Пандемия учурунда Кыргызстанга сырттан келген каржылык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча маалыматтык топтом

Мирбек Маматкасымов, саясий активист, экономист “Реформа” партиясынын мүчөсү

Мирбек Маматкасымов

Сүрөт Маматкасымовдун архивинен

  • Мирбек Маматкасымов
  • Саясий активист, экономист “Реформа” партиясынын мүчөсү

— Коронавирус менен күрөшүү максатында сырттан абдан көп каржылык, гуманитардык жардам келди. Азыр анын бөлүштүрүлүшү боюнча бир топ маселе жаралууда. Сиздин ой пикириңиз кандай? 

Бул суроого жооп берерден мурда мен бир нерсени тактай кетейин, карантин деген нерсе медицинада кандайдыр бир оорунун алдын алыш үчүн жасалган чектөөчү иш чара болуп саналат. Ал эмне үчүн керек? Келген эпидемияга каршы иш-чараларды мамлекет даярданып алсын, ошого кандайдыр бир алдын ала даярдык көрсүн деген максатта жарыяланат. Ушул даярдыкты ишке ашыруу үчүн чет өлкөдөн бизге каражаттар келип жатты, бирок ал каражаттар туура иштетилбей калгандыгы иш жүзүндө далилденип калды. Июлда оорунун өтө чоң толкуну келип, адамдар массалык түрдө ооруну жуктурганда биздин медицина мындагай таптакыр даяр эмес экенин көрсөттү. Мамлекет тарабынан эч кандай даярдык болбой, көрүлгөн даярдыктар абдан начар деңгээлде болгону билинди. 

— Азыркы тапта ошол маалдагы бийликти күнөөлөп, айрымдары суракка чакырылып, камалып жатпайбы. Буга кандайдыр бир негиз барбы? Сөзсүз түрдө күнөөлүү издеш керекпи? 

Бул боюнча мен бир конкреттүү мисал менен жооп берейин, ошол июль айындабы, же августта бекен биздин мамлекет донорлордон келген акчага 13 тез жардам машинесин сатып алган. Ошол машинелердин баасы канча экенин, чын эле мамлекет жарыялаган суммага алса болобу, сапаты кандай экенин кызыгып изилдеп көрдүм. Буга чейин биздин мамлекет ошондой унааларды канчадан сатып алып жүргөн, баарын тактап чыктым. Натыйжада, бул машинелер өтө кымбат баада, эки эсе кымбат алынып калган экен. Ал боюнча мен Фейсбукка кенен пост жазып, ар бир келтирилген маалыматка фактыларды тиркеп көрсөттүм. Ошондон кийин бул окуя абдан ызы-чуу болбодубу. Анан кайра эле бийлик анын изин жашырып жаап койду. Бийлик алмашкандан кийин ошол ишти тергеп башташты деп уктуп эле, бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок. Ошол кезде жалпысы 700 миллион доллар акча сырттан келген экен. Бул сумма өтө чоң да, коронавируска карата деп бөлүнгөндөн кийин биздин мамлекет эң мыкты деңгээлде даярданып, адам өлүмү өтө эле аз болмок, туура пайдаланылса. Адамдарга бул оору дээрлик көпчүлүккө жукпай тургандай кылып даярданып койсок болмок. Ооруканалардын баарына керектүү жабдууларды алып, дары-даремктер менен камсыздап, эң негизгиси элге дагы жеке коргонуу, өзүн өзү диагностика кылуу жана дарылоону үйрөтүп койсо болот эле. Ушулардын баары жасалбай эле бизде эртеден кечке теле каналдардан Республикалык штабдын отчетун берип туруп алышты. Статистикалык эле маалыматтар жарыяланып, керектүү иш чаралар жасалбай эле калды. Жасалса дагы өтө чабал болду. Албетте, тиешелүү ошол мезгилде иштеген аткаминерлер буга созсүз жооп бериши керек. Себеби бул абдан чоң катастрофа. 

— Ошол маалдагы өкмөт, азыркы бийлик да сырттан келген жардам экономиканы коргоого, колдоого жумшалды деп жатпайбы. Бюджетти аткарууга, мамлекеттин казынасы үчүн короду деп жатышат. Пандемияга чейин деле бюджет бекиген эле да. Эмнеге коронавирус менен күрөшүү үчүн делген каражат максатсыз башка тарапка бурулуп кетти? 

Мындайда кредиттин максаттуу пайдаланылышы деген бир түшүнүк бар. Мен өзүм да банк сферасында иштегенмин, адамдарга кредит берип жатканда ошону эмнеге пайдаланды, өзүнө киреше булак болчу кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөр түзө алдыбы деген суроону коюш керек. Биздин өкмөт эл аралык уюмдардан, донорлордон акча сурап жатканда ачык айтып алышы керек эле да. Бюджеттин таңкыстыгы, коронавирус менен күрөшүүгө мынча сумма керек деп кайрылышы керек болчу. Коронавирустан биз кыйналып жатабыз, бергиле деп эл аралык чөйрөнүн боорун оорутуп, жүрөгүн эзип туруп ири суммадагы акчаны алып, аны бүт эле бюджеттин таңкыстыгына иштетип салган бул туура эмес. Ошол кездеги өкмөт башчы жана анын командасы толугу менен жооп бериши керек деп ойлоймун. 

Каражаттын бардыгы медицинага жумшалышы керек болчу. Мамлекеттик казынанын кайсы бир бөлүгүнө акча жетпей жатса анда түздөн түз ошол тармак үчүн акча сурап, медициналык максатта келген каражат жалаң гана медицинага жумшалуусу керек эле. 

— Пандемия бир жагынан күчөп турганда өлкөдө бир нече ирет саясий жараяндар, ал тургай бийликти алмаштырган башаламандыктар да болуп өттү. Мунун баары коронавирустун жүрүшүнө кандайдыр бир таасирин тийгиздиби? 

Шайлоо, саясий окуялар чындап эле көп болду. Бирок вирустун жайылуусуна же өрчүп кетүүсүнө кандайдыр бир туздөн-түз таасири тийди деп ойлобойм. Негизи бул жараяндар болушу керек эле да. Негизи 6-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык жеке эле шайлоого карата эмес, бийликтин коронавирус менен күрөшүүдөгү чабалдыгынан улам да эл көчөгө чыкты. Саясатта “черная лебедь” деген түшүнүк бар. Дал ушул пандемия Сооронбай Жээнбековдун бийлигине “черная лебедь” болду десем жаңылышпайм.