
(Марлен Беделбаев, дарыгер-реаниматолог, сүрөт Беделбаевдин жеке архивине таандык)
- Марлен Беделбаев
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аспиранты. Анестезиолог-реаниматолог, Жалал-Абад облусуна өз эрки менен барып иштеген ыктыярчы-дарыгер.
— Марлен, балким сиз Би-Би-Си сыяктуу эл аралык массалык маалымат каражаттарына чыгып жаткан башка өлкөлөрдүн дарыгерлеринин интервьюларын окуп жатасыз? Кызыл зонага кантип кирип, ал жактан өзүңөрдү кандай сезип жатасыңар? Азыр карантиндесизби? Кандайсыз?
— Ооба, биз 14 күн иштегенден кийин азыр карантинге чыгып, 15инде (майдын) эртең менен карантинге чыгып, обсервацияда жатабыз. Мунун баары министрликтин буйругу менен болот, негизи 14 күн кызыл зонада иштеп, 14 күн карантинде отурабыз.
— Өзүңүз кандайсыз? Силердин облуста оору жуктургандар көп деп жатышат. Медиктерге оору жуккан жокпу?
— Баары жакшы, 22 дарыгердин баары азыр абалдары жакшы, карантиндебиз. Жалал-Абаддагы менчик клиниканын ичинде изоляцияда жатабыз. Бизге бул жайды бекер беришти, шарттары, тамактары аябай жакшы.
— Кызыл зонадагы күнүңөр кандай болду? Күн тартиби тууралуу айтып бере аласызбы?
— Биздин иш күнүбүз адатта саат жетиде башталат. Туруп, тамак ичип алып, саат сегизде кызыл зонага барабыз. Кызыл зонага киргиче биз таза зонада болуп турабыз. Ал жакта биздин коргоочу каражаттарды даярдашат. Ар бир каражатка аттарыбыз кыскартылып жазылган. Бет каптарды кийип, үстүнөн көз айнек тагынып, желим өтүктү киебиз. Саат сегизде оору жуктургандар жаткан кызыл зонага киришибиз керек. Пунктка барганыңда түнкү нөөмөттүн догдуру бейтаптардын тизмесин берип, түн кандай өткөнү тууралуу кыскача отчет айтат. Нөөмөттү өткөрүп алып, ар бир бейтаптын абалы менен таанышып чыгамын. Алардын дем алуусун угуп, текшерип, ар бирине 15 мүнөттөн убакыт бөлөбүз. Андан соң 3 дарыгер дагы кирип, 49 оорулууну үчкө бөлүп алып, карап баштайбыз. Мага балдар туура келет. Вирус жуктурган ымыркайдан тарта 17 жашка чейинкилерге мен жооптуумун. Андан соң ординаторлордун бөлмөсүнө отуруп алып, ар бир бейтаптын оору баянын жазып чыгабыз. Кандай анализ керек экенин тактап, медайымдарга тапшырма беребиз. Мунун баарына 2 сааттай убакыт кетет. 2 саат бою дары-дармектерди канча дозада сайыш керек. эмне кылыш керек, баарын жазып, бейтаптардын суроолоруна жооп беребиз.
— Жеке коргоочу каражаттар, же СИЗдер толук тумчуланган да. Сиз иштеп жатканда кыйналган жоксузбу? Маселен суу ичип, же дааратканага барыш керек болуп калса, же бейтапты кармап текшерүүдө ыңгайсыз эмеспи?
— Бизде эреже бар, кызыл зонага кирердин алдында 15 мүнөт мурда бир нерсе ичип, тамак жегенге болбойт. Таңкы саат жетиде кичине тамактанып алчумун. Күндүз төрттөрдө чыкканда гана тамактанабыз. 8 саат кызыл зонада дааратканага барбай, суу ичпей иштеш керек.
— Аябай кыйналып, кызыл зонага киргиңиз келбей, кыйналган учуруңуз болду беле? Эмоционалдык жактан күйүп, жок болуп бара жаткандай болдуңузбу?
