Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Аттокур Жапановдун окуясы

unnamed

Сүрөт kabar.kg

  • Аттокур Жапановдун окуясы

(Июль, 2020)

“Бүгүн ооруканадан дарыланып, айыгып чыктым, буюрса!

Ооруканага түшкөн түнү (саат түнкү бир) дем жетпей келгенимде палатага киргизип эле тамчылатманы сала коюшту, эс ала түштүм. Жабалактап эле аппак кийингендер бут-буттарына тийбей чуркап жүрүштү. Эртеси рентгенге түшүрдү, диагнозу эки тараптуу пневмония экен. Жаныңды кыйнап, сөөктөрүңдү какшаткан (өмүрүмдө мынчалык тоңуп турган абалда болгон эмесмин) бир оору экен… Дагы жакшы убагында келипмин. Бир жума үйдө тамчылатманы (капельница) алганда жакшы болуп калгам. Бирок билгизбей акырын күчөй берет экен да. Эл айтканды иче берип аның деле жардам бере бербейт экен. Ар кимдин ден соолугуна ар кандай таасир берет экен. Демек, дарыгерди гана уккула! Ар кайсынын кеңешин уга бербей…

Биринчи күндөн чыкканга чейин ыктыярчы-студенттер (волонтёр) жандары калбай жардам берип жүрүштү… Мен жаткан палатада төрт киши жатты. Төртөөбүз төрт областтан экенбиз… бирөө дыйкан, бирөө жетекчи, бирөө спортсмен жана мен – мугалим… баарыбыз бирдей бир жума ооруну создуктуруп келиппиз… деги кыргыз окшош экенбиз… эми айла жок… Жакшы адамдар экен. Биз ооруканага түшкүчө бир жаш бала жатыптыр, он күндөй болуп калыптыр. Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда экинчи орунду алган бала экен. Оңоло албай жатты. Төшөгүнөн турган жок. Беш күн ошол баланы кадимкидей үчөөлөп бактык. Тамагын берип, туалетке колтуктап барып, акырын жаткырып дегендей… Беш түн уктаган жокпуз. Бир кезде жаман абалын сезгенде колун көтөрө калат, биз болсо медик-студенттерди чакыра калабыз. Эшиктер ачык. Сатурациясын ченей калышат да коляскага салышып реанимацияга бир мүнөттө киргизе калышат, ал жактан таза кислородго сала калышып, эки күндө түздөп келишет. Ал баланы ойлоп жатып бизден уйку таптакыр кетти… ий, эч ким оорубасын… Реанимациядан оңдоп кайра алып келишет. Бала жылбай жатат. Сатурация эмне экенин үйрөндүк (клексан, гепарин ж.б. дарыларды бир сыйра окуп алып палатада жаткандарга бир лекция окуп бердим… сабагымды сагынып калыптырмын…) Карап эле турабыз анысын, түшсө эле балдарга айтабыз… Ооруган баланын бир туугандары жөнөкөй, алтын бир туугандары бар экен. Каалаган дарысын заматта таап, телефондон “берекебиз, көлөкөбүз” деп гана айтып турушту. Биз дагы жакшы сөз айтып турдук. Түнүчүндө суусаганда оозуна чай кашык менен суу куюп турдум. Баланы эки аппаратка туташтырып коюшкан. Кечээ кайрадан реанимацияга алып кетишти… жашоо үчүн катуу күрөшүп жатат… айыгып кетсе экен!

Эми, Фучиктеги (шаардык №1 оорукана) ооруканага жаңы ыктыярчы-студенттерден жакшы команда топтолуптур. Мурункуларынын баары оору жуктуруп алышып, чыгып кетишиптир… Алты саат тынбай иштешет, андан кийин башка команда келет. Бир дагы мүнөт жандары тынбайт. Ушул ыктыярчы-студент балдардын ата-энелерине ооругандар бата эле берип жатышат. Ата-энелерине таазим! Биздин замандын накта баатырлары!!! Аман болушсун! Бактылуу болушсун!!!

Дүйнөдө эли ынтымактуу мындай кол кабыштыкты жасаган бир да элди көргөн жокмун.., мындайды улуу кыргыз гана жасай алат… дүйнөгө үлгү боло алат.., кыргызды эч ким эч качан жеңе албайт!!!

Кыргыз медициналык академиянын, Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттеринин медицина факультетин аяктап калгандар абдан жакшы тейлешти. Венага ийне сайганды жакшы өздөштүрүшүптүр… Мындан сырткары Кыргыз Улуттук университетинин, Туризм академиясынын ыктыярчы студенттери пол жууп, тамак берип, шейшеп таратып, ж.б. жумуштарды аткарышат экен… абдан чарчашат экен, билинип эле турду… чечинишкенде былчылдаган эле кийимдери суу бойдон, өтүктөрүн чечишип сууларын төгүшөт, айнек бөлмөдөн көрүнүп турат экен… алты саат думбаланып… беттеринен тер агып жатат… эрдик эмей эмне!…

Мен окуткан студенттерим таанып калып “ой агай эмнеге ооруп калдыңыз?” деп кирип келгенде сүйүнгөндөн “жакшы, жакшы” деп ийипмин. “Менин студенттерим” деп баарына мактанып да алдым.., мугалимге эмне керек, көрсө окуткан окуучуларың ал-жайыңды сураса эле айыга түшөт турбайсыңбы…

Сакая албай, оо дүйнөгө кеткендер жөнүндө жазбай эле коёюн, жүрөгүңөрдү түшүрбөй, баардыгы кеч кайрылгандар…

Паникага берилгендер келип ой бир дарыгерлерди эзет дейсиң… (эшиктерин талкалап кетишиптир, кечээ оңдошту) ошого сабырдуулук менен жооп берип жатышты, мугалим болгондуктан ар бирин сезип, көрүп турдум… акырын сүрөткө дагы билгизбей иштеп жүргөндөрүн сүрөткө тартым алдым… чыгаарда командасын сүрөткө чырт этип койдум, өзүмдү кошпой, анткени ач албарстай болгон кебетемден жүрөгүңөр түшмөк…

Согушта жүргөндөй эле эрдик жасап жатышат. Өз көзүм менен көрүп, жазып жатам… Эмгектери баа жеткис!!! Тейлегендери жогорку деңгээлде!!!

Улуу элдин жөнөкөй эле балдары өз элине өз ыктыяры менен жардам берип жүрүшөт!… ушундай алтын балдарыбыз көп болсун! Ооругандар тез сакайып кетишсин! Бири-бирибизге жардам берип жатып бул ооруну жеңип чыктык! Демек, күч бирдикте!!! Баарыңарга ден соолук, бакты-таалай, жакшылыктарды каалайм!!!

Мен четин гана жаздым…

Р.С. Оору башталганда (3-К тамгасы) Катачылык, Калпычылык, Кайдыгерлик чоң кеткен экен, элди аман алып, эртерээк даярданып калышса болмок экен, туура эмес дарылап, туура эмес протоколдорду кабыл алышып, эми ага чоңдор Кудай алдында жооп беришет.,, бизди башкаргандарды жек көрүп калдым…

Мен үчүн сарсанаага батып, кабатырланган асыл адамдарга миң мертебе ыраазымын!!! Бактылуу болуңуздар!!!”