Пандемиянын чыныгы баатырлары - ыктыярчылар

Тынчтыкбек Алтымышев, журналист, Элдик кыймылдын лидери

13-8-768x570

(Cүрөттө Тынчтык Алтымышев, журналист, активист, 2020-жылы июль айында стационар уюштуруу маалында. Сүрөт Алтымышевдин жеке архивинен алынды. )

  • Тынчтыкбек Алтымышев
  • Журналист, Элдик кыймылдын лидери

Биз карантин башталганда, апрель айларында COVID-19 илдети Кыргызстанга жайылып баштаганда эле элге жардам берип баштадык. Өкмөт карантин чараларын күчөтүп, эл кыйнала баштаганда эле биз тамак-аш таратуучу бир топ уюштурганбыз. Каракол, Токмок, Кемин, Бишкекте 80 000ден ашуун адамга гуманитардык жардам тараттык. “Элден элге бекер нан” деген ураан менен Бишкекте 10 жаңы конушта, аймактарда да миңдеген үй-бүлөлөргө акысыз нан тараттык. Маселен бизге демөөрчүлөр ун алып берет, нан жапкан ыктыярчыларга аны жаптырып, өз машинебиздеги кутуларга салып, дүкөндөр, эл барган точкаларга бекер таратып жүрдүк. Дүкөндөгү, павильондордо иштеген сатуучулар өздөрүнүн райондорунда ким жардамга муктаж экенин жакшы билишет экен. Алардан тизме алып, муктаждарга таратып жүрдүк. 

Ошо менен май айында карантин токтоп, биз бул нан жана тамак-аш таратуу ишин убактылуу токтотуп турганбыз. Себеби жашоо нугуна кирип калбады беле. Анан кайра эле июнь айында оорунун толкуну башталып кетпедиби. Ооруканаларда орун жетпей, обсервацияга эл батпай, үйдө дарылангандар көчөдө эле жүрүп, стационарлар жетишпей, айрымдары көчөдө, машинада ооруканага бара жаткан жолдо каза болуп жатышты да. Мына ошондой жүрөктүн үшүн алган учур келгенде биз жөн эле карап тура албай, бир топ журналисттер менен бир күнү сүйлөштүк. Арабызда Семетей Талас уулу, Болот Абдыжапаров, Майрамбек Осмоналиев, Ардак Каныбеков деген жигиттер бириктик. Биз алгач ыктыярдуу медиктердин тобун түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине, ооруп жаткандарга өз алдыбызча жардам берели дедик. Телеграмм, Вотсап сыяктуу социалдык медиалардан жардамга муктаждардын топторун ачтык. Фейсбукка ыктыярдуу медиктер керек деп жарыяласак эле, ары жагы Орусиядан, бери жагы Ош, Кадамжай, Ат-Башы, айтор туш тараптан медайымдар, дарыгерлер келе баштады. Ошентип бат эле биздин кыймыл өсүп, бир түндүн ичинде ыктыярчы дарыгерлерди чогулттук. Отуздан ашык медиктер чогулуп, эртеси эле дароо элге кызмат кылып кириштик. 

 Эл да жардамга келип, акча жөнөтүп башташты. Саясатчылар да четте карап турган жок. Темир Сариев жактан, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, экс-президент Роза Отунбаева баш болгон белгилүү адамдар бизге акчалай жардам беришти. Алардын арасында Аскар Салымбеков сыяктуу бизнесмендер да бар. Анан медиктерге жеке коргоочу каражат издеп чыктык. Аны таппай, улам эле 5-10дон эптеп табабыз. Табылган сайын медиктерге кийгизип, чакырууларга чыгарып жаттык. Биз колунда дарыгер жазып берген жолдомосу бар адамдарга гана үйүнө барып, асма ийне сайып жаттык. Абалдары оорлорго ооруканадан орун издедик. Кээ бирин рентгенге, томографияга ташыдык. Бир күндө ошентип 20-25тей кишини үйүнөн тейлеген учурлар болду. Медайымдар жетишпей, аларды таппай кыйналган кездер да болду. 

— Оорукананы ачуу зарылдыгы качан пайда болду? 

