Пандемия учурунда Кыргызстанга сырттан келген каржылык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча маалыматтык топтом

Калдарбек Абдраманов, кардиохирург, Жалал-Абаддагы кардиохирургия борборунун директору

Калдарбек-Абдраманов

Сүрөттө Калдарбек Абдраманов, профессор, сүрөт жеке архивинен алынды

  • Калдарбек Абдраманов
  • Кардиохирург, Жалал-Абаддагы кардиохирургия борборунун директору

— Азыр өзүңүз деле күбө болуп жатасыз, коронавирус күчөгөн маалдагы өкмөттүн иши, алардын арасынан ката кетиргендерди камоо, жазалоо жараяндары жүрүп жатат. Сырттан келген жардамды бөлүштүрүүгө нааразылар чыгып, комиссиялар түзүлүп, алардын жыйынтыгы чыгып жатат. Айрым жооптуу кызматтагылар суракка алынып, камалганга чейин барып жатат. Кандай деп ойлойсуз, жайындагы калпыстыктар ичин бирөөлөрдү жазалоо керекпи? 

Менимче, өкмөттүн тагдырын чечип, элдин жашоосуна таасир этчү чоң кызматта турган адамдар болсо, кандайдыр бир деңгээлде элдин жашоосуна таасир эткен болсо, мыйзамдуулук бузулса, албетте алар жооп бериши керек. Бизде жооп бербей, эптеп кутулуп кетип, улам ишти жаап койгондун айынан кайра эле кийинкилери келип, кылган катачылыктарына жооп бербегенди адатка айландырып алганбыз.

Ошондуктан, биринчиден кызматкерлер жоопко тартылышы сөзсүз керек. Экинчиден, ал учур кандай иликтенет деген маселе бар. Ал иликтөөнү азыр жасаш керек беле, же коронавирустун деми сууп калганда башташ керек беле, айтор мезгилдик баасы да маанилүү. Ал иликтөө сөзсүз болушу керек. Иликтөө кандай формада жүрөт, компетенциялуу адамдар аны ишке ашырып жатабы, ушундан чоң шегим бар.  Билбеген, медицинаны түшүнбөгөн адамдар медицинанын ичиндеги ишти сындай албайт да. Аны билген адам гана иликтеши керек. Комиссиянын мүчөлөрү ошондой адамдар болууга тийиш. 

Акыркы болуп жаткан окуялар, жоопкерчиликке тартып же тартпай койсо эле токтоп калабы дегендей ойду айтып жатпайсызбы, жок аларды сөзсүз тартыш керек. Бирок ушундай абалды болтурбаш үчүн кызматка келгенде өкмөт жетекчилигине да бир түшүнгөн адам келиши керек да. Министрликке барганда, же болбосо анын бир тармагын жетектөөгө отурса, маселен санитардык эпидемиологиялык же инфекциялык кызмат дейли, мындай адист адамдар отурбайбы. Мен ачык эле, так эле айтам, көп учурда ошол өзү жетектеп турган тармакты түшүнбөгөн адамдар келип отуруп калып жатпайбы. Анан кантип ал жетектей алат? Ал ошол тармакты түшүнүш үчүн өтө эле кыйын вундеркинд болсо алты ай кетет. 

Проблеманын баары бизде ушунда болуп жатат. Мына азыр эми өкмөттү шайлайбыз деп жатышат. Айыл чарба, экономика, социалдык абалды жакшы түшүнгөн, жалпы билими бар адамдар жетекчиликке келишсе көп ишти айттырбай эле бүтүрүп коюшмак. Бирок бизде тилекке каршы, дагы түшүнбөгөн, билбеген адамдарды коюп жатышпайбы. Саламаттыкты сактоо тармагына медицина эмне экенин билбеген адамдар келип калса анда ошол министрлерге ишенип отура беребизби? Тармактын жетекчиси көп нерсени өзү билиши керек. 

Жалпы түшүнүгү, билими терең болбосо созсуз кризиске алып барат. Эгерде кесипкөй адис өкмөттө турса жайындагы трагедиялуу окуялар болбойт эле да. Биз ооруну басаңдатсак болот эле. Албетте, дүйнөдө болуп жаткан тенденцияга каршы чыга албайбыз. Бирок мынчалык көп курмандыктар болбойт эле. Медиктерди жакшы даярдап алган болсок, абал курчубайт эле. Биз айтып эле жүрбөдүкпү, кайсы проблемаларды чечүү керектигин тизмектеп, тизип жазып берип жаттык. Социалдык медиага байма-бай чыгып турдук. Укпай коюшпадыбы?! 

Андан бери мына бир жыл өтүп кетти. Былтыр (2020-жылы) биз проблеманы тизмектөөнү февралда эле баштаганбыз. Бизге Кыргызстанга вирус келе электе эле мен айтып эле жаттым. Ошол билген адам министр болгондо, өкмөт жетекчиси да түшүнгөн адис болсо көп жоготуулар болбойт эле.  Азыр эми мурдагы министр, премьер-министрлер эмне болуп жатышат? Эми жоопко тартылат, албетте, ал турган иш деңизчи. Анткен менен каза болгон адамдардын туугандарынын кайгысын бөлүшүп, алардын ордун толтуруп бере алышабы? Бир топ адамдар кетти да. Мен өзүмдүн эле ондон ашык чогуу жүргөн медицинанын эң алдыңкы деген профессор дарыгерлеринен айрылып калдым. Ичим ачышып олтурат. Өзүлөрү медик болуп туруп, эң алдыңкы жардам көрсөтүлүп, өмүрүн сактап калуу мүмкүн боло турган жерде өлүп калышпадыбы. 

