Пандемиянын чыныгы баатырлары - ыктыярчылар

Азат Исакунов – Основатель благотворительного фонда “Жашоо булагы”

13-9-1-768x406

(Азат Исакунов, меценант, “Жашоо булагы” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү)

  • Азат Исакунов
  • “Жашоо булагы” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү

Меценант Азат Исакунов пандемия башталганда өзүнүн эсебинен аны менен күрөшүү үчүн 15 миллион сом берерин жарыялаган. Муну менен чектелбей ал Бишкек, Ысык-Көл, Нарын ж.б. аймактарды кыдырып, оору күчөгөн июнь, июль айларында бир катар жардамдарды көрсөттү.

 Негизи пандемиянын башталганын биз эл сыяктуу эле Интернет жана башка маалымат булактарына чыккан кабарлардан уктук. Кыргызстанда маалыматты көбүнчө кыргыз жана орус тилинде алып жатабыз. Бул ооруга байланыштуу англис, Кытай тилдеринде чыккан так маалыматтарды да окуп, билүүгө аракет кылдык. Тилекке каршы, вирус тууралуу так маалыматтарды берген учурлар жетишсиз болуп жатты. Бул оору Кытайда 2019-жылдын күз айларында эле башталган экен. Алар мойнуна албай жүрүп, 2019-жылдын аягында өздөрү бул оорунун коркунучтуу экенин айтышып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму муну элге жарыялай баштады. Бирок ошону да бизге келбейт, мамлекетти кыйгап өтөт дегендей мамиле кылдык. Анын жыйынтыгын пандемияга карата өкмөттүн шалаакы мамилесинен көрсө болот. Эч кандай даярдыгыбыз жок, биздин Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт структуралары элди даярдамак тургай өздөрү деле кам көргөн жок. Дары-дармек, СИЗ (жеке коргонуучу каражаттар) ала алышпаптыр. Бизге чейин 2-3 ай Италиядагы окуяларды, Европада эл кандай кыйналганын көрүп жаттык. Эл биринчи паникага алдырып, каза болгондордун саны көбөйүп, биз эмес өнүккөн Америка деле кыйналып калбадыбы. Бизде жада калса элементардуу даярдыктар көрүлбөптүр, дарылоочу протоколдор даяр эмес экен. Маселен боюнда бар аял ооруп калса кандай болуш керек, жүрөк оорулуу, кант диабети барларды кантип дарылайт? Ар түрдүү, 15-20 протокол дайындап коюшса болмок да. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар болчу. Себеби оору бир эле да. Менин жеке оюм, бизде даярдык жок болгон үчүн биздин дарыгерлер да корккондуктан, антибиотиктерди туура эмес көбөйтүшүп, ошол маалда жаңылуулар көп болду. Туура эмес дарылоодон да көп адам өлүмгө учурады го деп ойлойм. Мунун баары билбестиктен улам болду. Себеби бул ооруну дүйнө изилдеп аягына чыгып бүтө элек. Вакцина же дарысы да чыга элек. Азыр Орусия сыяктуу ар кайсы мамлекеттер өзүнүн саясатын аралаштырып, вакцина чыгардык деп маалыматтарды берип жатат. Бирок бул чындыкка дал келбейт. Вакцина, дарыны чыгарыш бир жылдык иш эмес, 2-3 жылды талап кылат экен. Биз бул ооруну жеңдик деп да айта албайбыз. Мүмкүн дагы 2 жылдык бул оору менен күрөш бар го. 

— Сиз айтып жатпайсызбы, мамлекетте даярдык жакшы болбой калды деп. Бирок пандемия башталганда эле бийлик чет элдик донорлордон ири суммадагы колдоо алып жатпадыбы. Ал материалдык колдоо туура пайдаланылды деп ойлойсузбу? 

Мен билген расмий маалымат боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, мурунку вице премьер-министр суракка чакырылып жатат. Кылмыш иши козголгондон кийин ага бир негиз болду го деп ойлойм. Эми ким күнөөлүү, кандай болгон анын баарын тарых өз ордуна коёт. 5-10 жылдан кийин бул бийликке дагы өз баасы берилет. Келген гранттар чын эле пайдаланылдыбы, же элге жумшалдыбы, эмне себептен оор кырдаал түзүлгөнүн мезгил көрсөтөт деп ойлойм. 