Ошентип биз ыктыярчы дарыгерлерди ары бери ташып жүрсөк эле ишкер Аскар Салымбеков чалып калды. “Өкмөткө “Ынтымак” жаңы конушундагы 150 орундуу медресени стационар кылып ачкыла деп бердик эле, 2 күндөн бери бир да иш алып барбаптыр. Балким ыктыярдуу медиктериң менен ошону сен колго аласың?” дегенде эле мен дароо макул болуп, биздин Вотсаптагы топторго “кимдин колу бош, стационар ачалы, жардам бергиле” деп жаздым. Анара Чилетирова деген “Жаш Кыял” бий ансамблинин жетекчиси бар экен, ал Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чынара Эсенбекова деген активдүү кыз бар экен, ошолор менен чогулуп, стационар ачуу үчүн эмне документация керек деп Саламаттык сактоо министрлигине чуркадык. Ал медресени стационар кылыш үчүн кайсы бир мекемеге байлап бериш керек экен. Республикалык неврологиялык оорулар борборуна 13-бөлүм катары каттап беришти. Неврологиялык борборго өзүбүз чуркап жүрүп, 3 күндүн ичинде оорукана ачтык. Медресенин жатаканасындагы, окуу класстарындагы студенттерге таандык нерселердин баарын тазалап, алып түштүк. Ал жер негизи окуу борбору экен. Ошол жакта окуган 150 баланын кийим кечегин, төшөнчүсүн баарын алып чыгып, дезинфекция кылып, медициналык жаңы керебеттерди, жууркан-төшөк, шейшептерине чейин даярдадык. Алгач 1 миллион сомго чукул каражатка эле дары сатып алдык. Анткени ошол маалда өлкөдө дары аябай дефицит болуп, ФОМС (милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) аркылуу келет деген дарылардын бирөөнү да ала алган жокпуз. ФОМСтун өзү бизди “Неманга” (дарыкана) жиберет, ары чуркап, бери чуркап дары таба албай анан керектүү дарыларды өзүбүз сатып алдык. 

(Сүрөттө ыктыярчы топ үйлөрдү кыдырып ийне сайууда, Т. Алтымышевдин жеке архивинен)

Стационарды ачууда ыктыярдуу, биздин медиктер өздөрү макул болду. Анан биз ошол стационардын башкы дарыгерлигине 28 жаштагы Нурбек Давлесов деген жигитти дайындадык. Өзү Улуттук госпиталдын хирургу экен. 

 Жаш бала болгону менен бардык ишти жакшы билген, уюштургуч болуп чыкты. Дарылоону колго алып, кошумча кеңеш алганы пульмонологдорду да чакырып турдук. Дарыгерлер айткан дарыларды биз Элсом эсепке түшкөн акчага улам сатып келип жаттык. Ошентип стационарыбызды дары менен да камсыздадык. Элдин күчү менен стационар толук кандуу ооруканага айланды. Мунун баары 3 сутканын ичинде болду. Биз ачарыбыз менен эле 85 бейтап келди. Жасалма дем алдыруучу жабдуулар (ИВЛ), кычкылтек концентраторлорун эл өзү алып келип жатты. Бирок концентратор жетишпей, өкмөткө кат жазып, Саламаттык сактоо министрлигине бардык. Чет жактан буюртма кылган концентраторлор бизге жетпей аябай кыйналдык. Сураштырып олтурсак, Саламаттык сактоо министрлигинин дары сактаган кампасында 200 концентратор бар экен. Аны билип калдык. Анан дароо эле Бишкектин коменданты Алмазбек Батырбековго чалып “бул эмне деген шумдук?” деп сурадым. Тигил жакта эл өлүп жатса министрлик эмнеге жабдууларды катып алган? Алар мага аппараттар кечээ эле келди, аны документалдык жактан бөлүштүрө элек болчубуз деп жооткотконуна карабай, чырылдашып жатып, бир нече кычкылтек концентраторун алдык. Саламаттык сактоо министрлигине Америкадан, Орусиядан жиберген экен. Аларды ооруканаларга бөлбөй жатышыптыр да. 

(“Ынтымак” жаңы конушундагы медресенин имаратына ачылган күндүзгү стационар, сүрөт Т.Алтымышевдин жеке архивинен)

Ооруканабыз элдин күчү менен эле ачылды. Дароо эле толуп калды. Ачылары менен эле 50 киши бир келип жатты. Эл оорукана ачкыча чыдабай, качан ачылат деп тынчсызданып сурап жатты. 

— Канча керебет менен ачтыңар?

