
Асан Ташбеков. Ташбековдордун үй-бүлөлүк архивинен алынган сүрөт
- Асан Ташбеков
- 64 жашта, 2020-жылы 28-августта Ош областтык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө көз жумган
Кызы Айсулуунун эскерүүсү: Биз үчүн оор жоготуу. Бул нерсе ар убак арман болуп кала берет көрүнөт…
Атам Асанбек Ташбеков ушул жашка чейин катуу оорубай эле, ал турсун кээде чүчкүрүп-бышкырып суук тийгизип алса деле төшөккө жатып калбастан, оорунуу жеңген жан эле.
Мектепти эми бүтүп атканда карылуу, күчтүү болуп, спорт менен машыккан айылдагы азаматтардан болгон экен. Ошондогу бир окуяны атамдын Зия эжеси минтип эскерет: “Мектептеги досу менен сабактан чыгып үйгө кетип жатса, колхоздун арпа сактаган кампасынын жанында бир топ адамдар топтолуп туруптур. Жанына келип караса, өз ара мелдеш экен. Шарт боюнча ким ат үстүнөн туруп чоң сары капка толо салынган арпаны көтөрүп кетсе ал ошонуку болот экен. Салмагы 100-120 кг. Буга чейин менмин деген 5-6 азамат жерден жулкуп көтөрө албай убара болуп жаткан экен. Анан атам да аракет кылып көрөйүн дейт. Ага эл арасында турган чоң атам Ыса каршы болот. Бирок элдер чоң атамды минтип көндүрөт экен, эгерде ушул 10-класстын баласы жерден сары капты көтөрүп кетсе дагы бир кап кошумча беребиз дейт. Ошентип атам аттын үстүнө ээрди кармап туруп, үзөңгү теппей так секирип минет экен да, атты деминип-деминип 50-60 метр арыраак жерге алыстатып барып, ошол жактан күүлөп келип сары каптын эки кулагынан тартып көтөрүп, аттын жалына арта коёт. Карап турган эл кол чаап “ак болду, ак болду, үйүңө кете бер, баатыр” деп кала берет. Ошондой болгон ден соолугун кечээ өлгөнгө чейин чымыр кармап жүрдү. Күндө эрте менен туруп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, чайга отурарда муздак суу менен денесин бир катар жууп, анан отурар эле.
“Ата ооруп калбаңыз” десек, “кызым, бул нерсени мен тээ 16 жашымдан бери күндө кайталап келген көнүмүш адатым. Жаш мезгилимде кышта тоңуп турган сууга барып, үстүн оюп койгон жерден суу алып денемди жууйт элем. Азыр болсо үйдөгү турган эле суук сууга жуунуп атпаймынбы” деп карс-карс күлүп коёр эле.
Быйыл аты жаман оору чыкканда элчилеп биз деле колдон келишинче обочолонуп коргонгондой болуп жаттык. Бирок июль айынын акыры, августтун башында биздин айылга да оору жетип, анча мынча алсыздардын, кары-картаңдардын шайын ала баштады. Ага чейин Ошто жашап жаткан айылдыктар арасында эки-үч өлүм деле болуп кетти.
7-август күнү атама ысытма чыга баштаганын апам кабарлады. Атам акырын-акырын жөтөлүп коёт. Эки-үч күн үйдө эле болуп, колдогу дары-дармектерди ичип жатты. Анан бир күнү эрте менен туруп “кызым, мен жайлоого барып кымыз ичип, күчтүү тамак жеп бул ысытманы кетирбесем, ыргылжың болуп же ысытма катуу көтөрүлбөй, же такыр эле жоголуп кетпей туруп алды. Мен жайлоого кеттим” деп атын токуп, минип алып кетип калды. “Калыңыз, үйдө көзөмөлдөйлү” дегенге макул болбой койду.
Ошентип 3-4 күн өтүп-өтпөй эле жайлоодон кайра келип калды. Өңү бозоруңку. Жөтөлү мурдагыдан да катуулап, ысытма кетпей, дем алганда кыйнала баштаптыр. Аттан апам экөөлөп зорго түшүрүп үйгө алып кирели десек ага деле дарманы жетпегендей… Анан апам экөөбүз айылдагы ФАПка алып бардык. Андагы медик эжеке райондук ооруканага багыттама жазып берип, тез аранын ичинде жетишибизди айтты. Жолдо кыйналбасын деп жаныбызга аба баштыкчасын (кислородная подушка) толтуруп берди. Ошентип айылдан 128 чакырым алыстагы райондун борбору Гүлчөгө эки сааттай убакытта келип калдык.
Ооруканадан чап жаак орто бойлуу ак халатчан киши чыгып, атамдын кагаздарын толтуруп, оорукананын ичине алып кирип кетти. Бизди “бул жак кызыл зона, силер киргенге мүмкүн эмес” деп киргизбеди. Ошол ошол болду, ошону менен атамды кайра көрбөдүм. Арман!
