Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Калык Матраимовдун окуясы

Калым Матраимов

(Ош шаарындагы блок-пост, апрель, 2020-жыл. Cүрөт “Азаттык” радиосунан алынды, автору Дастан Үмөтбай уулу)

  • Калык Матраимов окуясы

Ош шаарынын четинде жашаган 51 жаштагы Калык 28 жыл бою аскер кызматында иштеген. Ал төрт жылдан бери эки бөйрөгү тең иштебей, жасалма бөйрөк жабдуусуна туташкан. Карантинге чейин ооруканага барып келүүгө күнүнө 20 сом коротсо, март айында жолдор жабылып, жол киреси 400-500 сомго чыккан. Ал жумасына үч ирет диализ алышы керек эле.

Азыр бизде шаардык транспорт жүрбөй токтоп турат. Машине тапсак жолдогу посттордон өтүш өтө кыйын, – деп түшүндүрдү ал. – Бир жолу ооруканага барып келиш үчүн машинени 400-500 сомго жалдап жатабыз. Посттордон жалдырап араң өтөбүз. Диализди ооруканада мурда үч нөөмөт менен алчу элек, азыр карантинге байланыштуу эки нөөмөт эле кылып койгон, кечки саат бешке чейин алып бүтүшүбүз керек. Посттордон кармалып, диализге жетпей калган айылдыктар көп. Бизде деле кичирайондордун арасы бүт тосулган. Айрыкча айыл жериндегилер диализге жете албай эле калып калууда. Жеке эле бейтаптар эмес, бизди дарылаган медайым, дарыгерлерге да кыйын болууда.

Бизде, Ошто бир айылдан экинчи айылга адам өткөзбөйт да. Гемодиализди ооруган адам эле түшүнбөсө башкалар билбейт. Посттордо тургандар болсо таптакыр эле билбейт. Үйүңдө жатып дарылан деп артка айдаганда айлабыз кетип, аларга жарым саат, бир саат жалынып туруп калуудабыз. Күнүгө постто адам алмашкан сайын ар бирине бирден түшүндүрүүгө аргасыз болуудамын.  Менде азыр жол кире тартыш. Пенсиям аябай аз, беш балам бар, аялым иштебейт. Жоро-жолдошторум кичине тыйын берип, жардам кылып жатышат. Гемодиализдегилерди өзүбүзгө окшогон бейтаптар эле түшүнбөсө, башка калың эл биздин кыйналганыбызды билбейт.