Эксперттердин пикирлери

Талантбек Сооронбаев, профессор, Республикалык штабдын коронавирусту дарылоо боюнча түзгөн илимий, эксперттик, консультативдик кеңешинин төрагасы, өлкөнүн башкы өпкө дарыгери

Талантбек Сооронбаев

(Сүрөттө Талантбек Сооронбаев, профессор, пульмонолог, Коронавирусту дарылоо боюнча илимий кеңештин төрагасы, сүрөт Сооронбаевдин жеке архивинен)

  • Талантбек Сооронбаев
  • Профессор, Республикалык штабдын коронавирусту дарылоо боюнча түзгөн илимий, эксперттик, консультативдик кеңешинин төрагасы, өлкөнүн башкы өпкө дарыгери

Апрель, 2020-жыл

(Илимий консультативдик кеңеш тууралуу айткандары)

— Республикалык штабда илимий, консультативдик кеңеш түзүлгөн турбайбы, сиз ошого мүчөсүзбү же төрагасызбы? 

Төрага деп койсо болот. Сиздерге кыскача бир өзүмдүн оюмду айтып коёюн. Дагы бир илимий кеңеш бар да, “Акипресске” толтура маалыматты жазып жатышат. Эми ал мындай, алар жөн эле чет жакта чыккан англис тилиндеги макалаларды которуп “Акипресске” коюп жатышат. Мен алардын максатын түшүнгөн жокмун да.  Анткени ал маалыматты эч ким колдонбойт, алар жөн эле дискуссия деп коюшуп ар кайсы макаланы чыгарып жатышат да. 

— Талантбек Батыралиевдер түзгөн кеңешти айтып жатасызбы? 

Ооба, ошону айтып жатпаймынбы, анын эч кандай пайдасы жок. Расмий эмес да, жөн эле жанагы бардык эле адам интернетти ачса ошол маалыматты окуй алат. Булар ошо даяр эле маалыматты алып туруп эле “Акипресске” салып жатышат. Мен максатын түшүнгөн жокмун. Биз болсо илимий практикалык эксперттик кеңеш түздүк. Максаты – дарыланып жаткан ооруларды кеңешип сапаттуу дарылоо.

— Силердин илимий кеңешиңер качан түзүлдү эле, датасын айта кетсеңиз. Анан бюджет жактан илимий иликтөө, изилдөөңөр үчүн кандайдыр бир акча которулуп жатабы, ким каржылап жатат? 

Мындай да, биз 1-апрелде атайын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен түзүлдүк. Биз ошол ооруну дарылоо үчүн адистерге кеңеш берип туралы деп демилгени көтөрдүк. Анткени азыр бизде ооруган адамдар бар да, биз 3 киши азыр аралыктан эле дарыгерлик консилиум кылып баштадык. Бизге ар түрдүү багыттагы кеңешчилер керек болуп калды. Алар кардиологдор, эндокринолог сыяктуу адистер, ушундан улам биз иш ыргагыбызды бир системага киргизип жатабыз. Бизге акчанын кереги жок, биздин оюбуз жанагы ооруп калган адамдарды жакшы дарылап, жоготуунун санын азайтуу гана. 

— Мисалы, Өзбекстанда, Казакстанда өздөрүнүн улуттук тест системасын чыгарууга аракет кылып жатышат. Өзбекстан Түштүк Кореядан илимпоздорду чакырып, кеңеш алууда. Ташкентке атактуу бир корей профессору барып, илимий кеңешме кылып жатыптыр. Ушул сыяктуу иш-чаралар үчүн силерге каражат керек эмеспи? 

Биринчиден, бизге андай чет элден келген адистердин кереги жок. Анткени, азыр биз ошол илимий кеңешке Кытай медицина академиясынын президенти менен байланышып жатабыз. Мындан тышкары Италиядан, Швейцариядан, Россиядан ошол ооруларды дарылап жүргөн эң алдыңкы адистер менен биздин илимий кеңештин түз байланышы бар, алар бизге мүчө болуп да киришкен. Биз деле ойлогонбуз, ошо бизге чет элден адистер келип жардам берсин деп, бирок алар “биздин Бишкекке барышыбыздын кереги жок, анткени биз барганда, силерге ошол эле азыркы эле жардамды беребиз” – деп айтышты. Биз керек болгон маалда интернет аркылуу алардын кеңешин, ой пикирин кадимкидей эле, Бишкекте жүргөндөй эле сурап, алып жатабыз. Ушундан улам бизге адистердин келишинин кереги жок, бул биринчиден. 

