Пандемия учурунда Кыргызстанга сырттан келген каржылык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча маалыматтык топтом

Гүлмира Абрдразакова, “Вместе против рака” коомдук фондунун төрайымы, саламаттыкты сактоо боюнча эксперт

Абдразакова

Сүрөт “Наш век” коомдук бирикмесинин иликтөөсүнөн алынды

  • Гүлмира Абрдразакова
  • “Вместе против рака” коомдук фондунун төрайымы, саламаттыкты сактоо боюнча эксперт

— Азыркы тапта 2020-жылдын жайындагы коронавирус күчөгөн маалга жооптуу деп бир катар аткаминерлер, жогорку кызматты ошол кезде ээлеп тургандар суракка чакырылууда. Сырттан келген жардамды иликтөө иштери болуп жатат. Бул канчалык туура деп ойлойсуз? 

 Мен коронавирус күчөп турган учурду иликтөөгө карата терс пикирдемин. Бул туура эмес. Болгону сырттан келген каржылар, жардамдарды гана иликтеш керек эле. Комиссиялык тыкыр иликтөө жок болуп жатат. Адатта сиз арыз жазып, анан ошол арыздын негизинде комиссия түзүлүп, бардык документтерди казып чыгышып, акча, башка каражаттар кайдан келди, кимге келди, кантип бөлүштүрүлдү, айтор бардык сруоолорго фактылар менен жооп издейт. Натыйжада бир жыйынтык баа берет. Мунун баары болгон жок. Дароо эле кармоолор, камоолор, суракка чакыруулар башталды. Албетте, мен ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди актагым келбейт. Себеби ал санитардык эпидемиологиялык кызматка биринчилерден болуп бөлүнгөн 30 миллион сомдук коргонуучу каражаттарды, СИЗ костьюмдарды кантип, кайда бөлүштүрүлгөнүнүн дайыны жок. Социалдык медиада келген каражатка күйүүчү май алынды сыяктуу шылтоолорду жазып коюшту. Башында өтө көп катачылыктар болду. Бирок, жалпы дүйнөнү карапсаңыз, баарында эле биздкиндей кырдаал өкүм сүрдү. Анткен менен ушул Чолпонбаев эле күнөөлүү, ошону эптеп жазага тартуу керек дегендин өзү катачылык. Эң негизги ката – биздин мамлекеттик системада. Себеби бийлик форс-мажор абалда кандай реакция кылуу керек экенин такыр билбейт. Мына ушул жагынан жакшылап, кылдат талдаш керек. 

— “Наш век” коомдук бирикмеси сырттан келген жардамдын кайда, кантип бөлүштүрүлгөнүн анализ жасады. Маселен алар 300 миллиондой долларды талдап чыгышыптыр. Натыйжада саламаттыкты сактоо секторуна болгону 3,3 миллион доллар гана бөлүнгөн экен. Эмнеге сырттан келген жардам коронавирус менен күрөшүү багытында берилсе да, медицинага өтө аз эле бөлүндү?

Чынын айтсам, башында эле ушул суммаларды айтканда мен үчүн чоң табышмак бойдон калды. Мунун баары адамдык фактор, биздин мамлекеттик системанын адам саламаттыгын баалабай, биринчи орунга койбогону, тилекке каршы бизде адамды, анын өмүрүн баалоо жок. Жеке эле саламаттыкты сактоо системасында эмес, мамлекеттин бардык бутактарында адамдын саламаттыгы эң акыркы планга коюлган. Анткен менен Кыргызстандын Баш мыйзамында (Конституцияда) атуулдун саламаттыгы өлкөнүн башкы приорети деп турат. Коронавирус менен түзүлгөн кырдаал муну ачык айкын далилдеп койду. Бирок, биз тескерисинче көрүп жатабыз. Ооба, биз кыйкырып өкүрүп, адамдар кырылып жатат, дары керек деп дары сатып алдык,  пайдасы жок, керексиз эле дарыларды көп санда алып коюшту. Эми алардын баарынын мөөнөтү өтүп кетет деп жатышат. Көбү колдонулбай эле кампаларда катылып турат. Бизде негизи системалуу пландоо, анализдөө деген нерсе жок. Маселен биз Финансы министрлигине жолугушууга бардык, бул проблемаларды кабыргасынан койдук. Аларда да аналитик жок экен. Алар маалыматты чогултуп, эмне зарыл, эмне талап кылынат, азыр эмнени сатып алыш керек, чукул тез арада кайсы тармакка каражат бөлүш керек деген нерселерди анализдебейт экен. 

Кимдир бирөөлөр, медицина, саламаттыкты сактоо тармагын таптакыр билбеген эле жогору жактагылар финансы маселесин чечип жатышат. “Ии буларга ушунча акча боло берет” деп кичине тыйын бөлүп коюшат. Чындыгында вирус менен күрөшүүгө канча сумма кетерин эч ким так, анализдеп эсептеп чыккан жок. Бизде акча запаста турбашы керек, аны сөзсүз коротуш керек. Эгер коротпосо мамлекет кайра алып алат. Запастап, эпидемия, жугуштуу оору келсе мындай кылабыз дегенге бир тыйын жок. COVID-19 дал ушул кырдаалдын бетин ачып койду да. Жугуштуу оорулардын жайылуусу бизге, биз чыгарган чечимдерге көз каранды эместигин, пандемияга биз деле алсыз болорубузду көрсөттү. Ал тургай алдуу күчтүү Америка, Европа деле мындай оору чыкса алсыз облуп калат тура. Ошондуктан, биз сыяктуу чакан мамлекеттин ар дайым мындай өзгөчө абалдар үчүн запасында акчасы болушу керек. Эгерде кокус бир ушундай кырдаал түзүлсө, дароо алып чыгып, дароо элдин пайдасына иштете калышыбыз абзел. Тилекке каршы бизде баары тескерисинче болду. 

