Пандемия учурунда Кыргызстанга сырттан келген каржылык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча маалыматтык топтом

Бурул Макенбаева, саламаттыкты сактоо боюнча эксперт

Бурул-Макенбаева

Сүрөт “Азаттык” радиосунда Бактыгүл Чыныбаева тарабынан тартылган

  • Бурул Макенбаева
  • Саламаттыкты сактоо боюнча эксперт

— Cырттан келген жардам, азыркы таптагы кырдаал, мурдагы вице-премьер-министрлер, саламаттыкты сактоо министри суракка чакырылып, камалып жатпайбы, ушул багытта суроо узатайын деген элем. Кандай деп ойлойсуз, өкмөт эмне ката кетирди? 

Мен өзүм иликтөө иштерине, же кайсы бир деңгээлде коронавируска байланыштуу маселелерге аралашкан жокмун да. Баарын сыртынан байкап турдум. Ошондуктан, мен бул суроого башкача жооп берет элем. Негизи эле биздин мамлекеттик түзүлүш ушунчалык туура эмес. Министр ким болсо деле, премьер-министр укмуш болсо дагы биз коронавируска туруштук бере албайт болчубуз. Бизде өзгөчо кырдаал болгондо, маселен эпидемия болсун, же сел жүрөбү, көчкү басабы, бизде ар дайым эле ушундай чала чарпыт, натыйжасыз аракеттер болот. Себеби, биздин мамлекеттин натыйжалуу бир системасы, пайдубалы жок. Фундамент – бул жергиликтүү бийлик. Маселен үй салганда аны эч ким чатырынан баштап салбайт да. Биринчи эле пайдубалын көтөрөт да. Ошондой эле жергиликтүү өкмөт мамлекеттин пайдубалы болот. Анткени, ал элге эң жакын да. Бийликтин булагы эл эмеспи. Кайсы бир жаран өз үйүнүн босогосун аттап чыкканда эле жакшы салынган жол, жолдогу жарыктар, сапаттуу коомдук транспорт, балдарын мектепке жиберсе, үйгө чукул мектеп, ооруп калса үйүнө жакын ооруканага барат.

Мына ушунун баарын бүткүл дүйнөдө жергиликтүү бийлик көзөмолдөп, ишке ашырат. Маселен, бир адам эртең менен чай ичет дейли, ал үчүн таза суу болушу керек. Таза суу, жол, бала бакча, мектеп, жолдо жол чырактар, караңгыда жыгылып кетпей, буту-колу сынбай басыш үчүн, ушунун баарын жергиликтүү өкмөт жасашы керек. Мамлекеттин күч-кубатын аныктоонун бир индикатору бар. Жергиликтүү бийликтин жалпы бюджеттеги үлүшү 30%тен аз болсо, анда эч кандай таасирдүү бийлик болбой. 

    Жөнөкөй мисал менен айтсак, жолдор салынбайт, таза суу чыкпайт, бала бакча, мектептер курулбайт. Өзгөчө кырдаал болгондо дагы эң биринчилерден болуп жергиликтүү бийлик реакция жасайт. Алгач маалымат таркатышы керек. Бирок, маалыматты таркатып, элге түшүндүрүү иштерин жасоого каражат керек, адамдык ресурс талап кылынат. Ошон үчүн жергиликтүү бийликтин жалпы мамлекеттик бюджеттеги пайызы отуздан кем болсо, андай мамлекет өнүкпөйт. 

   А бизде болсо жергиликтүү бийликтин үлүшү болгону 12%. Калган 88%и борборлоштурулган да. Жалпы каражаттын 88%ин алып, аймактарда эч нерсе жок, ал эми борбордо болсо килейген мамлекеттик аппарат, коррупция гүлдөп кеткен. Ушундай өзгөчө апааттар келгенде алар бүт баарын өзүнө топтоп алып, элге жетишпей калат. Кимиси болсо да, мага демектен Космосу болобу, фантастикалык бир министр келсе деле баарын бир колуна топтоп алган киши өзгөчө кырдаалда эч нерсеге жетишпейт. Анын алсыздыгы өзгөчө кырдаал шартында оркоюп көрүнүп калат. Мурдатан эле көрүнүп жаткан, бирок биз баарына көнүп калганбыз да. 

