
(Раушанбек Сыргаев, жубайы менен, сүрөт Сыргаевдердин жеке архивинен алынды)
- Раушанбек Сыргаев, 58 жашта
- 18-июлда Ош шаарындагы ооруканада көз жумду
Кызы Нурайым Раушанбекованын эскерүүсү: Менин атам Раушанбек Досматович Сыргаев, милициянын отставкадагы полковниги. 2020-жылдын 18-июлунда пневмониядан көз жумду. Атам көп жылдар бою Ички иштер министрлигинде иштеп, өмүрүнүн жарымын мекенине кызмат кылып өткөргөн.
Уюшулган кылмышкерлер жана диний экстремизм менен күрөшүү боюнча түштүк регионунун ага-опер кызматкери, Ош облусунун кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн башчысы, баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, ыкчам издөө бөлүмүнүн түштүк башкармалыгынын башчысы, баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Ошондой эле Өзгөн, Ноокат, Алай райондук бөлүмдөрүн башкарып турган.
7-июлда атам өзүн жакшы эмес сезип калды. Чочулап тез арада ПЦР-тестин тапшыралы деп чечим чыгардык, себеби атамдын кант диабети оорусу бар эле. 8-июлда тест тапшырдык, тилекке каршы, 9-июлда атамдан жана апамдан тест жыйынтыгы “положительный” деп чыкты. Атам кант диабети менен ооругандыгына байланыштуу тез арада врачтардын көзөмөлүндө болсун деп ооруканага жаткырыш керек болуп калды. 9-10-июлда ооруканага орун издеп 2 күн убактыбызды жоготтук.
Атамдын дене табы бир туруп 37.9га түшүп, кайра 39.7ге көтөрүлүп жатты. Тааныш инфекционист дарыгерге чалып аралыктан консультация алдык. Укол жана капельница койгону бош медайым таппай калдык.
11-июлда ооруканадан орун табылып, 118ге чалып мобилдик топ кызматкерлерин кечки саат бешке чейин чыдамсыздык менен күтүп олтурдук. Мобилдик топ келип сатурациясын текшеришкенде сатурациясы 85 болчу. Ошентип атам 11-июлда Ош облустук оорукананын гепатология бөлүмүндөгү орто абалдагы оорулуулардын палатасына жаткырылды (ал эми эпикризде эмнегедир орто оор абалдагылардын палатасына жаткырылды деп турат). 12- июлда атам вотсап аркылуу тааныш врачка мындай үн билдирүү жибериптир: «Кандайсың карындашым? Келип, ооруканага жатканмын… Врачты көрө элекмин… 3 адам жатабыз, булар түштө келип жатышкан экен, эч ким келип карабаптыр. Ооруп жатышат, мен да ооруп жатамын. Бир медсестрага акча чогултуп берсек карайттыр… Кандай дейсиң?» деген экен эле.
Угушумча ошол кездери дарыгерлер коронавирус жуктуруп алгандардан качып, күнүнө бир жолу эле кирип карап коюшчу экен эле, анда да эгер кирсе, болбосо медайымдар кирип карашчу экен, ал эми врачтар бейтапты көрбөй эле телефондон консультация берип коюшат экен эле. Эми аны далилдеп да бере албайт экенмин, мага окшоп жакынын жоготкондор гана мени түшүнүп сөзүмдө ачуу чындык бар экенин билишет.
13-июлда атам менен бир палатада жаткан киши алардын көзүнчө көз жумуптур. Ошондон улам атамдын сатурациясы 70ке түшүп атам реанимация бөлүмүнө которулат. Реанимация бөлүмүндө жөнөкөй эле «үйдө жасалган кычкылтек баллону» бар экен, анын да редуктору улам-улам эле бузулуп жаткан, «үйдө жасалган кычкылтек баллонуна» кычкылтек концентраторунун нымдагычын жана кычкылтек маскасын издеп жүрдүк.
Ар жарым саатта кычкылтек баллондун ичиндеги кычкылтек түгөнүп жатты, иним баллондун жанынан жылбай бош баллонду которуп кычкылтеги бар баллонго алмаштырып турду. Медиктер орулуулар көп болгондугунан улам өздөрү кычкылтек баллонду алмаштырганы үлгүрбөй жатышкан окшойт эле. Иним түнү да, күнү да атам жаткан палатанын терезесинен жылбай сыртта кычкылтек баллонду которуп турган.
13-июль түнкү убакытта кычкылтек баллонунан тартылган конюля чыгып кетиптир, атамы 13-июлда жоготуп ала жаздадык. 14-июлда түнү да ушундай көрүнүш болуптур. 15-июлда иниме жардам берип атамды карашканга жумушунан уруксат сурап Жалал-Абаддан агам келди.