Экинчиден, жанагы Казакстан тесттерди чыгарды деген кабарларга мен түк ишенбеймин. Анткени азыр дүйнө жүзүндө эң сапаттуу тест деп чыгарып жатышпайбы, эң мыкты лабораториялар. Ошолордун тесттери деле ооруп калган айрым адамдардын анализин терс көрсөтүп жатат да. Анан мен билгенден Казакстандын лабораториялары, дегеле Борбор Азия өлкөлөрүндө сапаттуу, заманбап лаборатория тармагы мыкты деңгээлге жете элек. Азыр Кыргызстанга жаңы лаборатория салуунун кажети жок, ошол болгон каражатты чет мамлекеттен тесттерди сатып алууга жумшасак туура болот да.  Ушул себептерден улам бизде илимий кеңеш түзүлдү. 

Биздин биринчи багыт – бул ооруларды жакшы сапаттуу дарылоо, керек болгондо практикалык консультация берүү. Экинчиси, ошол жанагы дүйнө жүзүндө болуп жаткан бүт жакшы тажрыйбаны чогултуп биздикилерге туура пайдалана билүү. Азыр эми медицинадагы алгач далилдөө керек деген талап туура келбей калды. Ошону туура түшүнсөк жакшы болот эле. Биздин айрым  кесиптештер эле эмес, ал тургай кесиби дарыгер болбогон адамдар деле жөн эле далил керек деп кыйкырып атышпайбы. Дүйнөдө бир да мамлекетте бул ооруга байланыштуу далилденген илимий тажрыйбалар же дарылоо жолу жок да, бирок дарылоо тажрыйбасы бар. Аны клиникалык байкоо деп коет, Кытайда, Италияда, Америкада башка жерлерде күчтүү дарыгерлер мурунку маалыматтарды, илимий негиздемелерди колдонуп, дарылоо жолун издөө жүрүп жатат. Ал эми биздин илимий кеңеш ошолор менен байланышып, эл аралык тажрыйбанын эң жакшысын Кыргызстанга алып келип кеңешмеге киргизүүдө, максаты – бейтаптарга алдынкы дарылоо ыкмаларды сунуштоо. 

— Силердин илимий кеңеште канча мүчө бар? 

Азыр илимий кеңеште 25тей киши бар. Адардын бардыгы биздин Кыргызстандагы эң алдыңкы, тажрыйбалуу адистер да. Жөн эле лекция окуп, кабинеттерде отурган дарыгерлер эмес. Бардыгы оорулар менен иштеген, мыкты адистер. Андан тышкары, мен айтып кеткендей эле, Орусиядан академик Сучалин деген биздин кеңеште, анан Орусиянын чоң профессору Абдиев деген, ошол Орусиядагы бейтаптарды дарылап, көзөмөлгө алган чоң адис, атагы дүйнө жүзүнө чыккан. Андан башка, Кытайдан, Швейцариядан, Италиядан көп адистер бизге кеңеш берип жатат. Биз кудай буйруса жакшы бир, оорулууларгы чыныгы пайдасын тийгизе турган Кыргызстанда коронавирусту жеңе турган система түздүк. Албетте, баардыгы башка мамлекеттердегидей эле оңой эмес. Буга башкача көз караш менен мамиле кылыш керек да. Кудай буйруса баары бир нукка салынып иш жүрүп жатат. 

—  Ошентсе да силерде кандайдыр бир материалдык база болушу керек го? 

—  Сиз азыркы кырдаалга терең түшүнүү менен мамиле кылышыңыз керек. Мен ойлойм, жакшы жардам берейин деген адамдар көп да, бүт эле аракетин жасап жатат бирок, менин оюмча, азыркы эле ресурстар менен болгон күч аракетти жумшап, коронавирусту жеңе алабыз. Бир нерсе өтө маанилүү – азыр сын пикирлерди азайтуу керек. Азыр үйүндө отуруп алып эле сын айткан кишилер көбөйүп кетти. Менимче мындайды токтотуш керек. Азыр баарыбыз биригип, жергиликтүү дарыгерлердин маанайын ойлонуш керек да, алар бардыгын угуп жатпайбы. 

— Сиз альтернативдик илимий кеңеш өз алдынча эле түзүлүп алды деп жатпайсызбы, ошентсе да анын курамына баары бир белдүү окумуштуулар кирип жатат. Алар менен байланыш курдуңарбы? Же карама-каршысыңарбы? 