   Миңдеген айылдарда таза суу жок, бала бакчалар жок, кыргызстандык балдардын 25%и эле бала бакчага барат. Мектептер бири-биринен өтө алыс, имараттары аябай начар. Көп айылдарда Советтер Союзу маалында салынган саман мектептер, айрымдар ошондуктан контейнерде окуп жатышат. Ушундай шартта коронавирусту тосуп алдык да. Анан тигини же муну сөөмөй менен көрсөтүп, камагыла, сот жообуна тарткыла дегенден майнап чыкпайт. 

   Баары бир ушундай шартта башкача, натыйжалуу бир реакция болмок эмес. Дагы жакшы эл аракет кылып, бири-бирине жардам берип, жамаатташа калышты.  Элди да өкмөт бут тосуп, көп нерсеге уруксат бербей жатпадыбы. Маселен Бишкектин мэрин колго чаап, эч нерсе кылдырбай койбодубу. Оору күчөй электе эле күндүзгү стационарларды ачмак да. Уруксат бербей жатып, акыры айласы кеткенде макул болушуп, бир түндө күндүзгү стационарды ачышпадыбы.  Ушундай шартта жергиликтүү өкмөттүн реакциясы өтө тез болот, бирок аларга укук жана каражат берилбейт. Дагы жакшы Бишкекте аз-саз каражат болгондуктан, кичине даярдана калышты. Анан Бишкектеги “тез жардам” кызматы мурдарак коргонуучу каражаттарды алып, запастап койгондуктан, кичине болсо да даярдык менен киришти. Ошондуктан, коронавирус келе жатат дегенде жалгыз Саламаттыкты сактоо министри эмнесине жетишет? Вирусологдор жок, тесттерди сатып алабы, ар бир аймактагы ооруканаларга чейин коргонуучу каражаттарды сатып береби? Мындай шартта министр өз ишин жасап, жергиликтүү бийликтин өзүнүн эпидемиологиялык фонддору болушу керек эле. Маселен “борборлоштурулган сатып алуулар” деген системаны эле караңызчы. Бул эмне деген садизм? Тез арада коргонуучу каражаттар керек болуп турганда булар ошого такалып отуруп алышты. 

   Борборлоштурулган сатып алуулар үчүн алгач муктаждык эсептелет, анан керек болгон нерсенин техникалык жагы каралат, андан кийин коргонуучу костьюмдарды техникалык жактан сертификациялоо болушу керек. Андан соң тендер өткөрүп, СИЗ костьюмдарды алып келчүлөрдү табыш керек эле. Ошол маалда сырттан СИЗ костьюм алып келгендер да жок болду. Биринчиден, ал маалда чегаралардын баары жабык эле, ар бир өлкө өзүн гана камсыздап калган. Мындай кырдаалда эч ким абалды куткара алмак эмес. Бизде мамлекеттик башкаруу өтө эле борборлошуп кеткен. 

  Мисалы бюджеттеги пайыздык ченем 12% болуп жатпайбы, айрым Түндүк Европадагы өлкөлөрдү алсак, алардын ички инфраструктурасы да мыкты, коронавирус менен да жакшы күрөштү. Эмнеге? Себеби, аларда жергиликтүү бийликтин үлүшү 70%. Алардын бийлиги пирамида формасында, элге жакын тарабынын каражаты ири өлчөмдө. А бизде бийликтин пирамидасы аңтарылып калган. Ошондуктан, биздин өлкө стабилдүү эмес. Элестетсеңиз, бир үйдү, анын ичинде жашагандардын баары чатырга чыгып алды дейли, эмне болот? Бизде ошондой эле болуп жатпайбы, министрликтер, өкмөт бюджеттин 88%ин чатырга чыгып алып башкарып жатпайбы.

    Азыркыдай кырдаал дал ошол 2010-жылы Ош коогаларында да кайталанган. Ошондо маселен, жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары болсо дароо эле аракетке өтүп, трагедиянын алдын алмак да. Же колунда акчасы, укугу болбосо анан кантишет? Борбордогу бийликтен буйрук баргыча күтүп олтурушуп, канча өмүрлөр кыйылды. Борбордон да эч ким барбай койбодубу. Анан элестетсеңиз, биз ар дайым эле ушинтип жашап келе жатабыз. Биз ар дайым ушинтип чалды-куйду өлкөдө жашап жатабыз. Мейли эми, Европадагыдай 70%ке жеткире албасак да, жергиликтүү бийликтин бюджетин 30, андан соң 50%ке көтөрсөк болот эле да. Жок дегенде ушул коронавирус апаатынан, 5-6-октябрда болгон окуялардан сабак алып, анан бийликтин структурасын өзгөртсөк болот эле. Маселен Садыр Жапаров азыр бийликти алды дейли, ошол чатырды эле кайра алды. Ошол эле маалда 30 жылдан бери үйүндө суусу, бала бакчасы, мектеби, жолу жок жашап жаткандар бар. Эл анан эмне кылсын? 

