Пандемиянын жүгүн көтөргөн дарыгерлер

Жамиля Аширбаева, Ат-Башы районундагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери

Жамиля-Аширбаева-e1615133610851

(Нарындагы кызыл зонада жаткан бейтаптар, сүрөт “Азаттык” радиосунун сайтынан алынды)

  • Жамиля Аширбаева
  • Ат-Башы районундагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери

(Май 2020)

Ат-Башы районунда 18-марттан тартып обсервация ачылып, изолятор иштей баштаган. Ат-Башы айылындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Жамиля Аширбаева обсервация ачылары менен кызматка киришкен. Дарыгердин күйөөсү да Ат-Башы райондук ооруканасында хирург болуп иштейт. Ал нөөмөттө турганда райондогу алгачкы коронавирус бейтабы катталган. Обсервациядагы шарттар, коргоочу каражаттар, тамак-аш, айлык акы, ооруларды кароо тартиби тууралуу дарыгер буларды айтып берди:

Жамиля Аширбаева: «18-мартта Оштон, Жалал-Абаддан оору чыга баштаганда эле Ат-Башыда райборбордо обсервация уюштурушту. Мага 3 медайымды кошуп, төртөөбүз ошол жакта иштемей болдук. Биздин райондо бир эле инфекционист дарыгер бар, ал изоляторду башкарып калмай болду. Ошентип, бизге буйрук чыгарышып, төртөөбүз обсервацияга жөнөп кеттик. Ал жакка барардын алдында тумоого каршы кийимдерди кийип-чечүүнү 2-3 ирет үйрөтүштү. 14 күнгө обсервацияга кирип кеттик, «үй-бүлө, эч ким менен байланышпайсыңар» дешти. Башында өздүк коргонуучу каражаттар тартыш болуп жатты. Мүчүлүштүктөр болот экен баары бир, беткаптар жетишпей, 1-2 костюм бар болчу, ошону алмаштырып кийип жаттык. Кездемеден тигилген маскаларды кийдик, эми талаптагыдай башында чын эле кийим жок, кие албадык. Анан 2 күндөн кийин толук камсыз кылып беришти. Обсервация экиге бөлүндү, кир зонага коргоочу кийимдер менен кирип, тынбай 4 сааттан иштедик.

Ал жактан костюмду чечкенге болбойт, дааратканага да бара албайсың, суу иче албайсың, ошого кирерде суюктукту аз ичип кирип жаттык. Опур-топур болуп, башында согуштагыдай эле иштеп жаттык. Келгендерди бөлүп, жайгаштырып, иш токтогон жок. Мен обсервацияны карап жатканда бир жигиттен табылды. Ал жакшы эле турган, түнкү саат 12де белгилери башталып, таң аткыча дене табы түшпөй, кыйналып, эртеси санитардык-эпидемиологиялык кызматты чакырып, салып бердик. Тесттеринен кийин коронавирус аныкталды.

Ал бала эми өзүмдүн баламдай эле болуп калган. Ага: «Сен абалды угуп-көрүп туруп эмнеге Ош менен Жалал-Абадга дааватка кетип каласың?» дегенимде аябай өкүнгөнүн, абал тууралуу эч кандай маалыматы жок болгонун, дааватка чыгарда баары телефондорун өчүрүп салгандыктан, эч кимден эч нерсе укпаганын айтты. «Эгер маалыматым болсо үйдө эле отурмакмын» деп кейиди. Бизге эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 3 маал тамак беришет. Эртең менен ботко, наны менен. Түштө биртике эти бар суюк тамак, бир кесим нан, кечкисин да ысык тамак. Ал эми жер-жемиш, витаминдүү мөмөлөрдү жакындарыбыз, кесиптештерибиз алып келип, сыртка таштап жатты. Тигил баладан вирус чыкканда аябай корктум. Биринчи эле оюма балдарым келди, кокус ооруп калсам, аларга да жугат деп чочуладым.

Анан жанымдагы иштеген кыздардан корктум. Азыр тест тапшырып, анализибиз таза экен. Эс алып отуруп калдык. Обсервацияда эң эле тажаган нерсе – хлордун жыты. Биз ал жайды күнүгө 4-5 маал өзүбүз хлор чачып, жууп тургандыктан өпкөбүз менен ашказаныбызга хлор толуп эле калды. Бул эми ден соолукка зыян да. Кошумча акыны ала элекпиз. «Ашыкча иштеген күндөрдү табелге толтургула» деп жазып кетишкен, дарыгерлик маянабызды алганыбыз менен айтылып жаткан кошумча акча колубузга тийген жок».