Жок, бизде эч кандай карама каршылык жок. Эч кандай талашым деле жок.  Мен жөн эле айтып жатам ошондой бар деп, алар каалаганын жасай берсин. Мисалы, алар азыр дарыланып жаткан оорулар боюнча эгерде жардам беребиз кызматташалы десе биз ага кубанабыз. Бирок мыйзам алдында ошол бейтаптардын дарылануусунун жоопкерчилиги биздин мойнубузда, аларда эмес. Ал альтернативдик кеңештегилердин бирөөсү да чыныгы вирус жуккан бейтап менен иштеген жок. Алар мыйзам алдында ооруп жаткан адамга жоопкерчилик ала алышпайт. Ал эми мен ар бир ооруган адам үчүн жооп берем.

Июнь, 2020-жыл 

(Июнь айында өкмөт пневмония, коронавирус деп эсепти экиге бөлгөндө алынган маек)

— Сиз акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарына эл арасында күчөгөн пневмония, сасык тумоону гриппке эмес, коронавируска байланыштырып, азыр өлкөдө эл коронавирус менен гана ооруп жатат деп жатасыз. Эмнеге? 

Эми биринчиден, ак жайдын күнүндө буга чейин ушунчалык көп адам дем алуу органдарынын жугуштуу курч сасык тумоосу менен ооруган эмес. Быйыл эле ушундай жайкы мезгилде оору күчөп жатат.  Анан жеке эле бизде эмес, дүйнө жүзүндө ушундай болуп жатат. Элдин дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, пневмония болушууда. Сасык тумоо бизде негизи күз, кышында күчөйт. Экинчиден, биздин тажрыйба көрсөтүүдө, кимдир бирөөгө вирус жукса, ал үй-бүлөсү менен кошо ооруп, айланасындагы адамдарга да тарап жатат. Коронавирус өзү бат таркаган инфекция эмеспи. 

— Коркууга негиз барбы? Анткени баары эле дүрбөлөң түшүп жатат го. 

Негизи азыр маалыматты туура беришсе жакшы болмок. Паника болбош керек, коркпош керек, бирок ар бир адам тартип менен, тазалыкка көңүл буруп, аракет кылыш керек. Азыр, эч ким дарыгерлер айткан чечимдерди аткарбай жатат. Керек болсо көчөдө беткапсыз жүрүшөт, ар кандай жактарга барып жатышат, тойлорду өткөрүп жатышат. 3-4 адам эле чогулбай, массалык той-топур күчөдү. Колду бат-бат жууп, беткап кийип, эл аралык эреже болгон ортодогу дистанцияны сактоо керек. Азыр баары мисалы маршруткада кетип бара жатканда, маскалары жок жүрүшөт. Бири бири менен тыгылышып отуруп алышат, эл деген жаман кызык болот экен, баары бир жерге кезекке тыгылып бири биринин артынан туруп алышат, сүрүлүшүп тийишипчи. Маскасы да жок. Ошол үчүн, санитардык, гигиеналык кеңештерди ар бир жаран так аткарыш керек. Паниканын кереги жок, паника деген эч нерсени чечпейт. Андан көрө, биз айткан кеңештерди сактоо керек. 

 Азыр оору көбөйүп жатат, мен айткан кеңештердин сакталбаганы ал биринчи себеп, мен өзүм эле, көп деген адамдар менен сүйлөшүп жатам. Анан ошондо, баары эле мага айтышат да, дене табым көтөрүлүп жатат, кыйналып жатам, жөтөлөм дейт. Анан өпкөмдү рентген тартканы келдим деп да айтышат. Оорунун белгиси бар адам инфекцияны таратып көчө кыдырып жүрөт. 

Анан кийин, ал жактан чыгып, менчик кабыл алган дарыгерге бардым дейт, ал жакка барса, дарыгер көрүп, процедурныйга алып барып, ийне сайышты дейт.  Ал жактан чыгып, дүкөнгө барып, анан досторум менен көрүштүм, ал жактан кайра жумушка бардым дейт, жумуш көп болуп. Анан ойлоп көрсөңүз 1 адам канча адамга жуктуруп салды. Ошол үчүн, биз айтып жатабыз, бир эле адамдын дене табы эле көтөрүлсө, үйдө жатып изоляцияда болуш керек. Алгоритмди сакташ керек. Эң эле биринчи кеңешим – адам өзүн да башкаларды да ойлоп, ден соолугун карап үйдө жатса. Айрыкча, кары кишилерге, анан кээ бир өнөкөт оорусу бар адамдарга кыйын. Биздин элде, жоопкерчилик анан терең түшүнүк деген барбы? Болгон ооругандар баарына эле жуктуруп жатышат. 