      Саламаттыкты сактоо кызматынын эң эле негизги милдети – оорулардын алдын алуу да. Муну коомдук саламаттык деп атап коюшат. Башкача айтканда министрликтин эки башкы милдети бар, биринчиси оорулардын алдын алуу, экинчиси индивидуалдык кызмат көрсөтүү. Азыр бизде медицинада индивидуалдык, жеке кызмат көрсөтүлүп келет, бул туура. Камсыздандыруу системасы болуп, улуттук камсыздандыруу иштеп, ооруканалар жабдылып, дарыланууга муктаж адамга керектүү шарт түзүү. Ал эми коомдук саламаттыкты жөнөкөй сөз менен айтсак, маселен эл жугуштуу ооруларга кабылбасын, санитардык, гигиеналык эрежелерди так сактасын деп таза суу менен камсыз кылуу керек. Коомдук саламаттык – түз, коопсуз жолдор, коомчулук коопсуз жолдор аркылуу ар кандай травмалардан, жол кырсыктарынан узак болот, өлүм житимдер азаят. Бизде азыр жол кырсыгынан өлүмдүн көрсөткүчү өтө жогору болууда. Жол кырсыгынан адамдардын өлүмү боюнча көп жылдан бери дүйнөдө биринчи орунда келе жатабыз.  Коомдук саламаттыкка көчөлөрдүн жарыктануусу да кирет, караңгыда адамдар басып бара жатып жыгылбай, бир жерге түшүп кетпей басышы үчүн. Арыктарга кулап буту-колун сындырбай жашоосуна шарт түзүү зарыл. Туура тамактануу да коомдук саламаттыктын бир компоненти, бизде семиздик анан жетишсиз тамактануу проблемасы жайылган. Айрыкча акыркы мезгилде бою, салмагы кичинекей балдар көп төрөлүп,  алар жакшы чоңойбой кодоюп калышууда. 

  Ошого жараша алардын мээси да кичинекей, иштөө жөндөмү начар. Биздин өлкөдө акыркы жылдары акыл-эси жагынан кем болгон балдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Эмнеге? Себеби азыктануу туура эмес. Жөнөкөй эле мисал, бизде келиндер чай куюп, үй-бүлөө мүчөлөрүнө тамак жасап бергени менен озүлөрү ачка калышат, жетиштүү азыктанышпайт. Абдан көп чай ичебиз, чай организмдеги минералдарды жууп кетет. Биздеги төрөт жашындагы аялдардын 80%и аз кандуулук менен жабыркайт. Алардын балдары да алсыз болуп төрөлөт. Мына ушул коомдук саламаттыкты сактоого тиешелүү бардык функцияны жергиликтүү бийлик аткарышы керек, көзөмолдөөгө алууга тийиш. Жашоонун сапаты кандай болсо, элдин саламаттыгы да ошондой болот. Мына ушул жөнөкөй система бизде жок. 

   Биздин эл күнүгө сууну ташып ичет, дааратканалар кир, көчөдө, суукта, балдар менен аялдар дааратканага барганда эле суук тийип ооруп калып жатышпайбы. Анан өтө майлуу тамактанабыз, бирөөлөр аябай семирип кеткен, башкаларына тамак жетпей жаткан. Ушундай кебетебиз менен пандемия сыяктуу шашылыш, чукул кырдаал түзүлүп калганда биз кандай реакция кылышыбыз керек эле? Биздин мамлекеттин өзү туура эмес түзүлсө, кимди жазалап, өлтүрсө да баары бир. Азыр Космосбек Чолпонбаевди жазалап жатышат, ансыз деле ал арыктап, ооруп болбой калды. Аны жазалоо менен эптеп элдин козүн бурмалап, бойогусу келип жатышат. Системанын өзү туура эмес экенин толук тушүнмөйүнчө ушул бойдон эле кала беребиз. Биз анын кесепетин дайыма эле тартып келе жатпайбызбы. Мисалы бир жер титирөө болсо деле эч ким борбордон бирөө келмейинче өз алдынча аракет кылбайт. Борбор чогулуп, чечим чыгаргыча эл кыйнала берет. 