Эгерде иштөө шарттары туура уюштурулуп, зарыл болгон ооруканалар маалында курулуп, кайсы оору качан каякка баруу керек экени так бир системага салынса мындай болбойт эле да! Ошондуктан жооптуулар жоопко тартылышы керек, комиссиянын иликтөөсү так, анык болушу зарыл. Азыр бийликте тарыхый бир кырдаал түзүлдү. Мына ушул учурдан пайдаланып, адискөй адамдарды бийлик бутактарына алып келбесе абал дагы эле баягыдай бойдон калат.

 Билбегендер галстук тагынып келип отуруп алышса анда эч кандай өнүгүү болбойт. Азыр бизде коомдо ар бир тармактан өтө кыйын кыз-жигиттер өсүп келе жатышат. Коронавирус менен күрөшүүгө карата даярдык деген ушул да, медицинада кыйын түшүнүгү бар адамдарды алып келип, чечим чыгаруучу функцияны колуна бериш керек эле да. Акча каражат убагында керектүү өлчөмдө бөлүнүп берилсе анан даярдыгыбыз шайма-шай болмок. 

— Азыр сиздин айрым кесиптештериңиз мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнө нааразы болуп, анын жыйынтыгы боюнча катардагы дарыгерлер абалга күнөөлүү болуп калат экен деп жатышпайбы. Мындай шартта дарыгерди күнөөлөө туурабы, же аны коргоочу кандайдыр бир механизмдер болушу керекпи? 

Негизи туура, мен өзүм дарыгер болгонум менен дарыгерлерди коргогум келбейт. Бирок биздин догдурлардын кандай күнөөсү бар? Алардын колунда эч нерсе жок болсо анан эмне кылышат? Ал тургай маска жок болуп калды го? Маска чыгарган же заводубуз жок. Анан бул инфекция белгсиз, дүйнөдөгү жаңы оору болуп жатат да. Муну кандай дарылаш керек, эмне препараттар талап кылынат, догдур билбесе, биздин эле дарыгерлер эмес дүйнөдөгү дарыгерлер билбей жатса бул анын күнөөсү эмес да. 

Бул биринчиден, экинчи жагы дарыгерлердин ишин уюштуруш керек болчу. Буга саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, түздөн түз министр жооптуу эле. ФОМС тарабынан акча бөлүнүп, өкмөт каражатты жетиштүү бөлүшү керек эле. Анан каражат жок болсо, дарыгер канчалык кыйын болсо да вируска жылаңачя колу менен каршы тура албайт да. 

Дарыгерлердин кандайдыр бир деңгээлде, каймана мааниде күнөөсү болупк алышы мүмкүн. Себеби, биз жетиштүү жардам бере албай калдык да! Бирок колубузда эч нерсе жок болуп калбадыбы, атайын коргонуучу костьюмдар жок, 2-3 айдан кийин араң келбедиби. Дарыгерлерди аяш керек, менин жанымдагы эле ондогон илимдин доктору, профессорлор өлүп калышты. Алар үйүндө жатып албай, бейтаптарды аралап, кызыл зонада жүрүштү. Дарыгерлер эми анча мынчасы эле бул согуштан качып кетпесе, баары эле жүрдү да. 

Жанагы согуш болуп жатканда окопто жатып алгандар анан салгылашка чыккандар болот го. Айрым комиссия мүчөлөрү ошондой болуп эле, окопто жатып алышып, иштеген пульмонолог, инфекционист адистерди түштөн кийин күнөөлөп чыгып жатышат да. 

Азыр деле коронавируска далилденген атайын бир дары жок. Мына бир жыл өттү, вакцина жок, ошол вакцинаны алып келгенге министрликте муздаткыч жок болуп жатпайбы! Коомдук иштерде иштеген, медицинаны практикалык жактан түшүнбөгөн адамдар дарыгерлерге айып тагууда. Мен өзүм оорудум, бир ай жаттым. Ошондо врач катары түшүндүм, бул коронавируска атайын бир дары жок экен. 

Аны симтоматикалык түрдө, кимдин кандай өнөкөт оорусу болсо, ошого жараша эле ар бир бейтапты индивидуалдуу түрдө караш керек турат. Ал эми июнь, июлда ошондой шарт болдубу? Бир бейтапты эмес, бир дарыгер 30-40 бейтапка жетишпей кыйналбадыбы. Бизде шарт жок болуп калды да. Жанагы оптимизация дегендин кесепети мына ушул. Жок кылып, керебеттерди, дарыгерлерди кыскартып ийишкен да. Бейтапты жаткыза турган жер жок, жанагы стадиондорго алып барып жатышпадыбы.