-15 окуучуну чогултуп алып, үйүнөн же башка жактан сабак өтүп атты. Бул жакта кош стандарттуулук болуп калды. Эпидемияга байланыштуу шаарда жашыруун болуп атса, айылдарда ачык эле окутуп атышты. Бир жагынан караганда бул туура бирок аягына чыккан жок. Мисалы, башка мамлекттерде, Европада медицина жана полиция кызматкерлерине бала бакчалар ачык. Керек болсо, мектептерде алардын балдары барып окушат.
— Материалдык техникалык база дагы өтө алсыз болду деп билим берүү тармагында иштегендер айтып атат. Ошол эле мугалимдер барып насыяга компьютер же телефон алышып, азыркы тапта айлыгын берип атышат. Эмнеге мамлекеттик деңгээлде ушул нерсеге көңүл бурулбады?
— Онлайн сабак өткөнгө менен телефон, компьютер жабдыктары эски телефон болбойт экен да. Смартфон деген ички деңгээли жакшы, камерага жакшы тартып зуум тиркемесине кирип, акылы күчтүү телефон керек экен да. Мындай смартфону жок мугалимдердин көбү өз чөнтөгүнөн алып атышты. Кээ бирине кредиттик компаниялар берип атты. Бул учурда балким жеңилдетүүлөр берилсе болмок. Ал учурда мугалимдер деле ооруду, ушул кырдаалда профсоюздан кандайдыр бир жардам берилсе болмок. Бирок эч кандай жардам болгон жок. Мугалим мектепте биринчи ролдо, дарыгерлер болсо биздин өмүрүбүздү сактап атышат. Ушул убакка чейин ушул адистерин айлыктарынын жогорулашы жөнүндө эч нерсе чечиле элек. Дегеле бюджетте иштеп аткандарга кыйын болду. Жогорку Кеңеш каникул болуп бошонуп кеткенин да туура эмес болду. Өздөрү активдүү ыктыярчы катары эле иштесе болмок да. Бирок, булар элди таштап коюшканы үчүн күзүндөгү бийлик алмашууга алып келди. Биринчи нерсе ушул пандемия маалында элге жардам бербегендиги болуп саналат. Бирок, бүгүнкү күндө деле ошол абалдабыз. Бала бакчалар иштебейт, жогорку окуу жайлар эми кирип атат, эми мектептер да кирет экен. Учурда экономикабыз абдан төмөн болуп турат. Биздеги дагы бир көйгөй – вакцина жок. Вакцина келгенде биринчилерден болуп мугалимдерге сайышыбыз керек. Жакында эле гриппке каршы вацина алышты, бул да жакшы саамалык. Буга чейин Билим берүү жана илим министрине бейөкмөт уюдар сунуштарын берип келген. Дистанттык окууга өтүш керек, себеби заман өзгөүп атат деп. Муктаждык жаралганда гана айласыздан өтүп, аягында чечиле элек. Эми вирустун үчүнчү толкуну келе атат деп атат келсе не кылабыз, мугалимдер кайра “Вотсап” менен куурайт экен да.
— Демек, бир жылдын ичинде кандайдыр бир деңгээлде динамика байкалган эмес турбайбы?
— Азыр биз ойлонушубуз керек. Эгерде үчүнчү толкун келсе бизде экспресс тесттер жок, элдин абалын кантип билебиз? Балким ооруп бүттүкпү же ооруп жатабызбы билбейбиз да. Ушул учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан баарына жетиштүү боло турган, бирдиктүү онлайн платформаны иштеп чыгышы керек. Учурда бул ишти шаарда ар бир мектеп өзү кылат. Ар бир мектеп өзү кылбай, мамлекеттик бир орган кылса жакшы болмок. Бул баягы эле ата-эненин чөнтөгүнө барып такалат. Ата-энелер жардам берип, мектепке кошумча берген акы деп атабыз го ошого эле жүктөлөт да. Берип атат акчаны Борбор Азиялык фонддор 30 миллион доллар деп атат ошол акчаларды туура пайдалансак. Ал акчаны билим берүү системада иштеген коомчулук менен кеңешип иш алып барса, жакшы натыйжага алып келет. Мисалы: мугалим бир аянтчага кирип, балдары менен чогу өткөн сабагын видео кылып сактап койсо болот. Онлайн сабакты алсак, Бишкек шаарындагы мектепте бир класста кырк окуучу болсо ошонун ичинен ону эле окуйт. Аларды жамандабашыбыз керек эмне үчүн кирбейт деп. Себептери ар кандай. Сабакка кирүүчү каражаты жетишпейт кээ биринде, ата-энеси жумуштан келип бала менен окуп анан тапшырма кетирет. Анан калса онлайн билим берүүдө баалоо да туура эмес. Баанын баары эле ата-энеге коюлуп жаткандай. Бул жагы баары көрүнүп калат, бирок жакшы тенденция болуп атат, мугалим түшундүргөндү ата-энеси да балдарына түшундүргөнү жакшы болуп атат. Эгерде ата-энесинин балага убактысы болсо жакшы. Бул артыкчылыгына кирет, бирок кемчиликтери да бар. Бизде ички сырты миграция бар, кээ бир учурда балдар чоң ата-чоң энесинин колунда болуп калат. Мына ошол балдарга кыйын болуп атат. Бул балдарга мугалими, мектеп көңүл буруш керек, балдар кароосуз калып калгандай. Балким бул учурда мектептин мүлкүнөн жардам кылып компьютер берсе же смартфон алганга көмөктөшсө. Мугалимдердин көбүнчө интернет жок, ошол эле ата-энелерде да интернет жок. Бизде интернетти жакшы тарткан тариф жумасына 160 сом. Эгерде бир үй-бүлөдө 3-4 бала болсо анда кандай кылат? Болуп жаткан экономикалык, социалдык көйгөйдү же кесиптик кошуун көтөрбөйт, же билим берүү тармагындагылар көтөрбөйт. Тартиби менен мугалимдер өз жумушун кылып атат. Мугалимдер кээде түнкү бир, экиге чейин тапшырма текшерип отурушат. Ар бир балага 15 мүнөт бергенде 40 балага бул 8 саат. Ал эми мектепте мугалимдин сааты төрт саат менен эле чектелген да. Онлайн окуудагы кошумча саат үчүн мамлекеттен кошумча айлык төлөп бербейт. Мисалы: Бир саатка 85 сом болсо мунун ичине дептер текшерүү да кирет. Азыр бир классты экиге бөлгөн. Күнүнө 20 бала келет, бирок ошол эле акча төлөнөт убактысы эки эсе кетет. Онлайн окутууда андан да кыйын. Үч саат сабак берсе 40 баланын дептерин текшерип, ага комментарий берсе төрт сааттан да ашык убакыт кетет. Мугалимдер учурда 12 саат иштеп, абдан кыйын болду. Бул убакта мугалимдердин кесиптик кошууну каякта? Блинбеген өз ара интригалык иштери менен алек болуп жатышат да алар. Мугалимдердин укугун коргойбуз, элге айтып чечебиз дегени менен эч ким жок.