— Пандемия башталганда социалдык чыңалуу да күчөдү го, силердин аракет кандай болду? 

Бул жерде эң бир чоң инструмент – маалымат болуп калды. Адамдардын баарын коркутуп, чоң бир апаат келе жаткандай кылып көрсөтүштү. Январь айынан тарта эле акырындап бербестен, бизде биринчи катталганда эле олуттуу кадамдарга барып, өлкөнү карантинге жапканга барышты. Эл маалымат алып жатканы менен дүрбөлөңгө түшүп калышты. Биздин саламаттык сактоо системабыздын абалы начар болуп, эл карантинге жабылганда эки чоң апаат менен күрөштү окшойт. Биринчиси ачка калгандарды көрдүк, аларды көрүп туруп биз деле четте карап тура албай, жүрөгүбүзгө жакын кабыл алдык. Мурда кылып келе жаткан ишибизди да башка нукка бурууга туура келди. Ошол маалда кыйналган элге жардам берем деген меценанттар, жеке ишкерлер, кайрымдуу адамдар болду. Бийлик алардын демилгесин бир платформага чогултуп, ишин ырааттуу кыла албай койбодубу. Бул өкмөттүн чоң катачылыгы болду. Мыйзам болбосо дагы, маселен жакынкы эле Өзбекстанды алсак, булар ыктыярчылар үчүн бир платформа түзүп, фонд аркылуу жардам берип жатты. Хаос болбой, таасирдүү, орчундуу жана биримдиктеги жардам берилди. Ушундай платформа жок, маселен бир кишиге жардам берилсе ага он башка уюм келип, айрымдары каралбай калып, ушундан улам өлкөдө башаламандык болду десек туура. 

— Мындай хаосто сиз өз ишиңизди кантип иретке келтирдиңиз? 

Биз фонддун кызматкерлери биригип, шаардагы посттор, обсервациялардын маалыматын алып, кайсы жерге кандай жардам керек экенин алдын ала тактап алып анан чыгып жүрдүк. Тамак-аш болсо канча порция керек, кандай жабдыктар тартыш, ошого жараша атайын топ түзүп, жардам бергенге аракет кылдык. Жөнөкөй болсо дагы эки тараптуу маалымат алганга аракет кылдык. 

— Маалымат алууда, мамлекеттик органдар тарабынан бут тосуулар болдубу? Себеби айрым ыктыярчылар бюрократия болду деп жатышат.

Жок, биз андайга учурабадык, себеби биз кайсы гана мамлекеттик ишканага чалбайлы, баары эле рахматын айтып, ыраазы болуп жатышты. Балким бизден кийин иш баштагандарга бут тосуулар же тоскоолдуктар болгондур, бизде андай болбоду. 

— Сизди элдин көбү өнөкөт оорулуу адамдарга, айрыкча рак оорулууларга жардам берген меценант катары тааныйт. Карантин учурунда алардын абалы өтө эле кыйын болбодубу. Сиз жардам берген бейтаптар эмне болушту?

