Пандемия маалындагы адамдардын абалы

Гемодиализдеги бейтаптын кайрылуусу

Обращение больных с хроническими заболеваниями
  • Гемодиализдеги бейтаптын кайрылуусу

Самидин Сейитбеков

Урматтуу Сооронбай Жээнбеков жана Саламаттык сактоо министрлиги, силерге Кыргызстандагы 1500дөн ашык гемодиализ алган бейтаптардын атынан кайрылып жатам. Коронавирус оорусу биздей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эки эсе көп кыйынчылыктарды алып келди. Биздей оорулуу адамдарга жакындан жардам берип, биз деле Кыргызстандын атуулубуз деген оюн ойготуп, өчүп бара жаткан үмүтүн жандырып коёсуңар деп ишенебиз. Кокус коронавирус биздин бир эле бейтапка жугуп калса, анда баарыбыз коркунучка кабылабыз. Гемодиализ алгандарга вирус жукса өзүнчө карай турган бокс палаталарды уюштуруп, атайын адис бөлүп бере аласыздарбы? Бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги колго алса жакшы болот эле. Биздин тагдырыбыз силердин колуңарда”. 

(Сүрөттө Бишкек шаарындагы блок посстордун бири, сүрөт Өкмөттүн расмий веб сайтынан алынды)

Роза Мусабаева, Сокулук районунун Күн-Туу айылынын тургуну:

– Мен 15-марттан бери жумуш жок отурам. Балам да коллежди аяктап иш таппай жатат. Кызымды өз энемдикине айылга жибердим. Анткени акча, тамак-аш жок. Карантин башталганда бир кап ун, беш литр суу май алгам. Андан кийин айыл өкмөтүнө жардамга муктажмын деп арыз бергем, бирок эч кандай жардам жок. Буга чейин деле тууган-урук жардам берчү. Өзүм көзүм боюнча 3-топтогу майыпмын. Эки миң сомдук пенсиям дарыма да жетпейт. Мурун бала багып иштечү элем, азыр коронавирустан коркуп эч ким үйүнө киргизбейт. Бала бакчада да иш жок. Жардамга муктажмын.

Айгүл, Ак-Ордо конушунун тургуну:

– Мен ушул жылдын 17-апрелинде бир үй-бүлөгө жардам сурап кайрылгам. Андан бери эки ай өттү, жардам бермек түгүл сураган киши жок. Ал үй-бүлөнүн ата-энеси Москвага операция жасатканы кетип, карантинге байланыштуу кайтып келише элек. Ал үй-бүлөнүн бойго жете элек үч баласы калган, таежеси карап, үйдө беш киши каражаты жок отурат. Квартальныйга чалдым, 1227 номерине, мобилдик телефонго да чалдым. Күтө тургула эле дешет. Жардам алыш үчүн мэрияда таанышыбыз болуш керекпи?

Бишкектин аты-жөнү белгисиз тургуну:

“Биз Бишкектеги жаңы конуштардын биринде турабыз. Мени менен бирге турган кыз коронавирус менен ооруп калып, ооруканага жаткырылды. Врачтар бизди дагы текшерип, 14 күн үйдөн чыкпай отургула деген талап койду. Бизге тамак-ашты ким алып келип берет? Чет мамлекеттерден жана башка уюмдардан келип жаткан миллиондогон жардам кайда? Ушундай кырдаалга туш болгон биздей адамдарга жардам берилбейби?

Кара-Балта шаарынын төрт балалуу тургуну

-Менин төрт балам бар. Кара-Балта шаарында ижарага алган батирде турам. Балдарым жаш, улуусу алтыда, биринчи классты гана бүттү. Күйөөм бир жарым жыл мурда каза болуп калган. Жардамга муктаж болуп, кайрылып жатам.

Жибек, Бишкектин тургуну:

– Мен эки кызым менен батирде турчумун. Карантин убагында аябай кыйналып калдым. Эки айдын акысын төлөй албаганым үчүн үч күн мурун батирден чыгарып койду. Азыр бирөөнүкүндө суранып убактылуу турам. Кыздарымдын атасы жардам бербейт, такыр дайыны жок болгонуна бир жарым жыл болду. Ата-энем да жок, мурда эле каза болуп калган. Былтыр өзүм да операция болуп, оор жумуш жасоого болбойт. Батирдин акчасын бере албагандан ушинтип көчөдө калам деп ойлогон эмесмин, жалгыз аябай кыйналып кеттим. Акчам жок, тамак-ашым да жок, кыздарымдын курсагын эптеп тойгузуп атам. Сиздерден суранам, жардам бергилечи. Телефон номерим: 704-13-67-87.

Алай районунун Сарык-Могол айылынын тургуну, Өскөнбай Бердибаев 

Май, 2020-жыл

Жети баланын атасы, кышында кичүү кызынын буту күйүп, аны менен ооруканада жатканда айылдагы үйү өрттөнүп кеткен. Кызына дары-дармек алууга, операцияга өтө көп каражат кеткенин, айрыкча кан, плазма куйганга тыйыны жетпей, келинчегинин паспорту Ош шаарындагы Кан борборунда күрөөдө калганын айтып кейиди.

Өскөнбай өзү ыр жазат, «Янги Овоз» Орто Азия жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жок болуп дарек-дайным таппай жүрөм,

Бар болуп кең дүйнөгө батпай жүрөм.