85 керебеттүү кылып ачканбыз. Бирок, 85 орунга бир эле учурда  90 адам келип жатып калды. Керебети жок, жерге матрац салып жаткырган күндөрүбүз да болду. Реанимациясы менен ачалы десек жасалма дем алдыруучу жабдуу баштаган аппараттар керек экен, биздин күчүбүз ага жетпеди. Ошондуктан аябай абалы оор, биздин дарыгерлердин күчү жетпей тургандарды реанимациясы бар ооруканаларга жеткирип, жөнөтүп жаттык. Абалы орто, ортодон жогору жана оорусу башталып келе жаткандарды кабыл алып, дарыладык. Биз ачылгандан жабылганга чейин 250дөн ашуун адамды кабыл алдык. Тилекке каршы,

 2 адамды сактай албай калдык. Бирөө 35 жаштагы жигит оорусу күчөп кеткенде, акыркы стадияда келген экен, экинчиси да катуу ооруп келип, дарыгерлер оорунун баянын жазып жаткан жерден эле жан берди. Анткен менен калган бейтаптардын баары айыгып чыгып, жыйынтыгы жакшы эле болду. 

— Ошол иштеп жаткан учурда силерди таң калтырган кандай учурлар болду. Балким мамлекеттик органдардын иш-аракети, же өзүңдүн жеке жүрөгүңдө так калтырган кандайдыр бир окуяны эстеп айтып бере аласыңбы? 

Мен эми ошол стационарду ачууда биздеги кыргыз медицинасынын акыбалын чындап көрдүм. Бизде медицина деген такыр эле жок экен, кудай сактап эле ар түрдүү оорулардан айыгып, сакайып жүргөн экенбиз деп ойлоп калдым. Мындай пандемияга такыр даярдагы жок экен. Даярдыгы жок экени биринчиден ошол жетекчиликтин согуш маалындагыдай абал болуп жатса оперативдүү болуп, тез чечим кабыл алып, ийкемдүү болуп, бирөөлөрдүн пикирин угуп, аны сыйлай билүү деген сыяктуу сапаты такыр жок экен. Мен муну Фейсбукка да жаздым, биздин Саламаттык сактоо министрлиги үстөлүнөн козголгуча мен Бишкекти эки айланып келет элем депчи. Анткени алар ыңгыранып бир кагазга кол койгуча аны ары жак бери жагына жөнөтө беришип, 2 күн өтүп кетип жатты да. 

(Сүрөттө ыктыярчы топ үйлөрдү кыдырып ийне сайууда, Т. Алтымышевдин жеке архивинен)

Кагазга кол коюп эле бериңизчи өзүм жеткирейин десем, жок биз почта менен жеткиребиз деп жеткирмеги тозок. Тигил жакка барсаң андай кагаз келген жок дейт. Кайра министрликке келесиң, анан кайра неврологияга чуркайсың. Анан эң башкы нерсе бизде дары-дармек менен камсыз кылууну мамлекет такыр эле колго албаптыр. ФОМС (милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду – авт.) килейген мамлекеттик департамент, миллиондогон акча айланат, бирок ушундай учурда анын таптакыр ишке жарамсыз экенин көрдүк. ФОМСто акча болгону менен дары болбойт экен. ФОМС биздеги дары-дармек мафиясына, жеке фармацевтикалык компанияларга толугу менен көз каранды экен. ФОМСтун линиясы менен толтура дарыларды жазып, “Неман” дарыканасынан ала келгиле дешет. Бирок мисалы “Неманга” барсаң, элге эң керектүү дарыларды бербейт экен. Анткени ФОМС акчасын кечиктирип, бербей жеке фирмаларга ишенимсиз партнёр катары таанымал экен. Алар дары-дармекти бизге бербей, ФОМСтун линиясы менен деп аз эле дарыларды көргөзүп коюп жатты. 

— Бул жерде өз ара айланган коррупция деген нерсе көп турбайбы? 

Коррупция аябай көп экен. Маселен гуманитардык жардам болуп келген коргонуучу кийимдер, гигиеналык каражаттар базарларга чейин сатылып кетип жатпайбы. Мунун баарын эл жазып, көрсөтүп жатпадыбы, чынында абал ошондой эле экен. Техникалык жабдыктар боюнча жок дегенде бир бөлүм иштеп, дары-дармек боюнча да бөлүм иштеп, жанагы өзүнүн килейген кампаларына дарыны толтуруп койсо болот эле да. Кытай тоонун ары жагында эле турат. Бул вирус бизге дүйнөнү айланып келбесе да биринчилерден болуп эле келет деген коркунуч, ага карата даярдык болуш керек эле да. Алдын алуу такыр болбоптур да ФОМС өзү сырттан, дары-дармек өндүрүүчү ири компаниялар менен сүйлөшүп, дарыларды кампасына киргизип коё албагандан кийин анын элге такыр кереги жок. Жөн эле артык баш, бизге чыгым экен. Муну президентке киргенде да айттым, биринчи вице премьер-министр Аида Исмаилова ыктыярчыларды чакырып, жыйын кылганда да айттым. Аппаратына да кайрылдым, майнап чыкпады. 

