Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Канат Икенов, Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулардын ооруканасынын дарыгери

Канат-Искенов-e1615132784865

(Канат Искенов, дарыгер-инфекционист, сүрөт Искеновдун жеке архивинен, апрель, 2020-жыл)

  • Канат Искенов
  • Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулардын ооруканасынын дарыгери

— Ооруканадан кетпей иштегениңизге канча күн болду? 

25 күн болду, азыр дагы деле чыга элекпиз. 

— Өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Үйдү сагындыңызбы? Чыга элегиңизге 1 айдай болуп калган тура. 

Бул жакта баарыбыз эле үйдү сагындык, мен да сагындым, кызымды, энемди. Кечке жумушта жүрөбүз, канча жүрөрүбүздү билбейм эми. 

— Азыр сиз иштеген бөлүмдө зоналарга бөлүнөт да, кандай зоналар бар? Иш күнүңүз кандай өтөт? 

Оорукана өзү башынан эле экиге бөлүнгөн, карантин зонасы анан таза зона болуп. Кызыл зонада болсо оору жуктургандар, алар менен байланышта болгондор жатышат. Ошондой эле ортодогу зона бар. Биз ошол жакка барып, кийинип, анан чыкканда дагы ошол ортодогу зонадан чечинип, жуунуп, тазаланып анан таза зонага киребиз. 

— Кызыл зонага барганда, өзүңөрдү коргоо үчүн эмне кыласыңар? Мисалы орусиялык дарыгерлер айтып жатышат, биз 3 колкап киебиз, эки беткап дешип. Сиздерде кандай?

Бизде деле ошондой, жеке коргонуучу каражаттар, костюмдар баары комплекте келишет да, кеп анда эмес, каалабасак деле, кийиш керекпиз. Туура кийинип, чечинсе эле жакшы болот. 

— Ошол кийимдерди кийгенде сиздер ооругандарды тыңшаш керек болот да ыңгайлуубу?

Башында кыйналдык, анткени биз көнгөн режимден башкачараак болду да, анан азыр көнүп эле калдык. 

Тердеп, чечкиңер келеби?

Кээ бирлер бар, оор да, кечке формачан жүргөн. Анан чыккандан кийин дароо чечип, тазаланып, душка түшөбүз.  Азыр эми күн жылып баштады, мындан ары ысыкта кантебиз билбейм. Кичине суук болгондо алда канча жеңил экен. 

— Суусап, суу дагы иче албайсыңар да?

Жок, болбойт. Ал жерде эч нерсе кылганга болбойт, форманы кийгенден кийин 6 саат ошол форма менен жүрүш керек. 

— Сиздерде көп кесиптештериңер ооруп калбадыбы, аларды да караганга моралдык жактан татаал болгон жокбу? Алардын ордунда биз да болуп калышыбыз мүмкүн деген ой кетпедиби? 

Моралдык жактан оор эле болот экен. Өзүңдүн жакын кесиптештериң эле кыйналып ооруп жатса, алардын ордунда биз деле ооруп калышыбыз мүмкүн деп ойлондум албетте, бирок болбой эле коёлу. Моралдык жактан өтө эле татаал. Кесиптештерди болушунча жакшы дарылап, айыктырганга аракет кылуудабыз. 

— Тамактануу жагы кандай болуп жатат? Оорукананын эле тамагы менен тамактанып жатасыздарбы, же алардан сырткары дагы витаминдүү рациондор барбы? 

Тамак жагы баары эле жакшы, ооруканада деле жакшы тамак берип жатышты. Андан тышкары, тааныштар бар, ыктыярчылар деле алып келип жатышат. Баары эле жетиштүү. 

— Коргоочу каражаттары жетишсиз деп айтып жатышкан, бирок сиздер алдыңкы оорукана болгон үчүн баары эле жетиштүү болуш керек, же кем-карчыңар да барбы? 

Баары эле жетиштүү, улам-улам бизге толуктап алып келип берип жатышат. Биздин ооруканага ооругандар, алар менен байланыш кургандар жаткандан кийин баарын болушунча идеалдуу кылганга аракет кылуудабыз. 

— Кээ бир ооругандар айыгып чыккандар айтып жатат, бизге асма ийне койгон жок, биз жөн эле жаттык депчи. Негизи, сиз ошол коронавирус менен ооругандарды сакайтып жатасыз да, кантип дарылап жатасыңар? 

Мен ошентип айткан бейтаптарды түшүнө албай койдум, алар ойлойт окшойт, ооруканага жатса эле ийне сайып, клизма коюп калышат депчи, андан көрө жыргабайбы, абалы начарлап кеткен жок, иммунитет жакшы экен, жеңил форма менен эле өтүп кетип жатат деп сүйүнгөндүн ордуна, бизге кайра жаман айтышат. Биздин максат – бул вирус инфекция болуп жатпайбы өпкөнү жабыркатат, оор формасына жеткирбей, бейтапты жеңил кезинде эле айыктыруу болууда. Дене табын акырындап түшүрүп, сатурациясын карап турабыз. Өнөкөт оорулары барлардын баарын кылдат көзөмөлдөйбүз. Эң негизги ишибиз – бейтапты реанимациялык абалга жеткирбей жакшы кароо. Оңой эле ооруп, дарыланбай чыгып кеткендер иммунитетим жакшы экен деп сүйүнүшү керек, кайра догдурларды күнөөлөбөй. 

