
(Жамал Тазабекова, маркум дарыгер, сүрөт Тазабекованын үй-бүлөөлүк архивинен алынды)
- Жамал Тазабекова
- Ош шаарындагы Ички иштер башкармалыгынын дарыгер-терапевти
30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган адис, эки баланын энеси Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келген.
Кызы Үмүтайдын эскерүүсү
“Алтын апам, биринчи кезекте ишин аябай жакшы көрчү. Канча айттык, «иштебеңиз» дедик. Бирок көп жылдык тажрыйбасы, билген билими менен бөлүшкүсү келип, ишинен калбай барып жүрүп, ушинтип ооруп калбадыбы. Апам катардагы аскерден тартып генералга чейин дарылаган, медицинадагы абдан тажрыйбалуу дарыгер болчу. Жардамын эч кимден аянчу эмес.
Ооруп жатканда өтүп кетерин сезгендей болду. Улуу эжем ооруканада, жанында эле. Бизге видео менен телефон чалып, баарыбызды бир карап алды. Ошол бойдон 30-июнда саат 12ден өтүп жүрөгү токтоп калды. Ишене албай, балким комадабы десек да болбоду.
Апам күчтүү аял болчу, бирок бул оору менен күрөшө берип, жеңилип калды. Өзүн эч качан биринчи планга койчу эмес. Кыялдарын бир чоң кагазга жазып, «Каалоолордун картасы» деп илип койгон эле. Анда «Балдарым бактылуу болсо экен. Үйлөнүп, жайланып, неберелерим болсун» деп, аягына гана өзүнүн кыялын жазып коюптур. Ажыга баргысы келчү, ажылык кылып, жок дегенде умрага барсам дечү. «Каалоо картасы» илинип турат. Бирок апам жок…
Жамал Тазабекова ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча бейтапканасынын ординатор дарыгери болуп эмгектенип келген. 1949-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулуп, эки кыз, бир уулдун энеси эле.
22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө коронавирус диагнозу менен жаткан. Ал ооруну иштеп жүрүп жугузган. 1990-жылдардан бери ИИМдин Медицина борборунда чогуу иштеген кесиптеши Элмира Бердикулова Жамал Тазабекова менен далай оор күндөрдү, 2010-жылдагы Ош окуяларын да башынан өткөрүшкөнүн, пандемияда андан айрылып калары үч уктаса түшүнө кирбегенин айтып отурду:
«Жамал эже менин устатым десем да болот. 1992-жылдан бери, башкача айтканда 28 жыл бою чогуу иштедик. Бир да жолу жаман сүйлөгөнүн көрбөдүм. Элдин баарына жардам берейин эле деп турчу. Мен окууну бүтүп, ички иштер кызматына дарыгер болуп жаңы дайындалганда бул жакта жалаң орус улутундагылар иштечү. Кыргыздардан алар менен теңтайлашып иштеген ушул Жамал эже эле болчу. Мени канатына калкалап, көп нерсени үйрөттү. Жарандык медицинага караганда аскердик медицина бир топ айырмаланат. Ошол өзгөчөлүктөрдү Жамал эжеден үйрөндүм.
Аны акыркы жолу 12-июнда көргөм. Кадимкидей эле ишинде болчу. Менин нөөмөтүм бүтүп, обсервацияга кетип жаткам. Эжеге «үйгө эле карантинге чыгыңыз, ден соолугуңузду караңыз» деп айтсам, иштей берерин айткан эле. Жамал эже кечирээк балалуу болуп, уул-кыздарын аябай жакшы көрчү. Бизге айткан жалгыз кыялы – уулун үйлөндүрүп, небере көрсөм дечү. Кыялына жетпей калды».
Тазабекова 2010-жылдагы Ош окуяларынан тышкары 1999-жылы Баткен окуяларында да аскердик дарыгер катары кызмат өтөгөн. Бир топ мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктарга, алкыштарга ээ болгон. Дарыгерликте жогорку кызматы эске алынып, Кыргыз Республикасынын медицинасына эмгек сиңирген ишмер, медицина тармагынын мыктысы наамын президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алган эле.
Кесиптеши Айгүл Ибраимованын эскерүүсү
— Сиз Жамал эже менен бир кабинетте отуруп иштеген турбайсызбы, Жамал эжени кандай эскере аласыз?
