
Сүрөт Калчекеевдин жеке архивинен алынды
- Элден Калчекеев
- Пандемия маалындагы кыргыз бийлигинин иш аракеттерин изилдөө боюнча тармактык комиссиянын мүчөсү
— Коронавируска байланыштуу сырттан келген жардамды бөлүштүүрүнү иликтөөдө бир топ мыйзам бузуулар аныкталып, суракка чакырылгандар, камалгандар болууда. Сиздин оюңузча бийликтегилердин бул багытта кандай күнөөсү бар?
— Биздин мекемелер аралык комиссия ишти иликтеп олтуруп, мамлекеттик органдар тарабынан көп эле ката болгонун аныктадык. Биз чыгарган иликтөөнүн жыйынтыгын өкмөткө бердик. Мындан ары алар өкмөт мүчөлөрүн суракка чакырабы, же камайбы, ал биздин ишибиз эмес. Биздин негизги максатыбыз саламаттык сактоо тармагында кетирилген катачылыктарды көрөтүү эле.
— Эмне катачылыктарды таба алдыңыздар?
— Абдан эле көп каталарды байкай алдык. Өлүмдөрдүн саны расмий көрсөтүлгөн эсептен алда канча көп болууда, гуманитардык жардамдарды таратууда да бир топ кемчиликтер болгон. Коронавирустун күчөп кетүүсүнө эпидемиологиялык жактан даярдык көрүү да болгон эмес. Таасирдүү менежерлик чечимдер кабыл алынган эмес. Маселен, инфекциянын күчөп кетүүсүн шарттаган жогорку жактагылардын айрым чечимдери туура эмес болгон. Чет элден келген жүргүнчүлөрдү категорияларга бөлүү, кайсы бир өлкөлөр менен чек араны жаап, башка өлкөлөрдөн учуп келген учактарга уруксат берүү сыяктуу чечимдер ошол кездеги өкмөттүн башкаруу системасы таасирдүү иштебегенин көрсөттү. Биз коронавирустан каза болгон адамдардын саны Саламаттыкты сактоо министрлиги берген статистикадан алда канча айырмаланганын да изилдедик. Министрлик бир нече миң кишиге санды азайтып берип жатпайбы. Акыркы беш жылдагы өлүм санынын көрсөткүчү менен салыштырдык. Эгерде 4 жылдын ичинде өлүмдүн динамикасы 24 миңдей адамдын тегерегинде болуп келсе, 2020-жылы бул көрсөткүч бир нече миңге көтөрүлүп олтурат. Ушундан улам өлүмдүн көрсөткүчүн министрлик баары бир жашырып жатканын көрсө болот.
— Сырттан келген гуманитардык жардам боюнча да иликтөө жүргүздүк деп жатпайсыздарбы, кандайдыр бир мыйзам бузуу фактыларын аныктай алдыңарбы?
— Биздин мекемелер аралык комиссия бир нече топко бөлүнгөн. Мен иштеген топтун максаты – абалга эпидемиологиялык баа берүү эле. Өлкө коронавирус пандемиясына кандай даярданды, кандай иш-чараларды аткарды, аткарылган иш-чаралар коронавирустун жүрүшүнө кандай таасир эте алды деген суроолордун үстүндө көбүрөк иштедик. Биз ушул жагдайларды иликтегенден кийин өкмөттүн кайсы бир чыгарган чечимдери инфекциянын жайылуусуна кандай таасир эткенин аныктай алдык. Гуманитардык жардамдар боюнча биздин комиссияда башка топ иштеп, иликтеп, дары-дармек, коргонуучу каражат (СИЗ костьюмдар) сыяктуу нерселердин бөлүштүрүлүшүн карашты. Ушул жерден бир эле кызыктуу далилди айта кетейин, 1 миллион сомдук товарлар коронавирус күчөп турган жай айларында конфискацияланган. Андагы бет каптар, коргонуучу каражттар сырттан келген. 1 миллион сомдук коргонуучу каражат, бет каптын жарымы эле ооруканаларга таратылып, калган 500 миңдей бет кап 6 сомдон менчик тараптарга сатууга берилгени аныкталды. Ошол учурда бир бет каптын баасы бизде 25-35 сом болуп жатканы баарынын эле эсинде да. Эң эле жакшысы, ошол сырттан келген гуманитардык жардамды муктаж берген ооруканаларга берсе туура болмок да. Ушул сыяктуу фактылар жашырылган. Мындан тышкары берилген гуманитардык жардам баарына тегиз жеткен эмес. Бул жаатта да дал келбеген фактылар чыгып жатат.
— Сырттан берилген экономикалык, финансылык жардам боюнча кандайдыр бир тыянак чыгардыңарбы?
— Тилекке каршы сырттан берилген финансылык жардам боюнча биз маалымат ала албадык. Себеби, ачык булактарда да эч нерсе жок. Бирок, баарыбыз эле эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдөн болжол менен 700 миллион АКШ доллары суммасында каражат келгенин уктук да. Бирок, бул сумманын эсебин таап, ыраатка келтирүү кыйын болот окшойт. Биздин максатыбыз – гуманитардык жардамды иликтөө эле. Ал эми финансы тармагына алыбыз жетпейт окшойт, биздин деңгээл эмес го.
— Азыркы тапта айрым медиктер силердин жасаган иликтөөгө каршы чыгышууда. Алар өз дооматтарын айтып, фактыларын билдирип жатат. Буга кандай карайсыз?