Түйшөлүп эзилсем да санаа тартып,

Жарылып мен эч кимге айтпай жүрөм.

Чок болуп жанып-өчүп, күйүп жүрөм,

Башыма көп түйшүктү үйүп жүрөм.

Ташыркай тажасам да көр тирликтен,

Таштабай ырларымды сүйүп жүрөм.

Турмушта көп нерсеге жетпей жүрөм,

Тулпарым чаалыккансып кээде жүдөйм.

Жан жактан сокку урулса кайыл болуп,

Жашырып ырларымды эптей жүрөм.

Өмүрдө өйдө-ылдый жашап жүрөм,

Өзүмдү эптеп адам атап жүрөм.

Тагдырда миң жыгылып, жүз турсам да,

Өчүрбөй ырларымды сактап жүрөм.

Тагдырда көп жыгылып көп турсам да,

Жоготпой ырларымды сактап жүрөм.

Азизбек Исмаилов Кочкор районунун тургуну, 1-топтогу майып. 

«Мен 1-топтогу майыпмын, 2400 сом жөлөк пул алам. Көбөйтүп беребиз деген убада эмне үчүн аткарылбайт? Кээ бир майыптар 4500 сом алышат экен. Эмне үчүн биздики көбөйбөйт? Көптөгөн майыптар 3000 сомдук жөлөк пул алышат, ал эч нерсеге жетпейт. Бир бутум кесилген. Арабам бузулуп калып, жаңы ала албай жатам. Баасы 40 миң экен. Ошого жардам бере аласыңарбы?».

Жалгыз бой эне:

«Эки балам бар, бир уулум майып. Азыркы шартка байланыштуу иштей албай калдым. Батир ээси эки айдын акысын доолап келиптир. Ага акча төлөмөк түгүл, тамак-ашка акча жок отурам. Болгону 5-6 картошка менен пияз калды. Балам алты жашта, бирок өзү тамак иче албайт, сүйлөй да албайт. Аны таштай турган киши жок, ишке чыга албай жатам. Жети жаштагы кызымды мектепке берүүгө кудуретим жетпейт. Баламды догдурга көрсөтө албай жатам, себеби жол кирем жок. Жок дегенде тамак-аш жагынан жардам бергилечи».

Гүлжамал Турдубай кызы, Келечек жаңы конушунун тургуну,

“Мен “Дордой” базарында чай сатып иштейм. Азыр ишибиз токтоп калды. Үч балам бар, аларга кошуп сиңдимди багам. Батирде турабыз. Акча жок, жолдошумдун да иши токтоп калды. Дүкөнгө барсак, карызга бербей жатат. Батирге 6 миң сом төлөйм, аны да үйдүн ээси доолай баштады. Соопчулук үчүн жардам кылып койсоңуздар жакшы болот эле.”.

Ак-Жар жаңы конушунун атын атабаган тургуну, үч баланын энеси:

“Ак-Жар жаңы конушундагы биринчи көчөдө, 16-үйдө жашайм. Үч балам бар. Жолдошум эмгек биржасына чыгып акча тапчу. Азыр үйдө отурат. Азык-түлүктөн кыйналып жатабыз. Унум бар болгону менен башка тамак-ашым калган жок. Балдарым кичине, батирдин акчасын да доолап жатышат. Кызыл Ай коомуна жардам сурап кайрылсам, “төрттөн ашык бала баккан жалгыз бой энелерге эле беребиз” деп коюшту. Мамлекеттен жөлөк пул албайм. Былтыр документтеримди тапшырып, айыл өкмөтүнө кайрылгам. Бир жылдан бери жыйынтык чыга элек. Азык-түлүктөн жардам берип койсоңуздар жакшы болот эле.”

Тамак-аштан кыйналып жардам сурагандардын бири Ош шаарынын тургуну Гүлчехра Калбаева. 

“Ошто жашайм, азыр батир акысына 12 миң сом таппай кыйналып жатам. Бул айдын онунда төлөшүм керек. 12, 10 жаштагы эки уулум бар, кош бойлуумун. 2019-жылы төлөйкөндүк бир молдо мени экинчи аял кылып алган, ошол батиримдин акысын төлөп турчу. Оору чыккандан бери ал “акча жок” деп койду. Ар кимден сурап, таба албай жатам. Балдарыма жөлөк пул албайм. 2016-жылы Орусияда иштеп жүрүп, эки кулагым укпай калган. “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук уюмунун көмөгү менен операция болгом. Азыр кулагым угат. Майып катары катталайын десем, мэрия болбой койду. Иштей албайм. Азык-түлүк, акчадан кыйналдым”.

Гүлчехра Калбаева, жительница Оша, обратилась за продуктовой помощью: “Живу в Оше, не могу найти 12 тысяч сомов, чтобы оплатить за съемную квартиру, должна оплатить 10 числа этого месяца. Есть сыновья 10, 12 лет, беременная. В 2019 году вышла замуж второй женой за муллу из Толойкана, он оплачивал квартиру. Как начался COVID-19, сказал, что нет денег, у всех прошу денег, не смогла найти. В 2016 году, когда работала в России, я оглохла на оба уха, с помощью благотворительной организации «Элим барсыңбы?», оперировалась, сейчас я слышу. Хотела зарегистрироваться как инвалид, но мэрия не дала согласия, работать не могу, тяжело с продуктами и с деньгами”.