
“Радио Азаттык” сүрөтү (azattyk.kg)
- Мигранттар
Май, 2020-жыл
Орусияда карантинде калган студенттердин, алардын ата-энелеринин, өлкөгө келе албай жаткан мигранттардын кайрылуулары
Мадина Уланова, Орусиядагы Элиста шаарындагы студент:
“Мен Орусия Федерациясынын Элиста шаарындагы Басан Городовиков атындагы Калмыкиянын мамлекеттик университетинде окуймун. Бул жактагы 55 студенттин атынан кайрылып жатамын. Эки айдан бери карантинде жатабыз, жатаканадан сыртка чыккан жокпуз. Окуу жайдан мекенге кеткенге эчак эле уруксат берилген. Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине да кат жолдодук эле жооп ала элекпиз. Баарыбыздын акчабыз жок калды, биздин арабызда иштеп, окугандар да бар эле, карантинден улам иштей албай да калдык. Кээ бири стипендия алса, айрымдарына берилбейт. Өкмөт тараптан кандайдыр бир аракет болобу? Биздин кайрылуубузду жогору жакка жеткирип коёсуздарбы?”
Пенза университетинде окуган кыргызстандык 200дөй студенттин атынан кайрылган жигит:
“Мен Пенза мамлекеттик университетинин студентимин. Бир нече кыргызстандык студент карантиндин айынан мекенге кайта албай жатабыз. 17-майдагы Москва – Бишкек каттамына илинүү үчүн элчиликке кайрылганыбыз менен майнап чыккан жок. Анткени бардык орундар брондолуп калыптыр. Стипендия, маянабыз жок, акчадан аябай кыйналдык. Бизди тез арада мекенге кайтарууга жардам берип коёсуздарбы. Коронавирус маалында Пензада калган кыргызстандык студенттердин социалдык абалы да өтө оор болуп жатат””
Элиста шаарындагы студенттердин ата-энелери
”Биздин балдарыбыз Орусиянын Элиста шаарында окуп жүрүшкөн, Ысык-Көлдөн 53, Чүйдөн 2 бала бар. Алар азыр абдан кыйналып жатышат. Аларды алып келүү өтүнүчү менен бардык тийиштүү органдарга, элчиликке кайрылсак деле жооп болбой жатат. Студенттер эки айдан бери кыйналышты. Ошого сиздерден жардам сурап жатабыз. Үнүбүздү бийликке жеткирип коёсуңарбы.”
Кыргыз өкмөтү мигранттардын апрель, май айларындагы кайрылууларынан кийин Орусиядан атайын чартердик каттамдарды уюштуруп, бир нечесин алып келди. Ага чейин Кыргызстанга кайта албай кыйналгандар Москвадагы айрым аэропорттордо түнөгөн учурлар да болду. Айрым мигранттар автобус менен жолго чыгышып, Казакстан, Орусиянын чек араларынан өтө албай талаага түнөгөн учурлар катталды.
Май айынын башы, 2020-жыл чартердик рейске нааразы болгон мигранттар
“Жигиттер кетип, аялдар калышты”
Атын атагысы келбеген мигрант:
“Москвадагы мигранттарга жумасына бир ирет чартердик каттам уюштуруп койгону жакшы болду. Ага ыраазыбыз. Бирок элчилик ошол каттамдарга тизме түзүүдө туура эмес иштерди кылып жатат. Ал тургай “тааныш-билиш, дос-туугандарын коррупция менен тизмеге киргизип жатат” деп да угуп жатабыз. Бул жактан колунда баласы барлар, кош бойлуу келиндер кетпей эле кырчындай болгон күүлүү-күчтүү жигиттерди кетирип жатышат. Бала менен азыр карантиндеги Москвада жашоо өтө кыйын. Бизди азыр ишке албайт. Балалууларды батирге да киргизишпейт, анын үстүнө акчабыз да жок калды. Ушул тизмени адилеттүү түзүү маселесине жардам берип коюңуздарчы”.
Москвада балдары калып калган Алтынай Орозалиева:
“Мен өзүм да Казакстанда эмгек миграциясында жүргөм, карантин башталганда кайтайын десем, мени да ал жактан айлыгымды бербей алдап кетишти. Эптеп элчиликке кайрылып жатып, чек арадан өтүп, Кыргызстанга келип, обсервацияда үч күн жатып, үйгө барсам, күйөөмдүн буту шишип кетиптир. Ооруканага кайрыла албай убара болуп жатсак, жүрөк талмасы кармап, реанимацияга түшүп калды. Менин эки уулум бар, экөө тең келиним менен кошо Москвада миграцияда, күйөөм Чернобыль авариясына катышкан ардагер. Азыр абалы оор болуп жатат. Уулдарымдын мекенге кайтуусуна жардам берип коёсуздарбы. Москвада жашаганга акчасы жок, жумушсуз калышты. Анан калса күйөөмө операция керек эле. Ошого балдарым да уруксат бериши керек да”.