Айыл менен райондун борбору алыс болгондуктан күндө айылдан таң атканда каттаган таксиге түшүп алып апам экөөбүз барабыз да, кечке чейин оорукананын айланасын тегеренебиз, доктурлардан киргизип атамды көрсөтүп коюшун суранабыз, бирок майнап чыкпайт. Үйдөн тамак даярдап келсек деле киргизбейт. Кабыл албайт. “Ал-абалы кандай?” деп сурасак, “бирдей эле. Кыйналып жатат” деп коёт. Өзүнө телефон чалсак, алып акырын добушу менен жооп берип коёт. Көңүлү сумсайыңкы жооп берип коёт. Анан ашыкча кабатыр кылбайлы деп көп деле чалбайбыз.
Жээни Кеңештин эскерүүсү: 17-август кечке жуук апам улам-улам чалып калды. Телефонду алайын десем зуум аркылуу чогулушта отурам. Улам-улам чалууну албай басып коём, апам кайра-кайра чалат. Ал киши эч андай кылбайт эле, бир жолу кабыл албай койсом кайра чалышымды күтөт болчу. Мунусунда антпегенинен кабатыр боло баштадым. Чогулуш бүтөрү менен чалсам, телефонду алганда эле ыйлап жиберди. Ага чейин эки ай мурда атам микроинсульт болуп ооруп, кыйлада өзүнө келгенден чочуп кеттим. “Апа, эмне болуп кетти? Атама бир нерсе болдубу?” десем, “жок, балам. Атаң жакшы эле. Асан ооруп, Гүлчөдө ооруканада экен. Тезирээк жардам кылбасаң ошол жерде жатып өлүп калбасын. Ал менин жашоомдо атам менен энемден кийинки эле түркүгүм да. Телефон чалсам мени менен сүйлөшкөнгө дем жетпей такыр сүйлөшө албай жатат. Ал жакта жатканына деле 5-6 күн болуптур, бирок жылыш жок, кайра начарлап жатыптыр” деди. “Макул, апа, мен колумдан келгенин жасайм сиз үчүн. Кабатыр болбоң” деп телефонду койдум.
Өзүм Ысык-Көлдө үй-бүлөм менен пандемия шартында обочолонуп, телефондон тааныштар аркылуу Ош облустук ооруканадан жардам сураганга туура келди. Мен тааныган белсемдүүлөргө чалып атып, 3-4 сааттан соң акыры жетекчиликти көндүрүп, атайын арналган Тез жардам машинасы менен Гүлчөдөн Ошко алдырдым. Доктурлар көпкө чейин “аке, жол алыс, жеткенге чейин бир нерсе болсо эмне болот? Абалы өтө оор экен. Өпкөсү 80%дан ашуун жабыркап калыптыр. Азыр ооруканада үч аппарат менен зорго дем алып жатат экен” дейт. “Тобокелге салып алып келе берели. 80%дан ашуун жабыркаган адамды райондук ооруканага таштаган болбойт. Мындан да начарлашы мүмкүн. А областтык ооруканада жакшы болуу мүмкүнчүлүгү бар. Апамдын астында деле, ал кишинин көңүлүн жайлаш үчүн бир тууганына колдон келген мүмкүнчүлүктү пайдаландык дегенге болот” деп көндүрдүм. Кудай жалгап, тагам Ошко доктурлардын көзөмөлү менен жакшы жетип алды.
Кызы Суусардын эскерүүсү: Ош шаардык ооруканасына алып келгенден кийин өзүбүз укол дарысын алып келип, сайдырып карап жаттык. Бекназар деген доктур бала карап жатыптыр. Жакшы бала экен. Ыраазы болдум. Бирок мен үчүн эстен кеткис күндөр болду. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн №2 бөлүмүндө атам жатат. Ал жакка кирүү мүмкүн эмес. Уурданып кирип чыкканга туура келет.
Гүлчө менен Оштун ортосундагы айырманы атам деле айтып атты. “Гүлчөдө жатканда көп алдан тайып калдым. Жылыш болбой, кайра начарладым. Врачтар өздөрү кирбейт. Медсестраларды жөнөтүп коюп, дарылоону аралыктан эле жасап жатты. Тамакты деле алып келип астыма коюп коюп, чыгып кетет. Ал тамакты ичкенге деле алым калбай, жакшы иче албай жаттым” деди.
Бир күнү доктуру “аксакалга туруктуу кислород керек болуп жатат. Аны камсыз кылуу кыйын. Биздин бөлүмдө кислород каналы жок. 3-4 метрлик түтүкчө сатып келип терезеден киргизип, сыртына кислород баллонду 1-отделениеден алып келели” деп калды. Эмнеси болсо деле атам сакайып кетсин деп макул болобуз. Ошентип түтүктөрдү жайгаштырып, кислород баллонду 1-бөлүмдөн алып келип жаттык. Күн катуу тийип турганда чоң кислород баллонду жылдыруу да өзүнчө мүшкүл экен. Анын оорлугун айтпаң. Тоголотоюн десең жарылып кетпесин деп кооптоносуң.
