Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Баймурат Эрназаровдун окуясы

2E6CF3C5-FB4A-4F62-BBE4-4ECCBBF495FB_cx0_cy0_cw79_w1597_n_r1_st

Сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды (azattyk.org)

  • Баймурат Эрназаровдун окуясы

Бирок, Үсөнбаевдин бул интервьюсунан кийин эле ооруканаларда орундар такыр жетишпей жакындары каза болгондордун видеолору тарай баштады. Алардын арасында белгилүү дарыгерлер да бар эле. 

Баймурат Эрназаровдун инисинин өпкөсү сезгенип, Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан берген.

“Ооруканаларга барып, кире албай, жалдырап жүргөн учурун маркум иним өзү видеого тарткан эле, бирок азыр анын телефонун ача албай жатабыз. Коду бар экен, кодун эч ким билбейт. Карындаштарым, инилерим, жээндерим бүгүн эртең менен Улуттук фтизиатрия борборуна барган. Ал жактан кабыл албай койгон. Андан соң пульмонология бөлүмүнө барышкан. Пульмонологияда да карантин деп шлагбаум коюп коюптур. Андан кароолчу, медайымдар такыр киргизбей койгон. Саат 11ден үчкө чейин отуруп, үчтөн кийин менчик бир ооруканадан капельница алып келип, жанагы шлагбаумдан ичке жалдырап кирген. Дарыгер чыккыча иним кайтыш болуп калды. 

18-19-июнда ооруп баштаган, дене табы көтөрүлүп, дене табы ошондо эле дароо 40 градуска чыккан. Аз аздан жөтөлүп жаткан, 19-июнда “Тез жардам” чакырдык. “Тез жардам” келип, анализ алып эле кетип калды. Дене табын түшүргөн ийне сайып коюп эле кетип калышты. Эки күндөн кийин тесттин жыйынтыгы “коронавирус жок” деп келди. Ошондон тарта “Тез жардамды” кайра чакырып жаттык, такыр эле келбей койду. 118ге чалгыла деп туруп алышты. Температура, жөтөл десек да угушкан жок. Анан 4-оорукананын жанында поликлиника бар экен, ошого алып бардык. Эртең менен үйдөн чыкканда температура түшкөн, ошону менен барган эле. Ал жакта дарыгерлер дары жазып беришиптир. Ошол түнү эле, 21-июндан 22-июнга караганда дене табы 40 градуска чейин кайра көтөрүлгөн. Ошондо жээним ооруканаларга ташый баштаптыр. Чүй облусттук ооруканасына биринчи барышкан, алар пульмонологияга баргыла деген, пульмонологияга келсе “орун жок” деп кабыл албай койгон. Мунун баарын телефонго тартып алышкан, бирок маркум инимдин телефонун ача албай жатабыз. Андан кайра Чүй ооруканасына барышкан. Ал жакта да кабыл албай койгон. Айласы кетип, түнкү саат төрттө мага телефон чалды. Ушундай мен кыйналып жатам деди. Кайсы жерден ийне сайдырганын билбейм, бир жерден ийне сайышыптыр, ошондон кийин дене табы кичине түшүптүр, ооруканага такыр албай коюшту. Андан кийин 4-ооруканага ийне сайдырып алайын деп барса, температурасын сырттан эле ченеп туруп киргизбей коюшуптур. Мен айлам кетип, иниме жеке менчик ооруканага барчы дедим. Ошентип бир жерден ийне сайдырып жатты. Негизи иним өзү жалгыз жашап жаткан эле, эки баласы Орусияда болчу. Келинчеги айылда эле. Жанындагы инилерибиз, кайнилери түнкүсүн карап жатышкан. Кечкисин телефон чалып, абалын сурасам дене табы такыр түшпөй, алым кетип жатат деди. “Тез жардам”  чакырса келбей койду. “Дене табың жогору экен, атайын дарыгерлер барышы керек, же участкалык догдуруң барсын”, – деп эле туруп алышты. 4-ооруканадан да ошентип киргизбей коюшуптур, силерде дарыгерлер турат го десе да болбой коюшуптур. Айласы кетип, мага чалды. Мен ага кабыл албай жатышканын телефонго тартып ал дедим. Кечинде үйүнө кайра келет, эжемдер тамак алып барышса, бир менчик жерден ийне сайдырган экен. Эжемдер абалы абдан начар деп мага чалышты. Эртең менен фтизиатрияга бар деп айттым. Ал жакка барса да кире албай коюптур. Кайра баягыдай айланып, пульмонология, менчик клиникалардын ортосунда жүрүп калыптыр. Кайра пульмонологияга барып, жалдырап ыйлап жатып, короосуна кирип эле мага сүйүнүп чалды. Бирок дарыгер чыгып жардам бергиче үзүлүп кете берди. Рентгенге тартпай коюшкан, жанында жээним жүргөн, ал баарын билет. 

Менин азыр ыза болгонум, менин бир тууганым өтүп кетти, аны эми кайра тирилтип ала албайм. Оору күчөп жатса эмнеге ооруканалар жабык? Коронавирустан 24 киши өлдү деп жатышат, мейли кээ бир ооруканалар вирусту дарылап жатат. А калган ооруканаларды эмнеге жаап коюшту? Инимдин сөөгүн алганы моргго баргам. Ошол жакта да эл боздоп жүрөт. Эмнеге ооруканаларды жаап салышты? Элди азыр дене табы жогору болсо ооруканалар албай эле жөн эле кырылып жатат. Элди аяп жатам, эл жардам ала албай өлүп калууда.”