
(Сүрөттө Элери Битикчи, Караколдогу стационарда жатат, сүрөт Э.Битикчинин жеке архиминен. Элери Битикчи – жарандык активис, ыктыярчы)
- Элери Битикчи (Назикбек Кыдырмышев)
- Каракол стационарын уюштурган ыктыярчы
Элери Битикчи: Мен башкалардай карантин маалында үйдө олтургам, анан бардык жак жабылып, негизи эмне кыларымды билбей, бир ай бош отуруп калдым. Өзүмдүн кесибим боюнча жана дагы башка иште онлайн эле үйдөн чыкпай иштеп жатканмын. Негизи кесибим мугалим. Жайга чукул ишим аябай көп болуп кетти.
(Сүрөттө Элери Битикчи, Караколдогу стационарда жатат, сүрөт Э.Битикчинин жеке архиминен. Элери Битикчи – жарандык активис, ыктыярчы)
Жайында колум бошоп Караколго эс алганы баргам. Негизи мен караколдукмун. Мен өзүм жазында карантин маалда ыктыярчылардын биринчи толкунуна кошулган жокмун. Биякта классташыма жолуктум Асира деген. Ал ыктыярчы болуп иштеп жүрүптүр тигиндей-мындай жумушту. Анан биринчи стационарга бардык, ал биринчи толкунда ачылган. Ошол жакка келсем такыр эле укмуш кезек күтүү, киши көп болуп, кол жетпей калып, он эки сааттан иштеп, баары араң зомбидей басып калыптыр. Мен ошол жакка кирип тиги ыктыярчылар менен жолукканда өзүмдү вирус менен байланыш курду деп эсептеп калдым да. Анан алар тиякка-биякка учуп элди тейлешип, жүргөндө тиги кызыл зонага кирип-чыгып жүргөн эле. Алар менен сүйлөшкөндөн кийин контактный болуп калдым да. Андан көрө үйдө жатканча эки жума ошол жакка кирип жардам берейин деп кирип алдым. Өзүм дагы күткөн жокмун.
— Кокустан эле кирип калдыңызбы?
— Ооба, кокустан эле кирип кеттим. Анан киргенде ыктыярчы-санитар болуп кирдим. Бекер эле кирдим да, акысын сүйлөшкөн жокмун. Кээ бирөө кирип алып: “Мен айлык албайт турбаймынбы” деп кетип калып жатышты. Анан мен карасам анча-мынча эрежеге түз болбогондорду оңдоп ошол ичинде эле ишти жөнгө сала баштадык. Мисалы, ошол жакта кызыл зонада эле чечинип атты. Анан мен дарыгерлер менен санитарларга өзүнчө палата сурап, бир жумадай чуркап жүрдүм. Эч ким эч кандай реакция болбой анан Бишкек аркылуу бул маселени чечтим да. Депутат Наталья Никитенко жана вице премьер-министр Аида Исмаиловага чейин биздин проблема жеткен да ошондо бир аз бияктан коркуп калды да. Анан ошондон кийин, жергиликтүү бийликке талаптарды коё билип калдым. Алар коркуп, айткандарымды аткарууга өтүштү. Анан Фейсбукка пост жазганда “Оор артиллериянын жардамы керек” – деп жазып койдум да. Анткени эч кандай жылыш жок болчу. Медиктердин абалы өтө оор эле.
(Сүрөттө Караколдогу медиктер, автору Элери Битикчи)
Себеби ошол маалда дарыгерлерди обсервацияга жибербей, кызыл зонадан чыгарып туруп эле үйүнө жиберип турушкан. Ушул санитардык гигиеналык кырдаалды бир аз оңдодум. Пост жазып жатып, ооруканадан обсервация ачтырдык. Эң кызыгы дарыгерлер проблемасы күчөп турса деле сүйлөбөйт экен. Баарынан коркушат, бийликтен дагы. А мындай жалгыз калганда коркпой эле айта беришет. Аларда дух деле калбай калыптыр. Мен мындай коркок адамдарды армияда көргөм. Аларды “дух” деп коюшат. Ошондой “дух” болуп калышыптыр. Алар эч нерсе кыла алышпайт экен. Бийлик медиктерге кулдай эле мамиле жасап, кулча иштетет тура.
Мен анан талаптарды коё баштадым. Дарыгерлерге коргонуучу каражаттар такыр берилбептир (СИЗ костюмдар). СИЗ беришет экен дагы анын ичинен кие турган халаттары жок. Болсо да алардын жеңи кыска, инфекция кирбеш үчүн жеңи узун болуш керек да. Ошол СИЗ костюмдардын баарын жеңин узун кылып тиктирдим. Караколдогу ооруканаларга таркаттым. Эми баарына жеткире албадым. Анан атайын эсеп ачып, акча чогултуп, СИЗ костюмдарды тиктирип баштадык.
Ошол менен ыктыярчылык бүттү. Эки сменде иштедим: биринчи толкунда иштедим дневной стационарда анан Ата Кенч деген стационарда да. Анан ошол августтун башында толкун азайып Ата Кенчти жабышты, ошондо биз эки жума иштемекпиз бирок азыраак иштедик.
— Негизи эле сиз мурда ушул медицинадагы проблемаларды билчү белеңиз? Сиз айтып жатпайсызбы доктурлар жана медиктер кулдай эле болуп түшүптүр өзүнүн оюн айта албай. Мурда ошол башка коомдо башка багытта активист болуп жүргөнсүз да. Медицина менен түздөн-түз жана бетме бет келип, ички проблеманы билсеңиз керек. Кандай проблемаларды көрө алдыңыз оңой эле оңдоп койсо болот бекен же кандайдыр бир системалык чоң проблемаларды көрө алдыңызбы?
