
- Нуриса Тыныстанова
- Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын доценти
— Онлайн билим берүүгө өтүү сиз үчүн кандай кыйынчылыктарды алып келди?
— Мен жогорку окуу жайда иштейм. Биз да эл катары эле 2020-жылдын 16-мартында аралыктан окутууга өттүк. Деги эле биздин эле окуу жайда эмес, бүткүл коомчулукта билим берүү системасы онлайн окутууга анча даяр эмес экендиги билинип турду. Анын ичинде биздин окуу жайда онлай окутууга кирип, программлар AVN системасына жайгаштырылган. Мына эми ошону маданияттуу пайдалануу да бир өзүнчө искусствону, акылды талап кылат. Аралыктан окуй баштагыныбызда окуу жылын аяктоого бир жарым ай гана убакыт калган болчу. Мына ошол убакта гаджеттерди, телефондорду окутууга байланышкан программаларды байланыштырып, программаларды оздөштүрүп, мурдагыдан да тынымсыз иштедик. Себеби окуу процесси эч качан үзгүлтүккө учуратпай, жылды толук жыйынтыкташыбыз керек деген миссия турду алдыда.
Бизде айрым кыйынчылыктар кездешкен учурлар болду. Университетте көбүнчө жашы өйдөлөп калган мугалимдер иштейт. Аларга технологияны үйрөтүп студенттер менен байланышка чыгышы жагынан кыйынчылыктар болду. Бирок техника менен иштеп жүргөн мугалимдер жарам берип сабакты үзгүлтүккө учураткан жок. Биздин факультеттин студеттери баары айыл жергесинде болгондуктан биз алар менен тыгыз байланышта болдук. Менин өзүмдүн тажрыйбамда, лекцияларды видеого тартып Youtube порталына жүктөп студенттерге ыңгайлуу шарт түзүп берип жаттым.
Каалаган учурунда лекцияга кирип көрүп алса болот. Айыл жергесинде интернет абдан бат иштеп студеттер баарына жетишет дегенден алысмын. Бир топ кемчиликтер бар, азыркыга чейин деле уланууда. Климатка да байланыштуу болот экен, тоо тарапта жашагандар байланышка чыга албай кыйналды. Биз мүмкүн болушунча алар менен алгылыктуу иштедик. 2020-жылдын сентябрынан баштап онлайн система кадимкидей жөнгө салынды. Ага чейин эле окуу жай программаларды өздөштүрүп бизди даярдаган. Мына ошондон кийин көйгөйлөр бир аз да болсо азайды. Окуу жайдын жекечилигинде окутуу программалардын жакшы өздөштүргөн, креативдүү ойлонгон өзүнүн кесибин мыкты сүйгөн жаштар иштейт. Август айында тынымсыз иштегендиги үчүн сентябрда кыйынчылыктар болгон жок. Ар бирибизде университетте класстык бөлмөлөр ачылган.
— Коронавирустан улам билим берүүнүн деңгээли сапаты өтө төмөн түштү деп баалап жатышат, сиз кандай баалайсыз.
— Карантин жана анын кесепеттеринен билим берүүнүн деңгээли, сапаты төмөндөдү деген деле туура, аны мен жокко чыгара албайм. Буга билим берген адам менен билим алган тарапты тең чогуу, бирге карашыбыз керек. Билим берген адамдын да, билим алган адамдын да жоопкерчиликтери болуш керек. Бири-бирине жоопкерчиликтүү мамиле жасап дайыма тыгыз байланышта болсо, көйгөй жаралбайт. Менин өзүмдүн иш тажрыйбама таянып айта алам. Бизге берилген ар бир мүнөттү текке кетирбей эффективдүү пайдалансак жакшы болот. Кээ бири аралыктан окутуу тууралуу бул онлайн гана окутуу да, жөн эле да деп, танабарга алышпай, ар түрдүү сөздөр да айтылышы мүмкүн.
Бирок жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек.
