Коронавирусту жуктуруп ооругандар

Сания Токтогазиева – Окумуштуу

Сания Токтогазиева

(Сания Токтогазиева, окумуштуу, сүрөт “Азаттык” радиосунан алынды)

  • Сания Токтогазиева:
  • “Мобилдик топту күтүп отурам”

Бүгүн эртең менен 118 кызматына телефон чалып, мобилдик топтун качан келерин сурасам, бүгүн сөзсүз барат дешти. Бирок алар күнүгө эле ушинтип айтып жатышат. Биз үч күн мурда эле аларга кайрылып, арыз таштаган элек. Ошондо эле бизден анализ алганы мобилдик топту жиберебиз дешкен. Мына 3 күндөн бери күтүп олтурабыз, эч ким келген жок. Аларга кайрылгандар өтө көп болуп, баарына жетишпей жатканын биз алгач чалганда эле эскертишкен. Бригада келип, бизден анализ алса деле жыйынтыгын 4-5 күн күтөсүңөр деп да айтышты. Ага чейин үйдөн чыкпай, эч ким менен байланышпай тургула дешти. Күткөнүбүз ушинтип узарып, 3 күн болду да. Абалыбыз начарлап кетсе “Тез жардам” чакыргыла дешти.

Азырынча дем кыстыкпай эле өзүбүздү жакшы сезип жатабыз. Анткен менен жөтөлүп, даам, жыт сезбей, дене табыбыз көтөрүлүп жатат. Шайым жок, жолдошум экөөбүз тең ооруп калдык окшойт, белгилеринин баары коронавирустай эле. Менин таң калганым, эмнеге менчик лабораториялар тест албай жатышат? Ушул нерсени жөнгө салып, уюштуруп коюшса болмок да. Ушунча убакыттан бери жок дегенде менчик лабораториялардан анализ тапшырууну бийлик эмнеге уюштуруп койгон жок? Акчасын деле төлөп ооруну аныктоого даяр элек го”. 

Парламент жана өкмөттө ыкчам кеңеш берүүчү 118 кызматы менен мобилдик топторго болгон сын улам күчөп, 20-июнда өкмөт башчы Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында бул маселеге токтолгон. Көптөгөн сындардын айынан 118 кызматы качан, кантип пайда болду деген суроо жаралат. 18-июнда менин өзүмдүн жолдошумдун анализинен коронавирус аныкталды. 3-4 күн дене табы көтөрүлүп, үйдөн чыкпай жаткан эле. Ал анализди бейтапканага барып тапшырган. Жолдошумдун абалы бир күндүн ичинде начарлап, ошол маалда баш калаада ооруканалардан орун табылбай, Токмок шаардык инфекциялык ооруканага алып кетишти. Ал эми ПЧР-тест алчу мобилдик бригада карантинде жаткан мага жана менин балдарыма 3 күндөн кийин келип, анализдерибизди чогултту. 118 менен мобилдик бригадалардын кечигүү себептери тууралуу социалдык медиадагы нааразы посттордон улам “Сорос Кыргызстан” фондунун саламаттык боюнча программаларынын координатору Айбек Мукамбетовдун маалыматынан кийин бул эки кызматты мамлекет эмес, ыктыярчы бейөкмөт уюмдар каржылап, анда иштегендер ыктыярчы дарыгер, медициналык окуу жайлардын акыркы курстарынын студенттери, ординаторлор экени ачыкталды. Ылдыйда экөөбүздүн диалогубузду уксаңыздар болот.