Пандемиянын билим берүү тармагына тийгизген таасири

Асылбек Жооданбеков, Дүйшөн Шаматов, Кеңешбек Сайназаров

авторы-статьи

Сүрөттө: макаланын авторлору башка агартуучулар менен чогуу билим берүүнү онлайн талкуулоо учуру, сүрөт Кеңешбек Сайназаровдун жеке архивине таандык

  • Асылбек Жооданбеков, билим берүү боюнча эксперт
  • Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин окумуштуусу
  • Кеңешбек Сайназаров, “Search for Common Grounds” уюмунун Бишкектеги жетекчиси, эксперт

(Бул ой толгонуу үч автор биргелешип жазып беришти, текст өзгөртүүсүз берилди)

2019-жылдын декабрь айында Кытайда катталган таажы вирус, 2020-жылдын март айында Кыргызстанга да келип, тез эле коркунуч жаратты.  Ар тараптан апаат алып келген бул оору билим берүү системасына да эбегейсиз таасир этти. Өлкөбүздөгү бардык окуу жайлар 16-марттан баштап жабылды. Бул жагдай Билим берүү жана илим министрлигинине  жана тийиштүү адистерге чакырык таштады. Ошол эле учурда терс  таасир мене кошо, кандайдыр денгээлде пайдалуу сабак алдык десек болот.  Бул макалада пандемиянын терс жана оң таасирлерине саресеп салабыз.

Бүткүл ааламдын үрөйүн учурган таажы вирусунун тарашы менен билим берүү системасына тийгизген терс таасирлеринин айрымдарын гана санап өтсөк:  

  1. Дүйнөнү каптаган вирус Кыргызстанга келип, көптөгөн жоготууларга дуушар болдук. Элибизге төбөсү көрүнгөн азаматтарыбыздан ажырадык.  Агартуу тармагында эмгектенген 200гө жакын агай-эжейлерди жоготтук. Алардын арасында билим берүү айдыңынын багбандары менен кошо катардагы мектеп мугалимдери болду.  Бул албетте орду толгус жоготуу.  Кошумча, таажы вирусу агартуу адамдарынын жашоосун жалмап, анан дагы канча деген инсандарды ооруга чалдыктырды.  Ооруп кайра сакайгандарда жана алардын жакындарынан арасында стресс жана психологиялык оорчулуктар болду.  Булардын баары адамдын бакубат жашоосуна өз кедергисин тийгизди.
  1. Пандемиянын билим берүүгө тийгизген экинчи чоң терс таасири – бул билим берүүдө ансыз да эбегейсиз көйгөй болуп келген теңдик жана калыстык маселелерин алсыздатып, көйгөйдү күчөтүп, тереңдетип жиберди.  Шартка жараша онлайн окутуу менен бирге телесабактарды тез арада даярдалып колго алынганы менен, сапат маселеси жабыркады.  Өзгөчө коомдогу талылуу катмардын балдары билим алуу мүмкүнчүлүгүнө толук жетишпей, же такыр эле ажырап калды. Кээ бир үй бүлөлөрдө акчанын тартыштыгынан балдарын компютер менен планшет бул жакта турсун, чөнтөк телефон менен камсыздоо жана туруктуу тез ылдамдыктагы интернет улап берүү көйгөй болду.  Өзгөчө алыс айылдарда, интернет жакшы тартпаган жерлерде байланыштын жоктугунан эле билим алуу укугунан ажырап калды. Бул жагдай бир, же эки ай эмес, дээрлик үч чейрекке уланды.  Бул убакыт өтө чоң ажырым.
  2. Пандемия билим берүүдөгү дагы бир алешемдикти ортого койду. КР билим берүү системасы борборлоштурулган болгондуктан аймактар Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын күтүшөт. Жергиликтүү реалдуулуктар эске алынбайт. Мисалы тоо койнундагы же чек арадагы айылдарга интернет да жете бербейт, телевизор да тартпайт. Мектептеги балдардын саны аз. Ал мектептер балдардын туруктуу билим алуусунда жергиликтүү жагдайларды эске ала алышкан жок. Себеби борбордошкон, үстүдөн түшүрүлгөн буйруктарга баш ийет. Пандемия шартында жергиликтүү, климаттык, географиялык, техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу керектигин эскерткендей болду.

Ошол эле учурда, пандемия шартында жөн алсырап отуруп калбастан бир топ алгылыктуу аракеттер болду, пайдалуу сабактар алынды.  Алардын арасынан төмөндөгүлөрдү бөлүп кароого болот.