— Азыркы тапта (2021-жылдын январь айы) Европада коронавирус мутацияланып, жаңы түрү чыгып, улам бир өлкө карантинге жабылууда. Ошол эле маалда жапырт вакцинация да башталды. Балким бизде да кайра дагы бир толкун болсо, абал кандай болот? Экинчиден, вакцинаны бекер берели десе да мамлекеттин муздаткычы жок ала албай жатпайбы, эмнеге ушундай жөнөкөй эле маселелер чечилбейт? 

 Бардык көйгөй бийликтин ашыкча борборлошуусунан эле келип чыгып жатат, муну мен дагы бир жолу кайталаймын. Экономика өнүкпөй, салык түшпөй, мындай башаламан системанын катачылыгынын баасы эл үчүн өтө кымбатка турууда. Мисалы, кимдир бирөө коргонуучу костьюмдарды (СИЗ) убагында сатып ала албай калды дейли, анан калган элдин баары анын азабын тартат. Кимдир бирөө муздаткыч ала албады, эл вакцинасыз калды.

   Азыркы тапта өлкөдөгү эң кубаттуу кыймыл ыктыярчылар, экинчи чоң кыймыл элдик кошуун (дружинниктер) болду. Бул да өзүн өзү башкаруунун бир формасы. Азыр биз элдин өзүн өзү башкаруусун жакшыртуу үчүн эки гана нерсени аткарышыбыз керек. Биринчиден, айыл өкмөтү, калаа башчыларын түз, элдин шайлоосу менен дайындаш керек, буга Баш мыйзам да жол берет. Экинчиси бюджетти 50% кылып бөлүп берүү зарыл. Бул кадамдарды дароо аткаруу зарыл. Эгерде аткарбасак, Бишкекти азыркыдай эле ыш каптап, вирус күчөсө эл көп санда өлө берет. Борборлошкон бийлик болгону донорлор менен иштегенге эле жарайт. 

   Мисалы, ошол эле вакцина сактоочу муздаткычты алалы, эми министрлик өзү жанталашып аны издеп, донорлордон сурап, таап, аны аймактарга тараткыча бир кыйла убакыт кетет. Эгер ыйгарым укуктарды жергиликтүү бийликке берип койсо, ар бир айлы өкмөтү өзү эле спонсор таап сатып алмак.

  Бирок, азыр айыл өкмөтү акча таап, же элден чогултуп бир муздаткыч сатып алса, аны эртең эле камап коюшат, Эсеп палатасы барып айласын алты кетирет. Азыр суракка чакырып, камап жаткан чиновниктердин деле эч кандай ыйгарым укуктары болгон эмес, берилген эмес да. 

— Мындай борборлоштурулган бийликтин модели саламаттыкты сактоо системасында өтө күчтүү болуп жатпайбы. Ушул себептен да коронавирус күчөп турган учурда эл кыйналды го? 

Саламаттыкты сактоо министрлиги бийликтин жалпы системасы борборлоштурулган моделди токтотмоюнча оңолбойт. Коронавирус күчөп турган маалда министрликте ар бир кызматкер эси ооп калгыча иштеди. Алар ошентсе да эч нерсеге жетише албады. Анан эле баары келгиле министрликти жазалайлы деп жатышат. Аларды жазалагандан эмне табышат? Колдо болгон шартта колунан эмне келсе, кандай болсо ошондой иштешти да. Жеринен элге жардам берейин дегендер маселен, өз алдынча эч кимге жардам бере албайт, себеби аларда ыйгарым укук жок да. Кырдаалга жараша алынган бардык чукул чараны эл өзү гана ишке ашырды. Мына ушул өзүн-өзү башкаруу модели деп аталат. Ар бир өлкө пандемияны өзүнүн мамлекеттик түзүмүнүн, колунда бар ресурстардын контекстинде тосуп алды. 

