
Сүрөттө Талантбек Батыралиев, профессор кардиохирург, сүрөт Батыралиевдин жеке архивинен
- Талантбек Батыралиев
- Профессор, кардиохирург
Май, 2020-жыл
(Илимий кеңештердин кагылышы, Кыргызстанда коронавирус башталганда медициналык илимпоздор эки топко бөлүнүп алышып, бир пикирге келе албай кыйналышкан.)
— Саламаттык сактоо министрлиги илимий консультативдик кеңеш түзүптүр, алар сиздер менен иштешүүгө даярбыз деп жатышат. Силер ага альтернативдүү кеңеш түзгөн экенсиздер, эмнеге бириге албай жатасыздар? Дегеле министрликтен сиздер менен кызматташуу сунушу айтылдыбы?
— Биринчиден, биз илимий кеңешти бир ай мурун түздүк, ага жалаң ыктыярдуу түрдө илимпоздор киришти. Бул пандемия адам баласына биринчи жолу келип жатат, заманбап медицинанын мындай жугуштуу оору менен иштөө тажрыйбасы жок да. Кытайдын практикасы боюнча пандемия + коронавирус жана өнөкөт оорулуу бейтаптарга кам көрүү биринчи орунга чыкты. Азыр биз вирусту эле карап отуруп, аны эле кечке дарылай берсек туура эмес, башка өнөкөт ооруларды да унутпашыбыз керек.
(Сүрөттө Талантбек Батыралиев, профессор кардиохирург, сүрөт Батыралиевдин жеке архивинен)
Биз орустар, америкалыктар же Кытайга окшоп, жаңы оорукана кура албайбыз. Бирок жаңы тажрыйбалар чыкты. Өнөкөт ооруларды кандай дарылоо керектиги улам айтылып, жазылып жатат. Ар бир мамлекет илимдин жетишкендиктерин пайдалануу менен күнү-түнү тынбай дарылоо жаатында болобу, башкабы, өз чечимдерин чыгарып жатат. Биз ошолорду анализдеп, биздин дарыгерлерге жеткиришибиз керек. Биз бирөөнүн буюртмасы менен иштеп жаткан жокпуз, биздин кеңештеги ар бир адис англис тилин мыкты билген, өз тармагынын устасы, алар туура, так маалыматтарды элге жеткирүүнү көздөп жатышпайбы.
— Талант агай, анан ошол илим жаатында көп өлкөлөр өзүнүн илимпоздоруна көп суммадагы каражат бөлүп, ПЧР-тесттерди чыгарып, инвестиция жасап жатпайбы. Коңшу Өзбекстанды, Казакстанды эле алалы, ар кайсы өлкөдөн илимпоз алып келип жатышат. Бизде абал кандай?
— Эми бизде андай акча жок, ошол үчүн илимге акча салыш мүмкүн эмес. Биз тек гана өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонууга жардам берели деп өкмөткө да сунуштадык. Алар кабыл алса, албаса да таарынычыбыз жок. Негизи Саламаттык сактоо министрлигинин алдында бул вирусту кантип дарылоо керек, кандай протоколдор талап кылынат, эпидемиологиялык кырдаалга кандай талаптар бар ж.б. суроолор боюнча функционалдык эксперттик кеңеш болушу керек. Муну мен илимпоз жана мурдагы министр катары айтып жатам. Азыр эми илимий консультативдик кеңеш түзүшүптүр. Азыр дал ошолор өз ишин туура аткарышы зарыл. Анткен менен ошол жактагы илимпоздор Кыргызстандагы реалдуу абалды билбейт, алардын позициясын туура эмес деп эсептейм, эмнеге? Себеби алар азыр ойлоп жатат, бир коронавирус болгон бейтап инфаркт болуп калды, аны каякка алып барышат? Бир коронавирус диабет менен ооруду каякка алып барат? Эч жакка алып бара алышпайт.
Муну эч ким ойлонгон жок. Коронавирус өпкөнүн эле оорусу эмес, жанагы башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев өлкөнү кыдырып, чыныгы абалды көрүп чыкпай жатпайбы. Илимий консультативдик кеңешине эч кимди киргизбей өз билемдигин кылып жатышат. Илимпоздордун пикири менен эсептешкен жок. Биз иштеп жатабыз, биздин жардамыбыз керекпи сунуштайбыз, биз бул жерден кандайдыр бир материалдык каражат табалы деген жокпуз. Булардын айынан Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен кетти. Ошондон кийин булардын эч моралдык акысы жок совет түзүп отурганына. Уялгандан деле кетип калышы керек эле, маселен Кардиология институтунда өтө көп адам иштейт, бирок бир да аппарат иштебейт. Булар анализ кылып, элге кантип дарылашканы тууралуу отчёт беришпейт. Мындай илимпоздор жеке эле Космосбек Чолпонбаев эмес, дагы көп министрди иштен кетирип отура беришет. Тескерисинче, элди аралап, чыныгы дарыгерлигин көрсөтүшпөйбү. Азыр мына 4 дарыгер каза болду, ону катуу ооруп жатат. Ушул илимий кеңештен бирөө да кызыл зонага кирип, ооругандардын жанына басып барышкан жок!
