
(Орозбек Кулукеев,сүрөт Кулукеевдердин үй-бүлөөлүк архивинен алынды)
- Обозбек Кулукеев, 57 жашта, 3-июлда каза болду
“Башкача адам элеӊ…
Бир ата, бир энеден төрөлсөк да, жетөөбүз жети башка элек. Бирибиздин ачуубуз мурдубуздун учунда, бирибиз бажырап сүйлөөк, бирибиз – түнт, дагы бирибиз – ачык мүнөз элек.
Атам-апам байкуштарым, кичинебизде баарыбызга бирдей тарбия бергени менен, чоӊойгондо ар бирибиздин мүнөзүбүзгө жараша мамиле кылаарын кеч байкадым.
Бала кезде, жеке оюмда, үйдөгү мыйзам баарыбызга бирдей деп ойлочумун. Көрсө, ар бир баланын өзүнүн өзгөчөлүгү, ага жараша ата-эненин ар бир баласына карата мамилеси ар башкача болоорун кийин өзүм балалуу болгондо гана түшүнүп жатпаймбы.
Баарыбыз чогулган жакшы күндөрдө, бала кездеги окуяларды айтышып, апам-атам кимди аячу, кимди көбүрөөк урушчу, айтып, эскерип, черибиз жазылып калаар эле.
Бир жолку байкелеримдин эскерүүсү эсимде. Балдардын баары жаныбыздагы Ара-Көлгө сууга түшкөнү атам-апамдан уруксат сурабай кетип калганда, Обоз байкем апамдын тапшырмасын аткарып, үйдө калчу экен. Ээнбаш кетип калган балдары көлдөн келгенде, апам Обоз байкемди чыбык алып кел десе, ал барып, өсүп турган бактын көк талынан кесип келгенде, көк чыбык жонубузду тилип-тилип кетчү эле деп эскерип, байкелерим каткырып калышат эле.
Обоз байкем, башкаларыбыздан айырмаланып, тынч, бир мүнөз, көп сүйлөбөгөн, адамды кунт коюп уга билген, бирок өзү жан сырын эч кимге айтпаган жан эле. Балким ошондуктанбы, укканга да кулак керек да, көпчүлүгүбүз байкеме ичибиздеги ойлорубузду айтып алып, эс алып калчубуз. Кээде чалып, тиги-буга болгон ойлорум менен бөлүшүп, бежиреп токтобой бирдемелерди айтып берсем, телефондун ары жагынан жылмайып, сөзүмдү бөлбөй угуп, туура болсом бир сөз менен мени кубаттап, туура эмес болсом, «дагы ойлонуп көрчү» деп кыска эле жооп кайтарат эле. Бежиреп сүйлөп жатып, байкемен мага тынчтыктын, эстүүлүктүн, токтоолуктун илеби келет эле.
Мен баарынан кичүүсү болгондуктан, мен өзүмдү апам-атамдын, баарынын эркеси көрчүмүн, ошондуктан го, мени бардыгы өзгөчө жакшы көрөт деп түшүнүп жашаптырмын.
Көрсө, ата-эненин жүрөгүндө өзгөчө жакшы көргөн баласы болот тура… Бир күнү апам капаланып отуруп, «мен бул жашоодо Обозбегим үчүн эле жашайм… ушул Обозбегим гана менин оюмдагыдай бала болду, бир өйдө караган жок» десе боло. Жашоодогу бардык жакшы сөздөр мага эле буйургандай өзүмдү сезип жүргөн жаным, апамдын бул сөзүнө таарына түшкөнүм менен, апамдын Обоз байкеме болгон сезимине, сыйына таӊ калдым. Ичимен бала кезимден берки, далай окуялар чубалып өтүп, апама мен эмнеге Обоз байкемдей боло албадым экен деген ой ичимде көпкө калды…
Кичинесинен техникага жакын болгондуктанбы же турмуш ошого жетеледиби, айтор Кара-Колдон Бишкекке мал ташып акыркы ондогон жылдар иштеди. Өзү нарындык болсо да, Ысык-Көлдүк айдоочулар байкемди бригадир кылып шайлап алышкан эле. Кийин байкем кайткыс сапарга кеткен соӊ, канчалаган айдоочулар, байкемен алган карыздарын өздөрү үйгө алып келип, байкемдин калыс, ички дүйнөсү таза, боорукер адам экенин ыйлап эскеришип, убагында байкем берген жардамдарын кайтарып кеткенин угуп, жүрөк сыздайт. Көрсө, өзү миллионер болбосо да, бир аз өзүнөн арткан акчадан – акчасы жокко акча беришип, машинесин жаӊырта албай жатканга өз жанынан кошумча берип, далай кишинин ажатын ачкан тура, аларды кайдан билели, өзү бизге айтчу эмес, ошол жардам алгандар айтып отурушпайбы.
