
- Жанторо Турдубаев
- Дары-дармек, медициналык жабдууларды ташыган “Фарватр” компаниясынын ээси
Апрель, 2020-жыл, медиктер кие турган жеке коргонуучу каражаттардын тартыштыгы боюнча айткандары.
“Биз абдан көп өлчөмдөгү товарды алып келдик, өкмөт бизге өтө көп өлчөмдө керек дегенинен учак жалдап алып келсек, бул жактан Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарыларды сатууга уруксат берген департаменти аны таратууга жана сатууга лицензия бербей жатат. Биз алып келген жеке коргоочу каражаттар (СИЗ) Кыргызстанда сапаты эл аралык деңгээлде тастыкталган жалгыз түрү болуп саналат. Анан менин фирмам тууралуу каралаган маалыматтарды негизсиз таркатышууда. Журналисттик иликтөө деп кайсы бир аты-жыты белгисиз адамдар видео тартып, бизди каралап жатат. Бул туура эмес. Эгер мага Кыргызстанда СИЗ сатууга уруксат беришпесе товарымды сатып алууга азыр Казакстан даяр турат. Мамлекеттик стандарт такыр эле тастыктабай койду.
— Ошондо азыр биздин дарыгерлер кайсы коргоочу каражаттарды кийип жатышат?
— Биздикилер азыр тигүүчү цехтерге тиктирип жатышпайбы, мына ушунун өзүндө коррупциялык жолдор бар. Мындай костюмдарды атайын складда, дезинфекцияланган, стерилдүү жайда сакташ керек. Аны кайсы бир тигүүчү цех тигип бербейт. Мен бүт эпидемиологиялык нормаларга жооп берген беткап, коргонуучу каражаттарды алып келсем, негедир аны өткөрүшпөй, стандартка жооп бербейт дешет да, эч кандай санитардык нормага дал келбеген жерде тигилген кийимдерди коргоочу каражат деп беришүүдө. Кечээ эле милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна чалдым, азыр аймактарда абал кыйын, медиктер коргонуучу каражатсыз калды дедим. Алар бирок кат жазганы менен мага уруксат бербей жатышпайбы. Кечээ эле Финансы полициясы келип биздин ишмердүүлүктү текшерип кетти. Алар менин СИЗ костюмдарымды көргөндөн кийин эч кандай коррупциялык же баасынан кымбат сатып аткан фактыларды аныкташкан жок. Өкмөт муну жакшы эле билет. Мен 50 миң коргонуучу костюм алып келип, анын 20 миңи азыр таркады. Жалал-Абад облусуна көп кетти, министрлик сатып бербей койгондо айласы кеткен медиктер өздөрү келип эле бизден сатып алышууда. Орточо баасы 1600 сом.
Азыркы тапта дүйнө жүзүндө мындай каражаттар кымбаттап жатат. Анткен менен муну көбү түшүнбөй жатат, көптөр арзан алабыз деп ойлошот. Ушинтип отуруп эртең кымбаттап кетсе эчтекени алалбай калышат. Барышат дагы жанагы эртең булар дагы эле жанагы самопошивден алат. Эгерде жакшы болсо, ала беришсин. Булар деле биздин жарандар, тескерисинче алыш керек ушундайда тиккендерди. Азыр биздикилер жанагы темир ташыгандар, курулушчулар үчүн тигилген өндүрүштүк костюмду деле медиктер айласы кетип, цехтерден сатып алышууда.
— Сиз анда алып келген товарыңызды Казакстанга берейин деп ойлонуп жатасызбы, азыр ошондо?
— Ооба, ооба. Эгер андай кылбасам жөндөн жөн эле күйүп кетем да. Биздикилер могундай мага жана фирмама карата кара пиар кыла берсе эртең сата албай калам да. Чиновниктер коркуп атат, эмнеден коркуп атат? Элде жок болсо менден алабы? Же кимден алат? Мен бирөө менен барып кийлигишкен жокмун, кийлигишсем, менден алгыла деп эле кетирмекмин, мен андай кылган жокмун. Ошо, ошол болуп атпайбы проблема.
Июнь, 2020-жыл, дары-дармек тартыштыгы боюнча айткандары
— Жантөрө мырза, эмнеге Кыргызстанда дары тартыш болуп жатат? Айрыкча азыр дарыканалардан Арбидол сыяктуу вируска каршы дарыларды табуу мүмкүн эмес болуп жатпайбы.
— Эми бүгүнкү күндө оору башталды дегенде элдин баары чуркап жатат чынын айтканда, биздикилерге вирус десе эле баары жапырт барып, дарыны абдан көп сатып алышууда. Ошентсе да аларды алып келүү чындап эле проблема болуп жатат.
Азыркы тапта антибиотиктер жана антивирус дарылар өтө тартыш болууда. Себеби, азыр Орусиянын өзүндө коронавирус катуу болуп, дары тартыштыгы бар. Анан алар сыртка сатууга тыюу салып коюшкан. Ушундай тополоңдо Арбидол сыяктуу дарылар Орусиянын өзүнө жетпей жатат. Эгерде мага Орусия Арбидолду сатса, анда мен бүгүн болсо да дароо алып келмекмин, ал жакта да дары чыгарган заводдор чет өлкөгө дары сатпоо боюнча милдеттенишкен. Ушундан улам Арбидолду издеп, табуу кыйын. Тополоң башталгандан бери 3 ай өттү. Ошол 3 айдын ичинде запастар түгөндү. Азыр кайрадан күчөй баштады го, анан августта вирус катуу болот. Биздикилер баары көчөгө чыгып алышты, дарыгерлер да өтө аз санда иштеп жатышат, көптөрү ооруп калышты.
— Сиз дагы СИЗ алып келесизби?
— Ооба алып келебиз ага проблема жок. Проблема Россияда ал жактан тапсак алып келебиз анан ИВЛ алып келесиңерби деп чалып жүрүшөт, мурда мен алып келем деп чуркап жүргөндө эч ким кызыккан эмес. Бул соода да анан бул нерсени айткан адам аз. Себеби көбү тендерлерди утуп алып арзан баада коё албай жатат себеп бир 30-40% кымбаттап кеткен жери бар. А мындай болот деп эч ким эсепке алган эмес да. Анан ошол элге жетпей жатат.
— Башында СИЗ менен ситуация ошондой болду го?
— Ооба, өндүрүш болгону менен түшүнгөн адам аз экен да. Анан бүгүнкү күндө уруксат берилген товарды алып келсе болот. Проблема Орусия жана чет мамлекеттерде товар жок. Кырдаал жаман. Биз кече эле бирөөгө кычкылтек концентраторун таап берген элек, ал бүгүн 40 жашында каза болуп калды.