Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Гүлнара Ташибекова, Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери

Гульнара-Ташибекова-1

(Сүрөттө Гүлнара Ташибекова, Бишкектеги №17 үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, сүрөт Ташибекованын Фейсбук баракчасынан алынды)

  • Гүлнара Ташибекова
  • Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери

— Саламатсызбы, кандайсыз? Үнүңүзгө эмне болгон?

Ооруп калыпмын, өзүмдү аябай жаман сезип жатам. Алтообузга оору жукту. 

— Силерди өзүнчө бөлдүбү?

Ооба, алтообузду жугуштуу оорулардын ооруканасына жаткырышты, дагы экөөнүн дене табы көтөрүлүп, тушпөй жатат. 

— Баарын башынан айтып бере аласызбы? 

Азыр менин оюмду бир жерге топтоо кыйын болуп жатат, абалым аябай оор, бирдемелерди туура эмес, адашып айтып аламбы деп корком. Биринчи бир кагазга баарын тизмектеп жазып алайынчы. Азыр кайрадан “тез жардам” чакырып, абалыбызды текшерип жатышат. Аябай кыйналып жатам. 

— Башында кантип иштеп жаттыңар эле? Силерге вирус жукканын укканда карабай кетип калышты, көчөгө алты саат таштап коюшту деп жазып жатышат ушул чынбы? 

Ооба, бизге коронавирус жукканын укканда эле баары бизден качып кетишти. Элестетсеңиз, жакындарыбыз, үй-бүлөөбүз, досторубуз бизден коркуп алыс жакка турушту. Бизден баары коркту да. Анан мейманканага өзүнчө бөлүнөлү десек да уруксат беришпей, медиктер самсаалап эшикте үшүп, тоңуп отурбадыкпы. Эмнеге мындай? Эмнеге бизге шарт түзүшкөн эмес?

— Баары кантип башталды, вируска даярдыктар болду беле?

Башында бизге Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу келди, Европадагы абалды айтышып, биз үчүн кандай алгоритмдер иштелип чыкканын түшүндүрүштү. Айрыкча вирус жуккан адам менен байланышта болгондорду аныктоо, бейтаптарды бөлүү жаатында бир топ чогулуштарда соз болуп жатты. Биз башында эле вирус менен байланышкан адамдарды табуу, аларды каттоо үчүн медиктер атайын коргонуучу костюмдар менен барсын деп айтып келгенбиз. Медиктерге оору жукпасын дегенбиз. 

Бирок, башында мындай СИЗ же коргонуучу костюмдар бизде жок дешти. Мен өзүм дарыканаларды кыдырып, аларды эптеп таап, халат, бет каптарды көп кылып сатып алып жаттым. Бахила, бет кап, баарын табуу кыйын болду, дарыканалардан колубуздан келишинче сатып алдык. Ошентип мен өзүм иштеген бейтапкана үчүн запастап койдум. Себеби, менде иштеген адамдардын ден соолугуна, коопсуздугуна өзүм жооп берем да. Анан оору жуккан адамдар менен байланышта болгондор алгач каттала баштаганда, январь, февраль айларында Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган алгоритм менен иштеп жаттык. Бирок, бул алгоритмдер улам эле өзгөрүп турду. Биз ар бир адамдын үйүнө жөө барып, каттоого алып, изоляцияга чыгарып, айтор көчөдө эле жүрдүк. Айлам кеткенде мен аларды өз машинем менен ташыган күндөр болду. Ошентип вирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны улам эле көбөйүп жатты. Ошондо мен жетекчиликке бизде коргонуучу костюмдар, халаттар жок деп айтып, сурансам да көңүл бурушпады. Оору жуккандардын үйүнө өзүбүз сатып алган халаттар менен барууга аргасыз болдук. Эпидемиологдорду, лаборанттарды жеке унаам менен ташыдым да. Бир чети адаттагы жумушубуз деле токтоп калбай, жаш төрөгөн аялдарга баруу, ооруп калгандарды кароону уланта бердик. Биздеги медиктерди окутууга эпидемиолог, лаборант, вируслогдор таптакыр жетишсиз экен. Коронавирустун тестин колдонууну эптеп өзүбүз үйрөндүк. 

— Сиз жогоруда жетекчиликке проблемаларды айттым деп жатпайсыз, ошондо Республикалык Штабдагыларга айттыңызбы же кайсы жетекчиликке кайрылдыңыз? 

Бизде үй-бүлөөлүк дарыгерлерди тескеген чоң борбор бар. Мен алардын чогулушнда баарын айткам. Машинелер тартыш экенин, медиктер бир топ жөө басып кыйналып жатканын, тесттерди лабораторияларга өзүбүз ташып жатканыбызды, кийимдердин жоктугун, айторр баарын айтып эле келген элем. Оору башталган алгачкы эки, эки жарым айдан бери чет өлкөдөн биздин бейтапканага караган районго абдан көп киши келди. Алардын баарын каттоого алып, үй-бүлөө мүчөлөрүн текшерүү, изоляцияга алууда өтө кыйналдык. Биз ошентип өтө чоң ишти аткарып жүрүп, 16-апрелде 7-8 кишиден коронавирус аныкталып жатпайбы, алардын баары эпидемиологдор, лаборанттар менен тыгыз байланышта болгондор да. 

Биринчи эле бизде дарыгер ооруп калды, ал менин орун басарып болуп иштейт. Дене табы көтөрүлүп, кыйналып чыкты. Андан кийин эле оору мага жукту. Биз ошол көтөрүлгөн дене табыбыз менен эле барып, лабораторияда анализ тапшырдык. Бирок, анализдерибиздин баарында коронавирус жок болуп чыкты. Ошентсе да анализибизди ачык бизге көрсөтпөй эле таза деп коюшкан, биз болсо ооруй бердик да. 

