Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Эркинбек Осмоналиев, Сокулук райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгери

unnamed

“Kabar.kg” сүрөтү

  • Эркинбек Осмоналиев
  • Сокулук райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгери

Июндун аягында коронавирус жуктуруп, алгач ооруканада, андан соң үйүндө дарыланды. Вирус апасына да жугуп, июлдун башында апасынан айрылып калды. 

(Июнь, 2020-жыл)

—Жөн эле суроолор болот. Сиз азыр үйдөсүзбү же кызыл зонадасызбы?

Мен азыр абалыма байланыштуу 15 күндөн бери үйдөн дарыланып жатам. 

—Оору сизге жуктубу?

Жок, анализдеримден вирус чыккан жок, бирок ооруп жатам.

—Башталгандан бери сиз ушул коронавирус боюнча иштеп жатасызбы?

Ооба.

—Каяктан баштадыңыз? Айтып бере аласызбы?

Биз январдан бери Ухандан келген студенттерди карап баштаганбыз, ошондон бери акырындап иштеп жатабыз. Ал маалда абал жакшыраак болчу бирок азыр абал оор болуп бара жатат. 

—Эң негизги проблема эмне болуп жатат?

Азыр адамдардын көбү пневмониянын оор түрү менен ооруп жатышат. Ар бир бейтаптын жанында кычкылтек концентратору болушу керек, эгер кишинин канындагы кычкылтектин деңгээли түшүп кетсе, анда адамдын борбордук нерв системасы жабыркайт, сатурациянын нормалдуу болушу үчүн сөзсүз кычкылтек концентратору керек. Ар дайым кычкылтек болушу зарыл. Азыр бизде концентраторлор жетишпей жатат. 

—Мисалы сиз жетектеген ооруканада канча ошондой жабдуу бар жана талап боюнча дагы канча керек болуп жатат? 

Бизде мындай жабдуулардан жетөө бар, андан тышкары жасалма дем алдыруучу жабдуулар менен реанимация бөлүмдөрү камсыз болгон. Мурда бизге 15тей концентратор эле жетип жаткан. Маселен бир бейтап абалына жараша концентраторго туташат. Кокус оор болсо ага 2-3 жабдуу керек болот. Биз кошумча сатып алалы десек мамлекеттик сатып алуу тартиби бар. Анын шарттары өтө татаалдашкан, көпкө күтүш керек. Мамлекет бизге концентраторлорду 2-3 күндүн ичинде сатып алчу шарт түзүп берсе болмок. 

—Азыр Саламаттык сактоо министрлиги ооругандарды үйдө дарылангыла деп жатпайбы, ушундай  эскертүүнүн кесепети оор болуп жаткан жокпу?

Үйдө дарылангыла дегени бул айла жоктугу да. Чынын айтканда ооруканада коронавирустун оор формасы менен ооруп жаткандарды алып жатат. Азыркы тапта алар үчүн да орун жок болуп жатат. Эгер адамдын абалы кыйындап кетсе үйдөн дарыланган өтө опурталдуу эле. 

—Кызыл зонада иштеп жатканыңызга 6 ай болуп калыптыр, жеке өзүңүздө эмне өзгөрүү болду, кандайдыр бир көз караштарыңыз өзгөрдүбү?

Биздин өлкөдө билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурулган эмес. Реформанын баары медицинада акчаны үнөмдөөгө багытталып, ооруканадагы орундарды кыскартышып, ошонун кесепетин азыр көрүп жатабыз. Болгон пилоттук долбоорлордун баарын тажрыйба түрүндө деп саламаттык сактоо тармагына киргизип салышкан. Маселен жөнөкөй эле, Чолпонбаевдин (Космосбек Чолпонбаев, мурунку Саламаттык сактоо министри) убагында лабораторияларды оптималдаштыруу деген проектке кирип алган. Анан донорлук акчаны кемиришип, райондук ооруканаларды жоюшуп, баарын борборлоштуруп салган. Керебеттер жетишпейт азыр. Эгерде азыркы коронавирус кырдаалы болбосо ооруканалардын баарын жоюп салышат беле, ким билет. Мына азыр эми бейтаптардын анализин текшерчү лабораториялар Ош менен Бишкекте эле иштеп жатат. Ар бир ооруканада, бейтапканада бирден болушу керек эле. Бизде болсо жоюп жок кылышты. Жада калса бизде азыр ПЦР-тест жок, оорусуңбу, соосуңбу биле албайсың. Биздин саламаттык сактоо системасын Түштүк Кореядай өнүктүрсө болот эле. 

—Негизи медиктер аябай чарчадык деп жатышат баары эле ооруп, кайра айыгып жатышат. Августта да оору күчөйт деген божомолдор да бар. Сиздин оюңузча биздин медиктер коронавирустун толкундарына туруштук бере алабы?

Бизде кадрлардын дарамети жакшы жана алар туруштук бере алышат, бирок бизге керектүү жакшы шарттар керек. Ар бир ооруканада, палатада душ, даараткана болуп, оору жуккан бейтапты сыртка чыгарбай, толук изоляция шартын түзсөк, бул вирустан эрте айыкмакпыз. Бейтапты палатадан чыкпай караш керек да, а бизде оорукананын дааратканасы тигил коридордун бир учунда болот. Ар бир кишиге палатадан чыкпаган шарт түзүп берсе, анда дарыгерлерге өтө чоң жардам болмок. 

—Эми бул оорудан айыгып кетиңиз.

Рахмат.