  1. Пандемия Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда санариптештирүүнү тездетип, бул сектордогу айрым жагдайларга көңүлүбүздү бурдурду. Акыркы жылдары мамлекеттик деңгээлде санариптештирүү мезгил талабы экендиги байма-бай айтылып, ар кыл программалар кабыл алынган. 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы, 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө КР Президентинин жарлыгы чыккан. Бирок өзгөчө билим берүү тармагында  декларативдүү билдирүүлөрдөн алдыга кете алган эмес.  Мындай шартта расмий мекемелер билим берүү системасынын туруктуулугун, балдардын билим алуусун камсыздоо боюнча теле сабактарды уюштуруу, интернет платформаларды колдонуу боюнча аракеттерди көрө баштады. Пандемия шартында дээрлик бардык билим берүүү жараяндарын аралыктан ишке ашырууга түрткү берди. Кыргызстанда көптөгөн жылдардан бери алдыңкы өлкөлөрдүн жетишкендиктери катары сыпатталып келе жаткан санариптештирүү маселесинде секирик жасады. Сабактар ар кандай маалымат технологияларынын жардамы менен жүргүзүлө баштады. Кайтарым байланыштын технологиялары өзгөрүлүп, окуучу менен мугалим вотсап аркылуу байланышты күчөттү. Сабактарды жадыбалы билим берүү башкармалыктары тарабынан уникалдаштырылып, күндүн белгилүү убактарында сабак берүү телевидение жана радио аркылуу жүргүзүлүп калды. Канча жылдан бери ишке ашырылбай келген окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин жеке маалыматтары бирдиктүү электрондук алкакка чогултулуп, окуучунун билим алуу траекториясы ачык-даана көрүп, кемчиликтерине диагностика коюп, өзгөчө көңүл бөлө бурган жагдайларын аныктаганга шарттар түзүлдү. Мындай жаңылык аркылуу илгертеден көйгөй болуп келген кээ бир окубай эле жүрүп бүтүп кеткен студенттердин проблемалары ачыкталып калды. Системадагы маалыматты оңдоп-түзөө оңой иш болбой калды. 2. Экинчи чоң мүмкүнчүлүктүн ачылышы – окуу куралдарынын диверсификацияланышы жана ар кандай булактардан окуй ала турган мүмкүнчүлүк. Пандемиянын шартында мугалимдер сабактарын кызыктуу жана сапаттуу өткөрүшү үчүн, мурдагыдай бир китеп менен гана чектелип калбай, ар кандай булактардан маалымат алып, аны өз сабагына колдонгонго мүмкүнчүлүк ала алды. Дүйнөнүн алдыңкы Стэнфорд, Кэймбриж менен Оксфорд сыяктуу окуу жайлары өздөрү колдонгон лекциялары менен маалымат булактарын ачыктап, кенен колдонууга чыгарды. Окуучу, же студент Чоң-Алай менен Тогуз-Тородо туруп алып Санкт-Петербургдун же Торонтонун профессору менен студенттери колдонгон окуу булактарынан пайдалана ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болду. Албетте, окуучулар үчүн өз алдынча иштөө, жоопкерчиликти алуу, күндүк иштөө тартибин өз алдынча куруу сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берди. Азыркы советтик билим берүү системасынын негизинде түзүлгөн тармагыбызда мектеп окуучулары үчүн жүктөмдөр оголе көп, пандемия шартында окуучулар приоритеттерди аныктап, кызыгуулары боюнча өнүгүүгө ээ болушту.
  2. Мугалим сабак өтүү методикаларын эффективдештирүү үчүн дүйнөнүн ар тарабынан чогулуп, талкуу жүргүзүп, бир бүтүмгө келген ар кандай мугалимдер үчүн түзүлгөн вотсапп, телеграмм жана башка порталдар аркылуу байланышты күчөтүп, алдыңкы методикаларды өз сабагына пайдалана ала турган мүмкүнчүлүкккө ээ болуп отурат. Мугалимдер үчүн күтүүсүз кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, санариптик сабаттуулукту арттыруу жараяны болду десек болот. Албетте бул жагдай мугалимдерге каржылык жактан да кыйынчылык жаратты себеби алар, интернет тарифтерин күчтөндүрүү, телефон, ноутбук сатып алуу сыяктуу убаракерчиликтерге учурады.  Бирок анысына карабай билим берүүдө мандеми бар агай менен эжекелер жапа тырмак кесипти жогорулатуу жараянына аралашып, ар кимиси өзү билген алдыңкы технологияларды башкалар менен бөлүшкөнгө дилгирленди. Социалдык тармактардагы гана мугалимдердин бири-бирине өтүп берген вебинарлары жалпы Кыргызстан боюнча 28,000ден ашыптыр. Бул өтө чоң көрсөткүч.

Кандай болгон күндө да пандемия бүгүн дүйнөнү каптаган реалдуулук. Кыргызстандын билим берүү сектору да башка өлкөлөр сымал мындай шартта жашап, билим берүү процессин токтотпостон улантып кете бериши керек. Айрым аналитиктер билим берүү сектору эми такыр мурункудай болбой тургандыктарын белгилешет. Демек каалайбызбы каалабайбызбы, онлайн окууну сапаттык деңгээлге чыгарып, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин бул жааттагы көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн үстүндө системалуу иштерди алып баруу зарылдыгы учур талабы. Аны жигердүү алдыга жылдырганга кичинекей Кыргызстаныбызда бардык шарттар бар. Алар коомчулуктун билимге суусап изденгендиги, билим берүү айдыңындагы багбандардын зор мандеми, жана өлкөнүн билим берүүнү 21-кылымдын шарттарына ылайыкташтырууга болгон бел байлагандыгы. Мунун өзү кубантаарлык көрүнүш. Буюрса баары болот, баары алдыда! Элибизде бейкуттук, жерибизде тынчтык орносун!