Ак эмгегине үй-жайын заӊгыратып салып, машиненин түрүн алып, ал тургай бир туугандарга жардам бергенден ырахат алчу, өзүнүн тынч жашоосу бар эле. Бир туугандар жардам сурап калса, дагы бир беш жыл, 60ка чыккыча менин пайдамды көрүп алгыла, андан кийин мага да карылык келет, жыйган оокатымдын үзүрүн көрүп жашайын деп калчу. Аттиӊ ай, беш жыл эмес 56 жашыӊда жаныӊ жайран болду го байкем, ай…
Кара баскан июль айында температурасы түшпөй, эч бир оорукана албай боздоп жүргөн чагыбызда, кийин ооруканага түшкөнүндө да апамдын арбагына күндө сыйынып, жакшы көргөн балаӊды сактай көр, кайтарып бер деп канча боздодум… Эч ким кайтара албады… Эч ким жардам бербей койду… Жакшы көргөн апасынын жанына кете берди…
Асан Кулукеевди эскерүү, 24-июлда каза болду, 53 жашта
“Кечир…
Жатаарда малга чөп салып келмей, экөөбүздүн милдетибиз эле. Караӊгыда, мен ширеӊке алып (ал кезде азыркыдай фонариктин түрү жок) бастырмага шаты менен чыгат элек. Сен мени алдыга чыгып, ширеӊке күйгүзүп тур дейт элеӊ. Караӊгы бастырмага чыккандан коркконума карабай, алдыга чыгып, ширеӊке күйгүзүп тургуча, сен бир-эки боо чөптү ошол жерден эле түз жылкынын аштоосуна ыргытат элеӊ. Ошол кезде сенден эӊ коркконум, ширеӊкени өчүрүп алуу эле, бир тал күйүп бүткөнчө экинчи талды даярдап турат элем. Кокус, ширеӊкенин талы күйүп бүтүп, экинчисин улаганга жетишпей калсам, аябай урушат элеӊ. Асаным ай, байкем ай, канча аракет кылсам да, күйгөн өмүрүңдү улай албадым. Жашооӊ ширеӊкенин бир талындай тез эле өчүп калды го, берекем ай…Кечир мени…
(Асан Кулукеев, сүрөт Кулукеевдердин үй-бүлөөлүк архивинен алынды)
Сайракан эжекем байкушум, Пржевальскиге институтка өткөндө, биринчи стипендиясына менин боюма теӊ орус кыздын куурчагын алып келип бергени эсимде. Чачтары сапсары, көзү көк куурчакты көргүм келбей, көзүн ичке түртүп салып, чачтарын кайчы менен кыркып отурганымды көрүп, «жүрү, чыгырык жасап берем» деп пресс чөптүн зымынан чыгырык жасап бергениӊ эсимде. Кымбат баалуу куурчактан, сенин чыгырыгыӊды артык көрүп турганыма маашырланып, кубанганыӊ эсимде. Көр турмуштун айынан, сага бир чыгырыктын акысын кайтара алган жокмун. Мынча өмүр кыска экенин билгенде, каап ай… Кечир мени…
*
Сен эки чаканы алып, Ара-Көлдүн оозундагы булакка, таза суу алып келиш үчүн жөнөгөндө, 2-3 литрлик желим канистраларды алып, мен да ээрчип алат элем. Биринчи менин идиштеримди толтуруп берип, анан эки чака суу алып, ийиниӊе көтөрүп, мыйраӊдап басып, улам бир жерге тынып келет элеӊ. Сен тынган сайын, мен да тынып, сен эс алгыча, суунун жээгинен жалпак таштарды терип алып, сууга секиртип ойноп, сени күтүп, кайра жолду улашыбызды күтөт элем. Алда аттиӊ ай, эгер сени өмүргө кайтып келет десе, ошол суунун жээгинде кылым бою күтөт элем…Кечир мени!
**
Жетишпеген турмуштун айынан, күндүз окуп, кечинде кароолчулукка туруп акча таап, айлыгыӊды алганда мен окуган жатаканага келип, айлыгыӊдын теӊ жарымын бөлүп таштап кетчү элеӊ. Мага келип, акча таштаганча, чөнтөгүӊө эки алма сала келчү элеӊ. Эми алманы көргөн сайын сени эстейм. Тирүү болсоӊ, мен сага түрлөп алма алып барып берет элем, аттиӊ ай… Кеч…кеч.. өтө кеч…. Асаным ай…кечир…
**
Кичүү бала болгон соӊ, атамдын очогу өчпөсүн деп, апам байкуш сени кыйнап, экинчи жогорку билим алууга мажбурлап, айылдын мектебинде мугалим кылгандан баштап, ошол мектепте өмүр бою иштедиӊ. Ишиӊе берилип иштеп, ошол жерден далай наамдарды алдыӊ. Айланадагы калыссыздыкка тушукканда, «жүздөгөн адамдарга жардам бересиӊ, дипломатияӊды таштап, районго, облуска жумушка кирсеӊ боло, же жөлөк таяган чоӊ туугандарыбыз жок, же бере салчу акчабыз жок, улам эле тааныш-тунуш менен иш билбегендерди алып келип, директор кылып кое салышат. Анын кагаздарын, артын мен тазалап жүрөм»,- деп калчу элеӊ. Бир сапар завучтукту да өткөрүп берип салсаӊ да болбой, кайра завуч кылып шайлап алышты эле. «Ушул мектепке бир директор болуп, анан пенсияга кетсем»,- деп кыялданып калат элеӊ. Аттиӊ, ай! Кыялыӊ ишке ашмак тургай, өзүӊ жайран болдуӊ го…
*
Сен эркектердин кичүүсү элеӊ, мен баарыӊардын кичүүӊөр элем. Улууларыбыз чоӊоюп кетип, сен экөөбүз эриш-аркак чоӊойгондуктабы, жүрөгүмө жакын сакталып калыпсыӊ, берекем ай, Асаным! Күндө жазчу, «Кутман таӊ» деген сөзүӊ канчалык баалуу экенин учурунда сезип койсомчу…
Алыста жүрүп, ар кимден жардам сурап, боздосом да, сенин жаныӊа арачы болгон киши жок, эч ким жардамга келбей койду го…Айта берсе арман көп… Сен мен үчүн өлгөн жоксуӊ! Аман болсом, баары алдыда…Кечир мени…”