Вирус Кыргызстандын миңдеген өмүрүн кыйды

Замира Жантаева, көптөгөн ыр жыйнактардын автору, 16-июлда каза болду

14-1-768x432

(Замира Жантаева, маркум акын, сүрөт Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

  • Замира Жантаева
  • Көптөгөн ыр жыйнактардын автору, 16-июлда каза болду

Акыретке кеткен адамдан ачык кат.

Аттиң арман.

Сайган чырпыктарымдын, чынар терек болгонун көрбөй, сайган бутактарымдын мөмөлүү дарак болгонун көрбөй арманда кеттим. Наалат тийгир илдет, сен мени алып тындың.

Андагы жаным кыйналганын сөз менен жеткирип берүү кыйын. Үч күн бою биздин Тез жардамга жардам сурап чалып жаттык, “күндүзгү стационарга барышымды, Тез жардам бригадасы жетишпей жаткандыгын” айтышты, айла жок балдарым салып алып ар кайсы бейтапканаларды кыдырып жүрүштү. Эч бир жерде орун жок, айла кетип, күндүзгү стационарга алып барып асма ийне куюп жатышты. Абалым оорлой берди, акыры бейтапканага жатканга мүмкүнчүлүгүбүз болбогондугуна байланыштуу ыктыярчы балдарды чакырып, кычкылтек аппаратына кошушту. Аттиң ай жан таттуу экенин, аба адамга Ала-Тоодой алтындан да кымбат экенин мен ошондо сездим. Ал аппараттар мага болгону 12 саат гана жардам бере алды, сатурация 70тен көтөрүлбөй калганда айлабыз кетип, балдарым жалдырап ботодой боздоп, менин абалымды түшүндүрүп атып Тез жардам чакырышты. 

Тез жардам кызматкерлерине сатурация аппаратта  жатканда 70 андан алса түшүп кеткенин түшүндүрүп жатсак дагы, кычкылтеги жок машина жибериптир.  Саат 11де түшкөн Тез жардам машинасы менен кычкылтеги жок 4 саат шаар ичин кыдырып бир да ооруканадан орун таба албадык. Аттиң ай, ошондогу жанымдын кыйналганын, аба жетпей тумчукканымды жалгыз Алла Таалам жана кызым сезип турду. Акыркы эч бир орун таппаганыбыздан “Аламедин” бирдеги 38-мектептеги стационарга барып жаттым. Ал жактан менин кебетемди акыбалым өтө оор экенин кайдыгер эмес адамдар ар кайсы инстанцияга чалып жатышты. Акыры Ганси обсервациясына орноштурарын билип балдарым абдан сүйүнүштү. Акыры акы төлөнүүчү Тез жардам унаасы менен кечке маал Гансиге алып жөнөштү. 

Ал жерде орун жок деп 1 сааттай туруп калдык, акыры мэриянын кийлигишүүсү менен араң кирип жаттым. Киргизгенде таң калычтуусу жарым корпус бош экен, айла жок тил кыска эмне дейбиз? Мага 21:00дө сайылуучу дарылар, түнкү саат 3тө араң сайылды. Ошентип мен шалаакылыктын курмандыгы болдум. Эртеси абалым өтө оор болуп калды. Денемде өлүмдүн белгилери болгон тактар пайда боло баштады. Ошондо гана тызылдап реанимацияга жөнөштү, а бирок баары кеч болуп калган. Аттиң арман, бейиштин эшиктери ачык болгон, күндөрдүн султаны болгон, жума күнү менин жанымдын ээси болгон Затка кайра кайттым. Артымда балдарым калды, айтылбай арманым калды. Аттиң, өз чөнтөгүн толтурган бийликке, өз керт башын ойлогон бийликке, айткым келди: “КЕПИНДИН чөнтөгү жок экен, ЖЫЛАҢАЧ келип, ЖЫЛАҢАЧ кетет экенбиз. Мендей болуп эч бир Жан кор болбосун, ар бир жан өлүмдүн даамын татуучу…”