— Менде жеке мындай абал болгон жок. Билбейм, бейтаптар менен биздин бригада өтө жеңил тил табышты. Албетте, өзүмдү мактагым келбейт, ошентсе да биз ар бир бейтапка көңүл буруп, туура тамактануусу, жеке гигиенасы жана дарылануусун тынбай айтып берип турдук. Кызыл зонада убакыт өтө тез өтчү. Биринчи оорулуулардын баарын кыдырып чыкчубуз, андан кийин аларды дарылоо. Кийинки күнү кандай кылабыз, баарын аныктап алгыча эле нөөмөтүбүз аяктап калчу. Кийинки күнү кайра анализдерди карап, ПЦР-тесттерди салыштырып, кээ бирин рентгенге тартып, айтор алар 12 күн жатып чыккыча убакыт өтө тез өтчү.
— Иш көп болгондуктан өзүңөрдү унутуп койчу белеңер?
— Ооба, кечке чейин ушинтип айлампада жүргөндөй эле болчубуз. Кечинде абалы оорлорду, жаңы келип түшкөндөрдү карап чыккыча эле бир нече саат өтүп кетет. Бош убактыбыз такыр болчу эмес.
— Азыркы тапта социалдык тармактарда медиктерди коргоп чыккандар көбөйдү. Оору жуккандардын 134ү да дарыгерлер менен медайымдар болууда (май, 2020). Силердин ооруканада да медиктердин арасында оору жуккандар бар деп жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги болсо алар ооруну атайылап жуктургансып, же алдап жаткандай мамиле кылууда. Буга эмне дейсиз?
— Мен иштеген ооруканада дарыгерлерге жаман мамиле, бөлүп жаруу жок. Бейтаптардан оору жуктурган деле жокпуз. Баарына бирдей эле мамиле жасап жатабыз. Башка облустарда же ооруканаларда абал кандай билбейт экем. Бирок бизге сый-урмат менен эле мамиле жасап, колдоо көрсөтүшүүдө. Бизди эч ким деле кемсинткен жок.
— Сиз бул кызыл зонага ыктыярчы катары келдиңиз да, үйдөгүлөр эмне дешти? Кантип макул болушту? Эмнеге ыктыярчы болдуңуз?
— Үйдөгүлөр мен 2013-жылдан бери эле жугуштуу оорулардын ооруканаларында иштеп жүргөнүмө көнүп калышкан. Ошол жылдары кызамык эпидемия болгон эле. Себеби көптөр эмдөөдөн баш тартып, оору 2015-16-жылдары айрыкча күчөп кеткен. Биз жугуштуу оорулардын ооруканасында ошондо иштегенбиз. Ушундан улам жакындарым менин ишиме көнүп калышкан. Башында ачууланышып, уруксат бергилери келбей кыйналышчу. Кызамык абдан коркунучтуу оору да. Ал иммунитетти 3-4 айга чейин өлтүрөт, негизи эле инфекциялардын баары эле кооптуу. Жакындарым өзүңдү кара деп жатышат. Эми бул менин жумушум да.
— Карантинден чыккандан кийин эмне кыласыз?
— Кайра эле иштегени барам. Себеби, 2-толкун катуу башталат деп жатышат. Силер деле окуп жатсаңар керек, бизде пандемия азыр дагы толук кандуу баштала элек. 24-25-майларда экинчи толкун болуп, оору күчөйт деп жатышат го. Мен, кесиптешим реаниматолог-дарыгер экөөбуз кайра эле иштегени кызыл зонага барабыз. Кесиптешимдин бала-чакасы бар, ал аларды аябай сагынууда. Бирок биз команда катары бири-бирибизди таштап кете албайбыз. Керек болсо баарыбыз калып иштегенге даярбыз.
— Сыртка чыгып, ээн эркин эс алгыңыз келген жокпу? Балким тоого, шишкебекке барып дегендей?
— Бизге бул жакка баарын алып келип берип жатышат. Палоонун эле бир нече түрүн жедим. Тамакка эч кандай нааразы эмесмин. Карантинде, палатада 1-2ден киши жатабыз. Душ, телевизор, акысыз интернетибиз бар. Баары жетиштүү. Бирок, башка оорукана, облусттарды билбейм. Биз баарына ыраазыбыз.
— Сиз бейтаптарды текшергенде СИЗ костюмдар менен иштөө канчалык ыңгайлуу? Бейтаптардын дене табын кантип текшерип, кантип көрөсүз аларды? Кыйын эмеспи?