— Азыр ПЦР-тесттен коронавирус чыкпай эле, бирок өпкөсү пневмония болуп кеткен бейтаптар көбөйүп кетти. Ошолордун арасынан да өлүмдөр болуп жатыптыр. Муну кантип түшүндүрөсүз? 

Алардын баардыгы коронавирустан улам пайда болгон пневмония. Пневмония деп жатышпайбы “ПЦР-тест терс чыкты, коронавирус эмес” дешип жатышат. ПЦР терс чыкканы менен, бул пневмония коронавирустук оорудан күчөгөн өпкөнүн кагынуусу экенин эч ким тана албайт. Коронавирус менен ооруган адамдын полимердик чынжыр тести терс чыгышы мүмкүн. Бизде азыр пневмония болуп өлгөн адамдардын баары коронавирус болушкан. 

Азыр дүйнө жүзүндө ПЦР терспи же оорунун бар экенин тактадыбы, айтор баары эле коронавирустук оору же андан күчөгөн пневмония деп диагноз коюлуп калган. Адамдар ошондой болуп ооруп жатышат. Өзүбүздү өзүбүз сактабай жатабыз, оюбузду туура эмес жакка буруп коюп жатабыз. 

Азыр айтылып жаткан сөздөрдүн баары чаржайыт, ким эмне кылыш керек, кеңешти ким бериш керек дегенге жооп бере албай, баары эле медик болуп алгандай. Элдин баары жалган сүйлөп, туура эмес паника болгондон көрө, биз берген кеңештерди аткарыш керек. Дарыгерлер айткан кеңештерди сактап, иштеш керек. Же болбосо, азыр бардыгы социалдык тармактарга ар кандай кеңештерди айтышып, элдин башын айлантууда. Мындан сырткары биздин саламаттык сактоо системасында азыр абдан көп медиктер кызыл зоналарда иштеп жатышат. Алар жөн эле сүйлөй бербей, өздөрүн пиар кылбай элге керектүү сөздөрдү айтышсын. Дарыгер болгондон кийин айткан сөзүнө жоопкерчилик алсын. Тартип менен пайдалуу иштерди аткарып, бейтаптарды айыктырсын. 

— Дарыгерлер азыр чарчап калышты, алардын көбү эле ооруп жатышат. Жакында эле 600дөн ашуун дарыгерге оору жукканы айтылды. Эгерде, оору күчөй берсе, элди аягында ким дарылайт деген суроо чыгып жатат?

Мен көп дарыгерлер менен сүйлөшүп жатам, албетте баары чарчады. Азыр эл бизге жардам бериш керек, дарыгерлерди укса жакшы болот эле. Мен чоң кепилдик менен айта алам, дарыгерлер дайыма жетиштүү болот, алар чарчаса деле иштейт. Дарыгерлерде эч качан паника деген жок. Болгону, тилекке каршы, дарыгер болбой эле, дарыгермин деген адамдар бар. Ошолор, коомчулукка туура эмес маалыматты элге берип, башты айлантып жатышат. Ошолорго деле кайрылат элем, токтоткула деп. Баарыбыз иштешибиз керек азыр. Менин деле өзүмдүн жеке оюм бар, ошентсе да мен деле баарын туура айта албайм. Азыркы кырдаалды түшүнбөсө да ар кайсы жакка барып, бакырып-өкүрүп ар кимге оюн айткандын кереги жок. Азыр баары ушул оор кырдаалда элге кантип жардам бере алам деп ойлонсо. Дарыгерлер бейтаптарга көз жуумп калтырып кетсе эмне болот? Ошол үчүн паника болбош керек, кеңештерди угуш керек, ооруган адамдар өзүн сакташ керек, кээ бирлерде жеңил эле өтүп кетет. Азыр күнүгө жок дегенде 60-70 адамга минутасына жардам берип жатабыз. Алар үйдө эле дарыланып жаткандар. Ооруканага абалы оор болгондор эле жатыш керек. Ошолорго өзүнчө көңүл бурулуш керек, калгандар үйдөн чыкпай карантиндик режимди сактаганы дурус. Анан тетиги жалган эксперттерди эч жакка эле чакырбай эле коюшпайбы. Мен бүгүн окудум, эки үч адам жөнүндө айтып жатышат, аларды уккула деп. Алар бүт абалды түшүнбөй эле уккула дейт. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги катуу иштеши керек. 

