Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Санабар Матанованын окуясы

Санабар Матанова

Фото радио “Азаттык”, автор Бакыт Торогелди уулу

  • Санабар Матанованын окуясы

“Гемодиализ бейтаптары” коомдук бирикмесинин жетекчиси Санабар Матанованын кызы  6 жылдан бери диализ жабдуусуна туташкан.

Март, 2020

Бизге жардам керек болуп жатат. Гемодиализ бейтаптары үйдө олтура албайт да, күн алыс диализге барып турушу керек. Комменданттык сааттын айынан аябай кыйналып жатышат. Булардын колунда жасалма бөйрөк жабдуусуна барып, атайын дарылануусу керек деген кагаз турса да, посттордон өткөрбөй  жатышат. Ал тургай дарыгерлердин да сөзү өтпөй калды. Коменданттарга чалсак, эч ким телефонун албайт. Өтө көп адам ушинтип азап тартууда. Акыры айласы кеткенде дарыгерлер бизге, жарандык коомго журналисттерге кайрылгыла деп айтышты. Биз азыр үйдөн чыга албасак каякка барабыз? Бардык жакка чалганыбыз менен эч ким чара көрбөй койду. Бир күн кечке Саламаттык сактоо министрлигинин карантиндик бөлүмү бар экен, ошого телефон чалсам, эч натыйжа болбоду. Алар бизге кат жазгыла дейт. Катты үйдөн чыгарбай жатышса кантип, каякка алып барабыз? Анан азыр түзүлүп жаткан обсервациялар да кооптуу болуп жатат. Маселен Каракол шаарындагы оорукананын биринчи кабатында диализдик борбор, экинчи кабатына коронавирус менен ооругандар үчүн обсервация жасап салышты. Алардын тепкичтери жалпы, эми биздин бейтаптар коркуп, вирус жугуп калабы деп аябай кыжаалат болуп жатышат. Диализдеги оорулардын абалына эч ким көңүл бурбай, эч нерсе уюштурулбаганы өкүндүрүп жатат. Кыргызстанда жалпы 1500дөй күн алыс гемодиализ алган бейтап бар. Алар эми аппаратка тынбай барып турушу керек, үйдө олтура албайт да! Болбосо өлүп калышат. Эч ким бизди укпай жатат. Телефон чалсак алышпайт. Көптөгөн диализдеги бейтаптар аймактардан келгендер. Алар батирде калышты. Аларды батирдин акчасын доолап кубалап чыгып жатышат. Тамак-ашы, жол киреси жок калды байкуштардын. Аларга жардам берели, өкмөттөн жардам сурайлы десек пропискасы жок. Диализге жете албай калышты, элестетиңиз, азыр дарыгерлер бизден жардам сурап калды да. Эптеп ушул абалдан чыккыла депчи”. 

Апрель, 2020

Азыр биз гемодиализ алып жаткан бейтаптар коронавирусту жуктуруп калса эмне болот деп чочулап жатабыз. Саламаттык сактоо министрлигинен алар үчүн атайын обсервациялык жай даярдоону суранып жатабыз. Эки же төрт жабдуусу бар өзүнчө жай болсо жакшы болот эле. Вирус жуккан адамдар өзүнчө диализ албаса, жакындарына, башка бейтаптарга, дарыгерлерге өтө коркунучтуу да. Вирус жуктурган диализ бейтабы жугуштуу оорулардын ооруканасына да жата албайт да, күн алыс аппаратка туташып турушу керек. Эгер реанимацияга түшүп калса аны каякка алып барышат? Ушул маселенин баары чечилген эмес да. Бул маселени министрликке айтсак, дубалга башыбызды койгулагандай эле эч бир жооп ала албай жатабыз. Бизди эч ким укпай жатат. Ош жактагы бейтаптарыбыз улам журналисттерге кайрылууда. Эмнеге? Себеби коронавирус чыккан айылда да биздин бейтаптар бар. Алар шаарга келип, диализ алып жатат да. Бизде коронавирус аныкталган биринчи күндөн бери эле муну айтып, безилдеп келе жатам. Бирок эч ким укпай жатат. Сузактан, Жалал-Абаддан келип кеткендер бар. Алар  кантишет?”

Май, 2020

Биз Саламаттык сактоо министрлигинин алдына барып чогулганы жатабыз. Карантин башталганы биз аларга 7 жолу кат жаздык, бирок бир да жооп жок. Эми азыр коомдук транспорт иштеп, тамактануучу жайлар ачылды. Элдин баары көчөдө. Мен бүгүн атайын 175-маршрутка менен көчөдө жүрүп көрдүм. Элдин баары эч кандай коргоо чаралары жок эле жүрүшөт. Эч ким маска такпайт, бирөөсү кечке жөтөлүп, ал тургай дем ала албай калып жатты.