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери абдан маанилүү экен. Мисалы бул жактагы оорукана, обсервацияга эч кимди чыгарган жок азыр дагы эле чече албай жатам да деп областтык оорукананын башкы дарыгери тырышып отуруп алды. Андан кийин эле Бишкектеги мэриядан Балбак Түлөбаев өкмөттүн өкүлү болуп келбедиби, мен ал киши менен Бишкектен тааныш элем, ар кайсы реакция митингдерге барып жүрүп, таанышып калганбыз. Обсервация маселесин ошол киши келгенде гана чечтик.
Биякта башкы дарыгердин позициясы катуу экен, ал ар кайсы шылтоо менен доктурларды таптакыр караган жок. Ак-Сууда балдардын реабилитациялык санаторийи бар болчу. Ошоло жакта жүз керебет бар экен. Санаторийге бүт облустун дарыгерлерин обсервацияга жаткырса болмок да. Бирок аны чече албай коюшту. Мисалы биздин бригадабызда врач абдан катуу экен. Област боюча эндокринолог талапты бергенди билчү. Башка бригадалар үн чыкпай отурушкан жана бир нерсе дагы жасаган жок. Келген гуманитардык жардамдын эсеби деле жок, логистика жок, мүшөк, кол каптар дайыма керек болгону менен жетишпей жатты. Анын баарын мен өз акчама эле сатып алып таратып жүрдүм.
— Өзүңүздүн чөнтөгүңүздөнбү?
— Ооба, каражатым дагы кетти анан чогулткан каражаттар халаттарга кетти. Азыр эсимде жок бирок биз 220 халат тиккенбиз. Ар бир халаттын өз баасы 450 сом болчу. Элден 150 миң сомдой чогултканбыз да.
— Пандемиядан кандай сабак алдыңыз эле жана эмнеге таң калдыңыз?
— Эчтекеге таң калган жокмун, эч кандай деле шок болгон жок. Биздин стационардан бир да киши кайтыш болгон жок. Күндүзгү стационардан эч ким өлгөн жок, себеби дароо эле реанимацияга жибергенбиз. Шок болгон жокмун. Жаш балдар дем алалбай жатканда гана кыйналат экенсиң, ал эми картаңдарды жай карайт экенсиң. Бир дарыгерибиз жаш жигит кыйналып жатканын көрүп, ыйлап жиберди. Ал жигит коронавирус болгон апасын багып жатып ооруну жуктуруп алган экен. Орусча макал бар го, “Последняя соломинка сломала горб верблюду” бир аз эле өзүң бошотуп койсоң же стресс болуп кетсең оору дароо эле кармайт экен. Мен дагы баары бүткөндөн кийин өзүмдү бош таштап салып, ооруп калдым. Кызыгы кызыл зонада жүргөндө организм мобилизация болот окшойт, такыр оорубай эле өттүм, бирок биздин бригадабыз да вирустуу болчу. Бир нерсени билдим, киши өзгөрбөйт экен пандемия болобу жана согуш болобу. Кандай болсо ошондой бойдон кала берет экен.
— Пандемия башталганда жакшы сөздөр айтылып, жашоо образыбыз өзгөрөт деп жатышпады беле?
— Жок, кайдагы. Көлгө кайта барсам таштандылар дагы эле жатат. Эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Мен 7-апрелдеги революцияга катышып калган элем, ошондо мен жаманын көрдүм да. Ошол жакта жөн эле баатыр болуп чыгып батир жана медаль алгандар канча болду. Канды көргөн жана кан менен байланышы барлар деле саясатка кетип, сатылып калышты. Буга чейин билгенмин эч кандай өзгөрүү болбойт деп. Өзүбүз эле өзгөрбөсөк эч ким өзгөртпөйт. Пандемия – бул сыноо бирок өзгөрүлүштөр өзүбүздөн болуш керек.
— Демек анда өзгөрүлүштөр болуш үчүн кырсыктын жана согуштун кереги жок турбайбы?
— Албетте, ооба. Ошол эле Африкада жүз жылдан бери согуш болуп жатат го. Президенттер жана диктаторлор келип андан да жаман шарттар болуп жатпайбы. Бизде эле онунчу жылдагыдан кийин болуп жатат да.
— Анда баары бир бул апаат өтөт жана унутулуп калат турбайбы?
— Ошондой эле. Биз аракет кылбасак өзгөрүү болбойт.
— Силерди кызыл зонага кирерде эч ким окуткан жана үйрөткөн жокпу?
— Доктурларды деле эч ким үйрөткөн жок. Анан бир жаңылык чыккан 18 миң доктур кайра окуудан өттү деген. Мен көрдүм ошо кайра окуусун. Ошондо коронавирусту дарылоо боюнча үчүнчү протоколду ксерокопия кылып элге таратып коюшту. Башкача айтканда, протоколдун копиясын таратканын “окуу” деп атап алышыптыр. Биз мисалы Facebook аркылуу кислородный концентратор менен колдонгонду үйрөнүп калдык. Эгерде пациент жаш болсо аны ичке жаткызып дем алдырыш керек экен. Себеби өпкөнүн көпчүлүк бөлүгү далы жакта экен. Чалкасынан жаткырсак дем алалбайт экен. Амир Талипов деген дарыгердин Фейсбуктагы постору аркылуу эле өзүбүз баарын үйрөндүк”.