Чек арадан кире албай калган эне
Мырзахид Ташматов, Жалал-Абад облусунун Ноокен айылынын тургуну:
“Аялым Өзбекстандын атуулу, мен Кыргызстандын жаранымын. Марттын ортосунда кайнатам кайтыш болуп барган эле. Анан эле карантин башталып кетип, ошол жактан келе албай калды. Үч балам бар, улуу балам 2-топтогу майып, 16 жашта. Аны мен өзүм жалгыз карай албай жатам. Азыр Өзбекстандын атуулдарын бул жакка өткөрбөйт турбайбы, бирок биз нике күбөлүгүн Кыргызстандан алган элек. Эми баламды ооруканага жаткырыш керек эле, аялым жок кантип жаткырам?”
*****
Чартердик рейс менен келген мигранттарды Кыргыз өкмөтү Манас эл аралык аэропортуна жакын АКШнын мурдагы аскердик “Ганси” базасында уюштурулган “Семетей” обсервациясына жана “Ак-Кеме” мейманканасына жайгаштырышкан. Бирок мигранттар обсервациялардагы шартка нааразы болуп, аларды карантинден чыгарууну талап кылышып, май айында каршылык көрсөтүштү.
“Манас” эл аралык аба майданындагы обсервацияда жаткан 16 адамдын атынан кайрылуу келди. Файзулла Махмудов 20-майга караган түнү алар сыртка отуруп алышып, каршылык көрсөтүшкөнүн айтат. Орусиядан кайткан, коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон 16 киши азыр аба майданындагы обсервацияда жатышат:
“Азыр Кадыр түндө биз минтип көчөдө отурабыз. Орусиядан келген 542 кишинин 16сы калдык. Биз обсервацияга макул болбой, көчөгө отуруп алып түндү өткөрүп жатабыз. Арабызда кош бойлуу аял, Москвага ооруп барып, операция боло албай келген келин бар. Булар айткан шарттарга макул эмеспиз. Бизге Жороев деген жетекчиси келип, ар бирибизге бирден бөлмө берели, анализиңер чыккыча сыртыңардан камап коёбуз, чыкпагыла деп кетти. Дагы 14 күн жатасыңар деп жатышат. Биз буга чейин эки ирет анализ тапшырдык, экөөндө тең вирус жок деп чыкты. Туура чара көрсөңөр, биз деле өз үйүбүзгө барып, карантинде чыкпай жатат элек да”.
Орусиядагы энелердин кайрылуусу
Апрель, май, 2020-жыл
“Менин атым Бактыгүл. Орусиядан 2 жашар балам менен Кыргызстанга кете албай жатам. Айылда карыган кайната, кайненем бар. Жолдошум, уулум менен бул жакка мартта келип, кайра кете албай калдык. Айылда дагы төрт балам бар. Алар карантинде үйдө отуруп калып, карыган ата-энебиз аларга Интернеттен сабак окута албай, абдан кыйналып жатышыптыр. Колдон келсе эптеп мекенибизге, балдарыбыздын жанына жетип алганга жардам берип койгулачы. Ата-энебизди кыйнабай, балдарыбызды өзүбүз окутуп, үй тапшырмаларын текшерсек жакшы болот эле. Жумушубуз да токтоп, каттообуз да бүтүп калды. Бул жакта ооруп калсак кантебиз? Себеби камсыздандырган полисибиз да жок.”
Атын атабаган аял
“Урматтуу бийлик, Москвадагы мигранттарды тез арада алып кетишиңерди өтүнөбүз. Мен алты айлык кош бойлуумун, ондогон кыргыз мигранттар жумушсуз бир айдан бери бир бөлмөлүү батирде тыгылып жатабыз. Бул жакта оору күчөп жатат, аны жугузуп алышыбыз ыктымал. Бизди дени сак кезде алып кетүүңөрдү суранабыз, эмнеге биздин үнүбүз силерге жетпейт? Биз кыйналып кеттик, бир аптадан кийин жатакананын акчасын төлөшүбүз керек, тамак-ашка акча жок. Кош бойлуулардан мен билгендерден эле 5-6 аял бар. Балалуу аялдар да көп. Азыр өткөрмө жок көчөгө да чыга албайбыз. Кетет элек деп жалдырап жатабыз. Өз мекенибизге барсак, корообузда ээн-эркин басат элек, тезирээк алып кеткиле, болбосо чек араны ачкыла, биз машине менен баралы”.
“Мен Москвадан жазып жатам, күйөөм Кыргызстанга кайнатамдын тажиясына кетип, ошол бойдон келе албай калды. Москвада азыр жалгызмын, 12-майда батир акым бүтөт, беш айлык боюмда бар, учак болсо билетти өзүм сатып алат элем. Тамак-аш алганга да акчам калбай калды, сураныч, жардам бергиле”.
“Менин фамилиям Жумашева, Москвадамын. Бул жакта жашоо азыр аябай кыйын болуп калды. Өкмөт билети барларды эле алып кетип жатыптыр. Биз кантебиз? Бизди таштап салышабы?”
