Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Гүлназ Орозалиева, медайым

photo5799698080608660155
  • Гүлназ Орозалиева, медайым

— Сиздер кызыл зонада иштедиңиздер да. Ошондо мамлекеттен бериле турган айлык акы өз убагында берилдиби? 

Негизи акчаны ала албай жатабыз, бүгүн, же эртең которулат деп эле жатышат. Күтүп эле отурабыз, дагы деле которула элек. 

— Кандай иштедиңиздер? Ишиңер оор болдубу?

Мен өзүм биринчи толкун басаңдап калганда Гансиге жумушка бардым. 6 сааттан алмашып, нөөмөт менен иштечүбуз. Андай деле оор болгон жок, бизди жакшы эле карап жатышты. 

— Сиз пандемия башталганда кайсыл жакта иштедиңиз? Эмне иш кылдыңыз? 

Пандемия башталганда, мен үйдө эле болдум. Мурун медициналык жумуштан кеткениме 1,5 жыл болгон. Анан пандемия башталганда, өзүм деле коркком, бирок анан күчөп кеткенде өзүмдү өзүм кармап, иштей берейин дедим. Анан ошого акырында Гансиге барып иштеп калдым да.  

— Кызыл зона кандай экен, сизди таң калтырдыбы? 

Элим ооруп жатканда, абдан жаман болот экенсин. Күнөөсү жок адамдар өтүп кетсе, жаман болдум. 

— Азыр эмнеге нааразы болуп жатасыз? 

Акча боюнча эле иштеген акымды ала албай жатам. Негизи иш шарттарыбыз жакшы эле болчу. 17-июлдан баштап Гансиде иштедим. Болжол менен бир айдан ашуун иштедим. Ошентсе да азыр мына октябрь болду, акчам тие элек, дагы деле күтүп отурам. Негизи бир күнгө 2500 сомдон деп айтышкан. Мен 10 күндөн ашык иштедим. 25 миңдей акча беришмек. 

— Талап кылып жатасызбы? 

Талап кылсак деле, азыр акча түшпөй жатат деди. Бирок Гансиде бизди аябай жакшы карашты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу экенбиз көрсө. Ганси жабылгандан кийин берки ооруканаларда бизди футбол тобундай эле ары-бери сүйрөп, тепкилешти. Ак-Кемеге обсервацияга жатсак, эч кандай шарт жок экен. Көрсө, биз Медициналык академияга караштуу экенбиз. Бизди дарыгерлер урушуп, сөз айттырбай, абдан кемсинтишти. Азыр эми менин жана кесиптештеримдин айлыгы түшсө эле болот эле. Мени менен иштеген бир да медайымга акчасы бериле элек. 

— Канча саат нөөмөттө иштедиңер?

Бир нөөмөттө алты сааттан 2 дарыгер, 2 медайым, 2 санитар иштечүбүз. Баарыбызга эле акча берилбей жатат. 

— Сиздер ошол акчага ишенип келгенсиздер да? Башка киреше булагы жокпу?

Ооба, башка жок деле.  Ошол, айткан суммасын деле бербей жатышат.