— Илимий кеңеш дарыгерлерге кеңешти онлайн берип, аралыктан дарылап жатабыз деди го?
— Онлайн мен деле отура алам, мен акча албайм, эгерде мени чакырса барам. Ошондуктан мен так айтамын – бул коррупцияга аралашкан – эксперттик кеңеш.
Июль, 2020-жыл
(Оору күчөп, адамдар массалык түрдө өлүп жатканда алынган маек)
— Талантбек агай, саламатсызбы!
— Саламатчылык!
— Мен Бактыгүл, ден соолуктарыңыз жакшыбы?
— Чыныбаевабы?
— Ооба да, Бактыгүл Чыныбаева.
— Телефон башка, үн бир аз башка.
— Жок, үнүм ошол эле, телефон берки номеримде бирдик калбай калыптыр, анан бул менен чалып атам. Кандайсыз, жакшысызбы?
— Кандайсың?
— Баары жакшы менде, агай.
— Өзүң жакшысыңбы?
— Жакшы.
— Бирок өлкө чатак ээ?
— Өлкө чатак, аябай чатак болуп атат. Улам жакындарыбыз кетип жатат, четинен-четинен.
— Мен азыр эки дарыгерди жаткырганга жер таппай жатам, үч таанышым каза болду.
— Дарыгерлердин кеткени жаман болду. Мен сизге чалып жатканымдын себеби, кечээ премьер-министр Кубатбек Боронов медиктерге келгиле, 70 миң сомдон айлык берем деп айтпадыбы. Дарыгерлердин буга чейинки айлык-акы кенемтесин толук бербей жатып, ушундай кепилдиктерди алардын алдында дарыгерлердин моралдык абалын дагы эске алыш керек эмес беле? Туурабы ушул?
— Бул жерде бир эле акча болбош керек да, мындай учурда мен дагы эле пандемияны согуш деп атагым келет. Согушта жоокерлердин маанайын көтөрүш керек. Аларда жетиштүү тамак болуш керек, керектүү эмеректер, өзүн коргонуучу заттар кемибеши зарыл. Дарыгерлердин арыздануусун четке какпай, аларды кылдат иликтеп чыгуу менен иштөөгө болгон жөндөмүн, ынтызарлыгын арттырса болот. Алар бизди уккандар да бар экен деп ойлонушу керек.
— Бул жерде кеп акчада эмес болуп атабы ошондо? Дарыгерлер иштеп бергенге даяр элебиз деп жатышпайбы.
— Акча деле керек, бала-чакасы бар үйүндө. Догдурлар үйүнө барбай эмгектенип жүрүшөт. Анан алардын башка каражаттары жок. Бул учурда дарыгерлердин эле эмес, башка элдин деле колдон келгенин кылгысы келет. Башка бир жакка барып иштеш оңой эмес. Же андай эмеспи?
— Ошондой да.
— Ошондуктан бул жерде көп тармактуу кылып кароо зарыл. Мен мындай сунуш кылат элем, азыр бүткүл дүйнө вирус менен күрөшүү боюнча 2 жылдык план түзүп жатышат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эскертүү берип жатпайбы, вирусту жеңе элекпиз, сүйүнбөгүлө, эрте деп. Абал азыр өзгөчө курчуп жатат, вирус мутация болууда. Мен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсүнө ишенем, эмнеге? Ойлоп көрсөңөр, коронавирус азыраак эле болуп, азыр акыркы 10 күндө пневмония күчөп кетип атат. Менимче коронавирус мутация болду. Эки жактан келген Кытайдан, Европадан же башка жактан келген, биздин жарандар аркылуу келген вирус. Ковид-19 мутация түрү башка болуш керек деп ойлойм. Ошондуктан биз көп нерсени кармап, борборго умтулган медицина, борборго умтулуп борбордук медицина, улуттук борбор дарыгерлерин кылганбыз. Буга чейин бүткүл элдин дарылануу боюнча үмүтү жана бара турган жери Бишкек болгон. Миграция дагы өстү, биз окуп жүргөндө Бишкек Фрунзе эле. Алматыдай эң кооз шаар эле. Ошол убакта 5 балдар ооруканасы бар болчу. Ар бир 10 миң калкка 34 врач деп, дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири болчубуз.