Бул кайрылуулардын баары коронавирус оорусу өлкөдө көп санда күчөй электе, өлкө карантинде турган маалда келди. Андан соң мигранттар июль, август айларынан тарта кайра Орусияга кетет элек деп чалып жатышты…
56 жаштагы Гүлүмкан эки жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында кары кишини карап иштечү. Коронавируска байланыштуу жумуштан чыгып калган кыргызстандык мигрант аялдын учурда туруктуу жашай турган жери жок. Оор стресс абалдагы аял бутунун сөөктөрү сыздап оорутуп жатканын, бирок ооруканага барганга каражаты жетпей турганын айтып кейиди:
«Азыр түнү менен бутумдун сөөктөрү сыздап уктатпайт. Стресстенби, билбейм, жүрөгүм да ооруп кармап жатат. Ооруканага барайын десем көчөгө чыкканга болбойт. Акчам да жок кыйналып отурам».
Түркиядан Кыргызстанга аба каттамдары 20-мартта токтогон. Анкарадагы элчиликтин түзгөн тизмесине ылайык, 24-мартта Анталия-Бишкек атайын чартердик рейси аркылуу 197 жаран Кыргызстанга кайткан. Элчиликтин 4-апрелдеги маалыматында дагы 335 кыргызстандык Түркиядан Кыргызстанга кайтыш үчүн тизмеде турганы айтылган.
(Сүрөттө Түркиянын аэропортунан Кыргызстанга кете албай жаткан кыргызстандыктар, сүрөт “Азаттык” радиосунун веб сайтынан алынды)
Түркияда учурда оор абалда калган мигранттар күн сайын көбөйүүдө. Кыргызстанга кайтууну каалаган мигранттар гана эмес, Түркияга дарыланууга келген бейтаптар да ара жолдо калышкан. Алардын бири, 27 жаштагы Мээрим ооруканага келип, кайра кайта албай калган. Беш айлык боюнда бар келин учурда жашаганга каражаты азайып, абалы оорлоп баратканын моюнга алды:
«Мен ооруганга чыдабай УДИге бардым. Барсам «бөйрөгүң балаң чоңойгон сайын кыйналат» деп айтышты. Мен барган ооруканада мага окшоп дарыланганы келген бир канча кыргызстандык бар. Мен калган акчамды үнөмдөп дары эмес, нан алып жегенге коротуп жатам. Айла жок, Кыргызстанга кетүүнүн амалын издеп, кайрылбаган жерим калбады. Үйдө бир жарым жаштагы уулумду күйөөм багып, алар да кыйналып куса болуп отурушат».
Ал эми Орусиянын Новосибирск шаарында калган ондогон жарандар өкмөткө кайра-кайра кайрылып, бир жолун таап, мекенге алып кетүүнү суранып жатышат. Дээрлик эки жумадан бере келе албай жаткан мигранттар 13-апрелде бийликке дагы бир жолу кайрылышкан:
«Биздин улуу урматтуу президент Сооронбай Шарипович! Мына, бүгүнкү учак да токтотулду. Аны менен кошо биз жашап жаткан хостелдин мөөнөтү, финансылык колдоо да токтоду. Учак күткөн 200 адам талаада эмне кылышты билбей туруп калдык. Биздин дагы эле үмүтүбүз чоң. Дагы кайрыла беребиз. Ушунча адам талаада калды. Кайра кайтып бара турган жерибиз жок».
Ушундай эле абалда калганын айтып, Москвада иштеген кош бойлуу аял да кайрылган:
«Беш айлык кош бойлуумун. Күйөөм карантинге чейин Кыргызстанга кеткен. Мен жумуштан чыга албай калып, анын артынан барам деп, 8-апрелге билет алгам. Азыр жалгызмын. Туугандарым жок, абдан кыйналып турам. Мындан ары бул жерде кантип жашаарымды билбейм. Көчөдө калып селсаяк болгум келбейт. Күндө ойлоно берип, абдан кыйналып кеттим. Менин үнүмдү да Кыргызстанга жеткирип койгулачы».
Ал эми Москвада иштеген Малик Мадалиев бийликке мындайча өтүнүч айткан:
«Мен Кыргызстандын 120 депутатына кайрылат элем. Кыргызстандын чыгаан байларына, экс-президенттерге чейин силердин жардамыңар карапайым элге абадай керек болуп турат деп айтар элем. Келгиле, ойгонгулачы кичине! Орусиянын беш облусунда аэропорттордо, чек арада калган кыргыздар жүздөп саналат».
Эки баланын энеси Акматова Гүлкайыр Орусиядагы балдарына бара албай жатканына кабатыр:
«Коронавирус дарты күчөй электе Орусиядан Кыргызстанга келгем. Ишимди бүтүргөнчө чек ара жабылып калды. Балдарымды сиңдиме таштап келдим эле. Орусияда карантин жоюлуп, сиңдим ишке чыгып, жети жашар балам кароосуз калды. Орусиянын чечими боюнча окууга, дарыланууга барчуларга жол ачык экен. Мен баламдын окуусуна байланыштуу бара аламбы?».