— Биз негизи февралдан бери эле иштеп жатабыз. Себеби, Манас аба майданынын жанында Бишкекте обсервация бар го. Ошол жакка февралдан тарта эле каттап турдук. Январда эле даярдыктарды баштаганбыз. Студенттер менен чогуу кесиптештердин баары СИЗ кийимдерди кийгенди үйрөнүп, кызыл зонадагы, обсервациядагы кесиптештерди карадык. Ал маалда бир да бейтап жок болчу. Ухан шаарынан биринчи студенттер келгенде гана кооптонуу башталды. Алгач Кытай, андан кийин башка өлкөлөргө жайылганда чочулай баштадык. Биз Жалал-Абадга келгенде баарын билчүбүз. Кулак менен бейтаптын дем алуусун тыңшоо кыйын болуп жатат. Бирок, биз бул проблеманы да чечип, календоскопту СИЗ кийимдин ичинен тагып алганды үйрөндүк. Ошондой эле бейтаптарды коркутпай текшерүүлөрдү оңой аткарып жатабыз.
— Сиз өзү өтө позитивдүү адам экенсиз, бирок азыр медиктердин көбү СИЗ жетишсиз, медиктер корголбой жатат деп жатышпайбы. Силерде абал кандай?
— Баары жайында, баары жетиштүү. Бизге чынын айтсам башка командалардан чалышып, сурашып, таң калып жатышат. Өзүмдүн командама аябай ыраазымын. Баарын үйрөтүп, үйрөнүп жатабыз. Коргонуучу каражаттарды кийип, чечүүнүн ыкмаларын үйрөндүк. Ал тургай кооптуу кырдаал болуп калса деп, ар түрдүү сценарийлерди да кылып көрдүк. Көз айнегибиз бууланып, дааратканага баргыбыз келсе, же костюм тытылып, кесилип кетсе не кыларыбызды ийне жибине чейин иштеп чыктык. Кызыл зонада таза зона менен байланышуу үчүн атайын жумушчу телефон бар. Айрым мейдайымдар көз айнеги бууланып, дааратканага баргысы келип, ал тургай этек кири келип калса да бизге айтып жатышты. Мындай абалда аларга жардам берип, таза зонага чыгып кетүүсүн шарттап турдук. Биз аябай ынтымактуу иштеп жатабыз. Кээ бир ооруканаларда дарыгерлер өздөрү кийимин тазалап, кийгенге коргонуучу каражат жок болуп калды деп уктук. Бизде баары бар. Медайымдар хирургдарды кийинткендей эле бизге 8 кабат марли беткап тагышат.
— Мен сизди үйүнө кеткиси келдиби деп ойлодум эле да. Дагы деле иштегиңиз келип жатканы таң калтырды.
— Иштегим деле келген жок, бирок кооптуу абал болсо, кайра эле ишке чыгам. Абал жакшы болсо албетте, эс алганга не жетсин. Бирок азыр иш көп.
— Маянаңар эмне болду? Көбөйдүбү?
— Айлыкты банктык эсептерибизге которобуз деп айтышкан, азырынча кызыл зонада иштеп жаткандыктан, акчага муктаждык деле жок болууда. Биз бул жакка өз эркибиз менен келгендиктен, акча тууралуу сөз деле кыла элекпиз. Баары эле чалып сурап, аябай көп суммадагы акча алдыңарбы деп сурап жатышат. Эгер бийлик төлөйбүз десе, төлөйт да. Болбосо мен көп деле акчаны ойлогон жокмун. Биз бул жакка иштегени келгенбиз. Бардык шарттар түзүлгөн, тамак-аш бекер, интернет акысыз. Эч нерсеге акчанын деле кереги жок. Башкаларды билбейм, бирок мен акча тууралуу көп деле ойлонгон жокмун. Ошентсе да мага бир нерсе жакпай жатса, дароо эле айтам, бул жагынан өтө принципиалдуу элемин.
— Бетиңерге так түшүп, жооруп кеткен учурлар болдубу?
— Ооба, айрыкча бутум ырбап, бутумду желим өтүк өйкөгөн учурлар болду. Негизи бут кийимди же беткапты туура тагынып, баарын эрежесине ылайык кылса көп деле жабыркабайт экенсиң.