Мейли эми бизде акча жок дейли, элибиз аз айлык алып, бүгүнкүсүн гана ойлонот дейли. Дарыгерлер да абдан кыйналышты. Кээде акча бөлүнүп, дары алууга каражат берилгени менен мамлекеттин эң негизги приоритети болгон жаранына ал акча жетпей калып жатат. Ошондуктан туугандары жанталашып, дары издеген учурлар болду. Мамлекет менен элдин ортосундагы байланыштырган алкак үзүлүп кетти. Бизде атуулду бейтап катары, укугу бар жаран катары ооруканада сыйлабайт деле. Маселен адамда ката жасоого, күнөөлүү болууга да укугу бар да. Мен бул сөзүм менен мурдагы министрди же премьерлерди, Космосбек Чолпонбаевди актагым келген жок. Бирок ага коргоунуга мүмкүнчүлүк берилбей калбадыбы. Далили жок болсо да күнөөлүү кылып коюшту. Анын күнөөсүн аныктап, элге жарыялаган адамдар өзүлөрү тилекке каршы абалды башынан толук түшнбөгөй эле үстүртөн баа берип, тек гана айыптууну издегендер болуп калды. Бирөо камалып, бирөө отурушу керек эле, ошону аткарышты. Мен чынында ал кишини актагым келбейт, ошентсе да ага актанууга, өзүнө коюлган айыптоолорго жооп берүүгө укук берилиши керек болчу. Ал кезде абал оор эле, талаптар башкача болчу. Ушунун баарын эске алуу менен, ал күнөөлүү болсо да, анын ишин калыс талдоо зарыл да. Бирок, бизде тилекке каршы иштин жыйынтыгын карабай эле, бирөөнү камап коюш керек. 

— Бир жагынан алганда пандемия күчөп турган маалда жакындары каза болгондор да арызданып чыкпадыбы, балким бийлик алардын оозун жаап, убактылуу токтотуп туруу үчүн ушундай кадамга барды? 

Ооба, ооба, мына биз иштеп жатабыз, күнөөлүүнү таптык, камап койдук деп айтканга бирөө керек болду да. Мындай ишти адилет комиссия түзүп, анын курамына бейтарап эксперттерди, депутаттарды киргизип, атайын бир иликтөөдөн кийин гана кылыш керек эмеспи. Эмнеге андай иликтөө болгон жок? Ошол июнь, июль айында кыйналган бейтаптар да ошол комиссиянын курамына кириши зарыл болчу. Дал ушундай жол менен гана кимдин кайдан ката кетиргенин адилет таап чыкса болот. 

Бизде форс мажордук учур мыйзамда жазылган, бирок аны аткаруунун нормалары жазылган эмес. Ким эмне кылышы керек, кандай мамлекеттик органдар аракетте болушу керек деген суроолорго жооп жок. Биз тилекке каршы, июнь менен июлдагыдай окуялар кайталанса эмне кылабыз деген суроого жыйынтыктуу жооп таба албадык. Себеби бийлик улам эле алмашып жатат. Чечим чыгаруучу органдарга улам жаңы адамдар келет. Алар деле өз алдынча иштеп, жыйынтык чыгарууга убактысы жок эле кызматтан кайра алынат. Форс мажор учурундагы абалды, мыйзам ченемдерин так, аныктап алыш керек. Кайсы бир сунуштар, мыйзамды өзгөртүүлөр болсо Жогорку Кеңешке кайрылып, өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги абалды курчутпоо үчүн, вирустун жайылбоосун шарттоого мыйзамдык, ситуациялык бир шарттарды түзүү зарыл эле. Алардын ишин баалоону азыр эч ким жүргүзбөйт, бул туура эмес. Биз азыр да ошол июнь, июлдагыдай кооптуу абалдын этегинде турабыз. Кайра эле кетмендин башын басып алабыз го. 

— Кайрадан вирус курчуп, эл кыйналасачы? 

Ооба, бул вирусту сасык тумоо сыяктуу деп эле айтып жатышат, эч ким качан кайдан күчөп кетерин да билбейт экен. Вирус эле эле мутация болуп жатпайбы. Ошондуктан, аналитика бизде күчтүү иштеши керек эле. Тилекке каршы, ал бизде эчак эле өлүп калган. Ошентсе да, дүйнөлүк илимпоздордун чыгарган жыйынтыктарын кунт коюп окуп, натыйжа чыгарып, даярдануу керек. Бизде алдын ала прогноздоо деген таптакыр жок. Маселен мамлекет толтура дары сатып алды. Анын сактоо мөөнөтү өтүп бара жатат, эмнеге анализдебей эле сатып алды? Дарыга керектүү акчаны тоңдура туруу керек эле да. Мыйзамдарга ушундай номараларды киргизиш керек. Өзгөчө кырдаал учурунда керек болгон дары-дармекке керектүү сумманы тоңдуруп коюп, анан зарыл болгондо эле тендерсиз иштетүү тууралуу нормалар жок бизде. Бизде тилекке каршы же чоң дефицит болот же ашыкча болуп, таштандыга ыргытышат. Менин бардык абал боюнча пикирим ушундай.