Вирус Кыргызстандын миңдеген өмүрүн кыйды

Мурат Жумабеков, 56 жашта, Бишкек шаарындагы “Виданта” ооруканасынын башкы дарыгери, пульмонолог, хирург

14-5-e1614880933744-300x227

(Мурат Жумабеков, маркум дарыгер, сүрөт маркумдун үй-бүлөөсүнүн жеке архивинен)

  • Мурат Жумабеков, 56 жашта
  • Бишкек шаарындагы “Виданта” ооруканасынын башкы дарыгери, пульмонолог, хирург

56 жаштагы Мурат Жумабеков 1988-жылдан бери баш калаадагы бейтапканаларда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Өзү амбулатордук хирургия, өпкө оорулары боюнча адистешкен дарыгер эле. Июнь айынын аягында коронавирус диагнозу коюлуп, эки өпкөсү тең пневмония болуп, 1-июлда Бишкекте көз жумду. 

Жубайы Айнура Жумабекованын эскерүүсү: 

Эки кыз, бир уулдун ата-энеси элек, 36 жыл чогуу жашадык. Абдан ак көңүл, чыгармачыл адам болчу. Эл «Мурат баскан жерден гүл өсүп турат» деп айткандай эле бар адам болчу. Ушул оору чыкканы такыр жаны тынбай иштеди. «Министрлик менчик ооруканаларды да коронавирус бейтаптарына даярдаш керек» деп, өзү жетектеген «Веданта» клиникасын даярдап, бүткөнү калганда ооруп, көз жуумп калбадыбы. Коронавирустан корккон жок, ооруган адамдарды карап, дайыма иштеп жатты.

Болгону, «Веданта» клиникасынын ээси, Эл аралык университеттин жетекчилиги эле абалыбызды сурап жатат. «Пенсияга чыксам, айылга көчүп кетип, жер там салып, жер иштетип жашайм» деп кыялданчу. Кыялы ишке ашпай калды. Өмүр бою айлыкка иштеди. Байлыкка деле кызыккан эмеспиз. Шаардагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун жетектеп, ал жакты аябай оңдоду. Базардын ортосундагы шарты начар бейтапкананы гүлдөтүп койду. Ал жактан да Муратты көрө алышпай, иштен кетиришпедиби. Анан жеке менчик тарапка кетип, ийгиликтүү эле иштеп жаткан. Эми ошол ишинин үзүрүн көрбөй калды».

Мурат Жумабеков 2005-2017-жылдары Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда башкы дарыгер болуп иштеген. 

Кесиптеши Жумакан Акунованын эскерүүсү: 

Жумакан Акунова: Мен Мурат Назарович менен беш жыл чогуу иштедим. Андан айрылганыбыз өтө оор болду. Абдан адамкерчиликтүү, өз кесибин мыкты билген, шайыр адам эле. 

Уюштуруучулук жагы өтө күчтүү болчу. Кандай гана кыйын абал болбосун биздин маселелерди оңой эле чечип, кыйналып турсак абалыбызды шаңга бөлөп, көйгөйдү унуттуруп койчу. Ырдаганды аябай жакшы көрчү эле. Басса-турса бийлеп, ырдап эле жүрчү. Мурат агай менен иштеген өтө жеңил, жагымдуу эле. Кандай гана кырдаал болбосун тамада сыяктуу тамашага салып, баарыбыздын маанайыбызды карап турар эле», – деп эскерди. 

Ак-Ордо жаңы конушунун медайымы, 55 жашта (жакындары атын ачык айткан жок), 1-июлда каза болду. 

Кайниси Дастандын эскерүүсү

Дастан: Мындан 4-5 күн мурда башы ооруптур. Эми өзү медайым болгондон кийин дароо эле оорунун белгилерин байкап, дарылана баштаптыр. Бирок кант диабети менен да ооручу. Анысы кошул-ташыл болуп, кыйналып, эки күндөн кийин ооруканадагыларга кайрылса, дароо эле реанимацияга алып кетишиптир. Биз эми мунун баарын телефондон эле угуп жаттык. Коронавирус болгондон кийин «үйгө келбегиле» деп, же «бара калалы» десек болбойт. Айтор, аябай кыйналыптыр, байкуш жеңем. Шекери 27 ммоль болуп көтөрүлүп кетиптир. «Бир жагынан дем ала албай, акырында эки өпкөсүн чапкылап кыйналды» деп айтышты. Ошо, кечээ жаман кабарды уктук.

Туугандардан 3-4 эле киши барып, 2-июлда түшкү саат 12де жерге беришти. Жеңем аябай жароокер эле. Артында үч кызы калды. Минтип тез эле жоготуп аларыбызды билбей калдык. Бир чети акыркы сапарга кыргыздын салты менен узата албаганыбызга ичибиз ачышып жатат», – деп эскерди.