Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Динара Чокоеванын окуясы

Динары Чокоевой

(Динара Чокоева, “Леди КЖ” гезитинин журналисти. Сүрөт Динара Чокоеванын Фейсбук баракчасынан алынды)

  • Динара Чокоеванын окуясы
  • (Июндун аягында ооруп калды)

“Мен коронавирус менен ооруганда башым абдан катуу ооруду. Себеби мурдатан эле баш оорум бар болчу. Төрөлүп жаткан убакты травма алган экенмин. Ошол баш оорум кармады. Биринчи кезекте эле абдан катуу башым сынып ооруду. 14 күн дегенде араң айыктым. Беш күн тамчылатма дары, алты күн дары таблетка ичип жаттым, 14 күн дегенде араң айыктым. Айыккандан кийин 15 күн өзүмдү жакшы карап, андан соң башкаларга жукпайт дегенде гана айылга барган элем. Айылда эртели кеч суук болуп жаткан экен, барарым менен эле чыйрыгып калдым окшойт. Колу-бутума суук тийгеним бар болчу мурдатан. 

Анан ошол эски ооруларым дароо эле кармады кайра. Абдан кыйналып, чыйрыгып 3 күн кайра тамчылатма дары сайдырдым. Андан соң денеме дароо эле бөрү жатыш деп коёт го, кызыл аллергия тактар чыгып кетти. Улам биринин артынан бири мени каптай берди да. Ага да кайра дары ичип айыктым. Баары бир алың кетип, муруңкудай энергиялуу болбой калат экенсиң. Бир күн баш ооруйт, эртеси өзүңө келгениң менен, кайра эртеси ооруйсуң. Ошентип жүрүп эки жылдан бери кармабаган аллергиям аябай курч кармады. Эки күн эле болду аллергиям жоголгонуна эми 6-7 жыл мурда бутум сынган эле. Эки күндөн бери ошол сынган бутум ооруп жатат. Кыскасы мурда кандай оорум бар болсо баары бир сыйрадан кармап жатат да. 28-августта ооруганыма эки ай болот. Эки айдын ичинде оорулар козголот, өзүңдү караш керек деп коёт экен го бул вируста. Эки айдан кийин оорубай токтоп каламбы деген үмүт менен жүрөм.  Көзүмдүн көрүүсү да начарлап -2 болуп кеткен, коронавирус менен ооруганда ал дагы начарлады. Кыскасы мурда эмне оору болсо ошонун баары бүт козголуп, кыйын эле экен. Адамды зомби кылып коёбу деп да ойлоп калдым. Себеби бир ойду ойлоп бир нерсе кылайын деп жатсаң да ошону кыла албай калат экенсиң.” (24-август, 2020-жыл)