Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Кубаныч Сыдыков, Магнитогорск шаарындагы кыргызстандык хирург, дарыгер, коронавирус менен күрөшүп жүрүп, оору жуктуруп алган

photo5799698080608660155
  • Кубаныч Сыдыков
  • Магнитогорск шаарындагы кыргызстандык хирург, дарыгер, коронавирус менен күрөшүп жүрүп, оору жуктуруп алган

“Коронавирус жана мен…

Негизи эле эркектер ГРИПП болуп ооруп калсак же дене табыбыз 37,5*С ге көтөрүлүп калса болду, төшөккө жатып калабыз. Мен деле кичинемден бери ошондой…

Бул жолу 14-сентябрь кадимкидей жумушка барып, түнкү күзөттө дагы иштеп, таң атканда чыйрыккансып баштадым. Күндүз дагы экиге чейин башка ооруканада иштешим керек эле, ал жакка бардым. Чыйрыкканым жоголуп, өзүмдү биртке жакшы сезип, 10до операцияга кирдим. Операция учурунда чыйрыкканым күчөп, муундарым ооруп, шалдырап жаттым. Операция бүттү, кесиптештерге түшүндүрүп, ковидге “антитела” тапшырып үйгө кеттим. Түнү менен чыйрыгып, кыйналдым. Оюмда, эгер ковид болсо жоопкерчилиги жок адам экем, колуктум жана уулдарыма дагы жугуздум, кантсем экен деп, өзүмдү жемелеп жаттым. Айткандай эле колуктум, улуу уулум дене табы көтөрүлүп ооруп башташты…

    Үч күндөн кийин жумуштагы бөлүм башчыга чалып компьютердик томографияга түштүм, 50% өпкө жабыркаптыр, анализ дагы ковидди тастыктады, ооруканага жатуу керек. Колуктум “жакшымын, дене табым ордуна келди, балдар дагы жакшы” деген сөзү менен келип ооруканага жаттым. Эртеси көңүлүм көтөрүлүп, өзүмдү жакшы сезип, колуктума чалып “кел, томография кылалы сени, мен чыга берем дарыларды үйдөн алам” деп жоотконсудум, анан дагы  колуктумдун көзүнөн мурунку күндөргө караганда кыйла жакшы болуп калганын байкадым. Дарыларды ичип, балдарга да бергенин, жакшы болуп калганын угуп көңүлүм тынчыды…

   “Кубаныч, сага ковид менен ооруган кишинин плазмасын куюш керек” деген бөлүм башчынын сөзү, доктур болуп түшүнүп турсам да көңүлүмө жакпады. Кандагы кислороддун көрсөткүчү ылдыйлап, кислороддон алыстагым келбей баштады, турсам башым айланат,  көзүм караңгылашат. Заарам азайды.  “Үч балаң бар, колуктуңа кантип түшүндүрөм?..” деген бөлүм башчынын сөзү, бир балээни туюндургандай болду… “плазмага да макулмун, реанимацияга да которулам” деп, баарына көндүм. Наркоз…ооз аркылуу кекиртекке түтүкчө (интубация)… кекиртекти тешип коюлган түтүкчө (трахеостома)… иши кылып биринчи жолу ооруканага жатып, баардык кырдаалды башыман өткөрдүм. Өзүмдүн иммундук системам, өзүмө каршы иштеп баштады (цитокиновый шторм). Өпкөмдүн 95 пайызы жабыркаганын билдим.  Наркоз учурунда кыймыл гана жок, көзүм жумулуу, бирок кулагым баарын угуп, оорунун баарын сезип жаттым. Врачтардын мен жөнүндө сүйлөшкөнүн, инимди коллега агам реанимацияга алып кирип, эмне сөз сүйлөгөндөрүн угуп жаттым.

   Өзүмө келип, кыймыл жакшы болуп калганда, медайымдардан китеп сурап, китеп окудум. 10 күн жаткан реанимациядагы убакыт 10 кылымдай жай өтүп жатты…

Ооруканада жатканым толук бир ай болгондо, врачтарды кыйнап үйгө чыгып кеттим. Толук өзүмө келүүгө жарым жыл, балким бир жыл бар? Бирок, үйдө колуктум менен уулдарым өзүмө келүүгө чоң себепкер экенин сездим…

 Туура 2 жарым ай өттү, бүгүн биринчи күн түнкү күзөттөмүн. Дагы эле өзүмө толук келдим деп айтууга болбойт.  Ушундай сонун жана керемет жашоодон, адамдарды коронавирустай көзгө көрүнбөгөн зат эрте кетирип жиберет деп ойлобосок керек?..  Көзү өтүп кеткен адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Врачтар кээ бир оорулардын алдында алсыз, баары бир гана Кудайдын колунда!

Эмне үчүн жаздым, болгону этият болгула. “Сактансаң сактаармын” дейт…”