Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Бакыт Карабаев, Республикалык кан борборунун директору

Бакыт-карабаев-e1615131925244

Сүрөт Kaktus media сайтынан алынды (kaktus.media)

  • Бакыт Карабаев
  • Республикалык кан борборунун директору

— Бакыт мырза, эмне проблема болуп жатат азыр же мурда карантин баштала элегинде эле бар беле?

Карантин маалында жанагы алсыз звенолордун баарынын бети ачылып калбадыбы. Алсыз звено дегеним, бул мамлекеттин же Саламаттык сактоо министрлигинин күнөөсү же проблемасы эмес, бул дүйнө жүзү менен байланыш үзүлүп, авиакаттамдар токтоп, чет өлкөдөн жүк алып келүү мүмкүн болбой калганын өзүңөр деле көрүп жатасыңар да. Биздин кан кызматындагы реагенттер, реактивдер, пробирка, ж.б. бардык каражаттар импорт менен келет, алыскы жана жакыңкы мамлекеттерден сатып алабыз. Ушундан улам биз сатып алууларды өз маалында жүргүзсөк жакшы болмок. Күзүндө коронавирустун экинчи толкуну келет деп жатышат. Эгерде азыр биздин көйгөй чечилбесе өлкөдө кан запасы жок калат. Анткени бизди квартал сайын эле мамлекет каржылайт. Ушул темпте улана берсек, анда күзүндө абалыбыз оорлойт. 

 Марттан баштап майга чейин баардыгы жабылды, эч кандай каттоо жок байланыш жок, медикаменттерди алып келүү мүмкүнчүлүгү жок болду. Ошондо биз квартал сайын бизди каржылоо туура эмес экенин түшүндүк. Экинчиден бизди толук кандуу каржылоо болбой жатат. Себеби кан кызматы азыркыга чейин бардык кызматтарга каражат таратылып бүткөндөн кийин, ашып калган акча менен камсыздандырылып келген. Мындайча айтканда саламаттык сактоо министрлигинен эмне калган болсо ошол калдыкты бизге берчү. Ошол принцип дагы абдан терс жагынан бизге тийди, себеби ар кандай тараптар бар да Саламаттык сактоо министрлигинде. Мисалы жүрөк, кан-тамыр оорулууларын алсак, алар өз убагында акча алышат, каржыланат да. Ушул сыяктуу кырдаалдын баары биригип, азыркы күндө кан кызматынын иши токтоп калганы турат. Бул өтө коркунучтуу кырдаал. 

—Болжол менен канча убакытта токтоп калышы мүмкүн? 

Бизде бир бир жарым айлык кан калды, андан кийин токтоп калабыз.

—Таптакыр токтоп каласыздарбы? Анан кандай болот? Ошол эле маалда канга болгон талап көп да азыр?

Канга болгон муктаждык чоң, талап дагы чоң. Буларга жооп бериш үчүн биз өз убагында камсыздалышыбыз керек.

—Анан сиз Саламаттык сактоо министрлигине жазган катыңызды окудук. Фирмаларга 3 миллион сом карыз болуп калыпсыздар, анан болжол менен 31,3 миллион сомдой каражат жаңы жабдуулар үчүн керек экен, туурабы? 

Ооба, чын айтканда ошончо акча керек, карызыбыз 3 миллионго жакын болуп кетти. Ушунун баары убагында каржыланбагандын айынан болуп жатат. Мамлекет өз маалында каражатыбызды бөлсө мындай кыйынчылык келип чыкпайт эле да. 

—Донорлордун саны боюнча айта кетсеңиз, бизде азыр абал кандай донорлор боюнча?

Карантин киргенден бери санэпидем станция элди көчөгө чыгарбай койбодубу, ушул көйгөй бизге абдан оор болду, абдан кыйын болду. Донорлордун саны азайып кетти, ошого карабастан биз күнү-түнү тынбай, майрамдарга, дем алыш күндөргө карабай иштедик. Донорлорду үйүнө барып, машина менен алып келип, алып барып жаттык. Донордун канын алчу медиктерибиз да үйүнөн чыга албай, канды текшергендер да жок болуп, бир топ кыйналдык. 

Канга болгон талап абдан күчтүү болуп жатпайбы азыр. Бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлге жетиш үчүн кийинки этаптагы тестирлөөнү жүргүзүшүбүз керек. Азыр биз биринчи эле этапта канды текшеребиз. Экинчи этаптагы кандагы молекулярдык составды караган анализатор жабдууларыбыз жок. Мындан тышкары жугуштуу оорулардын баарын аныктаган анализаторлор жок.