— Анан президент демекчи силерге дароо эле 1-2 жуманын ичинде көңүл буруп башташпадыбы. Бирок, баары бир бийлик ыктыярчылар менен атаандашып жаткандай сезим болду. 

Ооба, мен да ошону башында жазып жаттым. Бийлик бизди атаандаш катары эмес, өнөктөш катары көргөндө өнүгүү болот деп улам улам социалдык тармактарга айтып жаттым. Биз чындыкты чыркырап айтып, “муну жасап койгула, тигини өзгөрткүлө” деп чуркаган сайын мамлекет бизди болушунча четтетип, салкын мамиле жасап, атайылап эле жанагыдай бар турган нерселерди бизге бергиси келбей туруп алды да. 

Бирок биздин колубуздан абдан чоң иш келип, чоң компаниялар биз менен кызматташып баштаганда анан булар ойлонду окшойт, четте калбайлы, эртең элдин баары өгөйлөп, буларга өтүп кетпесин дешти окшойт. Стационар ачылгандан 10 күн өткөндөн кийин вице премьер-министр Аида Исмаилова стационарга барып, биргелешкен аракеттер болуп, бизди киши катарына кошуп чакыра башташты. 

— Президент менен жолугушууда да көп деген атаандашуулар болгондой сезилди. Ыктыярчылардын көбү чакырылбай калды дегендей. Аны менен жолуккандан кийин айтылган сөздөр ишке аштыбы? 

Мен негизи журналист катары көп эле жазып жүрбөймүнбү, бардык нерсени президенттик аппарат чечет депчи. Бизде өкмөт жөн эле кашаага алынган орган болуп калды да. Ошол өкмөткө айтып чечтире албай жаткан көп маселелер президентке айтып чыккандан кийин ал өзү киришкенден кийин тездегени көрүндү (июль айындагы президент Сооронбай Жээнбеков – авт.). Медиктердин айлык акысын көтөрүү, алардын акчасын өз убагында берүү, ыктыярчы айдоочуларга жолдогу камералардан айып пул салынып калган болсо айып пулду кечүү боюнча мен айткан сунуштарым аткарылды. Ошол жолугушууда ыктыярчылар айткан бир топ нерселер аткарылды. Айрым жерлерде “Президент муну тапшырбады беле, президент айткан нерселер” дегенден кийин мамлекеттик структуралар кадимкидей жанданып, күүлөнүп иштеп калышат экен да. Баары бир бизде каалайбызбы, каалабайбызбы президенттик башкаруудай эле элес калды. Анын ролу өтө күчтүү экен. 

— Эсте кала турган, балким ыйлаткан бир окуя болдубу?

Бир жолу, абдан кызыктуу бир окуя болуптур. Бизде иштеп жаткан бир жаш дарыгердин апасы катуу ооруп, анын туугандары биздеги баласы менен байланыштыра албай коюшуптур. Бизде кызыл зонада телефон менен байланышканга болбойт да. Анан биздин стационарга алып келишип, “Азаматтын апасы” деп айтса дагы дарыгерлер анын абалы өтө оорлоп кеткенин көрүп, кабыл ала албай, Интергельподогу башка стационарга жиберишип, Азаматка эртеси “Кечээ сенин апаң келген, абалы оор болчу, кабыл албай ушинтип кетирдик” деп айтышыптыр да. Анан Азамат аябай ыйлап, тигил ооруканага чуркайт, барып дарыгерлерге жалдырап, апасын куткарууну суранат. 

(Сүрөттө Тынчтыкбек Алмышев, жарандык активис, журналист, ыктыярчы, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда) 

Суранып олтуруп реанимацияга кирип, апасын дарылап, сакайтып, кийин экөө үйүндө чогуу изоляцияда жатышты. Бизде бул сыяктуу окуялар аябай көп болду. Атасы, баласы жаткан учурлар да болду. Мисалы бир үй-бүлөдө бирөөнө вирус жукса, баарына жугат да. Биз чакырууларга барсак бир үйдө 4 киши ооруп, 4 бурчта тамчылатма дары алып жаткандар болду. Баарын дарылаганга аракет кылдык. Кээ бир үй-бүлөлөрдүн ичерге ысык сорпосу, наны жок, бир жумадай ачка калган учурлар да болуптур. Аларга тамак-аш жеткирип бердик. Баарын тойгузуп, баарын дарылоого аракет кылдык. Айрымдарды оорудан эле эмес, ачарчылыктан да сактап калдык. Бизди 24 саат тындырбай иштешти. Таң аткыча шаарды кыдырып, элге дары сайып, тамак таратып жүрдүк”.