Пандемиянын билим берүү тармагына тийгизген таасири

Нурайым Ысмайыл кызы, Абу Дабидеги (Бириккен араб эмирликтери) Америка коомдук мектебинин мугалими

Нурайым-e1615134929358

Фото из архива Нурайым Ысмайыл кызы

  • Нурайым Ысмайыл кызы
  • Абу Дабидеги (Бириккен араб эмирликтери) Америка коомдук мектебинин мугалими

Онлайн же, аралыктан билим берүүгө өтүү сиз үчүн кандай кыйынчылыктарды алып келди?

Онлайн билим берүүнү өзүм мугалим катары дагы, студент жана ата-эне катары да башыман өткөрүп, оош-кыйышын жон терим менен сездим десем болот.

Мугалим катары айта турган болсом, күтүлбүгүн жерден онлайн окутууга өтүү жеңил болгон жок. Өзүм даяр эмес, окуучуларым да даяр эмес, биринчи кезекте мындай өзгөрүүга ата-энелер даяр эмес болгондуктан адаптация учуру өтө оор болду. Ушул учурда мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, мектеп жетекчилиги айтор билим берүү системасындагы ар бир эле адам кыйналды. Бул жерде эң чоң кыйынчылык – ага чейинки аралыктан окутуу тажрыйбабыздын жоктугу болду. Башкача айтканда, онлайн окутууга зарыл болгон техникалык жана педагогилалык  билим, жөндөм жана көндүмдөрдү кыска аралыкта өздөшүтүрүп, аны ийгиликтүү ишке ашырып кетүү зарылчылыгы курч болду. 

Техникалык жагы түшүнүктүү, анткени, аралыктан билим берүү технологиянын жардамы менен ишке ашырылгандыктан өтө көп техникалык билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүү аба менен суудай керек эле. Экинчи жагынан, онлайн билим берүү үчүн белгилүү педагогикалык жаңы нерселерди үйрөнүүгө туура келди. Анткени, салттуу билим берүүдө, кадимки класста колдонулуучу пегагогикалык ыкмалар онлайн окутууда жарабастыгын көрдүк. Жөн гана бир мисал бере турган болсок, кадимки класста 45 мүнөт сабак өтүүнү синхрондук түрдө аралыктан окутууда колдоно албайт экенбиз. 

Анткени, маалыматты табигый, ооз эки түрдө кабыл алууда балдардын көңүл коюу узактыгы (attention span) 10-12 мүнөт болот. Сабагың кызыктуу, жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып өткүсү келген мугалим мына ушул  нерсени эске алып пландаса сабагы эч көңүлсүз болбойт. Окуучулардын кызыгуусун, катышуусун жогорку деңгээлде кармап кала алат. Бирок, аралыктан окутууда, маалыматты виртуалдык түрдө кабыл алууда балдардын көңүл коюу узактыгы аябай кыска болот экен. Айрым маалыматтарда караганда, азыркы учурда адамдын санариптик көңүл кою узактыгы  4 секунд деп жатышат. 4 гана секунд! Башкача айтканда, онлайн окутууга балдардын окууга кызыгуусун, көңүл коюусун башкаруу абдан оор болот экен. 

Ал кыйынчылыкты чечүү үчүн да белгилүү педагогикалык ыкмаларды изилдеп үйрөнүүгө туура келди. Жалпысынан эле, онлайн окутуу, анын табияты жаңы санариптик окутуу ыкмаларын талап кылат экен. Кантип окутуу программасын аксатпай  ишке ашырып, окутуунун күтүлгөн жыйынтыктарына кантип жетсе болот деген суроо кыйынчылыктарды да, ошо менен бирге мүмкүнчүлүктөрдү да жаратты десем жаңылышпайм.

Коронавирустан улам билим берүүнүн деңгээли, сапаты өтө төмөн түштү деп баалап жатышат, сиз кандай баалайсыз? 

Кыргызстандын аралыктан окутуу тажрыйбасын карай турган болсок, онлайн окутууда билим берүүнүн сапаты түштү деген байкоолор негиздүү. Билим берүүнүн сапаты түшүп кетмек түгүл, көп жерлерде, көбүнчө айыл жергелеринде, билим берүү токтоп калды. Аралыктан окутуу (билим берүү/алуу) болгон жок десек да болот. Анткени, баардык өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда мугалимдер аралыктан окутууга даярдыксыз болчу. Башка өлкөлөр, биринчи кезекте, аралыктан билим берүү боюнча интенсивдүү курстар  менен мугалимдердин окутушту. Тилекка каршы, Кыргызстанда мугалимдерге эч кандай окутуу, колдоо болгон жок. Мугалимдер эмнени кантип окутарын билбей кыйналышты. “Вотсап” тиркемеси менен эптеп септешсе да – ал нерсени билим берүү же билим алуу деп эсептөө туурабы? Бул өтө чоң суроо.

