Вирус Кыргызстандын миңдеген өмүрүн кыйды

Исхар Фунлоэр, профессор, 80 жашта, 2-июлда оорукананын алдында көз жумду

14-3-e1614880034858-300x297

(Эсхар Фунлоэр, профессор, сүрөт расмий булактардан алынды)

  • Исхар Фунлоэр 80 лет
  • профессор, 80 жашта, 2-июлда оорукананын алдында көз жумду

Профессорду жакындан билгендер ал Кыргызстан эле эмес, дүйнө илимине чоң салым кошкон күчтүү адам катары эскеришти.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, хирург, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин жалпы хирургия кафедрасынын профессору Исхар Фунлоэр 2-июлда 80 жашында өпкө кемтиги диагнозунан улам каза болду.

Ал 1941-жылы Ысык-Ата районунун Милянфан айылында төрөлгөн. Атасы Суваз Фунлоэр Кыргызстанда биринчилерден болуп «Ленин» орденин алган. Маркум эки уулдун атасы эле. Улуу баласы Кенияда жашап, иштейт. 

Балдарынын кичүүсү Эдик Фунлоэр атасын мындайча эскерди:

— Менин биринчи суроом, атаңыз эмне жөнүндө кыялданчу эле, эмне арманы калды артында?

Атамдын залкарлыгы жалаң эле биз үчүн эмес, бүтүндөй Кыргызстанга сезилчү десем жаңылышпайм. Чоң атам Суваз да улуу адам болгон. Ал Кыргызстандан биринчилерден болуп, айыл чарбасына кошкон салымы үчүн 1936-жылы бүткүл союздук Ленин орденин алган. Атамдын бир эле кыялы – өлгөндөн кийин да адамзатка пайда алып келген улуу дарыгер катары элдин эсинде калуу болчу. Менимче, анын кыялы тирүүсүндө эле орундалды.

Ал бул жашоодон иштеп жатып кетти. Себеби, өлүм аны байкатпай тооруп, бат эле алып кетти. Үй-бүлөдөн эч кимибиз анын мынча тез өтүп кетерин күткөн эмеспиз. Бизге азыр өтө оор болуп жатат. Анын кантип каза болгонун эмес, кыргыз элине жасаган эмгегин гана эл эскерсе дейбиз. Анын өлүмү биз үчүн чоң трагедия болду

— Балдары менен кандай мамиледе эле? Кандай ата эле? Эмнесин сагынасыз эми? 

Атам биз үчүн ар дайым кадыр-барктуу, сөөлөттүү адам бойдон эсибизде калат. Ал өмүрүнүн акыркы демине чейин иштеди. Өз элинин мыкты уулу эле, биз үчүн жашоону үйрөтүп кетти. Татыктуу адам болгонду үйрөттү. 

Профессор Али Джон Академик Фунлоэрди эскерди: 

Менин билишимче ал биринчилерден болуп көкүрөктө жайгашкан органдарга операция жасоодо лазерди колдонгон. Лазердик ыкма менен операция жасоо аркылуу оорулууга инфекцияны жугузуу коркунучу азайып, коопсуздугу жогорулайт эмеспи. Профессор Исхар Сувазович дал ошол лазер менен эхинококкоз оорусуна операция жасачу.

Бул дүйнөлүк медицинада биринчи ирет колдонулганы айтылып жүрөт. Өзү өтө жөнөкөй киши эле. Акыркы убактарда биз дунган диаспорасында аксакалдардын көзү өткөндө тажияда жолугуп калчубуз. Ошондо күлүп: «Дунгандар дарыгерге оорусу өтүшүп, өлгөнү калганда гана барат», – деп калчу. Мен өзүм да бир ирет эхинококкоз бар деп шек саналып, профессорго көрүнүп калдым. Башка ооруканада «дароо кесип, операция жасайбыз» дешти. Бирок Исхар Сувазович кошумча анализдерди жасап, мени жакшылап текшергенден кийин мите курт жок деген жыйынтыкка келип, операция болбой калгам. Азыр айтып жатышпайбы, «дунгандардан чыккан биринчи медик-профессор, дунган улутундагыларга эле жардам берген» депчи. Менимче, профессор Фунлоэр жалаң эле дунган улутундагыларга пайдасы тийип чектелбей, бүтүндөй Кыргызстанга жарыгын чачкан, улуу илимпоз, колу жеңил дарыгер эле» деп эскерди Джон айылдашын. 

Хирургия жаатында 40 жылдан ашуун эмгектенген. Бул аралыкта 3 миңден ашуун оор операцияларды жасаган. СССРдин саламаттыгынын отличниги наамын, «Даңк» медалын алган. Улуттук госпиталдагы торакалдык бөлүмдү өзү ачып, 1970-жылдардан тарта жетектеген. Торакалдык бөлүмдө өпкөнүн оор дарттарын, дем алуу органдарынын ооруларын хирургиялык жол менен дарылайт.