Агам өзү менен кошо СИЗ костюмун ала келиптир. Түнкүсүн агам СИЗ костюмун кийип палатага кирип барып атамы карап жатты, конюля чыгып кетпештигине кооптонуп. Ал эми иним сырттан кычкылтек баллонду которуп турган. 16-июлда атам агама “канкор” деген дары алып кел деп смс жазыптыр. Агам врачтан сураса жүрөк оорудан дары бердик дептир. 17-июлда атам тааныш врачка вотсап аркылуу «Сахарды түшүрүш керек. Срочно!» деп жазыптыр, демек атам өзүнүн кантынын деңгээлин өзү көзөмөлдөп жаттыбы деген суроо пайда болуп турат. Атамды Закирова Жыпара аттуу врач карап кайдыгер мамиле кылган, атамы бир тараптуу дарылашкан деп ойлоймун. Атам реанимацияга түшкөндөн соң Закирова Жыпара аттуу медицина кызматкери бөлөк жаш врачка өткөрүп берип койгондой туюлуп турат. Дары-дармектер да жетишсиз болду. Гепарин, клексан деген дарылардын баасы илбирс секирик жасап жиберди, аны да араң табасың канча сом болсо да алганы макул болуп алып жаттык. Ал эми мен болсо апамы карап жүрдүм, үйдө апам ооруп жатты. Рингер жана С витаминин издеп шаар кыдырып жүрдүк. Алардын да баасы кымбаттап кеткен. Апама дары- дармектерди таап келгенден соң медик таппай калдык, ал мезгилде Ошто стационарлар да толук ачыла элек болчу, ачылган стационарларда орун жок, ыктыярчылар да бошобой жатышкан.
Тааныштардан сураштырып бир медик таап, аны барып үйүнөн алып келип капельница койдуруп, кайра үйүнө жеткирип коюп жүрдүк. Мындайда дары- дармектин баасын жана медициналык кызматтын баасын да карабадык, канча сом десе ошончо таап берип жаттык. Апам 3 күндүк капельницадан кийин өзүн бир аз жакшы сезип баштады.
Атам реанимацияда экенин айтпай жүрдүк, себеби кыжаалаттанып оорусу күчөп кетет деп корктук. 18-июлда атамдын сатурациясы 98ге көтөрүлүп калды, эми кычкылтектен чыгарабыз деп жатышкан медицина кызматкерлери. Бирок атам жүрөгүн кармап эле отура берди, улам-улам кардиомагнил ичип. Биз дагы врачтан сурадык: «Жүрөгү ооруп жаткандай, кантели?» деп. Медицина кызматкери ийне сайдык жүрөк оорудан деди, анда бир аздан соң өзүн жакшы сезип калат деп ишендик. Ошентип 18-июль кечки саат алтылар чамасында атам каза болду. Медицина кызматкери өз термининде тромбоэмболия жүрөк кан тамырлары жарылып кетти деп тыянак чыгарышты. Атамдын жанында иним бар болчу. Инимдин айтымында, атам иниме кир деп чакырыптыр терезеден, иним киргенден кийин, колу менен мобул маскадан тажадым деп көрсөтүптүр да масканы чечип салыптыр, иним «Ата масканы чечпей коё туруңуз!» дегиче атам инимин колуна кулап түшүптүр. Иним шашылып: «Реаниматолог!!!» деп медицина кызматкерлерин чакырып баштаптыр, медиктер кирип атамы өзүнө келтирүүгө аракеттенип адреналин деген препаратты жүрөгүнө сайыптыр, атам өзүнө бир келиптир да анан кайра көзүн жумуп чын дүйнөгө кете бериптир. Облустук ооруканада дефебрилиатор деген аппарат да жок экен… Аттиң дейм биздин бийлик бул илдетке даяр болбой калгандыгына, балким айтышаар «Дүнүйө жүзүндө болду бул пандемия, ошолордун катарында Кыргызстанда жоготуулар болот да. Кыйын державаларда жоготуулар болуп жатпайбы!» деп, бирок ошол державалардын калкы көп, ал эми биздин 6 миллиондук калкка күнүнө 60-70тен болгон өлүм бул өтө көп деген көрсөткүч, бул дагы расмий маалыматтар боюнча, үйүндө ооруканага орун жок болуп калып көз жумгандар канчоо…
Канчалаган адамдар атасын, апасын, баласын, кызын жоготту. Балким айтышар «ажал экен арга жок» деп, ооба ажал улук дейт, ажал экен ичер суусу түгөнүп узап кетти. Бирок дары-дармек таппай, медицина кызматкерлери бошобой кандай гана кыйын күндөрдү көрдүк. Эч кимдин ата-энеси, бир тууганы, балдары оорубасын, бул илдеттин экинчи толкунунан жоготууларсыз чыгып кетишибизди каалайт элем.”