Пандемия маалындагы адамдардын абалы

Карантинде ачкалыктан кыйналгандар

Страдающие от голода во время карантина

“Радио Азаттык” сүрөтү (azattyk.kg)

  • Карантинде ачкалыктан кыйналгандар

Пандемиядан улам карантинге жабылган өлкөдө ачкалыктан, азык-түлүккө жетпеген социалдык катмар да болду. Аларга бийлик, ыктыярчылар, кайрымдуулук уюмдары жардам беришип, азык-түлүк баштыктарын таркатышты. Каатчылыктан жабыркаган айрым адамдардын баяндары бул бөлүктө камтылды. 

“Биз Ак-Жар конушунда биринчи көчө, 7-үйдө батирде турабыз. Азыр тамак-ашыбыз калган жок. Ошол себептен силерден жардам сурап кайрылып жатабыз. Айыл өкмөтүнө барсак, эч кандай натыйжа чыкпады. Биздин конуш Свердловск районуна карайт. Сураныч, азык-түлүктөн жардам бериңиздер”. 

“Менин атым Нурзида Ибрагимова, Ак-Жар конушунда турам, бир кызым бар, күйөөм азыр иштебей калды, өзүмдө да жумуш жок, тамак-аштан жардамга муктажбыз. Батирде турабыз, сураныч, жардам бериңиздер” 

“Бул жакта батирде жашагандар аябай көп, менин атым Назгүл Ашырбаева, үч балам бар, бизге деле жардам берип койсоңуздар жакшы болот эле, дарегим: Ак-Жар конушу, 6-үй.

Ак-Жар конушунун 1-көчөсүнүн 12-үйүндө жашайм, атым Адина Маматова, бизде азык-түлүк калбай калды, жардам берип коюңуздар.

Менин атым Кенжебүбү Айтакунова, Ак-Жар конушу, 1-көчө, 21-үйдө батирде турабыз, төрт балам, жолдошум болуп алтообуз жашайбыз. Биз да жардамга муктажбыз. Күнүмдүк эле иште иштеп эптеп жан бакчубуз. Азыр батирдин да акчасын доолап жатышат, айыл өкмөтү 16 кило ун берген, ал да түгөндү. Жегенге тамак-аш жок, эмне кылабыз?”