Баякы Бекназар деген врачтын 14 күндүк нөөмөтү бүтүп, атам жаткандан үч күндөн кийин башка врачка тапшырып кетти. Ордуна келген бала Бекмырза деген бала да аябай жакшы доктур экен. Менин көз алдымда Бекмырза чыныгы доктур кандай болуш керектигин көрсөтүп жатты. Суроо берсең сылык жооп берет, бир дарыны берип, же укол сайса аны эмне үчүн сайып жатканын түшүндүрүп, атама жакшы мамиле кылып жатты. Алла ыраазы болсун!
Укол-дары аябай кымбат. Мурда ооруканаларда укол-дары атайын бизнеске айланды десе ишенбейт элем. Атам ооруганда толук ынандым. Доктурлар жазган дарылар асман чапчыган баада. Гепарин, Клексан деген уколдорду 5000-6000 сомдон алып жаттык. Кошумча дем алдыруучу кычкылтек концентрат керек дегенден 3 даана алдык. Түркиядан келген деп жатып, ар бирин 12000 сомдон берди. Тезирээк күчтөнүп кетет дегенинен плазма да сатып алдык. Ошентип атып, атамдын сатурациясы көтөрүлдү. Ошко келгенде 70 менен келген болсо, кийинки күндөрү 80-90го чыкты. Сатурациясы көтөрүлүп, дем алуусу жеңилдеп калса сүйүнөбүз. Түшсө капаланабыз…
Баласы Жеңишбектин эскерүүсү: Атам оору менен Ошто 7-8 күн алышып жатып калды. Бирок акыры болбоду. Бир күн сатурациясы капыстан төмөндөп, өзү дем ала албай калды. Врачы бизге келип “эжелер, акелер, биз колубуздан келгенин кылдык, бирок болбой жатат. Өпкө 90% жабыркаган. Келгенден бери бир аз жакшы болуп келип, кайра начарлап кетти. Бүгүн аппаратка тарттырып көрдүк өпкөсүнүн жабыркаганы 98%га чыгыптыр. Мындай учурда кайра калыбына келиши кыйын. Даярдана бериңиздер Кудай деп” деди. Кантип эле карап туруп атам менен кош айтышабыз дейм. Ишенбейм, бирок реалдуулук башка экенин сезем.
Ошентип атамдын оорусу айыкпады. Канчалык чуркасак да, Алладан сурасам да болбоду. Атам 28-августтан 29-августка караган түнү баарыбызды арманга салып өтүп кетти…
Эх аттиң! Атамдын кыйналганын эстеген сайын жүрөгүм тилинип-тилинип ооруйт. Акыркы күндөрү сыртка чыкканга аракет кылып, өзү баскысы келип, бирок баса албай көп кыйналды. Врачтар кыймыл жасаңыз десе катуу аракет жасайт, бирок болбойт. Ушунчалык ден соолугу чың, дүңгүрөп жүргөн адамды да оору кумурскадай алсыз кылып коёт экен. Өз көзүм менен көрдүм.
Азыр мен толгон толтура ойлор менен, суроолор менен жашай турган болдум. Башымдан кетпей, кайра-кайра келген суроолор булар:
- Балким атам өз убагында догдурга кайрылса мындай болбойт беле?
- Балким врачтар Гүлчөгө келгенде эле жакшы караганда, абалы начарлабай тез эле өзүнө келет беле?
- Башында эле Гүлчөгө жатпастан Ошко келип жатса аман калат беле?
- Эмне үчүн биздин ак халатчандар гумжардамды сатышат? Сатканы да өлүп кетсин, эмнеге бекитип бизнес кылышат?
- Эмнеге оорулууларды жакшы карабайт? Алардын Гиппократка берген анттары эмне болот?
Бул жерде дарыгерлерди да күнөөлөй албайбиз. Себеби рентгенге түшкөндө 100% өпкөдөн 98%ы жабыркаган деп чыгарып берди. Биз убакыттан да уттуруп койдук. Гүлчөдөгү ооруканада 3-4 күн өтүп кетти. Ага чейин айылда бир жумадан ашык өткөрүп алды. Түз эле Ош шаарына барганда деп көп ойлоном.
Атам сабырдуу, өтө күчтүү жан эле. Кайраттуу экен ошол маалга чейин ооруганын сездирбей жашаптыр…
Иши кылып, айтып арман түгөнгүс оор жыл болду биз үчүн. Атам көз алдымда бул дүйнө менен кош айтышты. Али да өзүмө келе албай, атамдын өлгөнүнө ишене албай күн өткөрүп жүргөн чагым…