Мектеп окуучуларын эле ала турган болсок, мугалим өзү жоопкерчиликтүү мамиле жасап, ата-эне менен тыгыз байланышта туруп иштешиши керек. Бул жактан ата-эненин да жоопкерчилиги чоң. Балдар сабактабыз деп интернетте отуруп өзүнүн ар кандай башка иштери менен алек болушат же ойношот, алаксышат. Аны көзөмөлгө алып бала канчалык деңгээлде гаджетти маданияттуу пайдаланып жатат байкашы керек. Сабакта отурам деп ар кайсыл социалдык тармактарда отурса, албетте билим деңгээли төмөндөйт. Күндөн күнгө техника өнүгүп жатат, технология менен чогуу өнүгүп ага жоопкерчиликтүү мамиле жасаш керек. Билим сапаты төмөндөп кетти деп айтып эле атабыз, мында ата-эненин да ролу чоң. Окуп жаткан баласына бир жума аралыкта көңүл буруп, ага маани берип койсо эле бала өзүнүн башындагы жүктү сезип окуй баштайт.
Бала канчалык деңгээлде материалды өздөштүрүп атат жыйынтыгын өзү эле көрөт. Жогорку окуу жайында болсо биз эки жактуу карашыбыз керек. Көбүнчө бизде студенттер айыл жергесинен чыгат, алдын да абалын түшүнүп, мугалим өз сабагына жоопкерчиликтүу мамиле жасаса анын сабагы берген билими да сөзсүз түрдө студентке пайда алып келет.
Мен өзүмдүн иш процессиме тартипти да, талапты да жогору койгон адаммын. Эгерде өзү билим берген адам жоопкерчиликтүу болсо, баары жакшы болот деп ойлойм. Менин студенттерим сабакка Баткенден баштаган андан ары Талас, Ат-Башы, Түптөн бери байланышка чыгып жаткандар бар. Студенттер көбүнчө мугалимге карата түздөлөт. Бир-эки байланышка чыккандан кийин эле мугалимдин талабын көрүп жоопкерчиликтүү мамиле жасап, сабакты калтырбай кире баштайт. Мугалимге студенттен өкөн сынчы болбойт. Мына ошол студенттерибизге биз жоопкерчиликтүү мамиле жасасак, алар да убакысын туура пайдаланганга, телефон, гаджеттердин маданияттуу колдонгонго үйрөнөт. Билим берүү системасын эки жактан тең көз каранды деп ойлом. Эгерде эки жак тең эффективдүү иштесе билим сапаты да жогорулайт.
— Кандайдыр бир артыкчылыктар болдубу?
— Бул онлайн окуунун да артыкчылыгы бар, аны менен кошо кемчиликтери да бар. Артыкчылыгына токтолсок, технология революциясынын заманында бул процессти сөзсүз башыбыздан өткөрүшүбүз керек. Бул байланыштар аркылуу мен үйдө отуруп дүйнөнүн ар тарабы менен байланышып атам. Аксы, Алайдан бери видеого чыгышат булар менен чыныгы бет маңдай отургандай эле сүйлөшүп иштеп атабыз. Иш процесси толук тандуу иш жүрүп жатат деп айта алам. Технология революция заманында техниканы адамдар канчалык деңгээлде буга чейин өздөштүрдү, аны кийинки өзүнүн пайдасына колдоно алдыбы ушуларды байкашыбыз керек. Буга чейин техногогияны өздөштүрө албай жүргөн адамдар азыр сабаттуу болуп иштей баштады. Биздин мезгилдин жаштары бул техника жаатында абдан сабаттуу. Бизден да мыкты билишет. Ал арада онлайн билим берүүнүн кемчилиги да жок эмес. Мисалы, менин жеке иш процессимден бир мисал келтирсем, азыркыга чейин эки семестр аралыктан окудук. Мен өз окутуумда өзүм айткандай эле талапты да тартипти да катуу сактайм.
Кээ бир студенттер каражаттын айласынан жумуш таап иштеп алышкан. Башыман өткөн окуя менен бөлүшөйүн. 4-курстагы студентим Бишкектеги бир дүкөндө иштейт. Менин сабагым алардын тайпасында түштөн кийин саат 16:00дөн, 17:00го чейин болот. Ал студент жумушта он беш күн бош, он беш күн иштечү эле.