Келдик, оптимизация деп анан бүгүнкү күндөгү оор акыбалга. Ички миграция күчөп, калктын көбү Бишкекке топтолду. Жүктүн баары Бишкекте. Андан кийинки Ошто. Кырдаал өлкөдө бирдей, коммуникация шаардагыдай болбогон үчүн, элетте коронавирус болуу мүмкүнчүлүгү азыраак. Бул менин пикирим, Бишкекте жаңы оорукана кура албасак да “Ганси” обсервациясы турат. Мен брифингде айтып калдым, ал жакка 4 миң керебеттүү оорукана уюштурса болот. Кытайлар 10 күн ичинде курган ооруканага окшотуп, эптеп септеп эмес, жакшылап, 150 койка реанимация менен коюп, жабдууларды алып барып, толугу менен жугуштуу оорулардын ооруканасы кылып салса болот. Мен ойлойм, азыр адамдар түшүнүп калды акча менен ден соолук сатып алуу мүмкүн эмес экенин. Ошол эле учурда өпкөсү, жүрөгү, башы ооругандар жоголуп кеткен жок. Коронавирус аларга кошулган күтүлбөгөн илдет жүк боюнча келди. Биз коронавирус менен күрөшүп жатып эски болгон жүгүбүздү да кошо алып кетишибиз керек. Ушундайбы?
— Ооба.
— Биринчиден, ошондой мүмкүнчүлүк болсо, ошол “Гансини” аябай жакшы карап, бирок эптеп септеп тез эле жабдый салбай, баягы чоңдорго доклад кылганды эле көрсөтөлү дебей, адамга окшоп, бүт шарттарды кылып, жакшылап тез арада куруп алсак жакшы болмок. Биринчиден, шаар таза болот, бүт оорулар бир жерге барат. Анан ошол жерге бүткүл, керектүү адистерди топтоп каалаган шарттарын түзүп берсе, жеңилдик болот эле. Бул менин бир оюм.
Экинчи, дагы бир кайталайм, пандемия бул согуш. Согуштун түрү башка болуп атат. Вирус менен адамзаттын согушу. Ар бир өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша согушуп жатат. Бул күрөштү Республикалык штаб азыр башкарууда. Мамлекеттик жетекчилер эл алдына тез-тез чыгып, түшүндүрүү иштерин, коронавирус менен болгон түшүнүктөрдү берип атканда, бирдиктүү саясат менен, бир ооздон айтылса туура болот. Ошол эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир адиси чыгып антибиотикти керек болмоюнча албагыла десе, башкасы чыгып алып биринчи күндөн баштап эле колдонгула деп айтат. Азыр информациялык согушта биздин расмий тарап уттуруп жатат. Анткени бүгүн дексаметазонду сайдырса болобу деп мага эле алтымыштай киши телефон чалды.
Жакында Москвадан дары келиптир деп жатышат, дексаметазонду асма ийне менен сая берелиби деп мага чалышат. Эмнеге мага чалышат? Мен кыйын болгондуктан эмес. Ойлосок биз сайттарга коюп коюп эле анан телевизордон бир-эки сүйлөп коюп, эл алдына Саламаттыкты сактоо министрлигинин ою жетпей жатат деген пикирдемин. Интернет азыр бардык жерде бирдей иштебейт, ал кымбат карапайым калк жетпей калышы да мүмкүн. Штабдын алган тапшырмалары, маалыматтар айылдык элге кантип жетип атат? Анан штаб мамлекеттик кызматкерлердин телевизорун, ютубтан сүйлөп атканда, белгилүү бир чектин ичинде саясаттын ичинде мамлекетти колдогон, пандемияга болгон күрөшүн чыгарган бир адам, үлгү болчу киши керек, эл муну кабыл алышы керек.
— Азыр деги эле андай үлгү болчу адис жок болуп атат го бизде? Академик Сабырбек Жумабеков дароо эле антибиотиктен баштагыла дегенин балким көрдүңүз?
— Эми мындайда, кээде ушундай учур болуп калат. Ар бир учурдун каармандары чыгып калат да. Бирдемени жөн эле сүйлөйт, кетет, унутуп калат. Ошентсе да азыр элдин баары чалып академиктин рецебин сурап жатышат. Баары ошол киши айткан антибиотиктерди сатып алышууда.
— Ошол дарылоо схемасын шумдук панацея деп издеп атышат да, агай.
— Буга деген ошол эле учурда саламат сактоо министрлигинин башкы фармакологу, башкы адистери жазган алгоритмдер бири бирине төп келбесе элдеги ишенич азая берет. Албетте, мен азыр мамлекеттик кызматта эмесмин. Бүгүнкү болуп аткан кырдаал боюнча тек гана адис катары пикиримди айтам, ошол эле учурда мен ушул мамлекетте жашап атсам, кантип бул ооруну өлкөм тез арада жеңе алат деп ойлонбой коё албайт экем.
— Ар бир дарыгер ушинтип ойлонушу керек да.
— Ушундай болушу керек, сүйлөгөнү, мамилеси. Мамлекеттин саясатын туура жеткирип, бир пандемияга каршы, аскердин келбетин, сүрүн эл көрүшү керек.
— Рахмат, агай! Өзүңүздү жакшы караңыз, оорубай, сыктабай.
— Мен ойлоп атам, бир чети бул кандай болот. Кээде бар го баягы, бир агам бар эле, айылды сел алып кетсе аа ошондой болуп калыптырбы дегенчи. Мен эми айта албай атам. Кээде ойлойм мамлекеттик кызматта болбосом, эч кандай тиешем жок болсо, жаап эле койбоймбу телефонду деп. Бирок айла жок, баары жардам бериш керек.