
(Сүрөттө Асылбек Мадалиевдин кыргыз тилдүү мугалимдерге арналган атайын окутуучу каналы)
- Асылбек Мадалиев
- Баткен облусундагы Кадамжай шаарындагы мугалим, “Санарип академия” аттуу мугалимдерге онлайн курстун автору
— Онлайн билим берүүгө өтүү сиз үчүн кандай кыйынчылыктарды алып келди?
— Онлайн билим берүүгө өтүүдө биз, мугалимдер үчүн техникалык жактан камсыз болбогону эң соң көйгөй болду. Мен мисалы жеке өзүм компьютерди колдонуудан кыйналган жокмун, бирок кесиптештерим, мугалимдер компьютерди колдонууда өтө кыйналышты. Окуучулар менен аралыктан кайтарым байланышка чыгыш үчүн биринчиден, компьютерлери жок болду, экинчиден, компьютер сатып алса деле аны колдонууну билбей кыйналышты. Окуучулар деле аралыктан окууга даяр эмес болчу. Үчүнчү көйгөй – сапаттуу интернеттин жоктугуна байланыштуу.
— Коронавирустун улам билим берүүнүн сапаты өтө түшүп кетти деп баалап жатышат эксперттер. 10-15 жылга артка кеттик дегендер бар, буга көз карашыңыз кандай?
— Мен анчалык көп артка кетти деп эсептебеймин. Буга чейин деле билим берүүнүн сапаты анча идеалдуу эмес болчу. Болгону балдар сабактарга көп катыша албай калышты. Бул болсо жалпы билим берүүнүн сапатына таасир этет. Анткен менен анчалык деле артка кетпеди. Мурункудай эле жакшы окуган балдар аралыктан окуса деле аракеттен талбай онлайн деле жакшы окушту. Пассивдүү окуучулар аралыктан окууга таптакыр эле катышпады десек болот. Жалпы билим берүү системасы 5-10 жыл артка кетти деп айта албайм. Билим берүү системасы кагазда жакшы көрүнгөнү менен ансыз деле карантин жарыяланбаган маалда деле төмөн болчу. Ал эми карантин ошол төмөн деңгээлди дагы кайра артка тартты. Себеби, билим берүү жеке эле мугалим же мектеп берген билим менен бааланбайт да. Балдар өз алдынча аракет кылып, өзүн өзү өнүктүрсө, ошондо жакшырак билим алышат да. Анан жалпы система боюнча артка кетти десек болот.
— Онлайн окутууда ата-энелердин орду кандай болду?
— Аралыктан окутууда ата-энелер өзгөчө роль ойноду. Себеби, мугалим агай-эжелер бала менен түздөн-түз байланыш курганга, сабактарын текшерген мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан ата-эне баласынын сабакка катышып, катышпаганына маани берип, балдарды сабакка катыштыруунун чечүүчү фигурасы болду. Кээ бир ата-энелер онлайн билим берүүнү такыр эле колдогон жок.
— Ата-энелер өзүлөрү деле социалдык медиага жазып жатышпадыбы “биз карантинде отурганда мугалимдин кадыр-баркын билдик” дешип, ошол нерсени сиздер мугалимдер катары сезе алдыңарбы?
— Ооба, сөзсүз сезилди. Мурда кийин баласынын күндөлүгүн эч качан ачып көрбөгөн ата-энелер карантинден улам балдарынын тапшырмаларын аткарууга жардамшканга аракет кылышты. Балдары менен такыр алек болбой, анын окуусу менен иши жок ата-энелер балдары сабактан калып калбасын деп жандалбастап жатышты. Мугалимдин кадыры чындгында билинди. Себеби, бала менен иштеш, балага билим берүү кандай кыйын экенин ата-энелер эми түшүнө башташты. Буга чейин бардык жоопкерчиликти мугалимге жүктөшүп эле, “ушул окутушу керек, ушул тарбиялашы керек” деп кутулчу. Азыр ата-энелер мугалим канчалык кыйналып билим берип жатканын түшүнүштү.
— Асылбек, ушул онлайн билим берүүгө өтүүдө Билим берүү жана илим министрдигинин кандайдыр бир көмөгү, материалдык колдоосу же багыт берүүчү усулдары болдубу?
