Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Мырзакат Тыналиев катуу ооруп “Ганси” базасында дарыланып жаткан

Мырзакат Тыналиев

(Мырзакат Тыналиев, жазуучу. Сүрөт Мырзакат Тыналиевдин Фейсбук баракчасынан алынды)

  • Мырзакат Тыналиев катуу ооруп “Ганси” базасында дарыланып жаткан (Июлдун башы)

АКШнын аскерий базасы жайгашкан “Гансидеги” имараттар апрель айында Республикалык штабдын шашылыш буйругу менен чет жактан келген кыргызстандыктарды 14 күндүк мөөнөткө кармай турган обсервацияга айланган. Ал жерде жөн гана жарандарды көзөмөлдөп, ПЧР-тест алынгандан кийин кокус оору аныкталса “Тез жардам” менен Бишкектеги жугуштуу оорулардын ооруканасына жеткирип эле турушкан. Июнь айынын аягында коронавирус менен ооругандар кескин көбөйүп, бул жайга оорукана катары кайрылгандар абдан көп болду. Бирок, “Ганси” же “Семетей” обсервациясында ооругандарга толук кандуу жардам берчү жабдуулар, реанимациялык бөлүмдөр жок эле. Ушундан улам июнь-июлда бул жайда вирустан каза болгондор абдан көп болду. “Ганси” ооруканасындагы абал тууралуу Мырзакат Тыналиев айтып берет. 

Мен  өзү 1-июлда алгач ирет температура болдум. Ошол күнү жумушка телефон чалып, бара албайм деп айтып үйдө жаттым. Бирок эртеси жакшы болуп кеттим. Кайра 3-июлда жумушка бардым, абалым жакшы эле болчу. Ошол күндөрү коомдук транспорт кечки саат беште эле токтоп калып жаткан. Жумуштан эрте чыгайын дегеним менен чыга албай калып, кечки 17:30-18:00дө үйгө бардым. Анан эле түнү менен температура башталды. 4-5-июль ишемби, жекшемби күнгө туура келип калды. Аябай жаткым эле келип, шалдырап кыйналдым. Мага чейин келинчегим ооруп, аныкы бирок коронавирус эмес дешип, тамагы ооруп жаткан эле. Ал тамагынын оорусу боюнча дарыларды жаздырып алып, үйдө дарыланып, ийне да сайдырып жаткан. Менин оорум 6-июлда күчөп кетти. 

Анан жанагы 118 деген кызматка телефон чалдык. Телефонду кайра-кайра чалып жаттык. Анын үстүнө үйдөгү шаардык телефонду өчүрүп койдук эле, мобул уюлдук телефондон чала бердик, чала бердик. Ошол маалда өлкөдө чындыгында аябай башаламандык болуп кетип, телефон чалганда аябай күттүрүп туруп анан алышат да. Алганда да баарын ар бирине кайра баштан түшүңдүрүп бересиң. Бирок алар дене табыңар көтөрүлсө парацетамолдон ичип коюп жата бергиле деген гана кеңеш беришет. Температураны көзөмөлдөп, үйдө туруп тургула дешет. Анан өзүбүздүн бейтапканага чалсам, дене табы жогору болсо биз ала албайбыз дейт. Орто жолдо компьютердик томографиядан өтүш керек деген да бир маселе болуп кетти. 

Ошол маалда компьютердик томография жасаган лабораторияларга чалсак, кезек күтүү аябай көп болуп, кээ бирөө бир жума, айрымдары 5 күн дегенде араң жетип жатыптыр. Жада калса бирөө жети күн алдыга жазылыптыр. Бир тааныш дарыгерге чалдык, ал бир лабораториянын жетекчисин тааныйт экен “сүйлөшүп көр” десек, ал сүйлөшкөндөн кийин деле төрт күндөн соң кезекке жазышты. Ал маалда келинчегимдин да температурасы көтөрүлүп баштады. Уулубуз ымыркай, 5 айлык да, баланы да таштай албайбыз, айла жок жанагы телефондон уккан парацетамол сыяктуу бир нече дарыларды ичип жаттык.

Мен 8-июлда өзүмдү таптакыр эле жаман сезип, болбой калганда “Гансиге” жөнөдүм. Өзүм эле бардым. Ал жакта дене табым жогору болсо да дарыгерлер көрүп турса да орун жок дешти. Анан эле кудай жалгап бир дарыгер 123-палатадан жана бирөө кетпеди беле, орун бар деп айтып калды. 