Албетте, өкмөт, элдин баары биринчи орунга пандемияны койду. Коронавирус деп өнөкөт оорулуу адамдар жаткан ооруканаларды бошотушту. Обсервацияга айлантышты. Жөнөкөй операция болчу адамдарды, айрыкча гепатит менен онкологиялык ооруларды убактылуу четке чыгарып салгандай болушту да. Атайын ооруканалар иштегени менен алар да бекинип алып, өзүнүн алгоритмине ылайык иштешти. Мен өнөкөт ооруларга жардамды 1997-жылдан тарта берип баштайм деп чечкем. Ошол жылы өзүмдүн бир тууган эжем ооруп калды. Мен анда студент элем. Эжемди дарылатууда абдан көп кыйынчылыкка учурадык, үй-бүлөдө үч бала элек, ата-энем айылда турушат, жөнөкөй эле үй-бүлөбүз. Жада калса ошол ооруканага бара турганга жолдук каражатыбыз жок болгон күндөр болду. Тамак-ашка жетип жетпей, элдин баары кыйналып жашап жаткан учур эмес беле. Биздин үй-бүлө тоодой болгон күрөшө алгыс бир илдет менен алыштык. Ошондо мен аябай кыйналып, колумда каражат болсо эжемди куткарбайт белем деген ыза жүрөгүмдө калыптыр. Мен азыр муктаждарга жардамды аябаганга аракет кылам. Кээде жумушуман кирешем кемисе да, болбой эле чогулткан акчамды балдардын операциясы, дарысына беремин. Тилекке каршы, бизде көп балдарга жардам бере албай, оору жеңип койгон учурлар болуп калып жатат. Бир топ жаш балдар өтүп кетишти, онго чыкпаган, эки жашарлар да бар арасында. Менин принциптерим боюнча бул нерсени мамлекет жасаш керек деп четте туруп берүү эмес. Негизи ушул позицияны деле кармасам болот, бирок мамлекеттин бүгүнкү абалын көрүп, биз четте тура албайбыз да. Карантин учурунда чет өлкөгө барып, операция жасата албай калуу деген маселе көп болгон жок. Мен каржылаган бейтаптардын көбү барып келишти. Бирок алардын жыйынтыгы жакшы болбой калды. Карантинден мурда чет жакка чыгып оор операция жасаткандардын бир экөө эле азыр жакшы. Бирөө Индияга барып, чек аралар жабылып келе албай да калды. Аны менен маалымат алышып турдук. 

— Негизи эпидемиянын туу чокусу июнь, июль айлары болбодубу, ошол маалда эмне иш кылдыңыздар? 

Пандемия башталганда оору жуктурган адамдар 12-20 десе катуу чочуп жатпадык беле, анан эле 300-400 кишиге жукту болуп калды. Андан да коркунучтуу статистика өлгөндөрдүкү болду. Кандуу күндөрү каза болгондор жүз кишиден ашкан учур да болбодубу. Ошол маалда биз да үй-бүлөбүз менен ооруп калдык. 3 жумадай үй шартында дарыландык, мен, жубайым, кызым оорудук. Ооруп жатсак да элге биринчи зарыл болгон нерсе кычкылтек концентратору деп уктук. Элдин баары концентратор издеп чуулдап, дарыгерлерге да, элге да керек нерсе болуп калды. Ошону биз Түркиядан буюртма менен 1-2 жума күтүп алдырып келдик. Мен өзүм Ысык-Көлдөнмүн, биринчи эле көлдөгү муктаждыкты жабууга аракет кылдык. Мен өзүм туулган Тоң району эле эмес, көлдөгү бардык райондорго бөлүп бердик. Андан сырткары Чүй облусуна, Нарын облусунун Кочкор менен Ат-Башы райондоруна жибердик. Бишкекке, Айдаркендин бейтапканасына да жибердим. Жалпы пандемия учурунда 23 миллион сомдой каражатты кайрымдуулукка жумшадым. 

— Ошол эле активист, ыктыярчылар бир ай өтпөй саясий жараяндарга кирип кетти го, сиз эмнеге четте турасыз? 

Мен башында эле айткандай, саясатка барбаймын. Менин жашоомдун маңызы башкача. Айтматов айткандай, адамга күн сайын адам болуу кыйын да. Мага жараткан тарабынан акыл эсти колдонуу эрки берилген. Менин жашоомдун эң бийик маңызы – адам өзүнүн рухун жетилтип отуруу. Мен өзүмдүн кайрымдуулукка байланыштуу жеке тагдырымда учураган кыйынчылыктарымдан улам максатым бар.  Анткен менен саясатка аралашпайын десем да, мени саясатка аралаштырышат. Мен андан четке качып кете албайм, саясатчылар негиздеген мыйзамдар, мамлекеттеги түшүнүктөр менен жашоого туура келүүдө. Аны тереңдеп анализдеп карап келгенде жакпаган жаман жагдайларды да көрөсүң. Айрыкча акыркы мезгилде бири-бирин жамандаган кубулуштар күчөдү. Негизи мен саясатка баргым келген жок. Ушул суроону сурагыңыз келип жатабы? Мен саясатка киришсем, анда биздеги кырдаалды толугу менен башка нукка бургум келет. Бирок, эгер барсам системаны толугу менен башка нукка өзгөрткүм келет. Анткен менен азыркы системага барбайм. Себеби, биздин саясат бир кичинекей казанга түшүп алып эле аралашып, андан алыс эч нерсени көрө албай, уккусу да келбей калгандардан турат. 50-100 жылдык өнүгүү стратегиябыз жок. Ал тургай коңшу Казакстандай боло албадык, ага чоң кадам таштай албай жатабыз. 