— Дарылоонун өзгөчөлүктөрү эмнеде? Эмнеден кыйналып жатасыз? 

Негизи дарылоо кадимки сасык тумоодон көп деле айырмаланбайт экен. Болгону оору күчөп кетип, өпкө жабыркаса гана кыйналып калуудабыз. Башында көп деле жөтөлбөй, бейтап дене табы көтөрүлбөй жүрө берет. Ооругандан кийин 5-6-күнү абалы кескин начарлап, рентген тартсак, өпкөсү өтө жабыркаган болуп чыгууда. Ал эми сасык тумоо менен гриппте температура дароо чыгып, биринчи күндөн эле адам кыйналат эмеспи. Бул вируста адамдын шайы ооп, жөтөл кичине эле болот. Анан бейтаптар аябай тердеп жатышат. Көбүнчө белгилери жок эле ооруп айыгышууда. Ошол үчүн ооруканага келгендердин баарын кылдат текшерип жатабыз. Белгиси билинбегендердин өпкөсү пневмония болуп кеткен учурлар да болууда. 

— Ошонусу менен коркунучтуу турбайбы, билинбей эле күчөп кете бергени сиздердин ишти татаалдаштырып жатабы? 

Ооба. Анан коркунучтун дагы бир себеби, тигил жеңил формадагылар айланадагыларга өтө кооптуу болот. Булар өздөрү билбей эле ооруну таркатып жүрө беришет. Башкаларга жуктуруп, алсыз адамдарга олуттуу кооптуу жагдай түзүлүп жатат. Ошого адам оорунун белгилери билинсе, өзү эле үйдөн чыкпай, 14 күн эң аз дегенде карантинде болуп, 2 жолу ПЦР анализ тапшырса жакшы. Эл аны түшүнбөй жатпайбы. Негизи мунун баарын ар бир адам ойлонушу керек эле. 

— Бул оору күчөп, массалык түрдө оор бейтаптар болот деген коркунуч барбы? Кандай кылуу керек анда

Ушундан ары көбөйбөсө экен деп эле ойлоп жатабыз. Азыр эми биздин медицина жетишип жатат. Эми мындан ары бейтаптар көбөйүп кетсе, жардамга дагы кошумча күч чакырууга туура келет. Азыр бизге чалышып, айрым кесиптештер жардам керекпи, жокпу деп сурап жатышат. 

— Демек оору азаят деген ой менен иштеп жатасыздарбы?

Ооба. Кудайым буйруса, азаят го. 

— Сизди үйдөгү үй-бүлөңүз, эмне жоголуп кеттиң, үйгө кел, сен жок эмне кылабыз деп жатышкан жокпу? Сагындыңызбы? 

Мен негизи үйдөн чыгып жатканда эле баарына көптө келеримди айткам. Кызым эле кичине чырдап жатат. Азыр кызым 11де да. Интернеттен ачып, ар түрдүү жаңылыктарды окуп алып, “атам өлүп калышы мүмкүн экен” деп катуу коркуп жатыптыр. Күнүгө телефон чалып, айтып, жооткотуп жатам. Кызым мага келгиси келгенин айтат. Мен кой деп токтотуп, бир аз чыдап тур деп, жакында барам деп жубатуудамын. Макул болуп күтүп олтурат. 

— Сиз азыр бир ай иштеп чыгасызбы же ишиңиз уланабы? Качан үйгө барасыз?

Карантин бүткөндөн кийин, ооругандарды айыктырып өзүм деле обсервацияга жатып, анан баары жакшы болду дегенде үйгө барабыз. 

— Сиздерге жардам берип жаткан медайымдар, санитарлар бар да. Мен билем, сиз дайыма аларга жакшы мамиле кыласыз, анан билейин дегем, алар кызыл зонага киргенде дарыгерлердей эле болуп коргонуп киришеби, же кандай?

Баардыгы бирдей, эч ким даражасына карап бөлүнбөйт. Баарыбыз коопсуздук эрежелерин толук аткарабыз. Биз кийинип жатканда сөзсүз түрдө бир адам бизди текшерип, карап турат. 

— Сиздерге кошумча акы төлөнөт деп айтылып жатат, ошол чынбы? Же азыр мурдагы эле айлык акыга иштеп жатасыңарбы?

Кошумча бере элек, бирок биринчи айда 9 000 сом айлыкка кошуп беришти.  Өзүбүздүн айлыгыбызга караганда көбүрөөк эле болду. Эми калган маянабыз кандай болору убакыт өткөндөн кийин билинет го. Азыр бизде, бардыгыбыз эле акчаны эмес, аман-эсен ушул пандемия бүтсө, анан үйүбүзгө кайтсак деп иштеп жатабыз. Акча жөнүндө сөз болгону менен азырынча кошумча акыны ойлонбой же сурабай эле турабыз.