Негизи көптөр “Гансинин” шарты жок деп ар кайсы жакка жамандап жатышат. Биздин ооруканаларда коридордун тээ учунда бир эле даараткана болот. Душ болсо дээрлик бардык ооруканаларда жок. “Гансиде” ар бир палата эки кишилик экен. Эми бул жай аскерий казарма болгон да. Ичинде душу, дааратканасы бар экен. Даараткана издеп коридордун аркы учуна бармай жок. Муну айтып жатканымдын себеби, ошол маалда өтө катуу ооруп жатканда дааратканага барып келгендин өзү кыйын эле, алсырап, дене табың жогору. Экинчиден, тигил жакка барганда дароо эле “капельница” куюп баштады. Эмнелерди куйду билбейм, себеби алар эч кандай “история болезни” толтурбайт экен, фамилияны журналга каттап коюп эле дарылоону башташты. Сураганда дарыгер эмне дары экенин айтып жатты, бирок менин эсимде калбады.  Ошентип 5 күн дары куюшту.  

 

(Мырзакат Тыналиев, жазуучу. Сүрөт Мырзакат Тыналиевдин Фейсбук баракчасынан алынды)

Дарылардын жарымын өзүм сатып алып жаттым. Ошол маалда мен Фейсбукка да жазган элем, Гепарин деген дары табылбай, тартыш болуп кетпедиби. Клександы да өзүбүз алдырдык. Инилерим чуркап жүрүп дарыканалардан эптеп табышты. Анча мынча дарыны өздөрү беришти. Алар негизи 5 күн дарылайт экен. 13-июлга чейин жаттым мен. Анан алар мени үйгө чыгарып коюшту, себеби алар 5 эле күн карашат тура. Мен үйгө барганда өтө деле жакшы болуп кеткен жокмун, бирок аябай деле кыйналбай, бир калыпта оорум уланды. Кичине жеңилдеп калганым менен баары бир кыйналдым. Бейтапканага кайра-кайра чала берип, ооруканага кайра 14-июлда жаттым. 25-июлга чейин жатып, 12 күндөн кийин анан айыктым. Мен негизи дары дармекти дайындоодо башаламандык болду дегенге кошулам. Себеби, “Гансиге” барганымда мага да биринчи күнү башка дарыны куюшуп, андан соң кайра башкага алмаштырышып, айтор, протокол боюнча дарылоо болдубу же болгон жокпу, билбей калдым. 

Анын үстүнө ал жакта эмне дары куюп жатканын айтышып, атайын кагазга жазышпагандан кийин эстеп кала алган жокмун. Болгону жанагы гепарин менен клександы эле эстеп калдым, себеби аны сырттан өзүбүз издеп анан алдырдык да. Чынын айтайын, биздин бийлик башында ар кайсы жакка оорукана уюштурбай эле, бардык вирус болгондорду ошол “Гансиге” дарылагыдай шарт түзүп койсо болмок экен. 

Мурда ал жакта аскер базасы болуп турганда менин иним иштеген. Ар бир бөлмөгө бирден аскер жатып, душу, дааратканасы ичинде, шарттары сонун болчу. Корпустары деле жайкысын салкын болот экен, эки кабаттуу. Ошол мен жаткан 1-корпусунда 1-кабатында 40, экинчи кабатында 40 болжол менен сексендей киши жатат экен. Мен анын эсебин да чыгардым. Негизи аскер базасы учурунда Америкадан 4 миңдей жоокер келип турбады беле. Ошондо бейтаптарга 3 миңдей орун болмок. Калган миң орунду дарыгерлерге кызматтык бөлмөлөрдү уюштурабыз десе абдан сонун болмок, бул менин жеке оюм. 

Бирок ичинен мен барганда мага айтышканы бейтаптар эки корпуста эле жатып дарыланышты. Ал эми үчүнчү корпусун оңдоп жатышкан экен. Оңдоо иштерге тартылган жумушчулар бизге ичинин баарын талап-тоноп кетишкенин, аны кайра калыбына келтирүү болуп жатканын айтып жатышты. Эгер ушул базасын америкалыктар кеткенде тонобой эле, жакшынакай кылып сактап койсо, сырты да тосулган дапдаяр оорукана болмок экен. 