— Бул эми менимче, өтө кайгылуу көрүнүш. Биздин комиссиянын чыгарган жыйынтыгына каршы чыгып жаткандар дарыгерлер эмес деп эле ойлоп жатам. Бизге каршы чыгып жаткандар жетекчилер болуш керек. Алар жоопкерчиликке тартылгандан коркуп жатышат да. Катардагы догдур колунан келгенин кылды, жалпыга маалым болгон дарылоо схемасы менен бейтапты карады. Ошентсе да жетекчилер бир нерседен коркуп, тайсалдап жаткыдай. Эки миңден ашуун дарыгер биздин комиссия чыгарган чечимге каршы кол койду деп жатышат. Мага келип түшкөн маалыматтар боюнча, 300дөй эле дарыгер жетекчиликтин кысымы менен биздин комиссиянын бүтүмүнө каршыбыз деп кол койгон окшойт. Ушундан эле жыйынтык чыгарса болот да. Дарыгерлер өзүлөрү эч нерседен коркушпаганы менен кызматынан ажырап калабызбы деген чочулоо баары бир бар да.
— Силердин мекемелер аралык комиссиянын негизги максаты эмне?
— Биздин башкы максатыбыз – коронавирус инфекциясы күчөп турган маалда жана ага чейин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, дегеле системасы эмнене туура кылды жана кайсы жерден ката кетирди деген суроого жооп табуу. Каталардын кайрадан кайталанбоосу үчүн ушуга баруудабыз. Жазында (2021-жылы) кайрадан вирус күчөшү мүмкүн. Кыргызстанды бир топ сыноолор күтүп турат. Кара жолтой июлдун кайрадан кайталануусун каалайбыз. Кимдир бирөөнү айыптап, соттоп, же эл алдында каралагыбыз келбейт.
— Силердин түз эфир маалында комиссияга мүчө айрым өкүлдөр дарылоо протоколдору тууралуу сөз кылышты. Июнь, июль айында коронавирусту дарылоонун 3-протоколун илимий консультативдик кеңештен бирөө катып алган деген сыяктуу сөздөр айтылды го. Буга далилдер барбы?
— Ооба, ошондой да фактыны таба алдык. Ал маалда баары эле ызы-чуу болуп, баш-аягын таппай калбады беле. Баарын тез-тез жасап, болгон абалга тез реакция кылыш керек болчу да. Ооба, түшүнөм, оору жаңы болчу, аны кантип дарылоону эч ким билген эмес. Бирок, биздин өлкөдө дүйнөнүн башка жагында болуп жаткан оор абал тууралуу маалымат алууга жетиштүү убакыт бар болчу. Башка өлкөлөр бул ооруну кантип дарылап жатканын ачык эле айтып беришмек да. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинде болгонун мен так билем. Ошол маалда дарылоого керектүү болгон үчүнчү протокол болгону менен аны кечигип дарыгерлерге беришкен. Мунун аркасында да кимдир бирөөлөр көздөгөн максаты болгонун билебиз. Дарыгерлерге абдан зарыл болуп турганда жетекчилик жөн гана аларды куралсыз согушка салып койгон.
— Элден, эсиңизде болсо керек, июнь, июлда сиз жана сиз сыяктуу ыктыярчылардын тобу элге чыгып, өз алдынча жардам берип жатышты. Жарандык активдүүлүктү кандай баалайсыз?
— Албетте, жарандык активдүүлүктү өтө жогору баалайм, ошондой эле оор кырдаалда бир муштумдай болуп түйүлгөн ынтымактуу элибиз менен сыймыктанамын. Атуулдук коомдун демилгеси, өз алдынча ыкчам штаб түзүп, дарыгерлердин ооруканаларда иштөөсү, элдин көбү жардам берүүгө даяр турганы адамды толкундантып, сыймыктантпай койбойт экен да.
— Эгерде июлдагыдай абал кайра курчуп кетсе, коомчулук кайрадан бири-бирине жардам берип чыгабы? Же мамлекет анын алдын алуу үчүн кандайдыр бир иш чараларды кылышы керекпи?
— Менин оюмча, кудай сактасын, бирок эгерде июлдагыдай абал кайра жаралса коомчулук жигердүү көтөрүлбөй кайсы бир убакытка чейин четте карап турат го деген ойдомун. Себеби, өкмөт тарабынан коомчулук жакшы кабыл алынбай, көп сынга кабылды, ыраазычылык деле уккан жок. Ушундан улам мурдагыдай активисттик маанай билинбейт болуш керек. Анткен менен саламаттык сактоо системасынын шайы ооп, жайындагыдай дагы өз алдынча абалды башкара албай калса, анда сөзсүз түрдө жарандык коом ишке киришет да.
— Азыркы тапта коомчулук менен саламаттыкты сактоо системасынын ортосунда байланыш жоктой. Кантип экөөнү байланыштырса болот?
— Негизгиси коомго баары ачык болушу керек. Эгерде коомчулук баары кандай болуп жатканын, келген жардам конкреттүү түрдө кайда кетип жатканын, эмне иштер аткарылып жатканын көрсө, эл карап турбайт, кайра эле жардамга келет да. А бизде болсо система аябай жабык, келген каражат кайда, кантип жумшалып жатканын эч ким билбейт, эмне салып жатышат, кайсы оорукананы салып жатышат, кайсы акчага деген нерсени эл билбейт да. Маалымат канчалык жабык болгон сайын ортодогу ажырым күчөй берет. Коомчулук баарын көрүп тургудай кылыш керек. Бизде саламаттык системасына жардам берейин деген меценаттар аябай көп болгон. Бирок, ошол берчү жардамды кайда, кимге, кантип берерин билбегендер көп. Баары ачык болсо анда коом да, система да өнүкмөк болчу.