Июль айынын башы, 2020-жыл 

(Антибиотиктер, дарылануу боюнча айткандары)

— Талант агай азыр элдин баары эле паника болуп ооруканаларда кезекте турушат. Эмне дары алыш керек жана эмне сунуштап жатасыз?

Биринчиден, азыр көптөр жөн эле оорубаса деле кезекке туруп алышып, дарыны болушунча көп алып жатышат. Буга негиз жок. Анткени көптөр азыр кайсы дары эмне ооруну дарылайт экенин билишпейт да. Вирустук ооруну дары ичип эмес, аралыкты сактап, беткап кийип, колду таза жууп гана жеңсе болот. А эгерде ооруп калган адамдар болсо алар үй-бүлөлүк доктурга чалыш керек жана алар менен кеңешип алгоритм боюнча дарыланышы зарыл. Пневмония оорулары көбөйүп кетпедиби, ошондуктан ооруп калган адам болсо эрте компьютерный томографиядан өтүп жана өпкөсүндө оору барбы же жокпу такташ керек. Анткени көп бейтаптарда пневмония билинбей эле күчөп жатат. Алар болсо көңүл бурбай үйдө жата беришет да, күчөп, дарылоого оор болгондо Тез жардам чакырып жатышпайбы. Менин кеңешим эртерээк үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыш керек. Анан үйдө отуруп жана телефон аркылуу доктур менен байланышууга аракет кылыңыздар, дарыны догдурдун гана кеңеши менен ичиңиздер.  

— Оорубаса деле адам профилактика үчүн антибиотик же антигриппин дарыларды ичип коёюн деп жатышпайбы, ушул туурабы? 

Жок, туура эмес антибиотик дарыларын профилактика үчүн деп ичсе болбойт. Андан эч пайдасы тийбейт зыяндан башка. Азыр тескерисинче антибиотиктен сактануучу заман келди. Дагы айтайын дегеним азыркы температурасы көтөрүлгөндөр менде коронавирус барбы деп шек санап жатышат. Бизде Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде жөнөкөй сасык тумоо жок. Бул ооруну грипп жана жөнөкөй мезгилдик тумоо деп жатышат адамдар. Ошол маалыматты таркаткан адамдар грипп менен коронавирустун айырмасын жакшы билишпейт, алар оору менен эч качан иштеп көргөн эмес.

 Ошол үчүн элдин башын айландырган маалыматтарды чыгарып жатышат да. Мен интернеттен окуганыма караганда бир топ дарыгерлер элди паника болбогула, бул жөнөкөй эле мезгилдик сасык тумоо деп жооткотуп жатыптыр. Өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, бул жөнөкөй сасык тумоо болсо каяктан ушунча бейтап кыйналып пневмония болсун? Азыр пневмония менен ооруган адамдарды ооруканага жаткыра албай ушунчалык кыйналып жүрүшөт. Кошумча керебет орундарды ачсак да, ооруканалар бат эле толуп калууда. Андыктан адистерге айтар элем, бир маалыматты айтардын алдында ойлонуш керек: ошол боюнча билимим барбы же жокпу деп бир өзүңөргө собол салгыла. Анан жөн эле куру сөздөрдү эки жакка чачса болбойт. Билерман болуп айта берген туура эмес. Мен бул ооруну жакшы билемин. Кантип травматолог хирург ушундай нерселерди жөн эле жарыя кылып айта алат түшүнбөй койдум.

— Эксперттердин көбү азыр бизде дары жетишсиз деп айтып жатышат, өлкөдөгү дары запасы кандай?

Мен дагы дарыканаларга кирип карап жатам, дарылар бар бирок мен ойлойм ошол дарынын запастарын көбөйтүш керек. Бирок азыркы тапта ооруканада дарыланып жаткан адамдарга дары жетиштүү эле. Ошентсе да пневмониядан улам өлүмгө учурагандар көбөйүп жатпайбы, ага дарыгерлер күнөөлүү эмес, негизги себеби оору күчөп кеткен жана бейтаптар бизге кеч кайрылып жатышат. Өпкөнүн 80-90%ы жарабай калганда эң кымбат дарылар деле жардам бере албай калат. Элестетсеңиз, өпкөнүн дээрлик баары жарабай калса, кантип дарылайбыз? Бизге азыр кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу жабдуулар керек.