Менде негизи реанимацияны көрүү, ал жакка баш багуу мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бирөөлөр реанимация уюштурду деп жатышты. Бирок мен көрө албадым. Ал жакта дарыгерлер тартипти катуу сакташат экен. Бизди реанимация турган корпуска жолотушкан жок. Ошентсе да мен эртең менен эрте туруп, кичине таза аба жутайын деп басып жүрдүм. Территорияны кызыл чүпүрөк менен белгилеп коюшуптур, ошондон ары-бери чыкпай басууга уруксат беришти. Өткөндө көптөр “Гансини” жамандап жазышып, ал жакта бир медик да өзү кире албай өлүп калыптыр дегенди укканда калыстык үчүн айтайын деген элем, дарыгерлерге абдан ыраазымын, медайымдар буту-бутуна тийбей чуркап жүрүштү. Тер басып, ысыкта кыйналганына карабай жүрүштү. Ал коргонуучу каражаттарды кийгенде абдан кыйналышат да, өңүн деле жакшы тааный албай калат экен киши. Мен барганда орун жок дешкени менен баары бир адамкерчилик жогору турат да, дарыланууга алышты. Эгерде ошондо мени ооруканага киргизбей койгондо мен деле аркы дүйнөгө кетип калмакмын. 

— Негизи эле ушул пандемиядан кийин сиздин жашоого, мамлекеттик түзүмгө болгон көз карашыңыз өзгөрдү да. Кайсы жагына өзгөрдү деп ойлойсуз? 

Бизде көп эле киши ооруптур, айрымдарынын иммунитети күчтүү болуп, жеңил өтсө, кээ бири кыйналды, көптөр каза болуп калды дегендей. Бирок менин деле иммунитетим жакшы болчу. Жанымды жакшы багам, арак ичпейм, тамеки тартпайм. Ашыкча тамак жебейм, баарын убагында кылам. Ошентсе да бул вирус айрымдарга аябай катуу тийди окшойт. Келинчегим да катуу ооруду. ошентсе да ал азамат, үйдөн туруп эле дарыларды телефондон дайындатып, коңшу медайым бар экен, ошого сүйлөшүп, ал үйдөн эле ийне сайдырды. Анын үстүнө жаш бала бар да, аны менен ооруканага деле албайт экен. Айла жок бала менен үйдөн эле айыкты. Эми көз карашыма келсек, биз баарыбыз мурда кесир сүйлөчүбүз да. Ден соолук болсун деп коёбуз да. Бирок ичибизден акча көп болсун, акча болсо ден соолукту оңдоп алабыз деп ойлончубуз. Анткен менен акчасы көп чириген байлар деле, мүмкүнчүлүгү жогору адамдар деле өтүп кетишти. Ошондон улам айтып жатам, биздей чоң сумманы таба албагандар, жеке менчик клиникага жата албагандардын өмүрү өтө эле опурталдуу, жөн эле өлүп калышы мүмкүн да. Байлардын акчасы эч нерсеге жарабай калып жаткандан кийин, биз эмне болуп калыппыз? Экинчиден, менин аябай коркконум, үйдө отургула, изоляция кылгыла деп айтып жатышпайбы, Эми өзүң деле ойлосоң, үч бөлмөлүү батирде жашасаң, ар бир кишиге өзүнчө даараткана, ванна жок да. Баары бир балдар менен чогуу барасың. Таң калганым, мен ушунчалык сак жүрдүм, режимди катуу көзөмөлдөп, колумду жууп, беткап кийип жүрдүм. Бул вирус абдан канкор экен. Каяктан кантип жукканын деле билбей калып жатабыз. Негизи мен мыйзамды, айтылган эрежени абдан катуу сактаган адаммын. Аралыкты укмуш сактадым, туугандарыма жолобой, телефондон эле ал акыбалды сурашып турдум. Ошентсе да мага жугуп, мен ооруп калдым. Ал эч нерсе эмес, менин келиним ооруду. Аталаш агамдын  келини, ал өзү да дарыгер, күйөөсү да дарыгер. Ошол иним айтып жатпайбы, бул келиниңиз кийим кечесинин баарына антисептик чачып, хлорлоп, укмуш тазалыкты сактаган деп. Мен деле ошондой болчумун, күбүнүп кагынып, сыртка кийген кийимди дароо чечип, айтор катуу тазалык сактаганмын. Эшиктин туткасына антисептик чачып дегендей, бирок баары бир болбойт экен да. Ошон үчүн айтарым, бул абдан канкор вирус экен.”

Орун калбай калган ооруканалар 

Июндун ортосунан тарта Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар кескин көбөйдү. Дүрбөлөңгө түшкөн эл ооруканага чуркаганы менен алардын баарын жаткырууга, стационарда дарылоого шарт болбой абал өтө курчуду. Бирок, саламаттык сактоо министрлиги июндун ортосуна чейин ооруканада керебеттер жетиштүү деп маалымат берип келишти.