Экинчиден, мугалимдердин да, окуучулардын да онлайн окутууга/окууга керектүү шарттары жок эле. Мисалы, компютер же планшет сыяктуу эң негизги санариптик шарттар барында бирдей эмес эле. Эң негизгиси, ошол компьютерде иштөө жөндөмү, чеберчилик деңгээли, башкача айтканда, техникалык жана санариптик сабатуулук  мугалимдерде да, окуучуларда да төмөн болчу. Бул нерселер биригип  келип, аралыктан окутуунун сапатына өтө терс таасирин тийгизди. Ушул себептерден улам, Кыргызстанда тилекке каршы аралыктан окуу боюнча терс коомдук пикир жаралып калды. 

А негизинде, онлайн окууда билим сапаты төмөн болот дегенге жеке өзүм кошулбайт элем. Эгер мугалимдерде жана окуучуларда керектүү даярдык, базалык техникалык сабатуулук болсо  жана эки тарап тең жетиштүү деңгээлде техникалык жактан камсыздалса, ошо менен бирге, аралыктан билим берүүнү уюштуруу кесипкөйлүк менен жүргүзүлсө салттуу билим берүүдөн ашса ашкан,кем калышпаган  билимди берсе же алса болот.

Кандайдыр бир артыкчылыктары болдубу? 

Албетте болду! Кытай тилинде крисиз деген сөз көйгөй жана мүмкүнчүлүк дегенди билдирет экен. Жогоруда айтылып кеткен нерселер онлайн окутуунун кыйынчылыктары болсо, ал кыйынчылыктарды чечүү, жеңүү аракеттерди жакшы өзгөрүүлөрдү алып келди. Окуучулар дагы, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ыйлай-сыктай техникалык сабаттуулуктарын жакшыртып алышты. Экинчиден, пандемия учурунда мен байкаган дагы бир жакшы нерсе-мугалимдер, агартуучулар арасындагы коммуникация, баарлашуу, тажрыйба жана билим алмашуу маданияты жаралды десем болот. Чет жактагы мугалим мекендештер өз ыктыярлары менен кыргызстандык мугалимдерге билгенин үйрөтүп жатышты. Ушундай эле өз-ара үйрөнүү жергиликтүү мугалимдер арасында да байкалды. Бул өтө сонун нерсе. Билим берүүсү мыкты өлкөлөрдө “Мугалим мугалимге мугалим” деген абдан жакшы маданият бар. Башкача айтанда, мугалимдер өз-ара билим жана тажрыйба алмашып, бири-бирин колдоп турат. Мына ушул нерсе пандемия учурундагы курч муктаждыктан улам бизде да жанданды. Эми ушул маданиятты алып кетишибиз керек.

Мамлекет тарабынан (балким жеке мектепте иштесеңиз) жетекчилик тарабынан кандай колдоого муктаж болдуңуз?

  Учурда мен иштеген мектеп жетекчилиги мугалимдерге баардык жактан колдоону өз убадында берип турду. Мисалы, март айында онлайн окууга жапырт өтүү башталганда эле, биздин мектеп баардык мугалимдерге үч айлык бекер EDUTECH курсун уюштуруп беришти. Ал курста үйрөнгөндөрүбүз аралыктан окутууда абдан пайдасы тийди. Техникалык жактан дээрлик кыйналган жокмун. Педагогикалык усулдарды үйрөнүү боюнча дагы өтө кыйынчылык тарткан жокмун. Анткени, биздин мектеп падемия башталганда эле, мугалимдер арасында өз-ара үйрөнүү платформасын (Learning Hub)  түзүп, ал жерде мугалимдер күн сайын өзү үйрөнгөн нерселерин, кандай усул иштеп жатат, эмне иштебей жаткандыгын, эмнени кандай кылыш керек экендин жазып, бөлүшүп турушту. Жалпы ынтымак, биргелешип иштөө менен ал кыйынчылыктарды дагы жеңип кеттик. 

Болгону, аралыктан билим берүүдө мугалимдер өтө көп убакыт экран маңдайында иштөөгө мажбур болот экенбиз. Бул физиологиялык дагы, эмоционалдык дагы саламаттыкка теср таасирин берет экен. Андыктан, мугалимдердин саламаттыгы (wellbeing) үчүн кандайсыр бир колдоо болсо жакшы болмок деген ойго келем.