Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Кумар Эргешова, коомдук ишмер

Кумаркан Эргешова

(Кумаркан Эргешова, укук коргоочу. Сүрөт Кумаркан Эргешованын Фейсбук баракчасынан алынды)

  • Кумар Эргешова, коомдук ишмер

Августтун башында коронавирус болуп ооругандар Кыргызстанда 40 миң кишиден ашкан. Бирок алардын көбү ооруканага кайрылбай эле, үйүнөн дарылангандар да болду. Июлдагы катуу толкун учурунда абалы оор болуп, ооруканада дарыланып чыккандар реабилитацияны андан ары өз алдынча улантышты. 

Ооруп айыккандардын басымдуу бөлүгү шайы кетип, тердеп, айрыкча психологиялык жактан кыйналарын билдирип жатат. Эстутум начарлап, дем алууда кыйынчылыктар бир топко чейин улана берери айтылууда.

Активист Кумаркан Эргешова июль айында эки өпкөсү кагынып, катуу ооруп «Ганси» обсервациясына жатып чыккан. Ал азыр да калыбына келүү этабында экенин айтып, өзү туш болгон кыйынчылыктарды мындайча сүрөттөдү:

Июль айында башкалардай эле мен дагы коронавирус менен ооруп калдым. Үй-бүлөбүз менен оорудук, бирок меники өзгөчө катуу болду, себеби эки өпкөм тең катуу жабыркаптыр. Бул оору жукканда биринчи кезекте биз медициналык жардамды ала албай абдан кыйналдык. Ооруканалар кабыл албай, телефондорго жооп бербей жатышты. Өзүбүз каттоодо турган дарыгерге деле кайрылдык. Алар карантинге жабылып калган экен. Ооруп калганда кайсы дарыны кантип ичерибизди билбей, дарыгер издедик. Тааныш дарыгерлер аркылуу үйдөн эле дарыланып жаттык. Менин абалым күндөн күнгө кыйындай берди. Ошол маалда кудай жалгап күндүзгү стационар ачылып калды. Ошол жактан бир иреттен капельница (асма укол) алдым. Бирок абалым өтө оор болгон үчүн “Ганси” обсервациясына реанимация менен алып кетти. Бирок ал жактан да орун табыш өтө оор болду. Ал жактын башкы дарыгери Дилара Табылдиева менен Илияз деген жигиттин камкордугу менен ошолордун кийлигишүүсү менен гана араң орун табылып жаттым. Бул оору бизге эмнени көрсөттү? Буга чейин бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоого даярбыз деп убада берип келишкен. Алардын баары курулай сөз экенин көрсөттү. Негизи эле биздин медицинанын техникалык жактан алсыз экенин, анан дарыгерлердин өзүнүн да даярдыгы жок экенин көрсөттү. Эң эле оор нерсе, дарылоого кеткен чыгым аябай көп болду. Бардык дарыларды өзүбүз сатып алып жаттык, анан калса алар өтө кымбат болду. Маселен дексаметазонду июль айында 450 сомдон 650 сомго чейин бир даанасын сатып алып турдук. Берки гепарин менен клександын баасы, анын тартыштыгы эми элди азапка аябай салды. Мындай абал оорулууларды психологиялык жактан да аябай чөктүрөт экен. Мен жаткан корпуста шарттар да жок болду. Темир контейнерден жасалган имараттар экен. Жайдын ысыгында аба жетпей, аябай кыйналдык. Абалым ого бетер оорлоп, сатурациям да түшүп кетти. Дагы жакшы, мен өзүм Фейсбуктун активдүү колдонуучусумун, ошол Фейсбуктагы достордун жардамы менен Токмок шаарына которулуп кетип, ошол жактан дарыландым. Кудайга шүгүр, ошол жактан жакшынакай болуп сакайып чыктым. Андан кийинки чоң маселе реабилитация болду. Өзүңдү кантип калыбына келтиресиң, эмне кылыш керек, эмнеден башташ керек деген маселе турду. Себеби, бул дартка чалдыккандан кийин дагы бир жолу кайталап кетем, психологиялык оор абалда болот экенсиң. 

Туруп-туруп эле эмнеге, кайда баратканымды унутуп койчу болдум. Анан кишилердин аты эсимде жок, ким экенин билип турсам деле аттарын эстей албай калам. Ушунун баары эле оорунун кесепети го деп ойлоп жатам. Анан тез-тез алсырап эле чарчай берем. Кээде түшкө чейин жакшы болуп туруп эле түштөн кийин алсырап калам. Мындай абалга адам алдырбашы керек экен. Аффирмация деген бар го, ар дайым жакшы нерселерди ойлонуп, депрессияга чөкпөш керек деген тыянак чыгардым.

Жакшы нерселерди эстеп, балким балдарга байланыштуу жакшы эскерүүлөрдү ойлоп, маанайымды жакшы нукка бурганга аракет кылып жатам. Болбосо депрессияга катуу чөгүп кетип, балдарымды ал тургай жактырбай, кабагым карыш болуп эле кыйнала бердим. Мурда дегеле антчү эмесмин да. Өз алдымча көнүгүүлөрдү жасап, дарыгердин айтканын так аткарыш керек. Анан кээ бири «ичкилик ичип алаксыса болот» дейт, бул туура эмес. Ичкилик кайра психологияны да, саламаттыкты да талкалап коёт. Туура тамактанып, дарыгер айткандай режимди сакташ керек. Менин айыгуума жардам берген бардык адамдарга башымды ийип таазим кылам”.