Биздин мамлекет кетирген каталардын биринчиси ушул – борборлоштурулган бийлик болду. Ал эми экинчи чоң ката – бийлик менчик секторду пандемия менен күрөшүүгө тарткан жок. Мына ушуну убагында кылыш керек, азыр да сөзсүз аткаруу зарыл. Жеке секторду тартууну өтө тез эле ишке ашырса болот. Конституциянын 47-беренеси бар, ачып окуп көргүлө. Анда жазылган: “Өкмөт муниципиалдык, мамлекеттик мекемелер менен жеке менчик саламаттыкты саткоочу мекемелерге бирдей шарттарды түзөт” деп. Анан эмне болду? Бийлик аягына чейин менчик секторду ишке аралаштырбай койбодубу. Эптеп септеп Бонецкий лабораториясын араң кошту. Бонецкий менен сүйлөшүүлөр мурунку министр Космосбек Чолпонбаевдин учурунда башталып, кийинки министрдин учурунда араң ишке ашты. Бейтаптар көбөйгөндө менчик ооруканалар өзүлөрү дарылап башташты. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) алардын чыгымын жапкан жок. Ошондуктан, менчик ооруканаларда колунда барлар гана дарылана алышты. Анан калса менчик ооруканаларга дарылоого көпкө чейин уруксат бербей жатышпадыбы. Июлга чейин эле аларды кыйнашпадыбы. Мамлекеттик ооруканаларда орун жок, эл кыйналып жатат, өзүлөрү дарылай албаса да, менчиктерге уруксат берип койбойбу? Ушунун баары туура эмес да. Маселен Жеңишбей Назаралиев ачты, анын реанимациясы абдан жакшы экен. Эмнеге ФОМС аны менен келишим түзгөн жок? Ооругандардын баарын эле Гансиге жиберип жатышты. Гансиде реанимация жок, эмнеге Гансиге жиберишип, кайра ал жактан толтура сөөк жүктөп чыгып жатышты? Менчик секторду тартпагандык – бийликтин эң чоң катасы. Муну оңой эле кылса болмок. Баш мыйзамда тең укуктуулук берилген, ошону бузуп жатышпайбы.  Ош шаарында абал оңойураак болду окшойт. Ал жакта менчик ооруканалардагы керебет саны көп экен. Себеби, ал жакта калктын саны көп, менчик сектор мамлекеттин эч кандай колдоосу жок эле өнүгүп жатат. Бул бирок туура эмес, мамлекет аларга шарт түзүп бериши керек. Мамлекеттик системадагы ооруканаларды көрдүк го, мисалы Улуттук госпиталды алалы, ал жактын башкы дарыгеринин уяты жок экен. Ал бир кишини жаткырыш үчүн миң доллардан алды деген создөр айтылып жүрөт. 

Дагы жакшы, Бикшектеги жугуштуу оорулардын клиникасында тажрыйбалуу дарыгерлер иштеп, бир топ адамдын өмүрүн сактап калышты. Алар колунан келишинче бейтаптарды жакшы дарылашты. Шаардагы №1 оорукананын башкы дарыгерин эчак эле камаш керек болчу да. Алар бейтаптардан акча алышып, дарылаган жок да. Дарыгерлери сыртка чыкпай, медайымдарды жумшап коюшуп, өздөрү вирустан коркуп отурушту. Башкы дарыгерлер ал тургай кызыл зонага да киришпептир го. Жайында мамлекеттик ооруканалар өз дараметин көрсөтүп коюшту го. Мамлекеттик ооруканалардын ички инфратүзүмү толук эскирип, талкаланып бүткөн. Менчик секторсуз биз заманбап ооруканалуу боло албайбыз. Бизде менчик ооруканалар бар деп эле кыйкыра беришет, бирок алар өто алсыз болууда, башкача айтканда мамлекеттин эч кандай колдоосун көрбөй келишет. Менчик сектордогу ооруканалар килейген, көп профилдүү болот. А биздеги менчик ооруканалар кенедей эле беш алты кабинеттен туруп, эптеп аз акчага күн көргөн бечера болуп жатпайбы. Алар көп профилдүү боло алышпайт. Себеби, аларда жери жок, алардын чыгымы акталбайт, мамлекеттен колдоо жок. Ал эми өнүккөн өлколөрдө андай эмес да. Мисалы Түркияны эле алсак, мамлекет өтө чоң жер бөлүп, жеңилдик берип, камсыздандыруунун бир бөлүгүн төгүп, мыкты адистерди чакырышат. Биздеги Талантбек Батыралиев сыяктуу эл аралык профессорлорду чакырып иштетишет. А бизде кайдан? Ошондуктан, биздеги проблемалар системалуу, түбүнөн келип жатат. Аны чечүү да өтө оор болууда.