Биз сабакка кирээрде студенттердин баарына шилтеме жөнөтөбүз, ошо шилтеме аркылуу биз менен байланышка чыгышы керек. Бир күнү эле сабакты баштап шилтеме жөнөтсөм эле, менден кийин дароо биринчи кирди. Сабак башталганына 10 мүнөт болгондон кийин эле мага сөз бересизби деп калды.
“Мен бугун жумушта элем. Дүкөндүн ажатканасына кирип алып байланышка чыгып атам. Администратор эшикти ач деп тарсылдатып жатат. Мага мүмкүн болсо бүгүнкү сабакта уруксаат бересизби?” – дейт мен ушундай шартта турса кантип уруксат бере албай коём. Кантип карап турам кырдаал ушундай болуп атса. Айла жок сабктан чыга берсең болот дедим.
Экинчи бир окуя Талас чөлкөмүндө Арал деген айыл бар. Ал айылдын тегереги бүт тоо мен курчалган. Ал жакта интернет начар экен. Менин бир студент кызым ошол жактан байланышка чыгып окуйт. Мен ал кызды буга чейинки курстарында эле окуткам абдан активдүү, сабакка жигердүү катышкан, креативдүү студент кыздардын бири. Бир күнү сабакк кирип мен азыр тоодо жүрөм, азыр бул жактан да интернет бир кармап бир кармабай жатат деп чыйпылыктайт. Көрсө кыз сабакка кириш үчүн бийик тоого чыгат экен. Сабактарда абдан кыйналып атам деп сабакты сизге жазуу жүзүндө жөнөтүп турайын деген. Мен күндө сабакка катышыш үчүн 5 саат бою тоонун башында жүрөм дейт. Бул да онлайн окутуунун кыйынчылыктарынын бири. Студеттерибиздин кээ бири айылда чарбачылык менен алек болуп, кээ бири жумушта иштегендикен сабакка даярдана албай да калат. Алар кадимкиндей видеодо жүздөрүн көргөзбөй ары жактан биз берген материалды чорт-чорт окуп атканын байкап калабыз. Бул жерден студент өзүн алдап жатат да. Эми бул окууга жоопкерчиликсиз мамиле. Ал эми офлайн окууда биз бири-бирибизди көрүп билип турабыз. Жанындагы студенттерди да мугалимди да, өзүн да алдай албайт. Мындай кемчиликтер кетпейт. Айылдан чыгып жатканына карабай дарамети күчтүү окуйм деп тырышкан студентттер да арасында бар. Көбү далалаттанып сабакка бир нерсе үйрөнүп алайын деп кирет. Ортосунда же свет өчүп калат же, интернети түгөнүп бараткан болот, видеодон чыгып кеттим кайра шилтемеге кире албай жатам дейт. Мына ушундай көйгөйлөр бар. Бул жакта онлайн окуу адамдардын ден-соолугуна да терс таасирин тийгизип жатат. Мен өзүм 5 сааттан ашык компьютерде отурам. Студенттер анда да көп 3-4 пара отурган учурлар болот. Биз онлайн окуунун артыкчылыктарынан да кемчиликтери көп экенин ушул жактан байкасак болот.
— Жетекчилик тараптан кандайдыр бир колдоого ээ болдуңузбу, же муктаждыгыңыз болдубу?
— Биздин университеттин ректору Канат Садыков – абдан мыкты кесипкөй адис. Жаңы окуу жылынан бери бизди бир тартипке коюп когон. Окуу бизде дээрлик үзгүлтүккө учураган жок. Бул да бир жетекчиликтин профессионал экендигин байкасак болот. Биздин жетекчилик Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жыл башында макулдашып, эпидемиологиялык абалга жараша 4-курстарды оффлайн окууга өткөздү. Балким 1-курстарды деле оффлайн оккуга өткөзсө болмок. Өлкөдөгү экономика чабал абалда турганда, окуу жайдын экономикасын билип туруп биз жекекчиликтен ар бирибизге момундай техниканы камсыз кылгыла дегенге биздин абийирибиз жол берген жок. Себеби бул да каражаттын жоктугуна барып такалат. Экинчи семетрдан баштап ден соолугубуздун начарлап, кечке отура берип оорунун түрүн өзүбүзгө алып жатабыз деп 1,5 сааттык сабакты 50 мүнөт кылып кыстарттык. Бул да бизге чоң жардам болду.