— Сиз пандемия күчөп турган учурда мамлекет тарабынан жүргүзгөн иштерде кандай кемчиликтерди байкай алдыңыз?

Негизи кемчиликтер саламаттык сактоодо эле эмес, бардык тармактарда да бар. Башкаруунун жоктугунан улам кыйынчылыктар болду. Бул проблемалар азыр эле чыга калган жок, 30 жылдын жыйынтыгы десек туура. Элибиз эгемендик алгандан бери бүгүнкү күнгө чейин башкаруу системасы бузулуп калган. Ага канчалык күчтүү, таза адам келбесин аны башкарып кетиш өтө оор. Президенттер, өкмөт башчылар, министрлер алмашат. Бирок иш ошол эле бойдон калат. Себеби бул өзгөрбөгөн система. Муну түп тамыры менен алмаштырып туруп, жаңы үй салгандай эле пайдубалынан баштап кайра курушубуз абзел. Негизи биз өтө унутчаак эл экенбиз. Жакшыны, айрыкча жаманды да тез эле унутуп калабыз. Өзүңүз көрүп жатасыз, пандемия бүтүп бүтө электе эле эл саясий оюндарга аралашып кетти. Түзүлгөн кырдаалды анализдеп, талдабай эле башка нерсеге аттап кеттик. Мамлекет ушундай, эл да ушундай унутчаак экенбиз. Элде талап болсо башкача бир кыймыл-аракеттер болобу деп ойлойм. 

— Сиз эми жардам берүүнү кайра уланта бересизби? 

Бул пандемия форс мажору биздин жасап жаткан иштерибизге өтө таасир этти. Мурдагыдай ишибиз толук кандуу жүрбөй жатат. Биздин деле азыр каражатыбыз чектелүү, билбейм канча адамга жетет, бирок колубуздан келип турса биз кантип эле ооруп жаткан адамга дарыны сатып бере албайм? Адамкерчилик сапат жогору болуш керек да. Кичинекей бир нан болсо да бөлүшө жеген жакшыбы деп ойлойм. 

— Ушул пандемия маалында сиздин жүрөгүңүзгө өтө катуу тийип, жеке адам катары, жетекчи эмес, ооруткан эмне болду? 

Биз негизи ачка калат экенбиз, аны да көрдүк. Сырттан эч кимден жардам келе албастыгын да билдик. Себеби жардам берчү тууган, досуң деле сеникиндей акыбалда болот экен. Ооруп калса бир ооруканага кайрылып, кесипкөй жардам ала албай каларыбызды көрдүк. Ошентсе да биз бири-бирибизге жардам берип бул абалдан чыктык. Кээ бир досторум ооруканага кире албай көчөдө жатып калган учурлар да болду. Пандемиянын символу катары мен каза болуп калган ыктыярчы Адинайды көрөт элем. Себеби ал оору менен алышып жүрүп, өзүнүн кантип ооруганын билбей каза болуп калды. Мени сүйүнткөнү – пандемиянын жакшы жери биз үй-бүлөбүзгө жакын болуп калдык. Балдарыма көп убакыт бөлдүм, алар менен кесип тандоону сүйлөштүк, кыргыз тилин да унутуп бара жатышыптыр, кайра калыбына келтирдик. Туугандар менен тыгыз байланышта болдук. Ичим ачышып, таарынган учурлар болгон жок. Болгону мамлекетке эле бир аз эле күйдүм, жакшы жагы бул дүйнөдө көңүл эле кала турганын, адамдын көңүлүн калтырбай бири-бирибизге мээримдүү болуш керек деген бүтүмгө дагы бир ирет келдим.”