Вирус Кыргызстандын миңдеген өмүрүн кыйды

Салехи Вазири Акбар Хоссеин, IT адиси 35 жашта

14-9-e1614883390970-300x300

(Салехи Вазири Акбар Хоссеин, сүрөт маркумдун аялынын архивинен алынды)

  • Салехи Вазири Акбар Хоссеин, IT адиси 35 жашта

Салехи Вазири Акбар Хоссеин Бишкекте 2004-жылдан бери жашап келаткан. Борбор Азиядагы Америка университетинде окучу. Бул жерде жеке менчик IT компаниясын түзгөн.

Келинчеги Айсулуунун эскерүүсү: Биз экөөбүз 8 жыл бирге жашадык. Ал он алты жылдан бери Кыргызстандан жарандык ала албай койду. Себеби, бул жактын иш кагаздары абдан татаал, көп экен. Бирок ал келечегин Кыргызстан менен гана байланыштырчу, тоолорду аябай жакшы көрчү. Вазири мыкты  IT- адиси болчу, келинчегине камкор, бирөөгө кылдай жамандыгы жок, айкөл жигит эле. Көп ой-пландары бар эле, анын баары капыс оорудан үзүлүп калды. Аны билгендер терең акылы, өзгөчө боорукердиги, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жумшактыгы үчүн жакшы көрүшчү. 2020-жылдын 11-августунда 36 жашка толмок, а бирок минтип эскерип отурабыз…“

 

Салехи Вазири Акбар Хоссеин 2020-жылы 22-июнда таажы вирусунун өтүшүп кетишинен  Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.