(Санабар Матанова, активист. Сүрөт “Азаттык” радиосунан алынды, автору Нурлан Тасмаев)

Демек, биздин гемодиализдеги бейтаптарыбыз ушундай шартта эле барып келип жатышат. Аларга оору жукпайт деп ким кепилдик бере алат? Бул биринчиси, экинчиси биз башынан эле пандемия деп жарыялагандан бери эле талап кылып келе жатабыз. Биздин бейтаптар тобокел тобунда биринчи орунда турат. Алар ооруп калса каякка алып барасыңар? Биз азыр баарын окуп чыктык, Орусия, Казакстанды карап салыштырдык. Европаны айтпай эле коёлу. Алар биздикиндей баарын чогуу коё берген жок. Атайын диализдик борбор даярдап, коронавирус жуккандарды ошол жакка алып барып өзүнчө бөлүп дарылашат. Эгер диализдик топто оору чыгып калса, ошол нөөмөттөгүлөрдүн баары тесттен өтөт. Кимдики тестте оору аныкталса дароо ошол бөлүмгө дарыланууга жатып, оору аныкталбагандары да обсервацияга алынат. Бизде ооруп калса алып бара турган жер жок. Мен буларга (министрликке) айтып жатам, болуптур биздин бейтапка коронавирус оорусу жугуп калды. Бизди диализдик борбор анда киргизбейт да, жугуштуу оорулардын клиникасына жаткырып коюшат. Бирок алар диализ жок жашай албайт да? Кантип жугуштуу оорулардын ооруканасынан диализ алат? Аларды диализге алып барып кайра алып келип турасыңарбы десем жооп бере алышпайт. Эми азыр кооптонуу аябай көбөйдү, биздин диализдеги бейтаптардын деле күйөөлөрү иштеп жатат, аялдары иштеп жатат. Карым-катнаш аябай көбөйдү. Кимдир бирөө ооруп калса эч кандай чара көрүлбөйт. Эч нерсе чечилбеген бойдон калып жатат. Эми нормаларын айтпай эле коёюн, эч кандай санитардык нормалар сакталган жок, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөдү. Маселен мен Орусияныкын окуп көрдүм, аларда бизге окшогон өнөкөт оорусу барларга борбор түзүшүп, кимге эмне жардам керек болсо телефондон жооп алгыдай шарт бар экен. Ал жакта температура болгон адамды диализдик борборго жеткирбей эле, дароо үйүнөн жугуштуу оорулардын клиникасына алып кетет экен. Бизде болсо температура болсо каякка алып барарын билишпейт. Бир оорулууну “Тез жардам” 16 саат ары бери ташып айласын кетириптир.  Ары бери түртүп жатып, акыры үйүнө алып барып коюшту. Коронавируска тест жасашып, ПЧР аныкталбаса, кайра үйүнө жеткиришти. Биз эртең ушул маселелерди көтөрүп, министрликке бара жатабыз. Ар бир гемодиализ борбордун кире беришинде температура ченегенден башка эч кандай норма сакталбайт. Орусияда мисалы диализге баргандардын ар бирине маска берип киргизет экен. Бизге маска миллиондоп келип жатат, алар каякка кетип жатканын билбейбиз. Ар бир эки саат сайын диализдик борборду дезинфекциялап туруш керек, бизде андай жок. Бир да түшүндүрүү иши жүрбөйт. Орусияда ар бир диализ бейтабына “борборго барып келгенде байланышты минимум азайтасыңар” деп кол койдуруп алат экен. Тобокелчиликти азайтуу  үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Диализ борборунда реанимациялык 5-7 керебет коюп жатышканда да мен кат жазганмын. Жугуштуу оорулардын клиникасына жок дегенде бир керебет койгула, бир диализ алып барып койгулачы дедим. Эч ким уккан жок биздин үнүбүздү. Азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлигиндеги кызматкерлердин баары ооруп калыптыр. Айла жок, вирус жуктурсак да ал жакка барууга туура келип жатат. Эпидемиолог ким, чыккыла, жооп бергиле деймин. 6-7 кат жаздык, бирөөсүнө да жооп беришкен жок. Кыргызстандагы гемодиализ оорулуулары немистердин “Фрезенус” компаниясына кетип жатканда мамлекетте абдан көп диализдик жабдуулар калган. Ошонун бирөөсүн жугуштуу оорулар клиникасына алып барып койсо болобу? Кокус коронавирус болуп калган диализдеги бейтапты ошол жабдууга сала коюшат эле го. Ал жабдуулардын баарын каякка жоготушту? Бул системадагы коррупция укмуш эми, аны эч ким кыйрата албайт! Аппараттар каякка кетти десек Караколго алып бардык дешет. Караколдо өзү болгону 10 аппарат бар, калган 60-70и каякта? 

— Каякка сатып ийишкен? 

Сатып ийишкен жок, аны дарыгерлер бөлүп жарып менчик диализ борборлоруна алып барып алышты. Бирден, экиден улам жарактан чыгарып жок кылышты. Маселен биз, карапайым эл диализ борбору эмес, даараткана ача албайбыз. Эми азыркы оор кырдаалда мен алардан сурап жатам, Улуттук кардиологиялык борбордо шайма-шай жабдылган, суу тазалоочу түтүктөрү баары коюлган 3 аппарат иштеп турчу. Алар каякта? Эч болбоду дегенде адам катуу ууланып калса анын бөйрөгүн, организмин тазалай турган аппарат жок буларда. Жаш төрөгөн аялдардын бөйрөгү иштебей калат, аны кантип тазалап жатышат? Болуптур деп жатам, эми ал аппаратты азыр таап келе албайбыз, ошентсе да бир ымалага келип, бейтаптарга шарт түзбөйлүбү деп айтып жатам, бирок эч ким байланышка чыкпайт. Расмийлер 5 оорулуу өлдү деп жатат. Гемодиализде жаткан кырктан көп киши өлдү карантин башталгандан бери, диализге кезек күтүп жатып. Эч болбосо эпидемиологу чыгып, биз менен жолуксун дедик да. Бирок бизди караган эч ким жок!”

Санабар айым карантин маалында гемодиализде жаткан бейтаптардын укугун коргоп, ошондой эле алардын арасынан коронавирус менен кайтыш болгондорду эсепке алуу аракетин дагы да улантууда.