Мен иштеп атып эле жумушту таштап кете албай, дарыны кошо ичип жүрдүм. Жумушту токтотуу мүмкүн эмес эле. Биз баарын өтө тез, дароо, токтоосуз аткарышыбыз керек, күнү бою басып жүрүп, бейтаптардын, шектүүлөрдүн үйүн кыдырып чыгышыбыз керек. Биз токтобой эле иштей бердик. Анализ улам эле кечигип жатты. Анализдер 4-5 күн кечикти. Мен буга аябай нааразы болдум. Себеби, ооруп калган медиктердин баары кыйналып, четинен үйүнө жатып калышты да. Дээрлик баары ооругандыктан бейтапканада орун басарым экөөбүз эле калдык. 

— Ошондо азыр канча кызматкер жатат өзүңүз кошулганда?

Биз 23 болуп келгенбиз экөө оор болуп, ооруканага алып кетишти азыр ошондо азыр 21 кызматкерибиз бар.

— Ошондо сиздерди башынан эле каражаттар менен камсыз кылышкан эмес да транспорт дагы камсыз болгон эмес, ошондо бул сиздердин жетекчилердин кайдыгерлигиби?

Албетте, кайдыгерлик бул жерде кашкайып турбайбы, керек болсо мекеме да жабыр тартты. Мен чогулуштарда коргонуучу кийимдер жок деп кыйкырсам да эч ким укпады. Балким каржылык жактан тартыштыктар болдубу, билбейм. Анан эстесеңиз, ошол маалда дарыканаларда бет кап да жок калбадыбы. Элдин баары дары-дармек, бет кап ж.б. каражаттарды жанталашып сатып алып жатышты го. 

Мен өзүнчө бир кабинет ачып ар бир поликлиникада эле жасалган нерсе болчу, ошол жакка изолятор кылып бир ирет колдонулуучу коргоочу каражаттардын баарын алып келип койдук. Эми бул кызматкерлердин коопсуздугу үчүн көрүлгөн чара да. Эми мунун баарын изилдеш керек, мен да изилдеп, иликтеп, фактыларды берем. Айрыкча күч органдары бул окуяларды кылдат карап чыгышы зарыл. Мен жетекчиликке айтып эле жатам, бизге кысым кылбагыла деп. Ансыз да дарыгерлерди баары басынтат, кемсинтет деп эле келе жатам. Мен мурун тиги тез жардам кызматында башкы дарыгер болуп иштегенмин, эки революцияны башыман өткөрдүм, мен азыр эч кимден коркпоймун. Чындыкты сөзсүз чыгарамын. Азыр медиктер аябай кыйналууда. Алардын оозун басып салышууда. 

— Бул оору деген уяттуу оору эмес го, эмнеге башка бейтапканаларда оору жуккандарды жашырып жатышат?

Уяттуу оору эмес. Абдан оор оору. Маселен сасык тумоо кээде күнүнө 5 миңден катталчу, аны эч ким айтчу эмес. Бул вирус өтө тез тарайт экен. Абдан оор өтүп, адамды кыйнайт экен. Андыктан биз дүрбөлөңгө алдырбашыбыз керек. Башында медиктерди эч кандай даярдыгы жок эле вируска салып коюшту. Эми азыр жеке коргоочу каражаттарды таратып жатышат деп уктум. Эмне үчүн биз ушунча жыл элдин саламаттыгын коргоп иштеп, ден соолугубузду карабай жүрсөк да медиктерди ушунча кордошот? Маселен, алыскы райондордо деле абал ушундай деп жатышат. Башында бийлик даярдандык деп жатпады беле, кана даярдыгы? 

— Бул оору Кыргызстандагы медицинага карата аткаминерлердин мамилесин, медициналык кызматкерлерге кам көрүлбөй жатканын көрсөтүп койду окшойт. Же бийлик дагы деле бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин ички проблемасы деп кутулуп кетеби? 

Негизи көптөн бери эле келе жаткан көйгөй. Бир министр кетет, экинчиси келет. Азыркысы санитардык дарыгер, эпидемиолог. Азыркы абалды ал жөндөп кетер деп ишеним артып турам. Мен ал келгенде айткам, иштешкенге даярмын, бирок бизди капа кылбагыла дегем. Биз элдин саламаттыгын коргоп жатабыз, биз жоголсок эмне болот? Ушундан улам министрликте иш билги адамдар иштесе дейм. Бизде колубузда же финансы жок, укугубуз да корголбой калды. Эгерде колубузда каражат болсо вирус күчөп кеткиче эле керектүү нерсенин баарын сатып алмакпыз да. Бизге вирус Европадан кечирээк келди. Эмнеге ал жакта ызылдап даярданып жатканда биздин жетекчилик унчукпай олтурду? Коргонуучу каражаттарды убагында бизге неге таркатып беришпеди? Биз Европаны карап туруп даяр болушубуз керек эле.  Мындай болбош керек. Уят! Мен кол алдымдагы кызматкерлеримдин бетин карай албай жатам. А мени айтып жатышат “4 жылдыздуу мейманканы басып алыптыр, баарын киргизип алыптыр” деп, бул эмне деген сөздөр? Азыр кара пиар кетип жатат, бул эмне деген шумдук?  Менин тилеген тилегим азыр кызматкерлерим айыгып кетсин, ден соолугу чың болсун деп тилеп жатам. Жетекчилик мени чындыкты айтканым үчүн коркутуп жатат.