— Жамал эже менен мен кабинетте 9 жыл отурдум. Абдан мээримдүү, ажарлуу, таптаза эже эле, эч кимден жардамын аячу эмес. Бизде стационарда бейтаптар жатат да, эже өзү бейтапканада иштечү, бир да адамды артка кайтарбаган мээримдүү эле. Ар бир бейтапты сураштырып, анын саламаттыгына өтө кам көрчү. Кээде экөөбүз сүйлөшүп калып мен ага “Жумушта адам тез эле күйүп, чарчап калат, өзүңүздү абайлаңыз” деп айтсам, “Мен ушунча жыл иштедим, бул менин милдетим, бейтаптарга кам көрүшүм керек”, – деп койчу. Азыркыга чейин каза болуп калганына ишене албай жатам. Жамал эженин акыркы күндөрүнө чейин бир кабинетте чогуу отуруп иштедик. Эже кичине жөтөлүп ооруп калыптыр мен ага: “Сиз негедир ооруп жатасыз, барып жатсаңызчы”, – деп айткам. Жамал эже: “Эми жумуш болуп жатса, элди кантип таштап кетем баягы эски бронхитим кармап жатат да” деп айткан эле. Ушул эле ооруканадан дарыланып, ийнесин сайдырып коюп эле акыр аягына чейин бейтаптарды кабыл алып, иштеп жатпадыбы. Бизде стационарда иштегендердин көбү эле кыз-келиндер да. Жамал эже баарыбызды коргоп, кыз-келиндерге өтө кам көрчү. Жакшылык, жамандыктын баарына барганды, аксакал болуп бизди баштаганды эже уюштурчу. Абдан жаркын эжекебиз эле, өтө кеч балалуу болду. Балдарына аябай кам көрдү. Кызын былтыр турмушка узатып, той берген, биз кесиптештер барып, тоюна жардам бердик. Ошондо бизге абдан ыраазы болду. Биздин коллектив өтө ынтымактуу, ошонун баарын Жамал эже уюштурган эле да.
— Акыркы жолу качан көргөн элеңиз жана эмне деп сүйлөштүңүз эле?
— Акыркы жолу жума күнү жолукканбыз, бизде азыр карантин деп бардык шарттар өзгөрүп кетпедиби, кире бериште коргоочу каражат кийип медайым, санитаркалар турушат. Алар кирген чыккандын дене табын текшеришет. Жамал эже ошол маалда стационарда өзүнчө кабинетте эле отурган. Эжени биз улгайып калган деп элге көп аралаштырбай, чыгарбай жатканбыз. Акыркы ирет жума күнү чогуу түштөндүк. Ошондо эжебиз өзүн жаман сезип жатканын айтып жаткан. Мен ишимди бүтүп, үйгө кетип калдым. Менден кийин кичине иштеп эже да кетиптир. Акыркы ирет чай ичип жатканда ушундай жамандык болуп кетери такыр оюбузга келбептир. Бир жумадан кийин мен да ооруп калдым, дене табым көтөрүлүп, Жамал эжеге чалсам “бронхитим кармап жатат окшойт” деди. ПЧР анализ тапшыруусун өтүндүм. Ошондо эже 118 номуру албай жатат деди. Дароо, токтоосуз анализ тапшыруусун кайра кайра айттым. Акыры сурана берип 118ге чалып жатып, мобилдик бригада келди. Менден да анализ алып, Жамал эжени да текшеришти. Кийин Вотсаптан жазсам кызы жооп берди. “Апамдын абалы начар, реанимацияга түшүп калды” деп айтты. Анан кечээ эле түндө 1:40тарда кызы чалып Жамал эжеден айрылып калганыбызды айтты. Абдан күтүүсүз жамандык болду. Эже абдан мээримдүү эле. Өзү көлдүкмүн деп айтып калчу. Бишкекте көп жыл иштептир. Бизде стационарда дарыгер болуп иштеди. Жетимишке чыкса да өзүн аябай жакшы карачу. Өз жашына караганда өтө жаш көрүнчү, аны айтсам борсулдап күлүп калар эле.
— Өзүн жакшы карачу беле?
— Ооба, аябай жакшы карачу, эртең менен гимнастика кылып, таптатынакай болуп жүрчү. Кичине эле өнөкөт бронхит оорусу бар эле. Жакшынакай болуп эле иштеп жүрчү.
— Иштебей эле коюңуз деп айттыңыздар беле, жашыңыз деле улуу деп, азыр эми вирус коркунучтуу деп айтып көрдүңөр беле?
— Ооба, көп эле жолу айттык, мен деле карантин маалда өргүү алып, Бишкекке кетип калгам. Кайра келсем эже пенсия жашына карабай иштеп жатыптыр. Анда да айткам, вирус жукса кыйналып каласыз го деп эле жаттык. Бирок, эми материалдык жактан да кыйын болбодубу. Иштебесек, бизге акчаны ким берет? Кантип жан сактайбыз дегендей.
— Жамал эженин эмнесин сагынасыз эми?
— Жамал эженин күлкүсүн сагынам. “Ай, сиңдибай” – деп койчу мага, себеби менин дагы тага журтум Лейлектен жана Баткенден. “Сен ушул экөөбүз ушунча жылдан бери бир кабинетте отурабыз жана бир туугандай болуп калдың” деп күлчү эле. Анекдот айтып берчү жана абдан катуу күлчү, бирдемени айтып анан кабинетте отуруп биз кечке жазабыз да. Анан туруң Жамал эже гимнастика кылабыз деп калат элек. Анан катуу күлөт эле жана айтат эле: “Сен болбосоң мен отура берет элем” деп. Эрте менен кофе ичет элек жана анча – мынча сүйлөшүп. Анан ушул күлкүсүн сагынам. У неё такой заразительный смех. Стационарда кыздарыбыз бар да, у каждого свои проблемы и моменты бывают анан Жамал эже менен кеңешет элет. Жамал эжеден кеңеш сурайт элет. Сүйлөшүп жана өзүнүн кеңешин берет эле. Күлкүсүн жана мамилесин сагынам.