— Мындайча айтканда, Билим берүү жана илим министрлиги бул шартка мобилдүү эмес экенин көрсөттү. Албетте, аракет кылышып теле сабактарды тартышты, бирок, ар ким өзүнүн арабасын тартты десек болот. Ар кайсы мектеп өзүлөрүнүн окуучуларынын канчасында телефону, интернети бар экенин билет, ошого карай эле өзүлөрүнүн аракетин кылып жатышты. Министрлик анык бир багыт көрсөтө албады деп эсептеймин. Себеби, онлайн окуунун ыкмаларын министрлик өзү деле билбегени үчүн бир гана телесабактарды тартуу менен гана чектелди да. Ал телесабактарды балдар канчалык түшүнөт, кандай ыкма менен сунуштоо керек, методологиясына менин анча деле ичим жылыган жок. Бардык мугалимдердин ишенчиние кирип, алдыга сүрөгөнгө анча деле алы келбеди.
— Мугалимдер үчүн мамлекет же министрлик тарабынан колдоо керек беле? Керек болсо кандай колдоо талап кылынган?
— Колдоо сөзсүз керек эле. Маселен техникалык жактан абдан эле кыйналышты. Компьютерлерди мугалимдерге кандайдыр бир жеңилдик менен бөлүп-бөлүп төлөгүдөй баада, же бекер деле бериш керек болчу. Мугалимдердин ар бири өз чөнтөгүнөн алып кыйналышып, баалар да көтөрүлүп, кыйынчылык менен өтө кымбат баада компьютерлерди сатып алышты. Ушул жагынан министрлик же өкмөт бир эки чечимдер менен көйгөйгө оңой эле чечим таба алмак. Биздин мугалимдер “Мол булак”, “Финка” сыяктуу компанияларга техниканын тартыштыгынан улам жөн эле жем болуп, азыркыга чейин карыздарын төлөп бүтө албай келишет. Маселен 25 миң сомдук компьютерлерди 35 миң сомдон алып, кредит төлөп жатышат. Айла жок онлайн сабак өткөнгө техника талап кылынды да. Маселен ошону мамлекет көбүрөк санда, азырак пайыз менен алгыдай кылып, өзүнүн чечими менен эле камсыз кыла алмак да. Министрлик өкмөткө канча мугалимге техника жетпей жатат, кантип камсыздаса болот деген сыяктуу маалыматтарды убагында бериши керек эле. Канча мугалимде компьютер бар, канчасына керек деген сурамжылоо, анализ такыр болгон жок да. Анан мектепте жыйылып турган толтура компьютерлерди мугалимдерге колдонууга бериш керек эле. Ал жакта информатика кабинетинде жыйырмадан ашуун компьютерлер жөн эле турду. Ушундай жол менен жардам берсе болмок, өкмөттөн бирок андай жардам келбеди. Ар ким алынын жетишинче эле абалдан чыгуунун айласын кылышты.
— Асылбек, аралыктан окуунун башталганына мына бир жылга аяк басты. Онлайн билим берүүнүн ыкмаларын мугалимдер аздыр көптүр үйрөнүп калышты. Ушул тажрыйбаны эми мындан ары өркүндөтүү керекпи?
— Албетте, сөзсүз. Өнүккөн өлкөлөрдө онлайн окуу оффлайн окугандай эле орунда турчу. Бул ыкманы биз сөзсүз түрдө колдонушубуз керек. Бирок окуучунун дисциплинасы өтө жогорку деңгээлде болушу керек. Ошондой учурда огана онлайн билим берүү жемишин берет. Анан кааласа окуп, каалабаса жаап салса бир дагы онлайн курсту аягына чейин чыгарышпайт да. Эгер онлайн окууда берилип жаткан билим адамга ушунчалык керек болуп жатса ал эки сааттык болсо деле же төрт саатка созулса деле акырына чейин көрөт. Биз берип жаткан билим окуучуларга кызыксыз, кийинки жашоосунда пайдасыз болгон үчүн жыйынтыгын күтпөй эле сабактан чыгып кетип жатышат. Балдар маселен химия боюнча бир сабак өтсө качан гана чыныгы жашоодо кислотаны аралаштырып, химиялык элементтерди кармап көрмөйүнчө үйрөнө албайт да. Бирок бала химия боюнча олимпиадага даярданып же, башка долбоорго камынгандар үчүн онлайн сабак маанилүү да. Анткен менен биздин менталитет, окуучулар ал маалыматты баалабаган үчүн онлайн билим берүү системасы анчалык жакшы сиңбейт деп ойлоймун.